Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигин 2025-жылдын 16-июлундагы
№ 206 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын
Эмгек жана социалдык
өнүгүү министрлигинин
2019 ж.“28-” ноябры
№ 145 буйругуна 9-тиркеме
Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул берүү тартиби жөнүндө
УСУЛДУК КӨРСӨТМӨЛӨР
1-бөлүм. Жалпы жоболор
Ушул “Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул берүү тартиби жөнүндө” Усулдук көрсөтмөлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн:
- 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө”;
- 2018-жылдын 22-сентябрындагы № 434 “Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” (мындан ары – Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобо) токтомдорун ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
2. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул (мындан ары – расымдык жөлөкпул) Кыргыз Республикасынын “Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-сентябрындагы “Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” № 434-токтому менен бекитилген Расымдык жөлөкпулду берүү тартиби жөнүндө жобого жана ушул Усулдук көрсөтмөлөргө ылайык берилет.
3. Усулдук көрсөтмөлөр аймактык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарына (мындан ары – ЭСӨБ) жана менчигинин формасына карабастан ишканаларда, уюмдарда жана мекемелерде иште колдонуу үчүн практикалык колдонмо болуп эсептелет.
4. Расымдык жөлөкпулду дайындоо үчүн негиз болуп Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын каттоо органдары тарабынан берилген каза болгондугу жөнүндө маалымкат (№ 8-форма) эсептелет.
Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде каза болгон учурда Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жердеги Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери өлүмдү мамлекеттик каттоо жүргүзөт жана өлгөндүгү тууралу күбөлүк берет.