Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-мартындагы № 183 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 21-январы № 30

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-августундагы № 488 "Эсепке алуу жана отчет берүү боюнча бюджетти болжолдоого жана аткарууга карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол-жоболору жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Республикалык бюджетти аткаруу жөнүндө отчеттордун формаларын өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 27, 116, 118-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-августундагы № 488 "Эсепке алуу жана отчет берүү боюнча бюджетти болжолдоого жана аткарууга карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол-жоболору жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Эсепке алуу жана отчет берүү боюнча бюджетти болжолдоого жана аткарууга карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол-жоболору жөнүндө нускамада:

- 13-пункт төмөнкүдөй мазмундагы элүү алтынчы-алтымышынчы абзацтар менен толукталсын:

"- "Каражаттарды жайгаштыруу" КЭК;

- "Электрондук төлөмдөр" КЭК.

Мамлекеттик бюджет боюнча башкы китептин балансынын жыйынды отчетунда:

- "Каражаттарды жайгаштыруу" КЭК - коммерциялык банктарда жайгаштырылган бюджеттик системанын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттары эсепке алынат, алар учурдагы бюджеттик жыл аяктаганга чейин кайтарылууга тийиш;

- "Электрондук төлөмдөр" КЭК - Электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик системасы аркылуу бюджеттик системанын бюджеттеринин түшүүлөрү эсепке алынат, БКЭге киргизилген учурдан тартып эсепке алынууга тийиш.";

- жогоруда аталган Нускаманын 3-тиркемесинде:

төмөнкүдөй мазмундагы элүү үчүнчү, элүү төртүнчү саптар менен толукталсын:

401. Каражаттарды жайгаштыруу

 

 

 

 

402. Электрондук төлөмдөр