Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлигинин 2017-жылдын 2-майындагы № 162 буйругу 1-тиркеме

 

 Кыргыз Республикасындагы  автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын оӊдоо жана тейлөө боюнча иштерди пландаштыруу  жана аткаруу тартиби жөнүндө

ЖОБО

 

(2018-жылдын 31-июлундагы № 3, 2021-жылдын 14-январы № 1, 2021-жылдын 15-июну № 166, 2024-жылдын 25-июлундагы № 176, 2025-жылдын 9-мартындагы № 62 КР буйруктарынын редакциясына ылайык)

I. Жалпы жоболор

1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын “Автомобиль жолдору жөнүндө” Мыйзамынын жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзунун Келишимине ылайык, 2016-жылдын февралында Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын чечими менен Кыргыз Республикасынын аймагында күчүнө кирген Бажы бирлигинин Бажы бирлигинин “Автоунаа жолдорунун коопсуздугу” Техникалык регламенти (мындан ары - техникалык регламент) жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорун оңдоого жана тейлөөгө чыгымдарды каржылоо үчүн республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарды пландаштыруу жана пайдалануу тартибин белгилейт (капиталдык оңдоо, жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорун жана алардын  жол курулмаларын оңдоо жана тейлөө; жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорун жана алардын жол курулмаларын, ошондой эле өндүрүштүк базаларды модернизациялоо; жол-эксплуатациялык техникасын жана жол комплексинин иштеши үчүн керектүү болгон башка мүлктү сатып алуу).

2. Жобо жалпы колдонуудагы жолдорду жана жол курулмаларды (мындан ары-Титулдук тизме) оңдоо жана тейлөө Планын түзүү, макулдашуу жана бекитүүнү тартипке келтирүү үчүн иштелип чыккан.

3. Жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын оңдоо жана тейлөө боюнча жумуштарды пландаштыруу жана жүргүзүү, транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү жол органдары тарабынан аткарылат.

4. Ушул Жободо төмөнкүдөй терминдер пайдаланылат:

автомобиль жолдорун диагностикалоо (техникалык абалын баалоо) – автомобиль жолунун жана жол курулмаларынын конструкциялык элементтеринин параметрлери жана абалы, транспорттук агымдардын мүнөздөмөлөрү жөнүндө маалыматтарды жол активдерин башкаруунун бирдиктүү маалыматтык системасына бириктирилген (жолдордун жана курулмалардын транспорттук пайдалануу абалы жөнүндө билдирүүлөрдүн бирдиктүү маалыматтык банкы),  ал эми  зарыл болгондо жана оңдоо иш-чараларына муктаждыкты аныктоо үчүн же башка маалыматтарды изилдөө, чогултуу жана талдоо, ошондой эле автомобиль жолун, аны андан ары эксплуатациялоо процессиндеги абалын баалоо жана болжолдоо;

жол иштеринин артыкчылыгы –жолдорду мониторингдөөнүн жыйынтыктары менен, артыкчылыктары боюнча жана жол активдерин башкаруунун маалымат тутуму тарабынан" деген сөздөр менен толукталсын түзүлгөн жол иштеринин тизмеси;

жол курулмалары - жолдун конструкциялык элементи болуп саналган курулмалар, жасалма курулмалар (көпүрөлөр, жол өткөргүчтөр, асма жолдор, түтүктөр, тоннелдер), коргогуч курулмалар (кардан коргоочу токой көчөттөрү, кардан коргогуч туруктуу тосмолор, ызы-чуудан коргоочу  түзүлүштөр, жолдорду көчкүлөрдөн жана кулоолордон коргоо үчүн  түзүлүштөр), жолдорду жайланыштыруу элементтери (жүргүнчүлөр үчүн токтоочу жана отургузуучу аянтчалар жана павильондор),  эс алуу аянтчалар, токтоо үчүн атайын анянтчалар же автомобиль токтоочу жайлар.

жол жабуусу – бул автомобилдердин дөңгөлөктөрүнүн күчүн кабыл алуучу жана атмосфералык факторлордун түздөн түз таасирине кабылуучу жол кийиминин үстүнкү бөлүгү;

жол кийими- бул автотранспорттук каражаттан жүктү кабыл алуучу жана аны топуракка  берүүчү  автомобиль жолунун жүрүүчү бөлүгүнүн чегиндеги көп катмардуу конструкция;

жер полотносу- бул жол кийиминин конструкциялык катмарын жана жолдун башка элементтерин жайгаштырууга арналган курулма. Жер полотносунун туруктуулугун камсыз кылуу менен жергиликтүү же алынып келинген материалдардан жана топурактан курулат. Жер полотносуна ошондой эле алар менен байланышкан суу бургуч курулмалар: кюветтер, арыктар, резервдер, дренаждык жана башка түзүлүштөр кирет;

кыймылдын ыргаалдуулугу- бул убакыт бирдигинде (сутка же бир саат ичинде) жолдун белгилүү кесилиши аркылуу өтүүчү автомобилдердин саны;

автомобиль жолдорун оңдоо- автомобиль жолунун транспорттук-эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүн калыбына келтирүү боюнча иштердин комплекси, аларды аткарууда учурдагы, орто жана капиталдык оңдоолорду өзүнө камтыган, автомобиль жолунун конструктивдик жана башка мүнөздөмөлөрүн козгобойт;

автомобиль жолун капиталдык оңдоо- эскирген конструкцияларды жана тетиктерди алмаштыруу же аларды кыйла бекем жана үнөмдүүлөргө алмаштыруу, анын натыйжасында оңдолуучу объекттердин транспорттук-эксплуатациялык мүнөздөмөлөрү жакшырат, жолдордун техникалык нормативдери жогорулайт, ошол жол үчүн белгиленген тиешелүү категориялардын нормаларынын чегинде жол кийимдеринин жана курулмаларынын бекемдиги көбөйөт;

автомобиль жолдорунун жайкы жана кышкы күтүү деңгээли- жол кыймылынын коопсуздугу боюнча  автомобиль жолдорунун конструктивдик элементтеринин жол берилген абалы, аларды классификациялоо, кыймылдын ургаалдуулугу жана табигый-климаттык факторлорун эске алуу менен белгиленет;

автомобиль  жолун жашылдандыруу – бул кар күрткүлөрүнөн, шамал жана суу эрозияларынан коргоо үчүн керектүү, автомобиль жолун  эстетикалык жасалгалоо үчүн, тилкелерде токой өстүрүү жана чөптөрдү себүү аянттарын түзүү боюнча иштер, ошондой эле жашылдандыруунун элементтерин багуу иштери;

кирүүдөгү контроль (верификациялоо)-бул өндүрүмдүн сапатынын техникалык регламенттердин белгиленген талаптарына ылайык келүүсүн текшерүү жана ылайык келбеген өндүрүмдү өндүрүшкө же эксплуатациялоого коё берүүнүн алдын алуу.

- Жол фонду - бул Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу, күтүү, оңдоо, реконструкциялоо жана техникалык өнүктүрүү үчүн финансылык ресурстардын булагы;

- жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун утурумдук оңдоо жана күтүү боюнча мамлекеттик заказ - бул мамлекеттик ишканалар тарабынан аткарылуучу жумуштар;

- мамлекеттик заказчы - бул Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарба Департаменти аркылуу Кыргыз Республикасынын жол чарбасын башкарууну жүзөгө ашыруучу орган;

- мамлекеттик заказды аткаруучу - бул жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун утурумдук ремонттоо жана күтүү боюнча иштерди аткаруучу мамлекеттик ишканалар.