Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

Тиркеме

 

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-сентябрындагы № 493 токтомуна)

 

Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 306 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы (мындан ары - Мамлекеттик кепилдиктер программасы) - жарандарга медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн кепилденген көлөмү, түрлөрү жана шарттары, алар Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо, базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынын эсебинен менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарында медициналык-санитардык жардам алууга болгон жарандардын укуктарын ишке ашырууну камсыздайт.

2. Ушул Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында медициналык-санитардык жардамдын көлөмү милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын консолидацияланган бюджетинин каражаттарынан саламаттык сактоону каржылоонун чегинде аныкталат.

3. Ушул Мамлекеттик кепилдиктер программасын каржылоону төмөнкүлөр жүзөгө ашырат:

- милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу мамлекеттик орган;

- жарандардын айрым категорияларын дары менен камсыз кылуу жана Медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрү фондунун каражаттарынан медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоо бөлүгүндө саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.

4. Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча медициналык жана фармацевтикалык кызмат көрсөтүүлөр ушул Мамлекеттик кепилдиктер жана жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз кылуу программасын аткарууга милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен келишим түзгөн саламаттык сактоо уюмдары жана дарыкана мекемелери тарабынан көрсөтүлөт.

Мамлекеттик кепилдиктер программасын ишке ашыруунун алкагында келишим түзгөн саламаттык сактоо уюмдары төмөнкүлөргө милдеттүү:

– камсыздандырылган адамдарга көрсөтүлгөн медициналык жардам жөнүндө маалыматтардын жекече эсебин жүргүзүүгө;

– бардык жарандар үчүн көрүнүктүү жерде көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаты жана шарттары жөнүндө маалыматты, ошондой эле Мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык алардын тизмегин жайгаштырууга;

– медициналык камсыздандыруу субъекттерине иштөө режими, көрсөтүлүүчү кызматтардын түрлөрү жөнүндө, ошондой эле тизмеги Мамлекеттик кепилдиктер программасында белгиленүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүнүн жана сапатынын көрсөткүчтөрү жөнүндө маалыматтарды толук көлөмдө берүүгө.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 306 токтомунун редакциясына ылайык)

5. Ушул Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында медициналык-санитардык жардам алуу үчүн шарт болуп кайрылган пациенттин инсандыгын ырастаган документтин, жеңилдик алууга укугун ырастаган күбөлүктүн, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна катталуунун, милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу статусунун, адистен жолдомонун болушу эсептелет.

6. Медициналык-санитардык жардамдын түрлөрү жана көлөмү ушул Мамлекеттик кепилдиктер программасына 1-3-тиркемелерде берилген.

 

 

Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына 1-тиркеме

Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык-санитардык жардам көрсөтүү ТАРТИБИ

1-глава. Амбулаториялык шарттардагы шашылыш, кечиктирилгис медициналык жардам жана шашылыш консультациялык жардам

1. Шашылыш медициналык жардам - ден соолукка олуттуу зыян келтирүүнү болтурбоо жана/же өмүргө коркунучту четтетүү үчүн кечиктирилгис медициналык кийлигишүүнү талап кылган күтүлбөгөн курч ооруларда жана өнөкөт оорулардын курчушунда көрсөтүлүүчү медициналык жардам.

Кечиктирилгис медициналык жардам - пациенттин өмүрүнө ачык коркунуч келтирбеген күтүлбөгөн курч ооруларда жана абалдарда, өнөкөт оорулардын күчөшүндө көрсөтүлүүчү медициналык жардам.

Шашылыш жана кечиктирилгис медициналык жардам төмөнкүлөр тарабынан көрсөтүлөт: