Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 661 токтому менен бекитилген) |
Банктык эмес финансылык рынок жаатында иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө УБАКТЫЛУУ ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-июнундагы № 321, 2017-жылдын 8-июнундагы № 353, 2017-жылдын 15-сентябрындагы № 578, 2017-жылдын 22-декабрындагы № 830, 2019-жылдын 29-августундагы № 437, 2020-жылдын 30-январындагы № 43, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 330, 2023-жылдын 20-февралындагы № 91, 2023-жылдын 12-октябрындагы № 548 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Банктык эмес финансылык рынок жаатында иштин лицензиялануучу түрү менен алектенүүнү каалаган уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар тиешелүү лицензия жана/же уруксат алууга милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-сентябрындагы № 578, 2020-жылдын 30-январындагы № 43 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Банктык эмес финансылык рынок жаатындагы лицензиар Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы болуп саналат, ал иштин төмөнкүдөй түрлөрүнө жана аракеттерге лицензия жана уруксат берет:
- кесиптик лотереяны уюштуруу боюнча иш;
- ломбарддардын иши;";
- камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү өмүрдү ыктыярдуу топтомо камсыздандырууга;
- камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү ыктыярдуу жеке камсыздандырууга;
- камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү мүлктү ыктыярдуу камсыздандырууга;
- камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү жоопкерчиликти ыктыярдуу камсыздандырууга;
- камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрүнө;
- кайра камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү камсыздандыруунун милдеттүү жана ыктыярдуу түрлөрү боюнча кириш кайра камсыздандырууга;