Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2010-жылдын 22-октябры № 110-П
1.Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын № 1 мамлекеттик резиденциясынын № 16/1 дачасынын аймагында жайгашкан Кыргыз Республикасынын эл жазучуусу Ч.Т.Айтматовдун архивинин жана музейинин жайларын жеке автономдуу жылытууга өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фондусунан Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын № 1 мамлекеттик резеденциясына чыгымдардын тиркелген сметасына ылайык 232574 (эки жүз отуз эки миң беш жүз жетимиш төрт) сом бөлсүн.
2.Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р.Отунбаева |
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 22 октябрындагы № 110-П тескемесине тиркеме |
№ | Аталышы | Саны | Наркы (сом менен) |
1. | «ТАНСУ» маркасындагы 50 кВт отказан | 1 даана | 60000 |
2. | Отказанды системага кошуу үчүн комплектөөчү материалдар | 41774 | |
3. | Отказанды орнотуу боюнча монтаждоо жана ширетүү иштери | 10000 | |
4. | Жайды жылытуу системасынын басымын жөнгө салуу (6 Атм) | 2000 | |
5. | Ысык суу менен жабдуу үчүн 500 л өлчөмүндөгү суу | 1 даана | 65000 |
6. | Суу жылыткычты кошуу үчүн комплектөөчү маиериалдар | 17000 | |
7. | Суу жалыткычты орнотуу боюнча монтаждоо жана ширетүү иштери | 6000 | |
8. | Электрдик отказанды кошуу үчүн кабель | 100 метр | 27000 |
9. | Электрдик үч фазалуу автомат 100 А | 1 даана | 3800 |
Жайынтыгы | 232574 |