Загрузка документа…
КР Энергетика министрлигинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 205 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин 2021-жылдын 28-январындагы № 4 буйругуна тиркеме |
Ишканаларды (мекемелерди) электр энергиясын ири керектөөчүлөрдүн, электр энергиясын керектөөчү-алып кайра сатуучулардын жана бөлүштүрүүчү ишканалардын (электр энергиясын бөлүштүрүүчү ишканалардын) тизмегине киргизүүнүн ТАРТИБИ
1-бап. Терминдер жана аныктамалар
1. Бул Тартипте Кыргыз Республикасынын "Электр энергетикасы жөнүндө" Мыйзамында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 576 токтому менен бекитилген "Электр энергиясын пайдалануу эрежелеринде" жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ОЭКти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин 2020-жылдын 21-июлу № 2 буйругу менен бекитилген "Электр жана жылуулук энергияларына тарифтерди колдонуу боюнча нускамада" каралган терминдер жана аныктамалар колдонулат.
2-бап. Жалпы жоболор
2. Бул Тартип электр энергиясын электр энергиясын керектөөчү-алып кайра сатуучулардын жана бөлүштүрүүчү ишканалардын тизмегине киргизүү үчүн электр энергетикасынын тармагындагы ишмердүүлүктүн тиешелүү түрүнө лицензиясы бар юридикалык жана жеке жактарга көрсөтүлгөн талаптарды аныктайт.
3. Мамлекеттик жөнгө салууну жана контролду ишке ашыруу үчүн ОЭКти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын директорунун буйругу менен бекитилген электр энергиясын ири керектөөчүлөрдүн, электр энергиясын керектөөчү-алып кайра сатуучулардын жана бөлүштүрүүчү ишканалардын тизмеги (реестри) түзүлөт жана жүргүзүлөт.
4. Ишканаларды (мекемелерди) электр энергиясын ири керектөөчүлөрдүн, электр энергиясын керектөөчү-алып кайра сатуучулардын жана бөлүштүрүүчү ишканалардын тизмегине киргизүү үчүн юридикалык же жеке жактар тарабынан отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - ОЭК жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) арыз берилет. Арызга ушул Тартиптин Тиркемесинде көрсөтүлгөн документтер жана маалыматтар тиркелет.
5. Арыз машинкага басылган текстте төмөндөгүлөр көрсөтүлүү менен жазуу жүзүндө берилет:
- арыз берилип жаткан ОЭКти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын аталышы;
- арыз берүүчүнүн аты-жөнү, анын жашаган жери же эгерде арыз берүүчү юридикалык жак болуп эсептелсе анын аталышы жана жайгашкан жери, ошондой эле эгерде арыз өкүл аркылуу берилсе өкүлдүн аталышы жана анын дареги;
- арыз берүүчү өзүнүн өтүнүчүн негиздеген ушул Тартиптин 3, 4 жана 5-баптарында белгиленген талаптарга жооп берген жагдайлар жана ушул жагдайларды тастыктаган ушул Тартиптин тиркемесиндеги көрсөтүлгөн документтер;
- тиешелүү тизмекке өзүн киргизүү тууралуу арыз ээсинин өтүнүчү.
6. Арыз келип түшкөндөн, документтер жана маалыматтар берилгенден кийин ОЭКти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан беш күндүн ичинде арызды кароого кабыл алуу жөнүндө маселе каралат:
1) эгерде арыз ушул Тартиптин 5-пунктунун талаптарына ылайык келбеген учурда, ошондой эле Тиркемеде көрсөтүлгөн документтердин тизмеги толук эмес тиркелсе же документтер тиркелбесе, ОЭКти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арызды беш күндүн ичинде кайтарып берет. Арызды кайтаруу аны кайтаруу үчүн негиз болгон жагдай-шарттарды четтеткенден кийин жалпы тартиптеги ушундай эле өтүнүч менен кайрадан кайрылууга тоскоолдук кылбайт;