Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 24-июлу № 367
"Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясын Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын карамагына өткөрүп берүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-августундагы № 456 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы тарабынан Кыргыз Республикасынын облустук телерадиокомпанияларын бирдиктүү координациялоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын карамагына "Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясы" мекемеси тиешелүү штаттары, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен өткөрүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы:
- "Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясы" мекемесин юстиция органдарында белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоодон өткөрсүн;
- ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруучулук жана башка чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 742 "Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясынын уставында:
- 1-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Компаниянын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат. Уюштуруучунун функцияларын Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы аткарат.";
- 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Кеңеш Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы тарабынан окуу жана илимий мекемелер, коомдук уюмдар тарабынан көрсөтүлгөн жана сунушталган талапкерлердин арасынан ушул орган тарабынан бекитилген тартипте 3 жылдык мөөнөткө түзүлөт. Кеңештин курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемеси менен бекитилет.";
- 14, 23-пункттарда түрдүү жөндөмөлөрдөгү "маалыматтык саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 27-пунктта "Өкмөттүк субсидиялардын" деген сөздөр алып салынсын;
- 43-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"43. Ушул Уставга өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын сунушу боюнча киргизилет.".