Көңүл буруңуздар!
Ушул токтом 2028-жылдын 1-январынан
тартып күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 13-январы № 16
Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугунун стандарттарын бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 611, 2025-жылдын 7-ноябры № 726 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Мамлекеттик финансыларды башкарууда реформаларды жүргүзүү максатында, "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1, 5-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугунун стандарттары 1-9-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
Караңыз:
I бөлүм Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугунун "Финансылык отчеттуулукту берүү" 1-стандарты;
II бөлүм Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугунун "Акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет" 2-стандарты;
III бөлүм Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугунун "Эсепке алуу саясаты, баалоо маанилерин өзгөртүү жана каталар" 3-стандарты;
IV бөлүм Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугунун "Алмашуу курсунун өзгөрүүсүнүн таасири" 4-стандарты;
V бөлүм Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугунун "Зайым алуулар боюнча чыгымдар" 5-стандарты;
VI бөлүм Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугунун "Запастар" 12-стандарты;
VII бөлүм Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугунун "Отчеттук датадан кийинки окуялар" 14-стандарты;
VIII бөлүм Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугунун "Негизги каражаттар" 17-стандарты.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-декабрындагы № 691 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине бюджеттик мекемелер үчүн бухгалтердик эсеп жана отчеттуулукка карата ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2028-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 611, 2025-жылдын 7-ноябры № 726 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |