Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 299 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 24-июлу № 372
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-декабрындагы № 640 "Социалдык стационардык мекемелерде жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн реабилитациялоо борборлорунда тейленүүчүлөрдү багуунун мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин социалдык стационардык мекемелеринде жана реабилитациялоо борборлорунда тамактануу рационун жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-декабрындагы № 640 "Социалдык стационардык мекемелерде жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн реабилитациялоо борборлорунда тейленүүчүлөрдү багуунун мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) токтомдун аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин социалдык стационардык мекемелеринин жана реабилитациялоо борборлорунун мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн алуучуларды багуунун мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарын бекитүү жөнүндө";
2) преамбулада "ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды" деген сөздөр алып салынсын;
3) 1, 2-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Тиркелген Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин социалдык стационардык мекемелеринин жана реабилитациялоо борборлорунун мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн алуучуларды багуунун мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттары бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги республикалык бюджеттин долбоорун түзүүдө Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин социалдык стационардык мекемелеринин жана реабилитациялоо борборлорунун мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн алуучуларды багуунун мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарынын сакталышын камсыз кылсын.";
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Социалдык стационардык мекемелерде жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн реабилитациялоо борборлорунда тейленүүчүлөрдү багуунун мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарында:
- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин социалдык стационардык мекемелеринин жана реабилитациялоо борборлорунун мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн алуучуларды багуунун мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттары";
- 1-бөлүм төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
Социалдык стандарттардын аталышы | Ченөө бирдиги | Сандык туюнтулушу |
1. Камкордукка алынган жашоочулар үчүн аянттын ченемдери, бир адамга турак жай аянтынын социалдык ченеми | ||
Улгайган жарандар жана майыптыгы бар адамдар үчүн социалдык стационардык мекемелерде жашагандар үчүн | кв.м/1 адам | 1 адамга 6 кв.м |
Улуу курактагылар үчүн психоневрологиялык социалдык стационардык мекемелерде жашагандар үчүн | кв.м/1 адам | 1 адамга 6 кв.м |
Балдар үчүн психоневрологиялык социалдык стационардык мекемелерде жашагандар үчүн | кв.м/1 адам | 1 адамга 4,8 кв.м |
Майыптыгы бар балдар үчүн үй-бүлө тибиндеги балдар үйлөрүндө жашагандар үчүн | кв.м/1 адам | 1 адамга 4,8 кв.м |
Майыптыгы бар балдар үчүн реабилитациялоо борборлорунда жашагандар үчүн | кв.м/1 адам | 1 адамга 4,8 кв.м |
Турмуштук оор кырдаалда турган балдар үчүн реабилитациялоо борборлорунда жашагандар үчүн | кв.м/1 адам | 1 адамга 4,8 кв.м |
Майыптыгы бар улуу курактагылар үчүн реабилитациялоо борборлорунда жашагандар үчүн | кв.м/1 адам | 1 адамга 6 кв.м |
- 2-бөлүмдүн аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2. Социалдык стационардык мекемелерде жана реабилитациялоо борборлорунда жашагандар үчүн кийим-кечени, бут кийимди жана жумшак инвентарларды пайдалануунун ченемдери жана мөөнөттөрү";