ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 610 «2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында адал туризмди өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 21.11.2023
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 2023-жылдын 21-ноябры № 610

2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында адал туризмди өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө

Адал туризмди өнүктүрүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында адал туризмди өнүктүрүү концепциясы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Жапаров