Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-январындагы № 27 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 14-августу № 404
Программалык негизде бюджеттөө жана бюджеттик ачык-айкындуулук чөйрөсүндөгү айрым ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылуучу бюджеттик программаларды жана чараларды баалоону жүргүзүү процессин оптималдаштыруу, ошондой эле бюджеттик ачык-айкындуулукту жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 87-беренесине жана 129-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 436 "Бюджеттик программалардын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бюджеттик программаларга мониторинг жүргүзүү жана бюджеттик программалардын жана чаралардын натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчетторду берүү тартибинде:
- 1-тиркеме ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бюджеттик программалардын жана чаралардын натыйжалуулугун баалоо тартибинде:
- 19-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 501 "2022-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында бюджеттик ачык-айкындуулуктун жана отчеттуулуктун деңгээлин жогорулатуу боюнча жол картасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун тиркемеси ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 163 "2022-2024-жылдар мезгилине программалык бюджеттөөнү ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2023-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 22-августундагы № 67 (3516) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |