Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1999-жылдын 9-июну № 49
Курал жөнүндө
(КР 2001-жылдын 4-августундагы № 81, 2002-жылдын 20-мартындагы № 41, 2002-жылдын 27-июнундагы № 112, 2003-жылдын 18-февралындагы № 41, 2003-жылдын 6-мартындагы № 52, 2009-жылдын 16-ноябрындагы № 298, 2010-жылдын 19-февралындагы № 32, 2011-жылдын 10-ноябрындагы № 205, 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171, 2013-жылдын 30-июлундагы № 171, 2014-жылдын 13-мартындагы № 46, 2015-жылдын 28-апрелиндеги № 89, 2016-жылдын 18-апрелиндеги № 45, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 64, 2019-жылдын 29-мартындагы № 40, 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 54, 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115, 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109, 2022-жылдын 1-декабрындагы № 114, 2024-жылдын 13-июнундагы № 97 , 2025-жылдын 15-октябрындагы № 215 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык, кызматтык, ошондой эле кол менен атылуучу жана атылбас аскердик куралды сатууда пайда болуучу укуктук мамилелерди жөнгө салат жана жарандардын өмүрү менен ден соолугун, менчигин коргоого, коомдук жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылууга, жаратылышты жана жаратылыш ресурстарын коргоого, кылмыштуулукка жана куралдын мыйзамсыз жайылтылышына каршы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.
Ушул Мыйзамдын жоболору куралдык ок-дарылардын сатылышына да жайылтылат.
1-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда конструкциясы боюнча кол салууга же болбосо активдүү коргонууга жана тирүү жанга же башка бутага тийгизүү үчүн колдонулуучу түзүлүштөр менен буюмдар курал деп түшүнүлөт:
1) ок атуучу курал - конструкциясы боюнча дары же башка жарылуучу заттар бөлүнгөндө пайда болуучу газдын энергиясынын эсебинен багыттуу кыймылга келип, атылып чыгуучу элемент менен бутаны аралыктан механикалык кыйратууга арналган курал;
2) атылбоочу курал - түздөн-түз контакт болгондо адамдын каруу күчүн пайдалануу аркылуу же болбосо адамдын каруу күчүнүн же механикалык түзүлүштүн эсебинен багыттуу кыймылга келген аралыктан ыргытылуучу элемент менен бутаны кыйратууга арналган курал;
3) пневматикалык курал - кысылган газ түрүндөгү заттын энергиясынын эсебинен багыттуу кыймылга келген атылып чыгуучу элемент менен бутаны кыйратууга арналган курал;
4) газ куралы - жаш агызуучу жана ачыштырып-кычыштыруучу заттарды колдонуу аркылуу бутаны кыйратуу үчүн арналган курал. Колдонууга уруксат берилген ачыштырып-кычыштыруучу жана жаш агызуучу заттардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат;
5) ок-дарылар - атылуучу элемент менен бутанын түздөн-түз кыйрашына жана конструкциясы боюнча тиешелүү куралдын түрүнөн атуу үчүн ылайыкталган бир жолу колдонулуучу түзүлүштөр;
6) курал жүгүртүү - курал чыгаруу, сатуу, берүү, сатып алуу, оңдоо, эсепке алуу, сактоо, алып жүрүү, ташуу, пайдалануу, коллекциялоо, экспонат кылуу, алып коюу жана жок кылуу, экспорттоо жана импорттоо, ошондой эле куралдын сейрек нускаларын Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүү;
7) курал чыгаруу - куралды изилдөө, иштеп чыгуу, сыноо, даярдоо, ошондой эле көркөм жасалгалоо жана оңдоо, ок-дарыларды, патрондорду жасап чыгаруу;
8) кыйратуу күчү чектелген ок атуучу курал - дарынын же башка дүрмөттүн энергиясынын эсебинен багыттуу кыймылга келген, травматикалык таасир этүүчү патрондун атылуучу шайманы менен аралыктан тирүү бутаны механикалык кыйратуу үчүн арналган жана адамды өлтүрүүгө арналбаган кыска найлуу курал жана найсыз курал;
9) патрон - аракетке келтирүү каражаттарын, атуучу дүрмөттү жана атылуучу шайманды гильзанын жардамы аркылуу бир бүтүнгө бириктирген, куралдан атуу үчүн арналган түзүлүш;
10) травматикалык таасир этүүчү патрон - аракетке келтирүү каражаттарын, атуучу дүрмөттү жана атылуучу шайманды гильзанын жардамы аркылуу бир бүтүнгө бириктирген, ок атуучу сайсыз куралдан же кыйратуу күчү чектелген ок атуучу куралдан атуу үчүн арналган жана адамды өлтүрүүгө арналбаган түзүлүш;
11) газ менен таасир этүүчү патрон - жаш агызуучу же ачыштыруучу заттар менен жабдылган аракетке келтирүү каражаттарын гильзанын жардамы аркылуу бир бүтүнгө бириктирген, газ куралынан же кыйратуу күчү чектелген ок атуучу куралдан атуу үчүн арналган жана адамды өлтүрүүгө арналбаган түзүлүш;
12) жарык-үн чыгаруучу патрон - ок атуучу куралдан, кыйратуу күчү чектелген ок атуучу куралдан, газ же белги берүүчү куралдан атуу үчүн арналган, гильзанын жардамы аркылуу аракетке келтирүү каражаттарын жана жарык-үн таасиринин шайманын бир бүтүнгө бириктирген жана тирүү же башка бутаны кыйратуу үчүн арналбаган түзүлүш;
13) белги берүүчү патрон - ок атуучу куралдан же белги берүүчү куралдан атуу үчүн арналган, жарык, түтүн же үн белгисин берүү үчүн гильзанын жардамы аркылуу аракетке келтирүү каражаттарын, атуучу дүрмөттү жана атылуучу шайманды бир бүтүнгө бириктирген жана тирүү же башка бутаны кыйратуу үчүн арналбаган түзүлүш;
14) эзелки (антиквардык) курал - жасалган учурунан тартып 100 жыл өткөн ок атуучу жана пневматикалык курал, ошондой эле жасалган учурунан тартып 50 жыл өткөн атылбоочу курал;
15) илимий же көркөм (маданий) баалуулугу бар курал - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусунун негизинде аталган категорияга киргизилген куралдын сейрек кездешүүчү нускалары;
16) эзелки (антиквардык) куралдын көчүрмөсү - конструкциясын, сырткы келбетин жана көркөм жасалгасын так же масштабдуу чагылдыруу шартында эзелки (антиквардык) куралдын түп нускасы же чиймеси боюнча жасалган, антиквардык же башка түрдөгү куралдын түп нуска бөлүктөрүн камтыбаган курал;
17) эзелки (аитиквардык) куралдын репликасы - конструкциясын, сырткы келбетин жана көркөм жасалгасын чыгармачылык менен өзгөртүп, эзелки (антиквардык) куралдын түп нускасы, чиймеси же сүрөттөмөсү боюнча жасалган, көркөм чыгармачылыктын жана декоративдик-колдонмо искусствонун үлгүсү катарында маданий баалуулукту элестеткен курал;
18) эсептен чыгарылган курал - андан атуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган өзгөртүүлөр киргизилген жана жарык-үн чыгаруучу патрон (оксуз курал) менен андан атууну имитациялоо мүмкүндүгү бар же андан атууну имитациялоо мүмкүндүгүсүз (окуу куралы) маданий жана билим берүү иштерин жүргүзүүдө колдонууга же куралдын бөлүктөрүнүн жана механизмдеринин өз ара аракеттенүү процессин окутууга (куралма курал) арналган ок атуучу курал;
19) оксуз патрондор - гильзасында тешиги бар, учуучу дүрмөтү алып салынган жана аракетке келтирүү каражаты пайдаланылган ок атуучу куралдын патрондору;
20) ок атуучу куралдын негизги бөлүктөрү - най, затвор, барабан, рамка, най кутусу;
21) уруучу механизм - куралдын патронду иштетүүчү каражатын аракетке келтирүүчү механизми;
22) уруучу механизмдин ургучу - патронду аракетке келтирүүчү каражатка сокку берген уруучу механизмдин тетиги.
(КР 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-статья. Куралдын түрлөрү
Тиешелүү субъекттер тарабынан анын пайдаланылышынын максаттарына жараша курал:
1) жарандык;
2) кызматтык;
3) аскердик.
Ушул Мыйзам тарабынан каралбаган куралдын башка түрлөрү, ок атуучу мылтык, газ куралы жана атылбоочу курал Кыргыз Республикасынын аймагында куралды коллекциялоо максатында гана пайдаланылышы мүмкүн.
Чарбалык-тиричилик жана өндүрүштүк максаттагы буюмдар катары сертификатталган буюмдар, конструкциясы боюнча куралга окшош спорттук снаряддар куралга кирбейт.
(КР 2002-жылдын 27-июнундагы № 112, 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
3-статья. Жарандык курал
Жарандар тарабынан өзүн-өзү коргоо максатында пайдалануу үчүн, спорт менен алектенүү жана аңчылыкка чыгуу үчүн арналган курал жарандык куралга кирет.
Жарандык курал төмөнкүдөй болуп бөлүнөт:
1) өзүн-өзү коргоо куралы:
а) сайсыз, анын ичинде травмалык таасири бар патрондор менен атылуучу курал;
б) травмалык, газ жана жарык-үн аркылуу таасир этүүчү патрондор менен атылуучу найсыз курал;
в) кыйратуучу таасири чектелген атылуучу курал: тапанча, револьвер, травмалык таасир этүүчү, газ менен таасир этүүчү жана жарык-үн менен таасир этүүчү патрондору менен атылуучу найсыз түзүлүш;
г) мамлекеттик стандарттардын талаптарына ылайык келген чыгуу параметрлери бар электршок түзүлүштөрү жана учкун чыгаргычтар;
2) спорттук курал:
а) ок атуучу сайлуу курал;
б) ок атуучу сайсыз курал;
в) атылбоочу курал;
г) найдын оозунан чыгуу кубаты 3 джоулдан жогору пневматикалык курал;
3) аңчылык курал:
а) ок атуучу сайлуу курал;
б) ок атуучу сайсыз, анын ичинде сайлуу жагынын узундугу 140 миллиметрден ашпаган курал;
в) ок атуучу комбинациялуу курал;
г) найдын оозунан чыгуу кубаты 25 джоулдан ашпаган пневматикалык курал;
д) атылбоочу курал;
4) белги берүүчү курал;
5) маданий жана окутуучулук максатта колдонулган курал:
а) маданий баалуулугу бар курал;
6) эзелки (антиквардык) курал;
в) эзелки (антиквардык) куралдын көчүрмөлөрү;
г) эзелки (антиквардык) куралдын репликасы;
д) эсептен чыгарылган курал.
(КР 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-статья. Кызмат куралы
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан аларга өзүн-өзү коргоо максаттарында же мыйзам тарабынан аларга жарандардын өмүрү менен ден соолугун, менчигин коргоо боюнча, жаратылышты жана жаратылыш ресурстарын, баалуу жана кооптуу жүктөрдү, атайын корреспонденцияларды күзөтүү боюнча жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн көрсөтүлгөн куралды алып жүрүүгө, сактоого жана колдонууга уруксат берилген мамлекеттик органдардын кызмат адамдары жана ишканалар менен уюмдардын кызматкерлери тарабынан пайдалануу үчүн арналган курал кызмат куралына кирет.
Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик органдар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан аларга кызмат куралын пайдаланууга жана колдонууга байланыштуу милдеттер жүктөлгөн ишканалар менен уюмдар өзгөчө уставдык милдеттери бар юридикалык жактар (мындан ары - өзгөчө уставдык милдеттери бар юридикалык жактар) болуп саналат.
Кызматтык куралга найынын узундугу 400 миллиметрден ашкан сайсыз ок атуучу жана найдын оозунан чыгуу кубаты 300 джоулдан ашпаган сайлуу найы кыска курал, ошондой эле найдын оозунан чыгуу кубаты 150 джоулдан ашпаган кыйратуучу таасири чектелген ок атуучу курал кирет.
Кызматтык сайлуу кыска найлуу курал кол менен атылуучу аскердик куралдан патрондорунун түрү жана өлчөмдөрү боюнча айырмаланууга тийиш.
(КР 2002-жылдын 27-июнундагы № 112, 2009-жылдын 16-ноябрындагы № 298, 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
5-статья. Аскер куралы
Колдо алып жүрүүчү ок атуучу аскер куралы менен ок атпоочу куралга Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматчыларынын күжүрмөн милдеттерди, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин оперативдүү-кызматтык милдеттерди жана Кыргыз Республикасынын аскерлешкен ведомстволорунун жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматчыларынын кызматтык милдеттерин аткарууга арналган куралдар, ошондой эле чет элдик армиялардын жана чет мамлекеттердин аскерлешкен уюмдары куралданышкан, ошондой эле куралдардын түрлөрү кирет.
Аскер куралдары менен куралдануунун, аскер куралын жана ага ок-дарыларды сатуунун тартиби, ошондой эле аскер куралын колдонууга укуктуу болгон ведомстволордун тизмеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2002-жылдын 27-июнундагы № 112, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
6-статья. Сыйлык куралы
Төмөнкүлөр сыйлык куралы деп таанылат:
- кортик;
- чолок кылыч же кылыч;
- найы кыска сайлуу тапанча;
- аңчылык ок атуучу курал;
- мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн башчыларынын, чет мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын сыйлык грамотасынын же башка документтеринин негизинде берилген курал.
Сыйлык куралы менен төмөнкүлөр сыйланат:
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, укук коргоо органдарында жана мамлекеттик аскерлешкен ведомстволорунда кызматта турган, кызматтык-күжүрмөн иште өзгөчө айырмаланган офицердик курамдын адамдары;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүүгө жана коопсуздугун чыңдоого өзгөчө салым кошкондугу үчүн Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин мамлекеттик жана коомдук ишмерлери.
Ысымы жазылган сыйлык куралы менен сыйлоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемеси, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Координациялык кеңешинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын тескемеси менен бир жолудан ашык эмес жүзөгө ашырылат.
Ысымы жазылган сыйлык куралы менен бир же андан көп жолу сыйлоо Кыргыз Республикасынын Президентинин тескемеси менен жүзөгө ашырылат.
Коргоо, ички иштер, улуттук коопсуздук, мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөлөрүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана башка мамлекеттик аскерлешкен уюмдардын жетекчилери кортик, чолок кылыч же кылыч менен сыйлоону жүзөгө ашырат.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 15-октябрындагы № 215 Мыйзамынын редакциясына ылайык)