Сравнение редакций…
Тиркеме |
| |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 312 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 232, 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 222, 2025-жылдын 8-сентябрындагы № 570 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) ведомстволук таандыгына карабастан башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын (мындан ары - окуу жайлар) жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу жана аттестациялоо тартибин аныктайт.
Тиркеме |
| |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 312 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 232, 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 222, 2025-жылдын 8-сентябрындагы № 570, 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу жана аттестациялоо тартибин аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмунун жетекчиси орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюму ведомстволук баш ийүүсүндө болгон Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча беш жылдык мөөнөткө дайындалат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258 токтомунун редакциясына ылайык)