ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 388 «Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө» токтому

Редакцияот 04.08.2023
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 4-августу № 388

Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 36-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-декабрындагы № 646 "Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-августундагы № 487 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-декабрындагы № 646 "Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 15-августундагы № 65 (3514) саны менен жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У . Жапаров