Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

Тиркеме

 

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-майындагы № 292 токтомуна)

 

 

 

Кыргыз Республикасында дары каражаттарына бааларды жөнгө салуу ЭРЕЖЕЛЕРИ

 

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)

1-глава. Жалпы жоболор

1. Ушул Кыргыз Республикасында дары каражаттарына бааларды жөнгө салуу эрежелери (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Жашоого маанилүү дары каражаттарынын улуттук тизмегине (мындан ары - Тизмек) киргизилген, Тизмекте көрсөтүлгөн аталыштары боюнча дары каражаттарга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында медициналык колдонуу үчүн белгиленген тартипте уруксат берилген бардык дозаларга жана фасовкаларга бааларды жөнгө салуу тартибин белгилейт.

2. Эрежелердин колдонулушу төмөнкү дары каражаттарына жайылтылбайт:

1) Кыргыз Республикасында контролго алынуучу баңги заттар жана психотроптук дары каражаттары;

2) Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун Кошумча программасына жана Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына (мындан ары - ММК КП жана МКП) кирген дары каражаттарын кошпогондо, ата мекендик өндүрүүчүлөр тарабынан өндүрүлгөн;

3) ММК КП жана МКПга кирген дары каражаттарды кошпогондо, рецепти жок берилүүчү;

4) ММК КП жана МКПга кирген дары каражаттарды кошпогондо, жеткирүү баасы 100 (жүз) сомго чейинки дары каражаттар;

5) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы тарабынан алып келинген дары каражаттар.

3. Ушул Эрежелерде төмөнкүдөй негизги терминдер жана түшүнүктөр колдонулат:

1) дары каражаттарына баалардын электрондук каталогу (мындан ары - баалардын каталогу) - дары каражаттарына катталган базалык, чектелген дүң жана чектелген чекене баалар жөнүндө маалыматтын булагы болуп саналган электрондук маалыматтар базасы;

2) базалык баа - чектелген дүң жана чектелген чекене бааларды эсептөө үчүн негиз катары кабыл алынган дары каражатынын улуттук валютадагы баасы;

3) арыз ээси - юридикалык жак же дары каражатынын баасын каттоо үчүн арызды, документтерди жана материалдарды берүүгө укуктуу анын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп саналган дары каражатын мамлекеттик каттоо жөнүндө каттоо күбөлүгүнүн (мындан ары - каттоо күбөлүгү) кармоочусу;

4) медианалык баа - өсүшү боюнча референттик бааларды ранжирлөө жолу менен эсептелген баалар, алардын орточо баасы медианалык баа болуп таанылат;

5) мониторинг - ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылуучу дары каражаттарына бааларды байкоо, жыйноо, белгилөө, талдоо жүргүзүү процесси;

6) чектелген дүң баа - дары каражатынын базалык баасына акчалай туюнтуудагы дүң бааны кошуу жолу менен аныкталган дары каражатына катталган максималдуу жол берилген дүң баа;

7) чектелген чекене баа - дары каражатынын чектелген дүң баасына акчалай туюнтуудагы чекене үстөк бааны кошуу жолу менен аныкталган дары каражатына катталган максималдуу жол берилген чекене баа;

8) референттик өлкөлөр - базалык бааларды каттоо жол-жобосун жүргүзүүдө дары каражаттарына бааларды салыштыруу үчүн кабыл алынган ушул Эрежелердин 4-тиркемесинде көрсөтүлгөн өлкөлөрдүн тизмеги;

9) дары каражатынын соода аталышы - дары каражаты катталган аталышы;

10) ыйгарым укуктуу орган - саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын дары каражаттарынын жана медициналык буюмдарды жүгүртүүнү жөнгө салуучу ведомстволук бөлүмү;

11) Кыргыз Республикасына дары каражаттарын жеткирүү баасы (мындан ары - жеткирүү баасы) - базалык бааны каттоо жол-жобосун жүргүзүү үчүн колдонулуучу эсеп-фактураларда же товардык коштомо кагаздарда көрсөтүлгөн дары каражатынын баасы;

12) "Дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын электрондук маалымат базасы" маалыматтык системасы (мындан ары - ЭМБ МС) - дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын кыймылын эсепке алууну камсыз кылуучу маалыматтык система;

13) жеткирүүнүн орточо өлчөнгөн баасы - ташып келүүнүн көлөмүн эсепке алуу менен белгилүү бир мезгилге орточо жеткирүү баасы.

4. Бааны жөнгө салуу дары каражатынын соода аталышына ылайык жүргүзүлөт.

5. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан катталган дары каражаттарына чектелген дүң жана чектелген чекене баалар Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат жана фармацевттик иштин бардык субъекттери үчүн милдеттүү болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүдөгү дары каражаттарына чектелген дүң жана чекене баалар каттоо күбөлүгүнүн мөөнөтү аяктагандан кийин дары каражаттарынын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин күчүндө болот.

6. Ушул Эрежелердин 33-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттөр өткөндөн кийин дары каражаттарын катталган чектелген дүң жана чектелген чекене баалардан жогору баада сатууга тыюу салынат.

Баасы жөнгө салынуучу дары каражаттарын ушул Эрежелерде белгиленген тартипте баасын каттабастан сатууга тыюу салынат.

7. Ээлеген кызмат ордуна, абалына же милдеттерин аткарууга байланыштуу дары каражаттарына бааларды каттоо жол-жобосуна тиешелүү купуя маалыматка жана/же коммерциялык сырга жеткиликтүүлүгү бар адамдар купуя маалыматты жана/же коммерциялык сырды сактоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоого милдеттүү.

8. Дары каражаттарын дүң же чекене сатууну жүзөгө ашырган фармацевттик уюмдар катталган чектелген дүң жана чектелген чекене бааларды сактоого милдеттүү.

Ушул Эрежелердин талаптарын аткарбаган учурда дары каражаттарын дүң же чекене сатууну жүзөгө ашыруучу фармацевттик уюмдар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

9. Ыйгарым укуктуу органдын бааларды мамлекеттик каттоодон баш тартуусу арыз ээси тарабынан административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык даттанылышы мүмкүн.