КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 4-сентябры № 442
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маселелери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн ишин оптималдаштыруу жана ишин каржылоо маселесин жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 15-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
15 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги | 187 | 13 |
| анын ичинде: |
|
|
| борбордук аппараты | 48 | 6 |
| ведомстволук бөлүмдөрү | 139 | 7 |
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 260 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин айрым маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пунктта:
- экинчи абзацтагы "финансылык каражаттардын жана бекитилген штаттык санынын" деген сөздөр "бекитилген финансылык каражаттардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- республикалык бюджеттин эсебинен каржылануучу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментин жана Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментин жана Баа түзүү жана сметалык ченемдөө республикалык борборуна каралган 3 штаттык бирдикти кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин ведомстволук бөлүмдөрү 2023-жылдын 1-январынан тартып өзүн-өзү каржылоого өтөрү.";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Баа түзүү жана сметалык ченемдөө республикалык борбору жөнүндө жободо:
- 15-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 4-пунктча менен толукталсын: