Сравнение редакций…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-майындагы № 292 токтомуна) |
|
|
|
Кыргыз Республикасында дары каражаттарына бааларды жөнгө салуу
эрежелери
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасында дары каражаттарына бааларды жөнгө салуу эрежелери (мындан ары – Эрежелер) Жашоого маанилүү дары каражаттарынын улуттук тизмесине киргизилген жана Кыргыз Республикасынын аймагында медициналык колдонуу үчүн белгиленген тартипте уруксат берилген дары каражаттарына бааларды жөнгө салуу тартибин белгилейт.
Эрежелердин колдонулушу төмөнкү дары каражаттарына жайылтылбайт:
– ата мекендик өндүрүүчүлөр тарабынан өндүрүлгөн;
– Кыргыз Республикасында контролго алынуучу баңги жана психотроптук дары каражаттарына;
– рецепти жок берилүүчү;
– жеткирүү баасы 100 (жүз) сомго чейинки.
2. Ушул Эрежелерде төмөнкүдөй негизги терминдер жана түшүнүктөр колдонулат:
1) дары каражаттарына баалардын электрондук каталогу (мындан ары – баалардын каталогу) – дары каражаттарына катталган базалык, чектелген дүң жана чектелген чекене баалар жөнүндө маалыматтын булагы болуп саналган электрондук маалыматтар базасы;
2) базалык баа – чектелген дүң жана чектелген чекене бааларды эсептөө үчүн негиз катары кабыл алынган дары каражатынын улуттук валютадагы баасы;
3) арыз ээси – юридикалык жак же дары каражатынын баасын каттоо үчүн арызды, документтерди жана материалдарды берүүгө укуктуу анын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп саналган дары каражатын мамлекеттик каттоо жөнүндө каттоо күбөлүгүнүн (мындан ары – каттоо күбөлүгү) кармоочусу;
4) медианалык баа – өсүшү боюнча референттик бааларды ранжирлөө жолу менен эсептелген баалар, алардын орточо баасы медианалык баа болуп таанылат;
5) мониторинг – ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылуучу дары каражаттарына бааларды байкоо, жыйноо, белгилөө, талдоо жүргүзүү процесси;
6) чектелген дүң баа – дары каражатынын базалык баасына акчалай туюнтуудагы дүң бааны кошуу жолу менен аныкталган дары каражатына катталган максималдуу жол берилген дүң баа;
7) чектелген чекене баа – дары каражатынын чектелген дүң баасына акчалай туюнтуудагы чекене үстөк бааны кошуу жолу менен аныкталган дары каражатына катталган максималдуу жол берилген чекене баа;
8) референттик өлкөлөр – базалык бааларды каттоо жол-жобосун жүргүзүүдө дары каражаттарына бааларды салыштыруу үчүн кабыл алынган ушул Эрежелердин 4-тиркемесинде көрсөтүлгөн өлкөлөрдүн тизмеги;
9) дары каражатынын соода аталышы – дары каражаты катталган аталыш;
10) ыйгарым укуктуу орган – Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүүнү жөнгө салуучу ведомстволук бөлүмү;
11) Кыргыз Республикасына дары каражаттарын жеткирүү баасы (мындан ары – жеткирүү баасы) – базалык бааны каттоо жол-жобосун жүргүзүү үчүн колдонулуучу эсеп-фактураларда же товардык коштомо кагаздарда көрсөтүлгөн дары каражатынын баасы;
12) “Дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын электрондук маалымат базасы” маалыматтык системасы (мындан ары – ЭМБ МС) – дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын кыймылын эсепке алууну камсыз кылуучу маалыматтык система.
3. Бааны жөнгө салуу дары каражатынын соода аталышы боюнча жүргүзүлөт.
4.Ыйгарым укуктуу орган тарабынан катталган дары каражаттарына чектелген дүң жана чектелген чекене баалар Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат жана фармацевтикалык иштин бардык субъекттери үчүн милдеттүү болуп саналат.
5 Ушул Эрежелердин 33-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттөр өткөндөн кийин дары каражаттарын катталган чектелген дүң жана чектелген чекене баалардан жогору баада сатууга тыюу салынат.
Баасы жөнгө салынуучу дары каражаттарын ушул Эрежелерде белгиленген тартипте баасын каттабастан алып кирүүгө тыюу салынат.
6. Ээлеген кызмат ордуна, абалына же милдеттерин аткарууга байланыштуу дары каражаттарына бааларды каттоо жол-жобосуна тиешелүү купуя маалыматка жана/же коммерциялык сырга жеткиликтүүлүгү бар адамдар купуя маалыматты жана/же коммерциялык сырды сактоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоого милдеттүү.
7. Дары каражаттарын дүң же чекене сатууну жүзөгө ашырган фармацевтикалык уюмдар катталган чектелген дүң жана чектелген чекене бааларды сактоого милдеттүү.
8. Ушул Эрежелердин талаптарын аткарбаган учурда дары каражаттарын дүң же чекене сатууну жүзөгө ашыруучу фармацевтикалык уюмдар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
9. Ыйгарым укуктуу органдын бааларды мамлекеттик каттоодон баш тартуусу арыз ээси тарабынан административдик иш чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык даттанылышы мүмкүн.
2. Дары каражаттарына бааларды жөнгө салуу
10. Дары каражаттарына бааларды жөнгө салуу өзүнө төмөнкү этаптарды камтыйт:
– бааларды каттоо жөнүндө арызды кабыл алуу;
– базалык бааны эсептөө;
– чектелген дүң жана чектелген чекене бааны эсептөө;
– базалык, чектелген дүң жана чектелген чекене бааларды каттоо;
– катталган базалык, чектелген дүң жана чектелген чекене бааларды баалардын каталогуна киргизүү;
– дары каражаттарына катталган бааларга өзгөртүүлөрдү киргизүү.
3. Бааларды каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу
11. Кыргыз Республикасынын аймагында дары каражаттарына бааларды каттоо үчүн арыз ээси ыйгарым укуктуу органга ушул Эрежелердин 1-тиркемесине ылайык арыз берет.
Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
– дары каражаттарына бааларды каттоо боюнча арыз ээсинин ыйгарым укуктарын ырастоочу ишеним каттын көчүрмөсү;
– ушул Эрежелердин 3-тиркемесине ылайык форма боюнча орточо өлчөнгөн бааны эсепке алуу менен дары каражатына акыркы 12 айдагы жеткирүүлөрдүн баалары жөнүндө маалымат. Орточо өлчөнгөн бааны эсептөө ушул Эрежелердин 2-тиркемесине ылайык тартипке жараша жүргүзүлөт;
– акыркы 12 айдагы конкреттүү дары каражаты боюнча бардык эсеп-фактуралардын же товардык коштомо кагаздардын көчүрмөлөрү.
Мында бааны каттоо үчүн чет өлкөлүк валютаны Кыргыз Республикасынын улуттук валютасына кайра эсептөө арыз ээлери тарабынан коммерциялык банктын курсуна 2 % түзөтүү коэффициентин колдонуу менен бааны каттоого арыз берилген күнү колдонулуп жаткан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча жүргүзүлөт;
– ушул Эрежелердин 4-тиркемесине ылайык форма боюнча медианалык бааны эсептөө менен, маалымат булагын көрсөтүү аркылуу референттик өлкөлөрдө дары каражаттарына катталган баалар жөнүндө маалыматтар (референттик өлкөлөрдөгү дары каражаттарынын катталган бааларынын расмий сайттарына шилтеме).
Эгерде дары каражаты референттик өлкөлөрдө башка соода аталышы менен сатылса, арыз ээси референттик өлкөлөрдө дары каражатынын катталган баалары жөнүндө формада тиешелүү соода аталышын жана өндүрүүчүнүн дары каражатына катталган бааларын көрсөтөт.
Референттик өлкөлөрдө көрсөтүлгөн бааларды улуттук валютага конвертациялоодо арыз берилген күнгө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чет өлкөлүк валюталарынын расмий курстары пайдаланылат.
12. Референттик өлкөлөрдө дары каражаттарына катталган баа жөнүндө маалымат жок болгон учурда арыз ээси бул фактыны ырастаган маалыматты берүүгө милдеттүү (дары каражатын өндүрүүчүнүн расмий каты жана/же референттик өлкөлөрдө дары каражаттарына катталган баалардын расмий сайттарына шилтеме).
Эгерде арыз берилген дары каражаты дозасынын/көлөмүнүн/концентрациясынын өлчөмү боюнча референттик өлкөлөрдө катталган дары каражатынын баасынан айырмаланса, анда эсептөө үчүн референттик өлкөлөрдөгү дозасынын/көлөмүнүн/концентрациясынын өлчөмү боюнча арыз берилгенге кыйла туура келген дары каражаты тандалып алынат жана тандалып алынган дары каражатынын бир дозасынын же белгилүү бир көлөмүнүн/концентрациясынын баасы чыгарылат жана бир таңгактагы арыз берилген дары каражаттарынын дозаларынын/көлөмүнүн/концентрациясынын өлчөмүнө кайра эсептелет.
Бааларды талдоо дары каражатынын дозасы, фасовкасы, дарылык формасы, экинчилик (керектөөчү) таңгагы боюнча тиешелүү дары каражаттарынын ортосунда жүргүзүлөт.
13. Ыйгарым укуктуу орган арызды электрондук түрдө ЭМБ МС аркылуу же кагаз жүзүндө кабыл алат. Арыз электрондук түрдө берилгенде арыз ээси ушул Эрежелердин 11-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди арызга тиркейт. Арыз ээси электрондук арыздын жана документтердин берилгендигин электрондук кол тамга менен ырастайт.
14. Ыйгарым укуктуу орган арызды кабыл алган күнү каттайт.
4. Дары каражатына бааларды каттоо
15. Дары каражатына бааларды каттоо үчүн ыйгарым укуктуу орган арыз ээси тарабынан берилген орточо өлчөнгөн бааны эсептөө үчүн колдонулган маалыматтарды текшерет.
16. Орточо өлчөнгөн бааны эсептөөдө ката табылган учурда ыйгарым укуктуу орган текшерүүнүн натыйжасында алынган эсептөөлөрдү жетекчиликке алат, бул жөнүндө эсептөөлөрдү текшерүү аяктаган күндөн тартып 7 жумуш күндүн ичинде арыз ээсине жазуу жүзүндө кабарлайт. Кабарламага “Дары каражатын 12 ай үчүн жеткирүү баалары жөнүндө маалыматтар” жана “Референттик өлкөлөрдө дары каражатына катталган баалар жөнүндө маалыматтар” формаларынын көчүрмөлөрү тиркелет.
17. Берилген эсептөөлөрдү текшерүү жол-жобосу аяктагандан кийин орточо өлчөнгөн жеткирүү баасы алынган медианалык баа менен салыштырылат. Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган товарларды чыгарууга байланыштуу бажы алымдары (жыйымдары) төлөөгө чыгымдар алынган маанилердин эң азына кошулат. Алынган сумма баалардын каталогунда катталат жана базалык баа болуп таанылат жана андан кийин чектүү дүң жана чектүү чекене бааларды аныктоо үчүн колдонулат.
18. Референттик өлкөлөрдө дары каражатына катталган баалар жөнүндө маалымат жок болгон учурда жана бул факты ыйгарым укуктуу орган тарабынан бааларды каттоо үчүн арыз ээси тарабынан берилген форманын тиешелүү графасына жазуу киргизүү жолу менен ырасталганда Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган товарларды, салыктарды чыгарууга байланышкан дары каражаттарын жеткирүүнүн орточо өлчөнгөн баасынын суммасы жана бажы алымдарын (жыйымдарын) төлөөгө кеткен чыгымдар катталууга тийиш.
19. Бааларды каттоо жол-жобосун жүргүзүүдө ыйгарым укуктуу орган талдануучу материалдарга жетүү мүмкүнчүлүгү бар арыз ээлеринен маалыматты суроого укуктуу. Арыз ээси суралган маалыматты он жумуш күндүн ичинде берүүгө милдеттүү.
20. Дары каражатынын баасын каттоо, анын ичинде кошумча тактоочу маалыматтарды суроо ыйгарым укуктуу органга арыз келип түшкөн датадан тартып 30 (отуз) жумуш күнгө чейинки мөөнөттө жүзөгө ашырылат.
21. Дары каражатына катталган баалар катталган датадан тартып бир жыл ичинде күчүндө болот жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан кийинки жылга автоматтык түрдө узартылат.
22. Базалык, чектүү дүң жана чектүү чекене баалар сомго чейин тегеректелет.
5. Дары каражаттарына чектүү дүң жана чектүү чекене бааларды аныктоо
23. Дары каражаттарына бааларды жөнгө салуу максатында ыйгарым укуктуу орган ушул Эрежелердин 5-тиркемесине ылайык дүң жана чекене үстөк баанын регрессивдүү шкаласын колдонуу менен чектүү дүң жана чектүү чекене бааларды белгилейт.
24. Чектүү дүң баа дары каражатына катталган баасына акчалай түрдө тиешелүү дүң үстөк бааны кошуу жолу менен белгиленет.
25. Чектүү чекене баа дары каражатына чектүү дүң баага акчалай түрдө тиешелүү чекене үстөк бааны кошуу жолу менен белгиленет.
26. Дары каражаттарын дүң сатууда дары каражаттарына баалар катталган чектүү дүң баалардан ашпоого тийиш.
27. Дары каражаттарын чекене сатууда дары каражаттарына баалар катталган чекене баалардан ашпоого тийиш.
6. Баалар каталогуна бекитилген бааларды киргизүү
28. Дары каражаттарына катталган базалык баа, катталган чектүү дүң жана чектүү чекене баалар баалардын каталогуна ыйгарым укуктуу органдын бааны каттоо жөнүндө чечими кабыл алынган күнү киргизилет. Көрсөтүлгөн дата дары каражатынын баасын каттоо датасы болуп эсептелет.
29. Баалардын каталогу дары каражаттарына базалык баа, чектүү дүң жана чектүү чекене баалар жөнүндө маалыматтын расмий булагы болуп саналат.
30. Баалардын каталогу ыйгарым укуктуу орган тарабынан электрондук форматта жүргүзүлөт, ыйгарым укуктуу органдын сайтында коомдук ачык жеткиликтүүлүктө жайгаштырылат жана онлайн режиминде үзгүлтүксүз жаңыртылып турат.
31. Баалардын каталогуна баалар ыйгарым укуктуу орган тарабынан киргизилет.
32. Баалардын каталогу төмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт:
1) эл аралык патенттелбеген аталышы;
2) соодадагы аталышы;
3) экинчилик (керектөөчүлүк) таңгактагы дарынын формасы, дозасы жана саны (эгер бар болсо);
4) өндүрүүчүнүн аталышы жана өндүрүүчү өлкө;
5) мамлекеттик каттоо жөнүндө каттоо күбөлүгүнүн кармоочусунун аталышы (эгер бар болсо);
6) базалык баа;
7) чектүү дүң баалар;
8) чектүү чекене баалар;
9) бааларды каталогго киргизүү датасы;
10) чектүү дүң жана чектүү чекене баалар күчүнө кирген дата.
33. Дары каражаттарын дүң сатуу менен алектенген фармацевтикалык уюмдар дары каражаттарына бааларды алар катталган датадан тартып 30 (отуз) календардык күндүн ичинде, ал эми дары каражаттарын чекене сатуу менен алектенген уюмдар 45 (кырк беш) календардык күндүн ичинде баалардын каталогуна киргизилген баага ылайык келтирүүгө милдеттүү.
34. Дарыкана уюмунда (дарыкана, дарыкана пункту, дарыкана күркөсү), соода залын тааныштыруу үчүн ыңгайлуу жерлерде дары каражаттарына катталган чектүү чекене баалар жөнүндө маалымат жайгаштырылууга тийиш.
7. Бааны өзгөртүү тартиби
35. Дары каражатына катталган бааларды өзгөртүүгө баа катталган датадан тартып 90 (токсон) календардык күндөн эрте эмес убакытта жол берилет.
36. Бааны өзгөртүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын рыногу үчүн дары каражаттарына жеткирүү баасын өзгөртүү жөнүндө арыз ээси расмий кайрылган учурда жана (же) референттик өлкөлөрдүн биринде баалар өзгөргөндө жүргүзүлөт.
37. Кыргыз Республикасынын аймагында дары каражатына бааны өзгөртүү үчүн арыз ээси ыйгарым укуктуу органга ырастоочу документтерди тиркөө менен эркин формадагы тиешелүү катты берет. Кыргыз Республикасынын рыногу үчүн дары каражаттарына жеткирүү баасы өзгөргөн учурда арыз ээси акыркы жеткирүүнүн эсеп-фактурасынын же товар коштоочу документтеринин көчүрмөсүн берет.
38. Дары каражатынын баасын кайра карап чыгуу, анын ичинде кошумча тактоочу маалыматтарды суроо, бааны өзгөртүү жөнүндө арыз келип түшкөн датадан тартып 10 (он) жумуш күнгө чейинки мөөнөттө жүзөгө ашырылат.
39. Улуттук валютанын чет өлкөлүк валютага карата курсу баалар катталган датадан тартып 5 (беш) пайыздан ашык өзгөргөн учурда, курс 7 (жети) календардык күн бою сакталган шартта баалар ыйгарым укуктуу орган тарабынан кайра каралууга тийиш.
8. Мониторинг жүргүзүү
40. Мониторинг дары каражаттарына бааларды жөнгө салуунун натыйжалуулугун талдоо жана баалоо максатында ыйгарым укуктуу орган тарабынан монополияга каршы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргеликте жүргүзүлөт.
41. Мониторинг үзгүлтүксүз негизде төмөнкүдөй жол менен жүргүзүлөт:
– ачык булактардан маалыматтарды чогултуу (интернет, жалпыга маалымдоо каражаттары, расмий сайттар, прайстар);
– фармацевтикалык иштин субъекттеринен дары каражаттарына дүң, чекене бааларды суроо;
– дары каражаттарды сатуу пункттарында түздөн-түз сурамжылоо жүргүзүү.
42. Мониторингдин натыйжалары Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерин текшерүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык текшерүүгө тийиш болгон фармацевтикалык иштин субъекттеринин тизмесин түзүүдө тобокелдик факторлорун аныктоо үчүн негиздердин бири болуп кызмат кылат.
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-майындагы № 292 токтомуна) |
|
|
|
Кыргыз Республикасында дары каражаттарына бааларды жөнгө салуу ЭРЕЖЕЛЕРИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасында дары каражаттарына бааларды жөнгө салуу эрежелери (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Жашоого маанилүү дары каражаттарынын улуттук тизмегине (мындан ары - Тизмек) киргизилген, Тизмекте көрсөтүлгөн аталыштары боюнча дары каражаттарга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында медициналык колдонуу үчүн белгиленген тартипте уруксат берилген бардык дозаларга жана фасовкаларга бааларды жөнгө салуу тартибин белгилейт.
2. Эрежелердин колдонулушу төмөнкү дары каражаттарына жайылтылбайт:
1) Кыргыз Республикасында контролго алынуучу баңги заттар жана психотроптук дары каражаттары;
2) Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун Кошумча программасына жана Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына (мындан ары - ММК КП жана МКП) кирген дары каражаттарын кошпогондо, ата мекендик өндүрүүчүлөр тарабынан өндүрүлгөн;
3) ММК КП жана МКПга кирген дары каражаттарды кошпогондо, рецепти жок берилүүчү;
4) ММК КП жана МКПга кирген дары каражаттарды кошпогондо, жеткирүү баасы 100 (жүз) сомго чейинки дары каражаттар;
5) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы тарабынан алып келинген дары каражаттар.
3. Ушул Эрежелерде төмөнкүдөй негизги терминдер жана түшүнүктөр колдонулат:
1) дары каражаттарына баалардын электрондук каталогу (мындан ары - баалардын каталогу) - дары каражаттарына катталган базалык, чектелген дүң жана чектелген чекене баалар жөнүндө маалыматтын булагы болуп саналган электрондук маалыматтар базасы;
2) базалык баа - чектелген дүң жана чектелген чекене бааларды эсептөө үчүн негиз катары кабыл алынган дары каражатынын улуттук валютадагы баасы;
3) арыз ээси - юридикалык жак же дары каражатынын баасын каттоо үчүн арызды, документтерди жана материалдарды берүүгө укуктуу анын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп саналган дары каражатын мамлекеттик каттоо жөнүндө каттоо күбөлүгүнүн (мындан ары - каттоо күбөлүгү) кармоочусу;
4) медианалык баа - өсүшү боюнча референттик бааларды ранжирлөө жолу менен эсептелген баалар, алардын орточо баасы медианалык баа болуп таанылат;
5) мониторинг - ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылуучу дары каражаттарына бааларды байкоо, жыйноо, белгилөө, талдоо жүргүзүү процесси;
6) чектелген дүң баа - дары каражатынын базалык баасына акчалай туюнтуудагы дүң бааны кошуу жолу менен аныкталган дары каражатына катталган максималдуу жол берилген дүң баа;
7) чектелген чекене баа - дары каражатынын чектелген дүң баасына акчалай туюнтуудагы чекене үстөк бааны кошуу жолу менен аныкталган дары каражатына катталган максималдуу жол берилген чекене баа;
8) референттик өлкөлөр - базалык бааларды каттоо жол-жобосун жүргүзүүдө дары каражаттарына бааларды салыштыруу үчүн кабыл алынган ушул Эрежелердин 4-тиркемесинде көрсөтүлгөн өлкөлөрдүн тизмеги;
9) дары каражатынын соода аталышы - дары каражаты катталган аталышы;
10) ыйгарым укуктуу орган - саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын дары каражаттарынын жана медициналык буюмдарды жүгүртүүнү жөнгө салуучу ведомстволук бөлүмү;
11) Кыргыз Республикасына дары каражаттарын жеткирүү баасы (мындан ары - жеткирүү баасы) - базалык бааны каттоо жол-жобосун жүргүзүү үчүн колдонулуучу эсеп-фактураларда же товардык коштомо кагаздарда көрсөтүлгөн дары каражатынын баасы;
12) "Дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын электрондук маалымат базасы" маалыматтык системасы (мындан ары - ЭМБ МС) - дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын кыймылын эсепке алууну камсыз кылуучу маалыматтык система;
13) жеткирүүнүн орточо өлчөнгөн баасы - ташып келүүнүн көлөмүн эсепке алуу менен белгилүү бир мезгилге орточо жеткирүү баасы.
4. Бааны жөнгө салуу дары каражатынын соода аталышына ылайык жүргүзүлөт.
5. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан катталган дары каражаттарына чектелген дүң жана чектелген чекене баалар Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат жана фармацевттик иштин бардык субъекттери үчүн милдеттүү болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүдөгү дары каражаттарына чектелген дүң жана чекене баалар каттоо күбөлүгүнүн мөөнөтү аяктагандан кийин дары каражаттарынын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин күчүндө болот.
6. Ушул Эрежелердин 33-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттөр өткөндөн кийин дары каражаттарын катталган чектелген дүң жана чектелген чекене баалардан жогору баада сатууга тыюу салынат.
Баасы жөнгө салынуучу дары каражаттарын ушул Эрежелерде белгиленген тартипте баасын каттабастан сатууга тыюу салынат.
7. Ээлеген кызмат ордуна, абалына же милдеттерин аткарууга байланыштуу дары каражаттарына бааларды каттоо жол-жобосуна тиешелүү купуя маалыматка жана/же коммерциялык сырга жеткиликтүүлүгү бар адамдар купуя маалыматты жана/же коммерциялык сырды сактоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоого милдеттүү.
8. Дары каражаттарын дүң же чекене сатууну жүзөгө ашырган фармацевттик уюмдар катталган чектелген дүң жана чектелген чекене бааларды сактоого милдеттүү.
Ушул Эрежелердин талаптарын аткарбаган учурда дары каражаттарын дүң же чекене сатууну жүзөгө ашыруучу фармацевттик уюмдар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
9. Ыйгарым укуктуу органдын бааларды мамлекеттик каттоодон баш тартуусу арыз ээси тарабынан административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык даттанылышы мүмкүн.