Загрузка документа…
КР 2024-жылдын 12-январындагы № 14 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2006-жылдын 9-августу № 166
Кыргыз Республикасындагы кант диабети жөнүндө
(КР 2016-жылдын 6-июлундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана кант диабеттүү адамдардын арасындагы кант диабетинин алдын алуу боюнча мамлекет тарабынан кепилдик берилген ден соолукту жана турмуш-тиричиликти камсыз кылуучу атайын экономикалык, социалдык, укуктук жана медициналык чаралардын системасын уюштуруу жана жүзөгө ашыруу тартибин жөнгө салат.
1-статья. Негизги түшүнүктөр
Бул Мыйзамда төмөндөгүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
кант диабети боюнча тобокелчилик тобу - кант диабети боюнча оорлошкон тукум куучулугу, артыкбаш салмагы, гипертониялык оорусу бар адамдар, 4,5 килограммдан ашуун салмакта бала төрөгөн аялдар;
инсулин - I типтеги кант диабетин дарылоо үчүн негизги препарат катары колдонулуучу уйку бездин гормону;
кант диабеттүү адамдарды медицина-социалдык жактан коргоо - кант диабеттүү адамдардын саламаттыгын жана турмуш-тиричилик шарттарын коргоону камсыз кылуучу мамлекет тарабынан кепилдик берилген экономикалык, социалдык, укуктук жана медициналык чаралардын системасы;
медицина-санитардык жардам - жарандардын ден соолугун чыңдоону жана калыбына келтирүүнү коргоого багытталган медициналык, дагы башка чаралардын комплекси;
кант диабетинин өтүшүп кетиши - көздүн тор кабыкчасынын сыйрылышына жана көздүн көрбөй калышына (диабет ретинопатиясы), бөйрөктүн терминалдык забыркоосуна негизги себеп болгон бөйрөктүн бузулушу (диабет нефропатиясы) кириптер кылуучу кант диабетинин кан тамырлардын иштешин солгундатышы, ырбап кетиши, инфекция жугушуна, майып болуп калууга жана бутту кесип салууга (ампутацияга) алып келүүчү (диабеттүү таман белгиси), трофик жаралардын чыгышына себепкер болчу буттун баш жактарынын патологиялык абалы ж.б.;
инсулиндин жарым жылдык кору - кант диабети бар адамдардын өмүр-тиричилигин камсыз кылууга зарыл инсулиндин стратегиялык кору; мунун жок болуп калышы кант диабеттүү адамдарды айныбастан өлүмгө учуратат;