Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-июлундагы № 462 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 5-июлу № 333
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 411 "40 райондон 40 демилге" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Республиканын бардык региондорунда жарандардын ойлоп табуучулук жана инновациялык ишке кызыгуусун жана активдүүлүгүн жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 411 "40 райондон 40 демилге" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышы, преамбула, 1-3-пункттар "инновациялык демилгелерди", "инновациялык долбоорлорго" деген сөздөрдөн кийин тиешелүү түрдө ", стартаптарды", ", стартаптарга" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен биргеликте белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетинде "40 райондон 40 демилге" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан 8ге (сегизге) чейинки инновациялык демилгени, анын ичинде стартаптарды Кыргызпатенттин атайын эсебинин каражаттарынын эсебинен каржылоого акча каражатын карасын;
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык бир тандалып алынган инновациялык демилгени ишке ашырууга 1 000 000 (бир миллион) сомго чейинки, бир стартапты ишке ашырууга 500 000 (беш жүз миң) сомго чейинки өлчөмдөгү акча каражатын бөлсүн.";
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген "40 райондон 40 демилге" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди тандоо тартиби жөнүндө жободо:
- аталышы, преамбула "инновациялык демилгелерди" деген сөздөрдөн кийин ", стартаптарды" деген сөздөр менен толукталсын;
- 1-пунктта:
төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү, төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"стартап - алардын багыты масштабдуу бизнес-моделди издөө, иштеп чыгуу жана текшерүү, өтө белгисиздик шарттарында жаңы продуктуну же кызмат көрсөтүүлөрдү берүү жолу менен конкреттүү көйгөйдү чечүү болуп саналган жаңы долбоор же инновациялык идеяларга негизделген компания;