Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-декабрындагы № 729 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 18-майы № 268
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы № 385 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" жана "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы № 385 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускамада:
1) 2-пункттун 3-пунктчасындагы "40" деген цифралар "60" деген цифраларга алмаштырылсын;
2) 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10. Иш берүүчү тарабынан ар бир кызматкер үчүн төлөнүүчү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ар айлык өлчөмү төлөөчүлөрдүн төмөнкү категориялары үчүн өткөн календардык жылда райондо же шаарда түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 60 пайызынан эсептелген суммадан аз болушу мүмкүн эмес:
- уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар, алардын өзүнчө турган бөлүмдөрү (филиалдары жана өкүлчүлүктөрү), ошондой эле аларда иштеген жеке жактар үчүн;
- чакан жана орто ишкердик субъекттер, анын ичинде юридикалык жакты түзүп иштеп жаткан дыйкан (фермердик) чарбалар, катары менен келген акыркы 12 айда түшкөн каражатынын жыйынды көлөмү 8000000 сомдон ашпаган, ага барабар же андан ашкан, бирок 30000000 сомдон ашпаган сумманы түзгөн жана 5 же андан көп жалданган кызматкерлери бар жеке ишкерлер үчүн;
- жалданма кызматкерлердин эмгегин пайдаланган жеке ишкерлер үчүн;
- Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык түзүлгөн уюмдар жана эл аралык долбоорлордо иштеген адамдар, ошондой эле жумуштарды/кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучулар үчүн жумуштарды/кызмат көрсөтүүлөрдү заказ берүүчүлөр үчүн.
Бул пункттун колдонулушу уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын кенже тейлөөчү персоналына, ошондой эле төмөнкү ишканаларга жана уюмдарга жайылтылбайт:
- каржылоо көлөмүнө карабастан мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдарга;