Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ КУРЧАП ТУРГАН ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО ЖАНА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ
БУЙРУК
2017-жылдын 27-сентябры № 01-9/218
Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин эксперттери тарабынан иштелип чыккан КТЧКТЧМАнын паракорчулук системасын демонтаждоо боюнча иш-аракеттер планын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын токой экосистемаларынын биологиялык туруктуулугун жана өзгөчөлүктөрүн сактап калуу үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик токой фондусу жана жаратылыш парктарынын аймагындагы токойлорду кыюуну жүргүзүүнү жөнгө салууга
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик токой фондусунун жана жаратылыш парктарынын токойлорунда кыюу боюнча эрежеси ушул буйруктун тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Токой экосистемаларын өнүктүрүү департаментине (Э. Шерипов) жана КТЧКТЧМА аймактык башкармалыктарынын башчыларына (Б. Эрмеков, Ж. Батыров, С. Сейитказиев, Б. Кадырбеков, А. Кыдыргычев, Калыбек уулу Б., Т. Өскөмбаев) ар бир ведомство алдындагы бөлүмдөргө жеткирип, ушул эреженин аткарылышын камсыз кылышсын.
3. Кыргыз Республикасынын Токой кызматынын 2003-жылдын 3-мартындагы № 35 "Кыргыз Республикасындагы токойлорду кыюу боюнча жолдомосун бекитүү жөнүндө" буйругу жокко чыгарылсын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын козомолдоо жагы директорд\н орун басары Н. Жумаевке жүктөлсүн.
Директор | А. А. Рустамов |