Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

1-тиркеме

 

 

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 473 токтомуна)

Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу ЭРЕЖЕЛЕРИ

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-июнундагы № 350 , 2025-жылдын 7-октябрындагы № 643 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу эрежелери (мындан ары - Эрежелер) "Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары - Мыйзам) ылайык иштелип чыкты жана турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу келишими (мындан ары - милдеттүү камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полиси) боюнча тараптардын укуктарын жана милдеттерин ишке ашыруунун тартибин аныктайт.

2. Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандырууну жүзөгө ашырууда камсыздандыруучу камсыздандыруу учуру келгенде милдеттүү камсыздандыруу келишиминде шартталган акы үчүн милдеттүү камсыздандыруу келишиминде аныкталган камсыздандыруу ордун толтурууга милдеттенет.

3. Өрттүн жана/же табигый кырсыктардын кесепетинен камсыздандырылуучунун турак жайынын жок болуу же бузулуу тобокелдиги милдеттүү камсыздандырылууга тийиш.

4. Милдеттүү камсыздандыруу боюнча укуктук мамилелердин субъекттери төмөнкүлөр болуп саналат:

- камсыздандыруучу;

- камсыздандырылуучу;

- пайда табуучулар.

5. Ушул Эрежелерде пайдаланылуучу түшүнүктөр:

1) камсыздандыруучу - Кыргыз Республикасынын аймагында милдеттүү камсыздандырууну ишке ашырууга лицензиясы бар юридикалык жак;

2) камсыздандырылуучу - камсыздандыруучу менен милдеттүү камсыздандыруу келишимин (камсыздандыруу полисин) түзгөн юридикалык же аракетке жарамдуу жеке жак;

3) пайда табуучу - турак жайдын менчик ээси же менчик ээсинин мураскору же мыйзамдуу укук улантуучусу болуп саналган жак;

4) бенефициардык ээлик кылуучу - жеке жак (жеке жактар), кардардын атынан же анын кызыкчылыктарында жасалган операциялардын (бүтүмдөрдүн) акыркы жыйынтыгында (ээлик кылуунун жана контролдоонун чынжырлары аркылуу) кардардын же болбосо жеке жактын жеке менчигине тике же кыйыр (үчүнчү жак аркылуу) ээлик кылат же контролдойт;

5) турак жайды милдеттүү камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полиси) - камсыздандыруу келишими, ага ылайык камсыздандыруучу келишимде шартталган акыны (камсыздандыруу сый төлөмүн) келишимде каралган окуя (камсыздандыруу окуясы) болгондо ушул окуянын натыйжасында турак жайга келтирилген зыяндын ордун камсыздандырылуучуга же болбосо пайда табуучуга келишимде аныкталган сумманын (камсыздандыруу суммасынын) чегинде толтурууга (камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүүгө) милдеттүү;

6) турак жай - жеке жактын же юридикалык жактын жеке менчигинде турган (жеке турак үй, жеке турак үйдүн бөлүгү, көп батирлүү үйдөгү батир, коммуналдык батир, коммуналдык батирдеги бөлмө, мейманкана, мейманкана тибиндеги турак үй), туруктуу же убактылуу жашоого арналган жана пайдаланылган, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген техникалык, санитардык жана башка милдеттүү талаптарга жооп берген турак жай фондунун өзүнчө бирдиги.