Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 388 токтомуна ылайык) |
Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун
баалоо тартиби
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 2-июнундагы № 385 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жобо
1. Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо тартиби (мындан ары - Тартип) колдонуудагы же берүүгө пландалган салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо түрлөрүн, баалоо жүргүзүүдө аракеттердин ырааттуулугун, аткаруучулардын курамын жана алардын өз ара аракеттенүүсүн, ошондой эле баалоонун натыйжаларын даярдоо боюнча талаптарды аныктайт.
2. Ушул Тартипте колдонулуучу негизги түшүнүктөр жана терминдер:
салык жеңилдиги - Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде каралган салыкты же анын бөлүгүн төлөөдөн бошотуу;
салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугу - салык төлөөчүлөр боюнча алганда салык жеңилдиктерин берүү максатына жетүү деңгээлин мүнөздөгөн салык жеңилдиктерин колдонуу мезгилиндеги тиешелүү тармактын ишинин натыйжасынын тиешелүү түрдө мурунку мезгилдеги натыйжа менен катышы.
3. Салык жеңилдиктеринин негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын экономикасын туруктуу өнүктүрүүгө дем берүү;
- туруктуу өнүктүрүү үчүн экономиканын артыкчылыктуу секторлоруна инвестицияларды тартуу жана каржылоо;
- Өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын негизги артыкчылыктарына жетүү;
- калкты социалдык жактан коргоо;
- коомдук пайдалуу, анын ичинде кайрымдуулук иштерине дем берүү.
4. Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугу эки түр боюнча бааланат:
1) колдонуудагы салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо;
2) берүүгө пландалган салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо.
5. Колдонуудагы жана берүүгө пландалган салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо төмөнкүлөргө карата белгиленген салык жеңилдиктери боюнча жүргүзүлбөйт: