Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-мартындагы № 103 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 15-майы № 247

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 230 "Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобону жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды ишке ашыруу механизмин өркүндөтүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын инфраструктура объекттерин түзүүгө жана реконструкциялоого багытталган чараларды көрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 33-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 230 "Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобону жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жободо:

- 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"8. Бир долбоорго республикалык бюджеттен бөлүнүүчү дем берүүчү (үлүштүк) гранттын максималдуу суммасы 5000000 (беш миллион) сомдон ашпоого тийиш. Бир долбоорго керектөө 3000000 (үч миллион) сомдон ашык болсо, арыз берүүчү долбоордун жалпы суммасынын 50%ынан кем эмес өлчөмдө долбоорду кошо каржылоону камсыз кылат. Бир долбоорго керектөө 3000000 (үч миллион) сомго чейин болсо, өздүк салым ушул Жобонун 21-пунктуна ылайык кирешелик камсыз кылуу деңгээлин эсептөө боюнча аныкталат.";

- 24-пункттагы "1-августунан 31-декабрына" деген сөздөр "1-июлунан 30-ноябрына" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 46-1-пункт менен толукталсын:

"46-1. Жактырылган долбоорлор боюнча конкурстарды (тендерлерди) өткөрүүнүн натыйжасында түзүлгөн үнөмдөлгөн каражаттар республика боюнча баалоо рейтингинде эң көп балл алган кошумча долбоорлорго учурдагы жылдын 1-августунан кечиктирилбеген мөөнөттө бөлүштүрүлөт.";

- жогоруда аталган Жобонун 2-тиркемесинде:

экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"ДОi деңгээли = "(ПДi / Hi) / (ПДгр / Нгр) * 100 (миң сом),";

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускамада: