КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 23-августу № 425
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Республикалык адистештирилген комбинат" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 91 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17, 26-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Республикалык адистештирилген комбинат" мамлекеттик мекемеси түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынан Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Республикалык адистештирилген комбинат" мамлекеттик мекемесине тиешелүү функциялар өткөрүп берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Республикалык адистештирилген комбинат" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык бекитилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Республикалык адистештирилген комбинат" мамлекеттик мекемесинин карамагына төмөнкүлөрдү өткөрүп берсин:
- 48 бирдик сандагы штаттык бирдикти, анын ичинде 10 штаттык бирдик негизги персоналды, 38 штаттык бирдик техникалык жана тейлөө персоналды;
- финансылык жана материалдык-техникалык каражаттарды.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жободо:
- 11-пункттун 4-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы онунчу-он үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"- радиоактивдүү калдыктарды жана радиоактивдүү изотопторду чогултууну, ташууну жана көмүүнү уюштурат;
- экономиканын ар кандай тармактарында радиоактивдүү заттарды жана радионуклиддерди камтыган башка материалдарды ташууну уюштурат;
- радиоактивдүү изотоптор менен булганган атайын кийимди, жеке коргонуу каражаттарын жана ич кийимди дезактивдештирүүнү жүргүзөт;
- радиоактивдүү заттарды жана радиоактивдүү изотопторду утилдештирүү боюнча ишти уюштурат;";
(абзац КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-мартындагы N 91 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-мартындагы N 91 токтомунун редакциясына ылайык)