Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-июлундагы № 364 токтомуна ылайык) |
Активдер жөнүндө атайын декларацияларды
толтуруу, күбөлөндүрүү жана Активдер жөнүндө
атайын декларациялардын реестрин жүргүзүү
ТАРТИБИ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 655, 2024-жылдын 23-августундагы № 503 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын активдер жөнүндө атайын декларацияларды толтуруу, ошондой эле Активдер жөнүндө атайын декларациялардын реестрин жүргүзүү тартибин аныктайт.
2. Ушул Тартипте пайдаланылуучу түшүнүктөр "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында кандай мааниде пайдаланылса, ошондой мааниде колдонулат:
1) активдер - атайын декларация берилген датага карата декларант менчик ээси же иш жүзүндөгү ээси болуп саналган 2023-жылдын 1-январына карата абал боюнча болгон мүлк жана мүлктүк укуктар (анын ичинде кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк, банктык эсептердеги акча каражаттары, Кыргыз Республикасындагы жана/же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары накталай акча каражаттары, баалуу кагаздар, виртуалдык активдер, Кыргыз Республикасындагы коммерциялык уюмдардын жана/же чет өлкөлүк уюмдардын уставдык капиталына жана мүлкүнө катышуу үлүштөрү (пайлары);
2) декларациялоо объекттери - декларациялоо субъектине таандык, Кыргыз Республикасынын аймагында жана/же анын чегинен тышкары жайгашкан, мурда декларацияланбаган жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте декларантка таризделбеген жана/же башка жакка таризделген, ошондой эле бул мүлккө укуктарды алуу жөнүндө келишимде көрсөтүлгөн наркы боюнча декларациялоо субъекти тарабынан таризделген, сатып алуунун иш жүзүндө төлөнгөн (реалдуу) наркынан айырмаланган активдер;
3) декларациялоо субъекттери - Кыргыз Республикасынын жарандары, анын ичинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана башка мамлекеттин жарандыгы бар, бирок Кыргыз Республикасынын жарандыгынан баш тартпаган Кыргыз Республикасынын жарандары, Кыргыз Республикасында жашап турууга уруксаты бар адамдар, кайрылмандар;
4) декларант - "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган тартипте атайын декларацияны күбөлөндүрүү үчүн ыйгарым укуктуу кызмат адамына кайрылган декларациялоо субъекти;
5) атайын декларация - жеке катар номери бар жана декларант тарабынан ага таандык активдерди декларациялоо фактысын жана акча каражаттарынын келип чыгуу булактарынын мыйзамдуулугун ырастаган так отчеттуулуктагы документ;
6) активдерди декларациялоо - ыйгарым укуктуу кызмат адамында атайын декларацияны толтуруу жана күбөлөндүрүү жолу менен активдерди ыктыярдуу декларациялоо менен байланышкан декларанттын иш-аракеттери;
7) ыйгарым укуктуу кызмат адамдары - Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын мамлекеттик нотариустары жана Кыргыз Республикасынын жеке нотариустары, "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте жеке жактын активдери жөнүндө атайын декларацияны күбөлөндүрүүчү нотариалдык иш-аракеттерди жасоого укуктуу Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин жана башка мамлекеттик мекемелеринин кызмат адамдары;
8) декларациялоо мөөнөтү - "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган, жеке жактар өз активдерин декларациялоо үчүн ыйгарым укуктуу кызмат адамына кайрыла алган мезгил аралыгы;
9) Активдер жөнүндө атайын декларациялардын реестри - ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан түзүлүүчү жана жүргүзүлүүчү реестр, анда төмөнкүдөй маалыматтар камтылат: кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациянын жеке катар номери, декларацияланган датасы, декларанттын жеке маалыматтары, ошондой эле кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациянын бузулгандыгы же жоголгондугу жөнүндө маалымат;
10) декларациялык босого – 100 000 000 (жүз миллион) сомдон ашкан кирешелердин жана мүлктүн наркынын жыйынды суммасы;
11) декларациялык төлөм - декларациялоо босогосунан ашкан суммага карабастан "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык декларациялоо субъекттери тарабынан бир жолу төлөнүүчү 1 000 000 (бир миллион) сом;
12) активдердин номиналдык ээси - активдердин иш жүзүндөгү ээсинин кызыкчылыгында жана/же анын тапшырмасы боюнча активдердин менчик ээсинин (ээлик кылуучунун) укуктарын жүзөгө ашырган жак;