Сравнение редакций…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 388 токтомуна ылайык) |
Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун
баалоо тартиби
1. Жалпы жобо
1. Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо тартиби (мындан ары - Тартип) колдонуудагы же берүүгө пландалган салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо түрлөрүн, баалоо жүргүзүүдө аракеттердин ырааттуулугун, аткаруучулардын курамын жана алардын өз ара аракеттенүүсүн, ошондой эле баалоонун натыйжаларын даярдоо боюнча талаптарды аныктайт.
2. Ушул Тартипте колдонулуучу негизги түшүнүктөр жана терминдер:
салык жеңилдиги - Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде каралган салыкты же анын бөлүгүн төлөөдөн бошотуу;
салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугу - салык төлөөчүлөр боюнча алганда салык жеңилдиктерин берүү максатына жетүү деңгээлин мүнөздөгөн салык жеңилдиктерин колдонуу мезгилиндеги тиешелүү тармактын ишинин натыйжасынын тиешелүү түрдө мурунку мезгилдеги натыйжа менен катышы.
3. Салык жеңилдиктеринин негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын экономикасын туруктуу өнүктүрүүгө дем берүү;
- туруктуу өнүктүрүү үчүн экономиканын артыкчылыктуу секторлоруна инвестицияларды тартуу жана каржылоо;
- Өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын негизги артыкчылыктарына жетүү;
- калкты социалдык жактан коргоо;
- коомдук пайдалуу, анын ичинде кайрымдуулук иштерине дем берүү.
4. Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугу эки түр боюнча бааланат:
1) колдонуудагы салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо;
2) берүүгө пландалган салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо.
5. Колдонуудагы жана берүүгө пландалган салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо төмөнкүлөргө карата белгиленген салык жеңилдиктери боюнча жүргүзүлбөйт:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен каржылануучу бюджеттик мекемелерге;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына.
2. Колдонуудагы салык жеңилдиктеринин
натыйжалуулугун баалоо
6. Берилген салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо жыл сайын ушул Тартиптин 6-тиркемесине ылайык салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугуна баалоо жүргүзүүгө тийиш болгон салык жеңилдиктеринин тизмеси боюнча жүргүзүлөт.
7. Мамлекеттик органдардын, бизнес-ассоциациялардын жана ишкердик субъекттердин демилгеси боюнча салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугуна баалоо жүргүзүү зарыл болгон учурда, баалоо ушул Тартиптин 6-тиркемесинде көрсөтүлгөн салык жеңилдиктери боюнча тиешелүү этаптын белгиленген мөөнөтүнө чейин жүргүзүлөт.
8. Колдонуудагы салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо төрт этаптан турат:
1) ыйгарым укуктуу салык органы жана/же бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган алдын ала баалоо жүргүзөт, анын жыйынтыгы боюнча салыктык укук мамилелерин жөнгө салуу, салык жана бажы саясатын жүргүзүү боюнча функцияларга жана ыйгарым укуктарга ээ болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) ушул Тартиптин 1 жана 2 же 3 жана 4-тиркемелери менен аналитикалык кат киргизет. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул Тартиптин 1 же 3-тиркемелерине ылайык маалыматтарды берет;
2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ыйгарым укуктуу салык органынын жана/же бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын алдын ала баалоосун карап чыгуучу ведомстволор аралык жумушчу топту түзөт;
3) ведомстволор аралык жумушчу топ ыйгарым укуктуу салык органынын жана/же бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын алдын ала баалоосунун негизинде жыйынтыктоочу баалоону жүргүзөт.
Ведомстволор аралык жумушчу топ зарыл учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды мамлекеттик органдардан, бизнес-ассоциациялардан жана ишкердик субъекттерден маалыматтарды сурап берүүсүн өтүнөт.
Ведомстволор аралык жумушчу топ ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул Тартиптин 1 жана 2 же 3 жана 4-тиркемелери менен аналитикалык катты киргизет;
4) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйынтыктоочу баалоосунун негизинде:
- салык жеңилдиктерин колдонуу мөөнөттөрүн белгилөө менен салык жеңилдиктеринин мөөнөтүн узартуу жөнүндө ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгат;
- салык жеңилдиктерин жокко чыгаруу боюнча ченемдик укуктук актыны иштеп чыгат.
9. Талдоо жүргүзүлүп жаткан мезгил үчүн салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө аналитикалык кат ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жайгаштырылат.
10. Аналитикалык кат милдеттүү түрдө төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
1) салык жеңилдиктеринин салык төлөөчүлөрдүн айрым категорияларынын финансы-экономикалык жана социалдык көрсөткүчтөрүнө тийгизген таасири жөнүндө;
2) салык төлөөчүлөрдүн айрым категорияларынын ишинин финансы-экономикалык жана социалдык көрсөткүчтөрүнүн динамикасы жөнүндө;
3) ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматы боюнча каралган салык жеңилдиктерин колдонуунун натыйжасында бюджетке түшпөгөн салыктардын түрлөрү боюнча салык жеңилдиктеринин эсептик суммасы жөнүндө;
4) изилденген салык жеңилдиктеринин максаттарга ылайыктуулугу жөнүндө конкреттештирилген көрсөткүчтөрдү көрсөтүү менен төмөнкүдөй маалыматтарды:
- Кыргыз Республикасынын экономикасынын туруктуу өнүгүүсүнө кандай колдоо көрсөтүлдү;
- туруктуу өнүктүрүү үчүн экономиканын артыкчылыктуу секторлоруна инвестициялар жана каржылоо тартылдыбы;
- Өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын негизги артыкчылыктары жетишилдиби;
- калкты социалдык жактан колдоого багытталганбы;
- коомдук пайдалуу, анын ичинде кайрымдуулук иш-чаралары колдоого алындыбы;
5) салык жеңилдиктери берилген салык төлөөчүлөрдүн айрым категориялары боюнча мамлекеттик бюджетке салыктык төлөмдөрдүн түшүүлөрүн өзгөртүү жөнүндө;
6) натыйжалуулукту баалоонун жыйынтыктары жөнүндө төмөнкү корутундулардын бирин милдеттүү түрдө көрсөтүү менен: жеңилдик натыйжалуу болуп саналат жана узартылууга тийиш же жеңилдик натыйжалуу эмес болуп саналат жана жокко чыгарылууга тийиш;
7) берилген салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо максаттарына жетүүгө байланышкан башка маалыматтар.
11. Колдонуудагы салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) берилген салык жеңилдиктеринин социалдык жана экономикалык натыйжалуулугун баалоо - салык жеңилдиктерин пайдаланган салык төлөөчүлөрдүн айрым категорияларынын ишинин финансы-экономикалык жана социалдык көрсөткүчтөрүнүн динамикасына салык жеңилдиктерин пайдалануунун тийгизген таасирин баалоо максатында;
2) салык жеңилдиктерин берүүнүн бюджеттик натыйжалуулугун баалоо - салык жеңилдиктерин берүүнүн мамлекеттик бюджеттин кирешелерине тийгизген таасирин баалоо максатында.
12. Берилген салык жеңилдиктеринин бюджеттик, социалдык жана экономикалык натыйжалуулугун баалоо салык жеңилдигинен пайдаланган салык төлөөчүлөрдүн ишинин финансы-экономикалык жана социалдык көрсөткүчтөрү жөнүндө ыйгарым укуктуу салык органында болгон маалыматтарды эске алуу менен берилген салык жеңилдиктеринин ар бирине карата салыктын ар бир түрү боюнча жүргүзүлөт.
13. Салык жеңилдиктеринин социалдык жана экономикалык натыйжалуулугун баалоо 11-пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн максатта жүзөгө ашырылат.
14. Эгерде салык төлөөчүлөрдүн эсептөөлөрүндө эске алынган иштин 5тен кем эмес финансы-экономикалык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча оң динамикага жетишилсе, салык жеңилдиктери оң социалдык жана экономикалык натыйжалуулукка ээ болот.
15. Салык жеңилдиктеринин бюджеттик натыйжалуулугун баалоо 11-пункттун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн максатта жүзөгө ашырылат.
16. Салык жеңилдиктеринин бюджеттик натыйжалуулугун баалоо салык төлөөчү салык жеңилдиктерин колдоно баштаган жылдан мурунку жылга салыштырмалуу отчеттук жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик бюджетке салыктык төлөмдөрдүн келип түшүү динамикасынын негизинде жүргүзүлөт.
17. Эгерде салык төлөөчүлөр салык жеңилдиктерин колдоно баштаган жылдан мурунку жылга салыштырмалуу отчеттук жылдын жыйынтыгы боюнча салыктык төлөмдөрдүн түшүүлөрү көбөйсө, салык жеңилдиктери оң бюджеттик натыйжалуулукка ээ болот.
18. Эгерде оң социалдык жана экономикалык натыйжалуулукка жана/же бюджеттик натыйжалуулукка жетишилсе, салык жеңилдиктери натыйжалуу деп таанылат.
19. 5 жана андан ашык жыл бою колдонулган салык жеңилдиктери үчүн салык жеңилдигинен пайдаланган салык төлөөчүлөрдүн финансы-экономикалык жана социалдык көрсөткүчтөрү 3-тиркемеге ылайык түзүлөт, бюджеттин натыйжалуулугун баалоо 4-тиркеменин негизинде жүргүзүлөт.
20. 5 жылдан ашык пайдаланылуучу салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугуна баалоо жүргүзүүдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын келип чыгышын жана ал жеткис күчтүн жагдайларын эске алуу менен мезгилдерди эсепке албоого;
2) салык жеңилдиктерин пайдаланган салык төлөөчүлөрдүн ишинин финансы-экономикалык, социалдык көрсөткүчтөрүнүн динамикасын, ошондой эле салык жеңилдиктерин пайдаланган салык төлөөчүлөр тарабынан мамлекеттик бюджетке төлөнгөн салыктардын суммасын салыштыруу жана эсептөө үчүн зарыл болгон базалык мезгилди өз алдынча аныктоого.
3. Берүүгө пландалган салык жеңилдиктеринин
натыйжалуулугун баалоо
21. Салык жеңилдиктерин берүү сунушуна салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугуна алдын ала баалоо жүргүзүлүүгө тийиш, ал салык жеңилдиктерин белгилөө демилгесин көтөргөн мамлекеттик орган же ишкердик субъект/бизнес-ассоциация тарабынан ушул Тартипке ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.
22. Сунуш аналитикалык кат түрүндө ушул Тартиптин 5-тиркемесинде көрсөтүлгөн финансы-экономикалык көрсөткүчтөрдү тиркөө менен, салык жеңилдиктери колдонулуучу салык төлөөчүлөрдүн категориялары боюнча таризделүүгө тийиш.
23. Сунуш милдеттүү түрдө төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
1) салык жеңилдиктерин берүү пландалган салык төлөөчүлөрдүн категориясын;
2) берүүгө пландалган салык жеңилдиктеринин колдонуу мөөнөтүн, бирок 5 жылдан ашык эмес;
3) сунушталган жеңилдик берүү чечүүгө багытталган көйгөйлөрдү, ошондой эле аталган көйгөйлөрдү чечүүнүн альтернативдүү жолдорун милдеттүү түрдө баяндоо менен салык жеңилдиктерин берүүнүн максатка ылайыктуулугун негиздөө;
4) сунушталган салык жеңилдиктеринин өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгө шайкештик көрсөткүчтөрүн көрсөтүү менен маалымат берүү:
- Кыргыз Республикасынын экономикасын туруктуу өнүктүрүүгө кандай колдоо көрсөтүлөт (өлкөнү орто мөөнөттүү туруктуу өнүктүрүүнүн артыкчылыктарына шайкештик);
- туруктуу өнүктүрүү үчүн экономиканын артыкчылыктуу секторлоруна инвестициялар жана каржылоо тартылабы;
- Өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын негизги артыкчылыктары аткарылабы (өлкөнү узак мөөнөттүү туруктуу өнүктүрүүнүн артыкчылыктарына шайкештик);
- калкты социалдык жактан колдоого багытталганбы;
- коомдук пайдалуу, анын ичинде кайрымдуулук иш-аракеттери колдоого алынабы;
5) салык жеңилдиктерин берүүнүн натыйжасында мамлекеттик бюджеттин жоготууларынын суммасын баалоо.
24. Мамлекеттик бюджеттин жоготууларынын суммасы төмөнкү формула боюнча эсептелет:
Бж (жыл ичинде) = (СБ * СС) - (СБ * ССж), мында
Бж (жыл ичинде) - жыл үчүн мамлекеттик бюджеттин жоготууларынын суммасы;
СБ - салык салынуучу база;
СС - Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салыктын белгиленген ставкасы;
ССж - салык жеңилдиктерин берүүнү эске алуу менен колдонулуучу салыктын ставкасы.
25. Эгерде салык жеңилдиги салык базасын азайтуу жолу менен бериле турган болсо, анда мамлекеттик бюджеттин жоготуулары төмөнкү формула боюнча эсептелет:
Бж (жыл ичинде) - (СБ * СС) - (СБж * СС), мында
Бж (жыл ичинде) - жыл үчүн мамлекеттик бюджеттин жоготууларынын суммасы;
НБ - салык салынуучу база;
СС - Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салыктын белгиленген ставкасы;
СБж - салык жеңилдиктерин колдонуудагы салыктык база.
26. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ыйгарым укуктуу салык органы жана бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен бирдикте салык төлөөчүлөрдүн категориясын же сунушталган салык жеңилдиктерин пайдаланган тармакты аныктоого жана зарыл болгон учурда зарыл маалыматтарды берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине жана башка мамлекеттик органдарга суроо-талаптарды жөнөтүүгө укуктуу.
27. Эгерде финансы-экономикалык иштин көрсөткүчтөрү боюнча оң динамикасы бештен кем эмес болгон учурда, салык жеңилдиктери натыйжалуу деп таанылат. Финансы-экономикалык иштин көрсөткүчтөрүнүн оң динамикасы бештен кем болсо, салык жеңилдиктеринин натыйжасы терc болот.
28. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ведомстволор аралык жумушчу топту түзөт, ал сунуштарды жана финансы-экономикалык иштин көрсөткүчтөрүн ушул Тартиптин 5-тиркемесине ылайык карайт. Ведомстволор аралык жумушчу топ ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардан/бизнес-ассоциациялардан жана ишкердик субъекттеринен маалыматтарды сурап алууну өтүнөт.
29. Ведомстволор аралык жумушчу топ ушул Тартиптин 5-тиркемесине ылайык сунуштун жана финансылык-чарбалык иштин көрсөткүчтөрүнүн негизинде жыйынтыктоочу баалоону жүргүзөт жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул Тартиптин 5-тиркемесине ылайык сунуш киргизет.
30. Ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйынтыктоочу баалоосунун негизинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоонун оң же терc натыйжалары жөнүндө демилгечиге жазуу жүзүндө билдирет.
| Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо тартибине 1-тиркеме |
Отчеттук жылда салыктык жеңилдикти пайдаланган салык
төлөөчүлөрдүн ишинин финансылык-экономикалык жана
социалдык көрсөткүчтөрү
№ | Көрсөткүчтөр | Өлч. бирд. | Базалык мезгил | Отчеттук мезгил | Көрсөткүчтөрдүн динамикасы % менен 5-гр.=4-гр./3-гр. |
| 1-гр. | 2-гр. | 3-гр. | 4-гр. | 5-гр. |
1 | Товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн каражаттар (КНC, сатуу салыгы, акциз жана ушул сыяктуу милдеттүү төлөмдөрдү кошпогондо) | миң сом |
|
|
|
2.1 | Өндүрүлгөн продукциянын көлөмү (товар, кызмат көрсөтүүлөр) | накт. бирд. |
|
|
|
2.2 | Өндүрүлгөн продукциянын көлөмү (товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) (КНСти жана акцизди кошпогондо) | миң сом |
|
|
|
3 | Операциялык иштен түшкөн пайда | миң сом |
|
|
|
4 | Операциялык иштин рентабелдүүлүгү | % |
|
|
|
5 | Негизги каражаттардын наркы (жылдын аягына) | миң сом |
|
|
|
6 | Негизги капиталга инвестициялар | миң сом |
|
|
|
7 | Орточо эмгек акыны эсептөө үчүн кабыл алынган кызматкерлердин саны | адам |
|
|
|
8 | Бир кызматкердин орточо айлык эмгек акысы | сом |
|
|
|
Базалык мезгил - салык төлөөчү салык жеңилдигин колдоно баштаган жылдан мурунку жыл.
Отчеттук мезгил - баалануучу отчеттук жыл.
| Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо тартибине 2-тиркеме |
Отчеттук жыл үчүн салыктык жеңилдик менен
пайдаланган салык төлөөчүлөр тарабынан мамлекеттик
бюджетке төлөнгөн салыктардын суммасы
№ | Көрсөткүчтөр | Өлч. бирд. | Базалык мезгил | Отчеттук мезгил | Көрсөткүчтөрдүн динамикасы % менен 5-гр.=4-гр./3-гр. |
| 1-гр. | 2-гр. | 3-гр. | 4-гр. | 5-гр. |
1 | Мамлекеттик бюджетке төлөнгөн салыктардын жалпы суммасы, анын ичинде: | миң сом |
|
|
|
1.1 | Киреше салыгы | миң сом |
|
|
|
1.2 | Пайдага салык | миң сом |
|
|
|
1.3 | Кошумча нарк салыгы | миң сом |
|
|
|
1.4 | Сатуудан алынуучу салык | миң сом |
|
|
|
1.5 | Мүлк салыгы | миң сом |
|
|
|
Базалык мезгил - салык төлөөчү салык жеңилдигин колдоно баштаган жылдан мурунку жыл.
Отчеттук мезгил - баалануучу отчеттук жыл.
| Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо тартибине 3-тиркеме |
5 жана андан ашык жыл ичинде колдонулган салыктык
жеңилдиктер менен пайдаланган салык төлөөчүлөрдүн
финансылык-экономикалык жана социалдык көрсөткүчтөрү
№ | Көрсөткүчтөр | Өлч. бирд. | 1-жыл | 2-жыл | 3-жыл | 4-жыл | 5-жыл | Көрсөткүчтөрдүн динамикасы % менен 8-гр.=7-гр./3-гр. |
| 1-гр. | 2-гр. | 3-гр. | 4-гр. | 5-гр. | 6-гр. | 7-гр. | 8-гр. |
1 | Товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн каражаттар (КНС, сатуу салыгы, акциз жана ушул сыяктуу милдеттүү төлөмдөрдү кошпогондо) | миң сом |
|
|
|
|
|
|
2.1 | Өндүрүлгөн продукциянын көлөмү | накт. бирд. |
|
|
|
|
|
|
2.2 | Өндүрүлгөн продукциянын көлөмү (товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрүн) (КНСти жана акцизди кошпогондо) | миң сом |
|
|
|
|
|
|
3 | Операциялык иштен түшкөн пайда | миң сом |
|
|
|
|
|
|
4 | Операциялык иштин рентабелдүүлүгү | % |
|
|
|
|
|
|
5 | Негизги каражаттардын наркы (жылдын аягына карата) | миң сом |
|
|
|
|
|
|
6 | Негизги капиталга инвестициялар | миң сом |
|
|
|
|
|
|
7 | Орточо эмгек акыны эсептөө үчүн кабыл алынган кызматкерлердин саны | адам |
|
|
|
|
|
|
8 | Бир кызматкердин орточо айлык эмгек акысы | сом |
|
|
|
|
|
|
| Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо тартибине 4-тиркеме |
5 жылдан ашык мезгил ичинде салыктык жеңилдик менен
пайдаланган салык төлөөчүлөр тарабынан мамлекеттик
бюджетке төлөнгөн салыктардын суммасы
№ | Көрсөткүчтөр | Өлч. бирд. | 1-жыл | 2-жыл | 3-жыл | 4-жыл | 5-жыл | Көрсөткүчтөрдүн динамикасы % менен 8-гр.=7-гр./3-гр. |
| 1-гр. | 2-гр. | 3-гр. | 4-гр. | 5-гр. | 6-гр. | 7-гр. | 8-гр. |
1 | Мамлекеттик бюджетке төлөнгөн салыктардын жалпы суммасы, анын ичинде: | миң сом |
| |||||
1.1 | Киреше салыгы | миң сом |
| |||||
1.2 | Пайдага салык | миң сом |
| |||||
1.3 | Кошумча нарк салыгы | миң сом |
| |||||
1.4 | Сатуудан алынуучу салыгы | миң сом |
| |||||
1.5 | Мүлк салыгы | миң сом |
|
| Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо тартибине 5-тиркеме |
Салыктык жеңилдиги жайылтыла турган салык
төлөөчүлөрдүн финансылык-экономикалык ишинин
көрсөткүчтөрү
№ | Көрсөткүчтөр | Өлч. бирд. | Базалык мезгил | Отчеттук мезгил | Кийинки жыл | Көрсөткүчтөрдүн динамикасы % менен 6-гр.=5-гр./3-гр. |
| 1-гр. | 2-гр. | 3-гр. | 4-гр. | 5-гр. | 6-гр. |
1 | Товарларды, жумуштарды сатуудан, кызмат көрсөтүүдөн түшкөн акча (КНСти, сатуудан алынуучу салыкты жана акциздик салыктарды эсепке албастан) | миң сом |
|
|
|
|
2 | Товарларды, жумуштарды, кызматтарды өндүрүүнүн көлөмү | накт. бирд. |
|
|
|
|
3 | Өндүрүлгөн продукциянын (товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) көлөмү (КНСти жана акцизди кошпогондо) | миң сом |
|
|
|
|
4.1 | Товарларды импорттоонун көлөмү | накт. бирд. ТЭИ ТН боюнча |
|
|
|
|
4.2 | Кызмат көрсөтүүлөрдү импорттоонун көлөмү | накт. бирд. ТЭИ ТН боюнча |
|
|
|
|
5.1 | Товарларды импорттоонун көлөмү | миң сом |
|
|
|
|
5.2 | Кызмат көрсөтүүлөрдү импорттоонун көлөмү | миң сом |
|
|
|
|
6 | Негизги каражаттардын наркы (жылдын аягына) | миң сом |
|
|
|
|
7 | Негизги капиталга инвестициялар | миң сом |
|
|
|
|
8 | Орточо эмгек акыны эсептөө үчүн кабыл алынган кызматкерлердин саны | адам |
|
|
|
|
9 | Бир кызматкердин орточо айлык эмгек акысы | сом |
|
|
|
|
10 | Төлөнгөн салыктардын жалпы суммасы, анын ичинде: | миң сом |
|
|
|
|
10.1 | Киреше салыгы | миң сом |
|
|
|
|
10.2 | Пайда салыгы же бирдиктүү салык | миң сом |
|
|
|
|
10.3 | Мүлк салыгы | миң сом |
|
|
|
|
10.4 | Кошумча нарк салыгы | миң сом |
|
|
|
|
10.5 | Импортко КНС | миң сом |
|
|
|
|
10.6 | Сатуудан алынуучу салык | миң сом |
|
|
|
|
10.7 | Акциздик салык | миң сом |
|
|
|
|
Базалык мезгил (3-гр.) - салык жеңилдигинин натыйжалуулугуна баалоо жүргүзүлгөн жылдан мурунку жыл.
Отчеттук мезгилдер (4-гр.) - салык жеңилдиги берилиши болжолдонгон жыл, мында n - жеңилдик берүү жылдарынын саны.
Кийинки жыл (5-гр.) - салык жеңилдигин колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийинки жыл.
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 388 токтомуна ылайык) |
Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун
баалоо тартиби
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 2-июнундагы № 385 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жобо
1. Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо тартиби (мындан ары - Тартип) колдонуудагы же берүүгө пландалган салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо түрлөрүн, баалоо жүргүзүүдө аракеттердин ырааттуулугун, аткаруучулардын курамын жана алардын өз ара аракеттенүүсүн, ошондой эле баалоонун натыйжаларын даярдоо боюнча талаптарды аныктайт.