Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 149 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2018-жылдын 27-февралы № 111

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү өзгөргөндүгүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик башкаруу органдары кайра уюштурулгандыгына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишмердиги жөнүндө жободо:

- 8-пунктунун экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр" деген сөздөр "Комиссияга Кыргыз Республикасынын региондук жана инфраструктуралык өнүктүрүү маселелерин тейлөөчү вице-премьер министри" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

С.Исаков

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын

КУРАМЫ