Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ТРАНСПОРТ ЖАНА ЖОЛ МИНИСТРИЛИГИ
БУРУК
2018-жылдын 04-июлу № 190
«Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлеринин кийимдеринин мекемелик формасы жана айырмалоо белгилери жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 3-декабрындагы №829 «Атайын жана мекемелик форма кийүүнү жөнгө салуу жөнүндөгү» токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын темир жол транспортунун кызматкерлеринин мекемелик форма кийүүсүн жөнгө салуу, тартипти жана жоопкерчиликти жогорулатуу максатында, 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем чыгаруу укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өкүлдөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен:
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
1) 1-тиркемеге ылайык мекемелик формадагы кийим кийүүгө жана аларга тиешелүү айырмачылык белгилерди алып жүрүүгө укуктуу «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлеринин кызматтарынын (кесиптердин) тизмеси;
2) 2-тиркемеге ылайык «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлеринин мекемелик кийимдеринин, айырмалоочу белгилеринин жана фурнитураларынын сүрөттөлүшү;
3) 3-тиркемеге ылайык жүргүнчү поезддерин жана билет кассаларын текшерүүдө жана кызматтык милдеттерин аткарууда жүргүнчүлөрдү тейлеген кызматкерлердин милдеттүү түрдө төш белгилери болгон бейджиктердин формасын жана кызматкерлердин тизмесин тагып жүрүү зарылдыгы;
2. «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасына («Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы):
1) Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү» мыйзамына ылайык мекемелик форма даярдоону камсыздасын;
2) Мекемелик форма даярдоону каржылоо үчүн өздүк бюджеттен акча каражатынын бөлүнүп берилүүсүн камсыздасын;
3. Пенсионерлерге майрам күндөрү пенсияга чыкканга чейинки ээлеп турган кызматына жараша айырмалоочу белгилери бар, мекемелик формаларын кийүүгө уруксат берилсин;
4. Кызматкерлердин айрым категорияларына (эсепчилер, экономисттер, юридикалык кызматкерлер) жүргүнчүлөрдү тейлөө, жүк жөнөтүү жана алуу, поезд кыймылы жана маневр иштери менен түздөн түз катышы болбогон кызматкерлерге жумуш учурунда жарандык кийим кийүүгө, ал эми майрам күндөрү айырмалоочу белгиси бар мекемелик форма кийүүгө уруксат берилсин;
5. Иш убактысында мекемелик кийимди башка кийим менен аралаштырып кийүү, ошондой эле учурдагы буйрукта каралбаган баш кийим, көйнөк, галстук, бут кийим кийүүгө уруксат берилбейт;
6. «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасына кызматкерлерге мекемелик кийимди бекер алууга, же узартып төлөөгө укуктуу кызматкерлердин айрым категориялары аныкталсын;
7. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана байланыш министрлигинин 2003-жылдын 25-февралындагы №40 «Кыргыз темир жолунун кызматкерлеринин мекемелик формасы жөнүндө» буйругу күчүн жоготту деп табылсын;
8. Бул буйрук Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы №117 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» токтомуна ылайык «Эркин-Тоо» гезитинде жарыялансын;
9. Бул буйруктун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жана электрондук түрдө жарыялоо булагын көрсөтүү менен жөнөтүлсүн;
10. Бул буйрук расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып 10 күндөн кийин күчүнө кирет.
11. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын башкы директору А.Ногойбаевге жүктөлсүн.
Министр | Ж.К. Калилов |
| 1-тиркеме . Кыргыз Республикасынын . транспорт жана жолминистрлигинин буйругуна “__”__________2018ж.№___ |
«Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын мекемелик форма кийүүгө жана тиешелүү айырмалоочу белгилерди тагууга укуктуу кызматкерлеринин кызматтарынын (кесиптеринин) тизмеси
Кызматтардын аталышы
|
Жетекчилик курамынын категориясы
|
Айырмалоочу жылдыздардын саны |
1 | 2 | 3 |
«Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын башкы директору | жогорку | 3 |
«Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун биринчи орун басары, «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары, «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын башкы инженери |
жогорку |
2 |
«Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын аппарат жетекчиси |
жогорку |
1 |
Коопсуздук боюнча башкармалыктын башчысы - кыймыл коопсуздугу боюнча башкы текшерүүчү | жогорку | 1 |
Жүк ташуу жана коммерциялык иштер башкармалыгынын башчысы | жогорку | 1 |
Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгынын башчысы | жогорку | 1 |
Көпүрө боюнча отряддын башчысы | жогорку | 1 |
Каржы башкармалыгынын башчысы | жогорку | 1 |
«Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун кеңешчиси | жогорку | 1 |
Ондоп-түзөө - өндүрүш иштери жана суу менен камсыздоо башкармалыгынын башчысы | улук | 3 |
Магистралдык темир жолдорду долбоорлоо жана куруу башкармалыгынын директору | улук | 3 |
Экономика, стратегиялык өнүгүү жана тарифтик саясат боюнча башкармалыктын башчысы | улук | 3 |
Техникалык саясат башкармалыгынын башчысы | улук | 3 |
Кыймыл коопсуздугу боюнча башкармалыктын башчысынын орун басары, кыймыл коопсуздугу боюнча текшерүүчү | улук | 3 |
Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгынын башчысынын орун басары | улук | 3 |
Жүк ташуу жана коммерциялык иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары | улук | 3 |
«Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун жардамчысы | улук | 3 |
Филиалдардын башчылары | улук | 3 |
Көпүрө боюнча отряддын башкы инженери, көпүрө боюнча отряддын башчысынын орун басары, көпүрө боюнча отряддын башкы эсепчиси | улук | 3 |
Каржы башкармалыгынын жетекчисинин биринчи орун басары, каржы башкармалыгынын башчысынын орун басары, өздүк чарбанын башкы эсепчиси | улук | 3 |
Бөлүм башчысы - өрт көзөмөлү боюнча башкы тескөөчү | улук | 3 |
Ташуу документтерин карап чыгуу боюнча технологиялык борбордун башчысы | улук | 3 |
«Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын юридикалык бөлүмүнүн башчысы | улук | 3 |
ЖК жана атайын иш боюнча бөлүмүнүн 1-кат. инженери, ЖК жана атайын иш боюнча бөлүмүнүн жетектөөчү адиси |
улук |
3 |
Киреше жана чыгашаны текшерүү жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы | улук | 3 |
Техникалык саясат башкармалыгынын башчысы | улук | 3 |
Экономика, стратегиялык өнүгүү жана тарифтик саясат боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары | улук | 3 |
Ондоп-түзөө - өндүрүш иштери жана суу менен камсыздоо башкармалыгынын башчысынын орун басары | улук | 2 |
«Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын басма сөз катчысы | улук | 2 |
Филиалдардын башкы инженери | улук | 2 |
Филиалдардын башчысынын орун басары, НО коопсуздугу боюнча башчысынын орун басары | улук | 2 |
Филиалдардын башкы эсепчиси | улук | 2 |
Материалдык - техникалык камсыздоо филиалынын мамлекеттик сатып алуулар боюнча бөлүмүнүн башчысы | улук | 2 |
Магистралдык темир жолдорду долбоорлоо жана куруу башкармалыгынын директорунун орун басары | улук | 2 |
Жүк ташуу жана коммерциялык иштер бөлүмүнүн башчысы, транспорттук-экспедитордук кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн башчысы, кыймыл текшерүүчүсү, жүк ташуу жана коммерциялык иштер башкармалыгынын техникалык бөлүмүнүн башчысы | улук | 2 |
1-класстагы темир жол бекетинин башчысы | улук | 2 |
Техникалык саясат башкармалыгынын жетектөөчү адиси | улук | 2 |
Жүргүнчүлөрдү ташууну текшерүү боюнча жетектөөчү адис | улук | 2 |
Сыноо борборунун башчысы | улук | 2 |
Өрт көзөмөлү боюнча ага тескөөчү | улук | 2 |
Тарифтик саясат бөлүмүнүн башчысы | улук | 2 |
«Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын юридикалык бөлүмүнүн башчысынын орун басары | улук | 2 |
Ондоп-түзөө - өндүрүш иштери жана суу менен камсыздоо башкармалыгынын башкы адиси | улук | 1 |
Энергетикалык көзөмөл тескөөчүсү, РЭТ, ӨУБ, РТЦБнүн башчылары | улук | 1 |
Филиалдардын башкы механиги | улук | 1 |
Филиалдардын техникалык бөлүмүнүн башчылары | улук | 1 |
Локомотивдерди алмаштыруу кампасынын башчысы, ыкчам - техникалык эсепке алуу борборунун башчысы, химиялык лабораториянын башчысы | улук | 1 |
Бөлүмчө башчысы, заводдун директору, башкы энергетик, ТТПнун башчысы | улук | 1 |
Тамактанууну уюштуруу бөлүмүнүн башчысы | улук | 1 |
Киреше бөлүмүнүн башчысы, өз ара эсептешүү бөлүмүнүн башчысы, эмгек акы төлөө бөлүмүнүн башчысы | улук | 1 |
Жүк ташуу жана коммерциялык иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, транспорттук-экспедитордук кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары, поезддин ага диспетчери, 2-3-класстагы темир жол бекетинин башчысы, 1-класстагы темир жол бекетинин башчысынын орун басары, Луговая темир жол бекетинин КТПнун бригадири |
улук |
1 |
Дирекциянын магистралдык темир жолдорду долбоорлоо жана куруу долбоорун ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы | улук | 1 |
ЖБ башчысы | улук | 1 |
Тоскоолдуксуз көзөмөлдөө лабораториясынын башчысы, сыноо лабораториясынын башчысы, вагондорду кабылдоочу, локомотивдерди кабылдоочу, калыбына келтирүүчү поезддин башчысы, өрт коопсуздугу поездинин башчысы, |
улук | 1 |
Текшерүүчү-инструктор, кыймылдуу составдын эсепке алуу жана статистика бөлүмүнүн башчысы | улук | 1 |
Кадр бөлүмүнүн жетектөөчү адиси | улук | 1 |
Жалпы бөлүмдүн башчысы | улук | 1 |
«Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын 1-категориядагы юристи | улук | 1 |
Кадр башчысынын жардамчысы, экономист, коопсуздук техникасы боюнча инженер | орто | 3 |
ТТПнын инженери, ага энергетикалык диспетчер, ага эл. механик | орто | 3 |
Ага мастер, кампа кезекчиси, машинист-инструктор, инженер-технолог, эмгекти ченемдөө жана уюштуруу боюнча инженер | орто | 3 |
1-категориядагы инженер-технолог, жасалма курулуш инженери, учурдагы жасалма курулушту тейлөө мастери, таш карьеринин башчысы | орто | 3 |
Өндүрүштүк окутуу боюнча инструктор, камсыздоо инженери, ага энергетик, ага механик, өндүрүш участкасынын башчысы | орто | 3 |
Техникалык текшерүү инструктору, ага нарядчы, инструктор, ага мастер, күзөт кызматынын ага инструктору, жергиликтүү жана шаар четиндеги поезддердин бригадири | орто | 3 |
НОнун ага инструктору, куралдануу боюнча инструктор, инструктор-нарколог | орто | 3 |
РПО, Вод, АЧБ бөлүмдөрүнүн башчысы | орто | 3 |
Темир жол бекеттеринин иштери боюнча жетектөөчү адис; коммерциялык ага текшерүүчү; Днын 1-кат. инженери; Днын жетектөөчү адиси; Днын жетектөөчү инженери; акт жана даттануулар боюнча инспектор; тарифтер боюнча жетектөөчү адис; бекет башчысы; жүк райондорунун тейлөөчүсү; Днын 1-кат.инженери; эмгекти ченемдөө жана уюштуруу боюнча инженер; темир жол транспортун пайдалануу боюнча инженер; ташуу документтерин жана поезд маалыматын иштеп чыгуу боюнча технологиялык борбордун башчысы; товар конторасынын башчысы; маневр диспетчери; 4-5 класстагы темир жол бекетинин башчысы |
орто |
3 |
Магистралдык темир жолдорду долбоорлоо жана куруу дирекциясынын жетектөөчү адиси | орто | 3 |
Билет группасынын башчысы; Лнын жетектөөчү адиси; жалпы бөлүмдүн башкы адиси; кыргыз тили боюнча жетектөөчү адис | орто | 3 |
Механик-диспетчер ММ | орто | 3 |
Каражаттарды текшерүү боюнча адис | орто | 3 |
ТБ сапаты боюнча инженер; калыбына келтирүүчү поезддин ага мастери; өрт коопсуздугу поездинин жетекчиси | орто | 3 |
Кадр бөлүмүнүн жетектөөчү адиси; кадр бөлүмүнүн ага тескөөчүсү; архив башчысы; эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башкы адиси; көзөмөл жана текшерүү бөлүмүнүн башкы адиси; стратегиялык өнүгүү жана экономика башкармалыгынын негизги жана жетектөөчү адиси | орто | 3 |
Филиалдардын 1-кат.юристи | орто | 3 |
1-класстагы темир жол бекетинин кезекчиси | орто | 3 |
МОнун прорабы; МОнун механиги | орто | 2 |
Локомотив чарбасы боюнча филиалдын мастери; техникалык текшерүү пунктунун мастери; запас базасынын машинисти; тепловоздун машинисти | орто | 2 |
Питомниктин башчысы, бөлүм башчысы | орто | 2 |
Темир жолун эксплуатациялоо боюнча инженер, 3-кат. инженер-технолог, кадрларды даярдоо инженери, жол мастери, механизм жана жол машиналарын оңдоо боюнча эксплуатациялоо мастери, кыйроого каршы колоннанын мастери |
орто |
2 |
МТК МСАБ 1-кат.инженери | орто | 2 |
Жүргүнчү поездинин башчысы | орто | 2 |
Ондоп-түзөө - өндүрүш иштери жана суу менен камсыздоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси; ондоп-түзөө - өндүрүш иштери жана суу менен камсыздоо башкармалыгынын жетектөөчү инженери; ондоп-түзөө-өндүрүш иштери жана суу менен камсыздоо башкармалыгынын мастери; мастер; «Локомотив» СОКтун директору | орто | 2 |
2-3 класстагы темир жол бекетинин кезекчиси | орто | 2 |
Контролдук өлчөөчү приборлорунун оператору; поезддин калыбына келтирүү мастери | орто | 2 |
Эл аралык кызматташтык боюнча бөлүмүнүн адиси; текшерүүлөрдүн жетектөөчү адиси | орто | 2 |
ББББ электромеханиги; байланыш жана электр менен камсыздоо | орто | 2 |
Электр жабдууларын оңдоо боюнча мастер | орто | 2 |
Өндүрүш участкасынын мастери; нарядчик; инженер-маркшейдер; МСАБ 2-кат.инженери; шаар четиндеги жана жергиликтүү каттам боюнча ага проводник(узатуучу); ондоп-түзөө-өндүрүш иштери жана суу менен камсыздоо башкармалыгынын инженери | орто | 1 |
4-5 кластагы темир жол бекетинин кезекчиси; техник; инженер – технолог; бекет кезекчиси | орто | 1 |
МО механиги | орто | 1 |
Мал доктур, НО бөлүмүнүн башчысынын орун басары | орто | 1 |
Машинисттин жардамчысы; жол унаасынын жана темир жол кранынын айдоочусу; дрезина айдоочусу; поезд электромеханиги; парк кезекчиси; ЖТФнын күзөт кызматынын кызматкери; узак каттамдагы жүргүнчү вагондорунун проводниги; жергиликтүү жана шаар четиндеги каттам боюнча проводник; жабдылбаган вагон боюнча проводник; ТЖБК астындагы оператор; оператор маалыматчы; ТЖБТБнын ташуу документтерин и ,штетүү оператору; башкы кабыл алуучу; башкы тавар кассири; 1-кат. товар кассири; жүктөрдү жакындатуу жана алып келүү боюнча маалымат бюросунун оператору; оператор-телеграф; почта кабыл алуучу; вагондорду өткөрүп берүүнү кабыл алуу агенти; башкы оператор; оператор телетайпист; справка берүү боюнча кезекчи; 1-кат.билет кассири; вагондордун кыймылын жөнгө салуучу; поезддерди түзүүчү; ага күзөтчү; башкы кинолог; инкассациянын ага күзөтчүсү | Төмөнкү |
|
Эсепчи; башкы кассир; ЭВМ оператору; катчы - машинистка, башкы кладовщик, ТТБ оператору; БББК монтеру; электр энергиясы жана байланыш; ЖКИ жана жол обходчиги; ташуу боюнча кезекчи; сактоо камерасынын кызматчысы; 2-кат.билет кассири; 2-кат.товар кассири; вагон кыймылынын ылдамдыгын жөнгө салуучу; күзөт постунун кезекчиси; поезд түзүүчүнүн жардамчысы; өрт коопсуздугунун жабдууларын жөндөө мастери; өрт коопсуздугу поездинин кызматкери; документтерди карап чыгуу боюнча оператор; күзөтчү-айдоочу; НО айдоочусу; кызматчы иттерди багуунун жетекчиси; айдоочу-инкассатор; күзөтчү-инкассатор |
катардагы |
|
Түштүк бөлүм | ||
Темир жол бөлүмүнүн башчысы | жогорку | 1 |
Темир жол бөлүмүнүн башчысынын биринчи орун басары, темир жол бөлүмүнүн башчысынын орун басары | жогорку | 1 |
Темир жол бөлүмүнүн башкы инженери | улук | 3 |
Жол бөлүмүнүн башкы тескөөчүсү - темир жол бөлүмүнүн поезд кыймылынын коопсуздугу боюнча бөлүмүнүн башчысынын орун басары | улук | 3 |
Темир жол бөлүмүнүн башкы эсепчиси | улук | 3 |
Темир жол бөлүмүнүн поезд кыймылынын коопсуздугу боюнча бөлүмүнүн текшерүүчүсү | улук | 2 |
Башчылар: | ||
Жол чарбасынын аралыктарынын | улук | 2 |
ББББ жана байланыш - электр менен камсыздоо | улук | 2 |
ТТП - вагон чарбасынын | улук | 2 |
Локомотивди алмаштыруу кампасынын | улук | 2 |
Жол чарбасынын башкы инженери | улук | 1 |
Коммерция - жүк иштеринин | улук | 1 |
Маалымат-эсептөө борборунун | улук | 1 |
Кадр бөлүмү | улук | 1 |
ТБАК | улук | 1 |
Жүктөө - түшүрүү иштеринин механикалаштырылган пункту | улук | 1 |
Материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы | улук | 1 |
Поезддин ага диспетчери | улук | 1 |
1-кат. юрист | улук | 1 |
3-класстагы темир жол бекетинин башчысы | улук | 1 |
Каржы текшерүүчүсү | улук | 1 |
Коммерция - жүк иштери боюнча текшерүүчү | улук | 1 |
Өрт коопсуздугу боюнча ага инспектор | улук | 1 |
КТнын жетектөөчү адиси | орто | 3 |
3-класстагы темир жол бекетинин башчысынын орун басары | орто | 3 |
4-класстагы темир жол бекетинин башчысы | орто | 3 |
1-кат.техникалык бөлүмдүн инженери | орто | 3 |
Эсеп бөлүмүнүн ага оператору | орто | 3 |
Жолдордун курулуш жана ремонту боюнча мастер | орто | 2 |
Кадр тескөөчүсү | орто | 3 |
МТКнын башкы адиси | орто | 3 |
Жол чарбасынын инженери | орто | 3 |
Документтерди иштеп чыгуу боюнча технологиялык борбордун 1-кат.эсепчиси | орто | 3 |
Жол боюнча ага мастер | орто | 3 |
ОШ темир жол бекетинин МЧУнун башчысынын орун басары | орто | 3 |
Машинист-инструктор | орто | 3 |
Чоң жолго кошулуучу жол тармактары боюнча тескөөчү | орто | 3 |
Локомотивдик кампанын мастери | орто | 2 |
4-класстагы темир жол бекетинин башчысынын орун басары | орто | 2 |
Вагон участкасынын мастери | орто | 2 |
Поезд диспетчери | орто | 2 |
ТБАКнүн куралдануу боюнча мастери | орто | 2 |
3-4-класстагы темир жол бекетинин кезекчиси | орто | 2 |
Локомотивдик кампанын кезекчиси | орто | 2 |
Жол мастерлери, жол чарбасы | орто | 2 |
ББББ жана байланыш - электр менен камсыздоо боюнча ага электромеханик | орто | 2 |
Жүктөө - түшүрүү иштеринин участкасынын оператору | орто | 2 |
1-2 класстагы локомотив машинисти | орто | 2 |
МЭБнун жетектөөчү адиси | орто | 2 |
МЭБнун инженер электронщиги | орто | 2 |
Вагондун башкы текшергичи | орто | 2 |
ТБАКнүн кайтаруучуларынын башчысы | орто | 2 |
3-4 класстагы парктын кезекчиси | орто | 1 |
МЧУнун бошотулган бригадири | орто | 1 |
Учурдагы жолдорду тейлөө жана оңдоо жана жасалма курулуш боюнча бошотулган бригадир | орто | 1 |
3-класстагы локомотивдин бригадири | орто | 1 |
Ош темир жол бекетинин МЧУнун бошотулган бригадири | орто | 1 |
ТБАКнүн башкы күзөтчүсү | төмөнкү |
|
Электр менен камсыздоо, байланыш жана СББнын электромеханиги | төмөнкү |
|
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигин 2025-жылдын 6-февралындагы № 39 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ТРАНСПОРТ ЖАНА ЖОЛ МИНИСТРИЛИГИ