Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

1-тиркеме

 

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-июнундагы № 310 токтомуна)

Жарандык жана кызматтык куралдарды жана алардын патрондорун, ошондой эле конструкциясы боюнча куралга окшош буюмдарды милдеттүү түрдө сертификаттоону жүргүзүү ТАРТИБИ

 (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-сентябрындагы  № 551 токтомунун  редакциясына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылуучу, республиканын аймагына ташып киргизилүүчү жана ташып чыгарылуучу жарандык жана кызматтык куралдарды жана алардын патрондорун, ошондой эле конструкциясы боюнча куралга окшош буюмдарды милдеттүү түрдө сертификаттоону жүргүзүү (мындан ары - сертификаттоо) жол-жобосун белгилейт.

2. Ушул Тартиптин максаттары үчүн "Курал жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген терминдер жана алардын аныктамалары колдонулат.

2. Шайкештик сертификатын тариздөө жана берүү тартиби

3. Жарандык жана кызматтык куралдарды жана алардын патрондорун, ошондой эле конструкциясы боюнча куралга окшош буюмдарды (мындан ары - курал) сертификаттоо милдеттүү мүнөзгө ээ.

Куралды сертификаттоо милдеттүү түрдө сертификаттоо түрүндө жүргүзүлөт.

4. Куралды сертификаттоо боюнча иштер ушул Тартипке ылайык жүргүзүлөт.

5. Куралды сертификаттоо улуттук аккредитациялоо системасында аккредитацияланган сертификаттоо боюнча органдар (мындан ары - сертификаттоо боюнча орган) тарабынан алардын аккредитациялоо жаатындагы чегинде жүргүзүлөт.

6. Куралды сертификаттоо боюнча сыноолор тиешелүү жаатта аккредитациялоо менен аккредитацияланган сыноо лабораторияларында жүргүзүлөт.

 (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-сентябрындагы  № 551 токтомунун  редакциясына ылайык)

7. Милдеттүү түрдө сертификатталууга тийиш жарандык жана кызматтык куралдардын жана алардын патрондорунун, ошондой эле конструкциясы боюнча куралга окшош буюмдардын тизмеги (мындан ары - Куралдардын тизмеги) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан менен бекитилет.

8. Куралды сертификаттоо Милдеттүү түрдө сертификатталууга тийиш болгон жарандык жана кызматтык куралдардын жана алардын патрондорунун, ошондой эле конструкциясы боюнча куралга окшош буюмдардын тизмегинде белгиленген стандарттардын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.

9. Куралдарды сертификаттоону жүргүзүү менен байланышкан иштерге акы төлөө сертификаттоо боюнча орган тарабынан бекитилген тарифтерге жана/же прейскуранттарга ылайык өтүнмө берүүчү тарабынан жүргүзүлөт.

10. Шайкештик сертификаты электрондук басып чыгаруучу түзүлүштөрдү колдонуу менен гана мамлекеттик жана расмий тилдерде таризделет.

 (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-сентябрындагы  № 551 токтомунун  редакциясына ылайык)

11. Шайкештик сертификатынын текстин терүү үчүн Times New Roman шрифтинин гарнитурасы колдонулат. Шайкештик сертификатын берген сертификаттоо боюнча орган жөнүндө маалыматтар үчүн шрифттин өлчөмү түз жазуунун 9 пунктунан кем эмес болот. Калган маалыматтар үчүн шрифттин өлчөмү - түз жазуунун 10 пунктунан кем эмес.

12. Куралды сертификаттоону жүргүзүүгө өтүнмө берүүчүнүн аталышы, өндүрүүчүнүн аталышы, анын юридикалык дареги жана жайгашкан жеринин иш жүзүндөгү дареги, ошондой эле куралды жасоо боюнча иш жүргүзүү жеринин дареги (даректери), ишти аткаруу, кызмат көрсөтүү объектинин жайгашкан жери (мамлекеттин аталышынан тышкары) жана куралдын белгилениши (тиби, түрү, маркасы, модели, артикулу ж.б.) мамлекеттик/расмий тилде же латын алфавитинин тамгаларын колдонуу менен көрсөтүлөт.