Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-февралындагы № 119 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
(Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы
№ 330 токтомуна)
Улуттук жана/же мамлекеттик жана/же инвестициялык мааниси бар уюмдардын пайда салыгы, КНС жана сатылуучу товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө сатуу салыгы боюнча жеңилдиктерди берүү тартиби
1. Ушул улуттук жана/же мамлекеттик жана/же инвестициялык мааниси бар уюмдардын пайда салыгы, КНС жана сатылуучу товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө сатуу салыгы боюнча жеңилдиктерди берүү тартиби (мындан ары – Тартип) салыктар боюнча жеңилдиктерди берүү жол-жобосун регламенттейт.
2. Бул Тартипте төмөнкүдөй аныктамалар пайдаланылат:
Уюм – менчигинде, чарбалык карамагында же оперативдүү башкаруусунда обочолонгон мүлккө ээ болгон жана өзүнүн милдеттенмелери боюнча ушул мүлк менен жооп берген, өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарга жана милдеттерге ээ боло жана жүзөгө ашыра алган, сотто доогер жана жоопкер боло алган юридикалык жак;
Арыз ээси – уюм, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана өз алдынча башкаруу органдары;
салык боюнча жеңилдик – улуттук жана/же мамлекеттик жана/же инвестициялык мааниси бар уюмдар тарабынан сатылуучу пайдага салык, КНС жана товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө сатуудан салык боюнча уюмга жеңилдетилген салык салуу.
Ушул пункттун максаттары үчүн салык боюнча жеңилдик улуттук жана/же мамлекеттик жана/же инвестициялык мааниси бар уюмдар тарабынан алып келинген жана ушул уюмдар тарабынан улуттук жана/же мамлекеттик жана/же инвестициялык мааниси бар долбоорлорду өз өндүрүшү жана же/ишке ашыруу үчүн пайдаланылган товарлардын импортуна КНСти камтыйт.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – салык жана бажы саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларга жана ыйгарым укуктарга ээ Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун тандоо боюнча комиссия – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен түзүлүүчү консультациялык-кеңешүүчү орган.
3 Улуттук жана/же мамлекеттик жана/же инвестициялык мааниси бар уюмдар тарабынан сатылуучу пайдага салык, КНС жана товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө сатуудан салык боюнча жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон уюмдардын тизмеги (мындан ары – Тизмек) төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
– уюмдун аталышы;
– улуттук инвестициялык долбоордун жана/же мамлекеттик инвестициялардын долбоорунун аталышы;