Загрузка документа…
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 21-февралы № 36
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө
(КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 144, 2024-жылдын 7-февралындагы № 40 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2004-жылдын 27-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны
тарабынан кабыл алынган
Ушул Мыйзам айылдарда, шаарларда түзүлүүчү жамааттарды жана алардын бирикмелерин түзүүнүн жана иштешинин тартибин, принциптерин аныктайт, ошондой эле алардын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар менен болгон мамилелерин жөнгө салат жана Кыргыз Республикасындагы социалдык мобилизациялоону ишке ашыруу үчүн укуктук жана уюштуруучулук негиздерди түзүүгө, жамааттарга жана алардын бирикмелерине өз алдынча башкарууга мамлекеттик кепилдиктерди берүүгө багытталган.
(КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 144, 2024-жылдын 7-февралындагы № 40 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Жалпы жоболор
1-статья. Түшүнүктөр жана терминдер
Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:
жамаат - жергиликтүү маанидеги иштерди биргелешип жана жоопкерчилигин өз мойнуна алып чечүү үчүн бир көчөнүн, кварталдын же башка аймактык түзүлүштөгү айылдын же шаардын аймагында жашап жаткан үй чарбаларынын таламдарын көздөгөн жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн ыктыярдуу бирикмесин билдирген жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруунун формасы;
жамааттардын бирикмелери - өз ишин координациялоо, жалпы таламдарды коргоо жана билдирүү, биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашыруу жана жалпы милдеттерди жана көйгөйлөрдү чечүү максатында ассоциациялар (бирликтер) формасында жамааттар тарабынан түзүлүүчү ыктыярдуу түзүлүш;
жамааттын төрагасы - жамааттын уставына ылайык анын мүчөлөрү тарабынан шайланган адам;
жамааттын уставы - жамааттын ишин жөнгө салуучу, анын мүчөлөрү тарабынан иштелип чыккан, жалпы чогулушу менен кабыл алынган жамааттын негизги укуктук документи;
жамааттын мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу - жамаатты башкаруунун жогорку органы;
жамааттын менчиги - жамаатка тиешелүү болгон, жамааттын пайдалануусундагы жана тескөөсүндөгү, жамааттын жана жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнүн киреше алуусунун жана социалдык-экономикалык жана руханий муктаждыктарын канааттандыруусунун булагы болуп кызмат кылган жамааттын менчиги (акчалай жана натуралай жагынан алгандагы);
социалдык мобилизациялоо - өздөрүнүн социалдык-экономикалык жана руханий таламдарын канааттандыруу, бири-бирине өз ара жардамдашуу, жакырчылыктан чыгуу, өзүндө болгон жана дагы башка ресурстарды пайдалануу менен өзүнүн өнүгүшүн илгерилетүү жана алардын жашоо турмушуна түздөн-түз таасирин тийгизүүчү чечимдерди кабыл алуу процессине калкты активдүү катыштыруу максатында өзүнүн ар түрдүү менчик уюмдарына жергиликтүү тургундардын биригүү процесси;
үй чарбачылыгы - турак жай бирдигинде чогуу жашап турган, өздөрүнүн каражаттарын толугу менен же жарым-жартылай бириктирип, чарбаны чогуу жүргүзүү аркылуу өздөрүн жашоо тиричиликке зарыл болгон нерселер менен камсыз кылышкан эки же андан ашык адамдан турган топ.
Эскертүү: бул адамдар туугандык мамилелери же никеден келип чыгуучу мамилелер менен байланышы болушу мүмкүн, же туугандык жагынан байланышы болбошу да мүмкүн.
Үй чарбачылыгы турак жай бирдигинде жашаган, өзүн жашоо тиричиликке зарыл болгон бардык нерселер менен камсыз кылган бир адамдан да турушу мүмкүн;
өнүгүүнүн жергиликтүү фонду - жамааттар тарабынан түзүлгөн жана жамааттар менен алардын бирикмелеринин, салымдарынын, уюмдардын жана эл аралык донорлордун, ыктыярдуу башталыштагы демөөрчүлөрдүн төгүмдөрүнүн эсебинен түзүлгөн коомдук фонд.
(КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 144, 2024-жылдын 7-февралындагы № 40 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2-статья. Жамааттын иштеринин максаттары
Жамааттын иштеринин максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- жергиликтүү маанидеги иштерди биргелешип жана жоопкерчиликти өз
мойнуна алып чечүү үчүн жамааттын мүчөлөрүндө бир коомдоштукка таандык
болуу сезимин өнүктүрүү;
- жамааттын жана жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнүн социал-
дык-экономикалык жана руханий муктаждыктарын канааттандыруу;
- жамааттын мүчөлөрүн жамаатты жана жергиликтүү коомдоштуктун ишин
башкарууга катышууга тартуу;