Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 428 буйругу менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын темир жол транспортунда почта жөнөтүүлөрүн, жүк багаждарын, багаждарды, жүргүнчүлөрдү ташуу ЭРЕЖЕСИ
(КР Транспорт жана жол министрлигинин 2020-жылдын 9-январындагы № 1, 2022-жылдын 14-январындагы № 37 , Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2025-жылдын 24-июлундагы № 216 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
1-Бап. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул эрежелердин таасир берүү чөйрөсү
1. Бул Эреже улуттук ташуучунун жана Кыргыз Республикасынын темир жол транспортунун тейлөө кызматтарын пайдалануучулардын (мындан ары - темир жол транспорту) ортосундагы мамилени жөнгө салат жана башка темир жол транспортунун кызматтарын пайдалануучулардын башка ишмердүүлүгүнө таасир этпеген ташуу боюнча гана кызмат көрсөтүү алкагындагы укуктарын жана милдеттерин аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзам ченеминин алкагында каралган артыкчылыктарды жана жеңилдетүүлөрдү эске алган төлөмдөр менен тейлөөлөрдүн шарттары бардык темир жол транспорт тейлөө кызматтарынын пайдалануучулары үчүн жүргүнчүлөрдү жана багаждарды, жүк багаждарды ташууда бирдей колдонулат.
3. Ташуу келишими боюнча, улуттук ташуучу жүргүнчүлөрдү багытталган жайга поездден орун берүү менен бирге алардын багажын, жүк багажын жеткирүүгө милдеттүү. Ошону менен бирге жүргүнчү бекитилген тариф боюнча жол акысын, багаж тапшырылган учурда ташуунун жана жүк жиберүүчү (жиберүүчү) жүк жиберген учурда жүк ташуунун баасын төлөөгө милдеттүү. Ташуу келишиминин жыйынтыгында жүргүнчүлөрдү жол жүрүү документи (билет), жүргүнчүлөр багаж тапшырган учурда жана жүк жөнөтүүчү жүк жөнөткөн учурда ташуу документтери менен күбөлөндүрүлөт.
4. Эл аралык каттамдарда жүргүнчүлөрдүн жүрүүсү үчүн тарифтер, кол жүгүн, багажды жана жүк багажын ташуу Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдердин бекитилген тартиптери менен аныкталат. Улуттук ташуучунун бекеттеринде кол жүгүн, багажды жана жүк багажынын сакталышына болгон төлөм, республиканын ичиндеги жүргүнчүлөрдүн жүрүү тарифи улуттук ташуучу тарабынан аныкталат. Жана ал белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ыйгарымдуу мамлекеттик антимонополиялык органы менен макулдашылышы керек.
5. Улуттук ташуучу жүргүнчүлөрдү поездде жана бекетте сапаттуу тейлөөнү, өз мезгилинде жеткирүүнү, багаждардын жана жүк багаждардын бүтүмдүгүнүн сакталышын жана жеткирилүүсүн камсыздандырат.
6. 2015-жылдын 16-майындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамындагы талаптардын аткарылуусуна жана жүргүнчү өзү менен кошо алып бара жаткан кол жүгүнүн бүтүндүгү менен сакталышына, өзүнүн амандыгына жүргүнчү өзү милдеттүү болуп, өзү жооп берет.
7. Улуттук ташуучунун жоопкерчилиги жана темир жол транспорт тейлөө кызматтарын пайдалануучуларды ташуу боюнча милдеттерин аткарбаган учурда доо-талаптарды коюу Кыргыз Республикасынын учурдагы мыйзамына ылайык жөнгө салынат.
2-Бап. Көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө маалыматтар
1-берене. Темир жол кызматтарын пайдалануучуларга маалыматтарды берүүдө улуттук ташуучунун милдеттери
8. Төмөнкү билдирүүлөр болгон маалда Улуттук ташуучу темир жол транспорт тейлөө кызматтарын пайдалануучуларды өз учурунда маалымдоого милдеттүү:
а) иштердин жана кызматтардын тизмеги, алардын баасы;
б) жүргүнчү поездинин келүүчү жана жөнөтүлүүчү убактысы;
в) жүргүнчүнүн жол акысы жана бекитилген чектен ашкан кол жүгүнүн, ошондой эле багаж жана жүк багажынын баасы;
г) ташуу документтерин, жол жүрүүсүн сатуудагы иштери жана кызматтары;
д) жол жүрүү документинин (билетинин) сатуу мөөнөтү жана шарттары;
е) кол жүк, багаж, жүк багаж ташууларында тыюу салынган нерселердин тизмеги;
ж) доо жана сунуштар китебинин орду;
з) билет жана багаж кассасынын, сактоо камерасынын иштөө убактысы;
и) багыттагы багаж, жүк багажынын бекетке келген убактысы;
к) жалпы пайдалануудагы темир жол бекеттеринин, бекет жайларынын
жайгашкан орду жөнүндөгү маалыматтар;
л) узак убакытта эс алуу бөлмөсүнөн орун берүү тартиби;
м) Кыргыз Республикасынын учурдагы мыйзамына ылайык артыкчылык жана жеңилдетүүлөр берилген жарандардын категориялары;
н) эркин жана милдеттүү түрдө камсыздандыруунун тартиби;
о) жогорку ыңгайлуулуктагы вагондордо жол жүрүү баасына кирген тейлөө кызматтары;
п) улуттук ташуучунун доо-талаптарын кабыл алуучу, ташуучунун аты жана юридикалык дареги,
р) Кыргыз Республикасынан сырткары чыгып жаткан Кыргыз Республикасынын жараны үчүн керектүү документтердин тизмеги.
Көрсөтүлгөн маалыматтар темир жол бекеттеринде, станцияларында, поезддерде, веб порталдарда ж.б. жүргүнчүлөрдү тейлөө жерлеринде мамлекеттик жана расмий тилде жайгаштырылат.
9. Улуттук ташуучу бул Эрежелерди пайдалануучулар үчүн жүргүнчүлөрдү тейлеген жерлердин бардыгына көрүнүктүү жана жеткиликтүү жерлерине жайгаштырат.
10. Жүргүнчү поезд кыймылынын жүгүртмөсү афишаларда, маалыматтоочу китепчелерде, веб порталдарда жергиликтүү убакыттар менен көрсөтүлөт. Жүргүнчү поезд кыймылынын жүгүртмөсүнүн жана ташуунун тарифтеринин өзгөргөндүгү жөнүндө өз маалында темир жол бекеттерине жана массалык маалымат каражаттарына жарыяланат.
11. Жүк багаждарын, багаждарын, жүргүнчүлөрдү ташуунун тарифтеринин өзгөргөндүгү жана ага ылайык жыйноолор жөнүндөгү маалыматтар керектөөчүлөр үчүн массалык маалымат каражаттарына жана жол бекеттерине күчүнө киргенге чейин 5 күн мурун жарыяланат.
3-Бап. Жүргүнчүлөрдү ташуу жана кол жүктүн сакталышы боюнча тейлөө кызматтарын көрсөтүүнүн тартиби
1-берене. Эл аралык каттамдарда жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча улуттук ташуучу тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын тартиби
12. Багытталган бекетке чейин бош орундар бар болсо, жүргүнчү жол жүрүүсү үчүн жол жүрүү документин (билетин) улуттук ташуучуга тариф боюнча акы төлөп сатып алууга милдеттүү. Бул тариф болсо, катышуучусу Кыргыз Республикасы болгон жана белгиленген мыйзам тартибинде күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен бекитилген.
Эл аралык жүргүнчү каттамдарында жүк ташуу келишимин түзүүнү тастыктаган жол жүрүүгө укук берген документ, тиешелүү бланктарда автоматташтырылган же автоматтык эмес (кол менен) ыкмада таризделген, же электрондук түрдө түзүлгөн жол жүрүү документи болуп эсептелет.
Электрондук жол жүрүү документи кагаз түрүндө басылат же электрондук-санариптик каражаттар менен (телефон, планшет ж.б.) орундукка отургузуу документи түрүндө берилет (контролдук купон), ал электрондук жол жүрүү документинин визуалдык түрү болуп эсептелет жана улуттук жүк ташуучу жүргүнчүнү ташууга байланышкан ар кандай кыймыл-аракеттерди электрондук жол жүрүү документи менен жасоо зарыл болгон бардык учурларда жүргүнчү тарабынан көрсөтүлөт.
(КР Транспорт жана жол министрлигинин 2020-жылдын 9-январындагы № 1 буйругунун редакциясына ылайык)
13. Жүргүнчү тарабынан жол жүрүүсү үчүн жол жүрүү документин (билетин) сатып алуусу, республика ичиндеги каттамдардагы поезддерден сырткаркы учурларда, Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгуу укугун берүүчү документтердин негизинде жүргүзүлөт.
14. Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү жана аймагынан чыгууга укук берүүчү эл аралык документи жок болгон учурда, жол жүрүү каттамы үчүн Улуттук ташуучу билет сатуудан баш тартууга укуктуу. Жол жүрүү документи толтурулгандан кийин Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө жана аймагынан чыгууга укук берүүчү документтин жана билеттин реквизиттерин жүргүнчү текшергенден соң жол кире акысын төлөйт.
15. Жүргүнчү поездге отуруп жаткан учурда Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү жана аймагынан чыгууга укук берүүчү документтин жана билеттин реквизиттери менен толтурулган документин жанында алып жүрүүсү зарыл. Көрсөтүлгөн документте жүргүнчүнүн маалыматтык даректери же документинин номери дал келбеген учурда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү жана аймагынан чыгууга укук берүүчү документинде фамилиясы же номери өзгөртүлгөн учурларда да жүргүнчүгө поездге түшүүгө уруксат берилбейт. Мындай учурларда жол жүрүү билетинин акысы улуттук ташуучу, ташуучу тарабынан бекитилген тартипте кайтарылып берилет.
16. Эл аралык каттамдагы жол жүрүү документин (билетин) сатуу тартиби жана мөөнөтү улуттук ташуучу тарабынан темир жол транспортунун технологиялык иштөө өзгөчөлүктөрүн жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган жана белгиленген мыйзам тартибинде күчүнө кирген эл аралык келишимдерди эске алуу менен аныкталат.
17. Эл аралык каттамдардагы поезддерде жүргүнчү төмөнкүлөргө укуктуу:
а) 5 жаштан жогорку эмес курактагы балдарды орунга олтургузбастан акысыз алып жүрүүгө уруксаат берилет, ошондой эле 5-10 жашка чейинки балдарга бекитилген тартипте жеңилдик менен каралган жол киреси төлөнөт. Баланын жаш курагы жол жүрүүнүн жүргөн күнүнө карата бекитилет. Эгерде баланын жаш курагы жол жүрүүнүн жүргөн күнүндө 5 жашка толсо, ал акысыз жол жүрөт , ал эми баланын жаш курагы жол жүрүүнүн жүргөн күнүндө 10 жашка толсо, ал балдарга коюлган тариф боюнча жол киресин төлөйт;
б) жол жүрүп баратканда жол жүрүү документинин колдонулуш мөөнөтүн 10 суткадан ашык эмес мөөнөткө узартуу менен бир жолу токтоого, ал жүрүп бараткан поезддин бара турган станцияга чейин 3 саат мурун билеттик кассага ылайык белгилерди койдуруу үчүн көрсөтөт (электрондук жана топтук жол жүрүү документтеринен башкалары);
в) жолдо ооруп калганда оорусунан айыкканга чейин (дарылоо мекемесинин негиздеме маалымкаты боюнча) жол жүрүү документинин колдонулуш мөөнөтүн узартууга, жүргүнчүгө поездден орун берилбеген учурда жүргүнчүгө орун бериле турган кийинки поезд жөнөтүлгөнгө чейинки убакытка жол жүрүү документин узартууга;
г) жол жүрүү документинде көрсөтүлгөн жөнөтүлгөн бекеттен жол жүрүү документин ошол эле же жөнөтүлүүчү поездге 24 сааттан кем эмес убакыт калган учурда кайра толтурууга (башка мамлекеттен накталай эмес төлөнгөн билеттерден сырткаркыларга, жеңилдик берилген, бекер, электрондук жана топтук билеттерден сырткаркыларга) Жол жүрүү документин башка жак толтурууга болбойт. Кайра толтуруу жол жүрүү документи көрсөтүлгөн багытталган бекетте гана вагондордун ордун же классын алмаштырууга болот. Жол жүрүү акысы көтөрүлгөн учурда алгачкы баасынан толтуруу убактысынан айырмаланган сумманы жүргүнчү төлөйт. Жол жүрүү акысы арзандатылган учурда жүргүнчүгө кайтарылып берилет. Бул тартип бир мамлекеттен экинчи мамлекетке багытталган бекетке чейинки гана учурларда кайра толтурулат.
18. Жүргүнчү мөөнөтү өтүп кеткен жол жүрүү документин (билет) көрсөтсө же Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү же Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгуу укугуна ээ болгон фамилиясы жана номери көрсөтүлгөн документке, Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү же Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгуу укугуна ээ болгон документиндеги көрсөтүлгөн фамилиясы жана номуру дал келбесе, жүргүнчүнүн билети жок деп эсептелет.
19. Эл аралык каттамдардагы поезддерде 10 жашка чейинки өспүрүмдөргө жалгыз жүрүүгө жол берилбейт.
20. Ташуу келишиминин шарттары жүргүнчүнүн же жиберүүчүнүн өз ыктыяры менен өзгөртүлсө же жокко чыгарылса колдонулган тариф боюнча:
а) плацкарта менен билеттин баасы:
- поезддин жөнөтүлүү убактысынан 24 сааттан кем эмес убакытта жүргүнчү белгилөө үчүн билетти кайрып берсе;
- топтук жол жүрүү документи поезддин жөнөтүлүү убактысынан 7 суткадан кем эмес учурда белгилөө үчүн кайрылып берилсе толугу менен кайтарылат.
б) билет баасы жана 50% плацкартанын баасы:
- эгерде жүргүнчү белгилөө үчүн поезддин жөнөтүлүү убактысынан 24 сааттан 6 саатка чейинки убакыттын ичиндеги убакытта билетти кайрып берсе;
- эгерде топ жол жүрүү документин белгилөө үчүн поезддин жөнөтүлүү убактысынан 7 суткадан 3 суткага чейинки убакытта билетти кайрып берсе, кайтарылып берилет.
в) жол жүрүү орто жолдон токтотулган учурда жол жүрүү документинин калган аралык үчүн плацкартадан сырткары билеттин гана баасы кайтарылат:
- эгерде жүргүнчү жол жүрүүдөн поезддин жөнөтүлүү убактысынан 6 саат мурун поезд жөнөтүлгөн убакыттан 1 саат убакыттын ичинде белгилөө үчүн жол жүрүүдөн баш тартып, жол жүрүү документин көрсөтсө;
- эгерде жүргүнчү жол жүрүүдөн жолдогу бекеттен ал бара жаткан поезддин бара турган жерине 3 сааттан кем эмес убакыт калган учурда баш тартса;
- эгерде топ жол жүрүү документин белгилөө үчүн поезддин жөнөтүлүү убактысынан 3 суткадан, поезддин жол жүрүү убактысына 1 саат убакыт калган учурда;
г) багаж менен жүк багаждын наркы:
- жөнөтүү бекетинен тапшырылган багаж же жүк багаж кайра кайтарылып алынса.
д) жүрүлгөн аралыкта багаждын наркы:
- аралыктагы бекеттердин бирөөсүнөн багаж артка кайрылып алынса, жүрүлгөн аралык үчүн наркы төлөнүп берилсе.
21. Жол жүрүү документинин кайтарылыш мөөнөттөрүнө карабастан поезддин жөнөтүлүшү токтотулган учурда, кечиктирилгенде жол жүрүү наркы толугу менен кайтарылып берилет. Жол жүрүү документинде көрсөтүлгөн орун берилбегенде жана жүргүнчү башка орунду пайдалануудан баш тарткан учурда.
22. Жол жүрүү документин пайдаланылбаган учурдагы кайтарылган билет баалары жаранды күбөлөндүргөн документ менен гана берилет.
23. Жоголгон, тытылган, күйүп кеткен, суу болуп калган жол жүрүү документтери жүргүнчүнүн кайрылуусунан менен улуттук ташуучунун текшерүүсүнөн кийин гана калыбына келтирилет.
24. Жол жүрүү документи толук окууга мүмкүн болбой калган учурда гана жоголгон, тытылган, күйүп кеткен, суу болуп калган деп саналат.
25. Ар бир жүргүнчү жол жүрүү убактысында орун алууга укуктуу. Бош орундар бар учурда жүргүнчүлөр пайдаланууга болот.
26. Жүргүнчү жол жүрүү документинде көрсөтүлгөн орундан жогорку класста бош орун болгон учурда пайдаланылган тариф боюнча билет кассасына же поезд башчысына кошумча төлөө менен билетти алмаштырууга болот.
27. Эгерде жүргүнчүгө жол жүрүү документине ылайык орун берилбесе, ал жол жүрүүдөн баш тартууга же төмөнкү класстагы поездден орун алууга укуктуу. Төмөнкү класстан орун алган учурда жол киренин наркынан чыккан айырма сумма кайтарылып берилет. Жол жүрүү документине поезд башчысы менен ылайык коюлган белги коюлат. Улуттук ташуучу жогорку класстагы вагондон орун берсе, нарктын айырма суммасы төлөнбөйт. Эгерде жүргүнчүгө орун жок болуп калса, жүргүнчүнүн багажы менен улуттук ташуучу кийинки же башка поездге акысыз салууга милдеттүү, ошондой эле багытталган жерге кечигүүсүз жеткирүүсүн көзөмөлгө алат.
28. Жүргүнчүгө жол жүрүү учурунда кошумча тейлөө кызматтар акы төлөмү менен жүргүзүлөт. Тейлөө кызматтар жол жүрүү наркына да киргизилиши мүмкүн. Шейшептердин баасы жол жүрүү наркына киргизилет. Тейлөө кызматтарынын тизмеги керектөөчүлөр үчүн жеткиликтүү жерге илинет.
29. Жүргүнчү поездден төмөнкү учурларда чыгарылат:
а) укук коргоочу органдарынын кызматкерлери тарабынан - поезддге жаңы отурган же поезд жүрүп бара жаткан убакытта башка жүргүнчүлөргө жолтоо болуп, тынчтык абалын бузуп, коомдук эрежелерди сактабаса, анын басып өтпөгөн аралыгы үчүн жол кире жана багаж акысы кайтарылбайт;
б) медициналык- доктор кызматкерлери тарабынан - эгер ал башкалардын тынчын ала тургандай сыркоо, же бул оору тегерегиндегилерге коркунуч туудуруп, жана аны өзүнчө жайгаштырууга мүмкүнчүлүк жок учурда. Жүргүнчү жардам бере алчу дарылоочу медициналык жайы бар бекеттен гана чыгарылат. Бул учурда поезд башчысы, жүргүнчүнүн каалоосун эске алып, басып өтпөгөн аралыктын наркын плацкартанын баасын кошуу менен, же токтогон жерин белгилеп, колдонуу мөөнөтүн узартуу менен акчасын кайтарып берет.
в) чек ара көзөмөлдөө органдарынын кызматкерлери тарабынан - мамлекеттик чек арадан өтүүгө мыйзам чегинде укугу жок деп табылса, көзөмөлдөө жана документти толтуруу учурунда токтотулат.
2-берене. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды ташуу
30. Мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды улуттук ташуучу ташуу жараянындагы бардык аралыктагы техникалык мүмкүнчүлүктөргө жараша жүргүзөт. Мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды ташуу жараянында төмөнкү жоболорду эске алуу менен иш алып барат:
а) мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга улуттук ташуучу тарабынан көрсөтүлгөн тейлөө кызматтардын, темир жол бекетиндеги мүмкүндүктөрү жана жол жүрүүдөгү мүмкүнчүлүктөрү, жүргүнчү платформа, кыймылдуу курам жөнүндө маалыматтар берилет;
б) улуттук ташуучу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга бекеттин, жүргүнчү платформанын, кыймылдуу курамдын мүмкүндүктөрүн кошумча акысыз сунуштайт;
в) улуттук ташуучу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга жол жүрүү документтерин сатуу жана орундарды резервге коюу тейлөө кызматтарын көрсөтөт;
г) платформанын, кыймылдуу курамдын, бекеттин мүмкүндүктөрүнө муктаж мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар жол жүрүү ыктыяры жөнүндө поезддин жөнөтүлүүсүнөн мурун 48 сааттан кем эмес убакытта билдириши керек. Бул шарт аткарылбаган учурда улуттук ташуучу мүмкүнчүлүктөрү чектелген жактарды алып келүүгө бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонушат;
д) улуттук ташуучу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын жөнөтүү бекетине келгендиги жөнүндө билдирүүчү ыкмаларды колдонот;
е) мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга жардам берүү улуттук ташуучу же ыйгарымдуу органдар аркылуу аныкталат;
ж) мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар аныкталган кол жүгүнүн ченеминен сырткары алар үчүн орун которуп жылып жүрүүгө зарыл болгон жабдууларын акысыз алып жүрө алышат.
3-берене. Кол жүгүн жана үй жаныбарларын ташуу
31. Жүргүнчү кол жүгүн акысыз алып жүрөт, бирок төмөнкүлөрдү алып жүрүүгө тыюу салынат:
а) башка жүргүнчүлөрдүн буюмдарына залал келтирүүчү же вагонду кирдетүүчү буюмдар;
б) от коопсуздугун жаратуучу, жеңил күйүүчү, жарылуучу, радио активдүү, суюк жана ууландыруучу каражаттар;
в) октолгон курал- жабдыктары;
г) инфекция жуктуруучу жана сасык жыттанган каражаттар;
д) Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү жана Евразия экономикалык союзунун бажы Закон ченемдерине ылайык Евразия экономикалык союзунан же союзуна, Кыргыз Республикасынан же Кыргыз Республикасына алып кирүүгө же чыгарууга чектөө коюлган буюмдар;
е) 200 см өлчөмүнөн 3 эсе көп өлчөмүндөгү ченемдүү ири габариттүү буюмдар.
Жүргүнчү вагондогу атайын ылайыкталган жерге кол жүгүн жайгаштырышы керек.
32. Акысыз кол жүктүн жалпы өлчөмү ар бир орунга 36 кгдан ашпоосу керек. Бекитилген нормага кол жүктүн өлчөмү ажыратылып жыйналган жана кутуга салынган бир шайтан арабага, балдардын жана инвалиддердин коляскасына колдонуу максатында уруксат берилет. Бекитилген нормадан ашык учурда жүргүнчү багаж катары санап , кол жүктүн массасы 50 кг жетпесе да 20 кг өлчөмү менен төлөнөт.
Күнүмдүк керектелүүчү, видео, электрондук жана аудиотехникалардын өлчөмү 200 см дан ашпаса, кол жүк катары саналат. Кол жүк шарттарын аткарбаса, жүргүнчүгө улуттук ташуучу жол жүрүүгө тыюу салат.
33. Жүргүнчүлөрдүн ветеринардык китепчеси бар үй жаныбарларынан (ит, мышык, канаттуу) сырткаркы жаныбарларды алып жүрүүгө тыюу салынат, үй жаныбарларын алып жүрүүдө вагондун купесинде өзүнчө кармалат.
Жүргүнчү купедеги башка бош орундарга да толук тариф боюнча төлөөгө тийиш, Улуттук ташуучу поездден купе менен камсыздоого тийиш, эгерде мындай шарт жок болсо жүргүнчү үй жаныбарларын алып жүрө албайт. Үй жаныбарлары ( ит, мышык, канаттуу) атайын торчодо, корзинада болуусу шарт. Атайын кутучага батпай калган иттерге мурун таккыч тагылып, каргысы бар болушу шарт.
4-берене. Республиканын ичинде жүргүнчүлөрдү ташуу жана кол жүгүн сактоонун эрежелери
34. Республикалык ички каттамдагы поезддерде жүрүү үчүн билетти кассадан, поездде же электрондук түрдө бир жолку “бир тарапка” же “эки тарапка” сатып алат. Электрондук билет кондукторго кагаз түрүндө же электрондук цифралык каражаттар аркылуу (телефон, планшет ж.б.) көрсөтүлөт.
Поезддеги орундар отуруу үчүн каралган.
Жүргүнчү өзү менен кошо 5 жашка чейинки бир баланы, эгерде ал өзүнчө орунду ээлебесе, бекер алып жүрүүгө укуктуу, жүргүнчүгө 5 жашка чейинки бирден ашык бала үчүн белгиленген тарифтер менен акы алынат. 5 жаштан 10 жашка чейинки балдардын жол кире акысы балдарды ташуунун белгиленген тарифтерине ылайык төлөнөт. Баланын жашы жол жүрүү күнүнө карата аныкталат. Эгерде сапар күнү 5 жашка чыккан баланын туулган күнүнө туура келсе, анда бала акысыз ташылат (эгерде ал өзүнчө орун ээлебесе).
Эгерде сапарга чыккан күнү 10 жашка чыккан баланын туулган күнүнө туура келсе, анда билеттер балдар тарифи менен жазылат. 10 жашка чейинки балдардын республиклык ички каттамдарындагы поезддерде чоңдордун коштоосусуз жүрүүсүнө жол берилбейт.
Жүргүнчү салмагы 50 килограммга чейинки кол жүгүн жана экиден ашпаган үй жаныбарларын (иттерди, мышыктарды, канаттууларды) бекер алып жүрүүгө укуктуу. Бул жаныбарлар атайын тарага (жашык, капас, себет ж.б.) салынып, ит жетелөөчү боосу (жип же кайыш) жана тумшук кап менен камсыздалып, кол жүк үчүн каралган атайын орундарга эркин жайгаштырылышы шарт. Аталган үй жаныбарларын атайын тарага салынбаса, ташууга уруксат берилбейт.
Ири тукумдуу иттерди ташууга тыюу салынат.
Көрүүсү начар (сокур жана начар көргөн) жүргүнчүлөргө өздөрү менен бирге жетектөөчү иттерди алып жүрүүгө уруксат берилет. Жетектөөчү итин тумшук кап кийгизип жана кыска боодо алып жүрүү керек жана аны коштоп жүргөн жүргүнчүгө жакын кармоо керек.
Үй жаныбарларын ташуу үчүн кошумча акы алынбайт.
Жүргүнчү өзүнүн кол жүгүн, ошондой эле алып бара жаткан үй жаныбарларынын (иттер, мышыктар, канаттуулар) сакталышы жана коопсуздугу жөнүндө кам көрүүгө милдеттүү жана өзү алып бара жаткан үй жаныбарлары (иттер, мышыктар, канаттуулар) тарабынан санитардык- гигиеналык талаптардын бузулушунда толук жоопкерчилик тартат жана вагондо тийиштүү тазалыкты камсыз кылууга милдеттүү.
Жүргүнчүгө мотору жок, демонтаждалган жана таңгакталган бирден ашык эмес велосипеддин өлчөмү, кол жүк үчүн белгиленген жерлерге коюуга мүмкүндүк берсе, белгиленген 50 кг жүктү алып жүрүү ченеминин негизинде ташууга уруксат берилет.
Эгерде поездде бала же кыймыл аракети чектелген жүргүнчү бара турган болсо, белгиленген нормадан ашык кол жүк катары, бүктөлүүчү балдар арабаларын жана инвалиддик арабаларды ташууга жол берилет.
Поезддерде жүрүүдө жүргүнчүлөр бир вагондон экинчи вагонго зарылчылыгы жок өтпөстөн, коомдук тартипти сактоого милдеттүү. Жүргүнчүлөрдүн тынчтыгын бузууга (үн чыгаруучу түзүлүштөрдү колдонуу, кыйкырык, ышкырык, ырдоо, музыкалык аспаптарда ойноо жана башка аракеттер) жол берилбейт.
(Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2025-жылдын 24-июлундагы № 216 буйругунун редакциясына ылайык)
35. Поездде бара жаткан жүргүнчү, эгерде бош орундар болсо жана колдонуудагы тарифтерге ылайык жол кире наркынын айырмасын төлөгөн учурда анын билетинде көрсөтүлгөндөн жогорку класстагы (типтеги) орунга же вагонго өтүүгө укуктуу. Жол кире акысынын айырмасын төлөө поезддеги Улуттук ташуучунун өкүлү жүргүзөт. Бул учурда жүргүнчүгө билеттин бланкасы берилет.
Жүргүнчү жогорку ыңгайлуулуктагы вагондордо жүрүүгө берилген билетти, эгерде ошол эле категориядагы жогорку уңгайлуулуктагы вагондордо орундар болсо, ошол эле поездде башка күнгө, жөнөгөнгө 48 сааткалганга чейин кечиктирбестен кайра чыгарууга укуктуу. Мында кайра каттоо жол-жоболоштуруу жүргүнчү ташуу акысынын наркын албастан жүргүзүлөт.
Республикалык ички каттамдардагы жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин стандарттуу вагондорунда жүрүү үчүн бланк боюнча же электрондук түрдө берилген билеттердин акысын кайтаруу жүргүзүлбөйт. Кассадан бланк боюнча берилген жоголгон же бузулган билеттер жаңыртылбайт жана аларга төлөнгөн акылар кайтарылбайт.
Жогорку ыңгайлуулуктагы вагондор үчүн электрондук түрдө же бланк боюнча берилген билеттин толук наркы, поезд жөнөп кетүү бекетинен 48 сааттан кечиктирбестен кайра кайтарууга мүмкүнчүлүк берилет. Кайтаруунун тартиби жана шарттары Улуттук ташуучу тарабынан аныкталат.
Республикалык ички каттамдарындагы поезддерге билеттердин жарактуу мөөнөтү узартылбайт.
(Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2025-жылдын 24-июлундагы № 216 буйругунун редакциясына ылайык)
36. Республика ичиндеги каттамдардагы бир жолку каттамдагы " тигил жакка" билети көрсөтүлгөн датага ылайык бир гана жолу колдонулат. "Тигил жакка" жана "бул жакка" деп алынган билет көрсөтүлгөн датага ылайык гана колдонулат. Эгерде билеттин колдонуу мөөнөтү жол жүрүүдө бүтүп калса, багытталган темир жол бекетине чейин колдонууга болот.