Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Финансы министрлигинин
2023-жылдын 15-августундагы № 3-Б
буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2018-жылдын “06”августу №3ДП буйругу менен бекитилди |
Мамлекеттик сектордо ички аудиторду сертификациялоо жөнүндө Жобо
Жалпы жоболор
Мамлекеттик сектордо ички аудиторду сертификациялоо жөнүндө ушул Жобо (мындан ары - Жобо) мамлекеттик сектордо ички аудиторду сертификациялоо тартибин жөнгө салат.
Бул Жободо төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
апелляциялык комиссия - квалификациялык экзамендин жыйынтыктарын апелляциялоо жөнүндө талапкердин (талапкерлердин) арызын (арыздарын) кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин (мындан ары - Финансы министрлиги) буйругу менен түзүлгөн комиссия;
квалификациялык экзамен - ички аудитордун квалификациялык сертификатын алуу укугуна талапкерлердин билим деңгээлин баалоо үчүн өткөрүлгɵн экзамен;
талапкер - квалификациялык экзаменге катышууну каалаган жана ички аудитордун сертификатын алуу укугуна талапкер Кыргыз Республикасынын жараны;
квалификациялык экзамендин программасы - ички аудитордун сертификатын алууга талапкерлердин билим деңгээлин ырастоо үчүн талап кылынган темаларынын бөлүмдөргө топтоштурулган жыйындысы;
сертификациялоо - талапкерлерди даярдоо, ички аудитордун квалификациялык сертификатын алуу укугуна талапкерлердин билим деңгээлин баалоо жана ички аудиторлордун квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатуу процесси;
ички аудитордун квалификациялык сертификаты - Финансы министрлиги тарабынан берилген, ички аудитти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон, ички аудитордун билим деңгээлин бышыктоочу документ;
экзамендик комиссия - талапкерлерди квалификациялык экзаменден өткөрүү үчүн Финансы министрлигинин буйругу менен түзүлгөн комиссия.
Талапкерлерди даярдоону уюштуруу
Талапкерлердин квалификациялык экзаменден өтүүсү үчүн, Финансы министрлиги квалификациялык экзамендин программасы (мындан ары - Программа) боюнча алар окууну өтүүсүн уюштурат.
Программа 100 академиялык саат көлөмүндөгү окутуу курсун камтыйт, ал Финансы министрлиги тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет. Программа ички аудит, ички контролдоо, бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук, бюджеттик процесс, мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы ченемдик укуктук актылардын өзгөрүүлөрүнө ылайык кайра каралат.
Программа төмөнкү элементтерди камтыйт: