Сравнение редакций…
Кыргыз Республикасынын
Транспорт жана коммуникациялар
министрлигинин
буйругуна
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелери – 14
1-бөлүк "Аэродромдор".
Глава 1. Аэродромдорго болгон жалпы талаптар
§1. Терминдер жана аныктамалар
Бул Эрежелер эл аралык ИКАО жарандык авиация уюмунун стандарттарына жана сунуш кылынган тажрыйбаларына ылайык иштелип чыккан, Annex14 2018-жылдын июль айы
1. Ушул Эрежелерде төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
УКТга санкциясыз чыгуу жөнүндө эскертүүнүн автономдук тутуму (ARIWS). УКТга потенциалдуу санкциясыз чыгууну же иштеп жаткан УКТны ээлөө учурларын автономдук аныктоону жана учуу экипажына же транспорт каражатынын айдоочусуна түздөн-түз эскертүүлөрдү берүүнү камсыздоочу автономдук тутум.
Адам факторунун аспекттери. Авиациядагы долбоорлоо, сертификациялоо, кадрларды даярдооо процесстерине, эксплуатациялоо иштерине жана техникалык тейлөөгө карата колдонулуучу жана адамдардын мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен адамдардын жана системанын башка компоненттеринин коопсуз өз ара аракетин камсыз кылууга багытталган принциптер.
Аэродром. Аба кемелеринин ошолордун үстү боюнча толук же жарым-жартылай конуусуна, учушуна жана жүрүшүнө багышталган жер же суу үстүндөгү (кандай гана имараттар, курулмалар жана жабдуулар болбосун кошуп алганда) белгилүү бир участок.
Аэродромдук маяк. Аэродромдун жайгашкан жерин абадан аныктоо үчүн колдонулган аэронавигациялык маяк.
Аэронавигациялык маяк. Ар багыттан көрүнүп турган жана жер бетиндеги белгилүү бир чекитти көрсөтүү үчүн кызмат кылган туруктуу же жаркырап турган жер үстүндөгү аэронавигациялык жарык.
Негиз. Башка чоңдуктар үчүн баштапкы чекит же эсептөө негизи катары кызмат кыла турган кандайдыр бир чоңдук же чоңдуктар тутуму.
Капталдагы коопсуздук тилкеси. Жасалма жабуунун четине жанаша жайгашкан жана жасалма жабуудан анын жанаша бетине өтүүнү камсыздай тургандай даярдалган аймак.
Вертодром. Аэродром же ушул бетке тик учактардын келишине, учушуна жана кыймылына толугу менен же жарым-жартылай арналган, курулманын үстүңкү бетинин көрсөтүлгөн аймагы.
Учууга арналган УКТ. Учууга гана арналган УКТ.
Учуу-конуу тилкеси. Аба кемелеринин учу-конуусу үчүн даярдалган кургактагы аэродромдун белгилүү бир тик бурчтуу аймагы.
Адамдын мүмкүнчүлүктөрү. Авиациялык иштин коопсуздугуна жана натыйжалуулугуна таасир берүүчү адамдын мүмкүнчүлүктөрү жана анын чектери.
Геоид толкуну. Математикалык жактан аныкталган референц-эллипсоиддин бети менен геоиддин бетинин ортосундагы аралык (оң мааниси же терс мааниси).
Дүйнөлүк геодезиялык тутумда аныкталган эллипсоид үчүн - 1984 (WGS-84), WGS-84 эллипсоидине жана геоиддин ортометриялык бийиктигине карата бийиктиктин айырмасы геоид толкуну болуп саналат.
Конууга так кирүү үчүн жабдылган УКТ, жабдылган учуп-конуу тилкесин караңыз.
Коргоо аракетинин убактысы. Тоңууга каршы суюктуктун жардамы менен аба кемесинин корголгон (тазаланган) беттеринде муздун жана муз катмарынын пайда болушун, ошондой эле кардын топтолушун алдын алуу аткарылуучу эсептелген убакыт.
Которуу убактысы (жарык). Берилген багытта өлчөнгөн чыныгы жарыктын интенсивдүүлүгүн, жарык 25% же андан жогору интенсивдүүлүк маанилеринде турган учурда, электр менен камсыздоо булактарын которууда 50%дан төмөн түшкөндөн кийин 50% маанисине чейин калыбына келтирүү үчүн талап кылынган убакыт.
Эллипсоидге карата бийиктик (геодезиялык бийиктик). Каралып жаткан чекит аркылуу жүргүзүлгөн эллипсоидге нормальды бойлой ченелген, референц-эллипсоиддин бетине карата бийиктик.
Геоид. Жердин тартылуу талаасындагы козголбогон орто деңиз деңгээлине (MSL) жана анын материктердин астында уланышы менен дал келген эквипотенциалдуу бет.
Геоид жергиликтүү гравитациялык козголуулардан (шамалдын кескин көтөрүлүшүнөн, туздуулуктан, агымдардан ж. б.) улам бир калыпта эмес формада болот жана тартылуу күчүнүн багыты геоид бетине карай каалаган чекиттеги перпендикулярды элестетет.
Башкы УКТ(лар). Мүмкүн болгон шарттарда, башкаларга салыштырмалуу, колдонуу артыкчылыктуу болгон УКТ.
Григориан календары. Жалпы кабыл алынган календарь; юлиан календарына салыштырмалуу, тропикалык жылга тагыраак дал келип, 1582-жылы алгачкы жолу жылды аныктоо үчүн киргизилген.
Григориан календарында 365 күндөн турган туруктуу жылдар жана 366 күндөн турган толук жылдар катары менен 12 айга бөлүнөт.
УКТдагы көрүнүүнүн алыстыгы (RVR). Анын чегинде УКТнын октук сызыгында турган аба кемесинин учкучу УКТнын үстүндөгү белгилерди же УКТны чектеген же анын октук сызыгын белгилеген белгилерди көргөн аралык.
Көз каранды параллелдик конууга кирүүлөр. Чектеш УКТлардын октук сызыктарынын уландысында турган аба кемелеринин радиолокациялык эшелондоо минимумдары белгиленген учурда, параллелдүү же параллелге жакын жабдылган УКТларына бир эле мезгилде конууга кирүү.
Тосмо жарык маягы. Аэронавигация үчүн коркунуч туудурган тоскоолдуктарды белгилөө үчүн жасалган аэронавигациялык маяк.
Корголгон учуу зоналары. Лазердик нурлануунун кооптуу таасирин азайтуу максатында конкреттүү түрдө орнотулган аба мейкиндиги.
Корголгон учуу зоналары. Лазердик нурлануунун кооптуу таасирин азайтуу максатында конкреттүү түрдө орнотулган аба мейкиндиги.
Белги
1) Туруктуу маалыматы бар белги. Бир гана билдирүүнү берүүчү белги.
2) Өзгөрмө маалыматы бар белги. Алдын ала белгиленген бир нече билдирүүлөрдү берүү же, зарыл болгон учурда, маалымат берүүнү токтотуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоочу белги.
Адаттагы учуу зонасы (NFZ). LFFZ, LCFZ же LSFZ деп аныкталбаган, бирок көзгө биологиялык зыян келтирүүчү лазердик нурлануудан корголгон аба мейкиндиги.
Лазердик нурлардын таасири жагынан критикалык учуу зонасы (LCFZ). Аэродромдун жанында, бирок LFFZдин сыртында жайгашкан аба мейкиндиги, ал жерде нурлануу көздү уялтуу таасиринин мүмкүндүгү аз болгон деңгээлде чектелет.
Лазер нурларынын таасиринен эркин учуу зонасы (LFFZ). Нурлануу визуалдык кабыл алууну бузуу мүмкүндүгү аз болгон деңгээл менен чектелген, аэродромго жакын жердеги аба мейкиндиги.
Лазердик нурларга сезгич учуу зонасы (LSFZ). LFFZ жана LCFZ чегинен тышкары жана ага жанаша болуусу милдеттүү эмес аба мейкиндиги, анда нурлануу жарыктан көз уялуу же ырааттуу образ эффектинин божомолунун аз деңгээли менен чектелет.
Жерге конуу зонасы. Конуп жаткан аба кемелеринин УКТга алгач жанышуусуна арналган УКТнын босогосунан тышкары жайгашкан аймак.
Тоңууга каршы коргоо зонасы. Аба кемесинин үстү муз катмарынан, муздан же кардан (тоңуудан тазалоо) тазаланган жана/же аба кемесинин таза беттерин чектелген убакыт мезгилине муз катмарынын же муздун пайда болуусунан жана кардын же ылайдын чогулуусунан (тоңуунун алдын алуу чаралары көрүлгөн) корголгон зона.
Тоскоолдуктар жок аймак (ОFZ). Конууга кирүүнүн ички бетинин, ички өткөөл беттеринин жана үзгүлтүккө учураган конууда экинчи айланууга кетүү бетинин жана бул беттер менен чектелген, массасы боюнча жеңил жана аэронавигация максаттары үчүн зарыл болгон морт негиздеги тоскоолдуктардан тышкары эч кандай кыймылсыз тоскоолдугу жок, учуу тилкесинин бир бөлүгүнүн үстүндөгү аба мейкиндиги.
Календарь. Дискреттик убакыт эсептөө системасы, бир күндүк өлчөм жөндөмү менен убакыт учурун аныктоонун негизин камсыздайт.
Аэродромдун картографиялык берилмелер базасы (AMDB) Түзүлүштүү берилмелердин жыйындысы түрүндө систематизацияланган жана көрсөтүлгөн аэродромдун картографиялык берилмелеринин тандалмасы.
Аэродромдун картографиялык берилмелери (AMD). Авиацияда колдонуу үчүн, аэродромдук картографиялык маалыматты түзүү максатында чогултулган берилмелер.
Аэродромдун картографиялык берилмелерин чогултуу максаты өзүнө эксплуатанттардын жагдай боюнча маалымдалышын жакшыртууну, жер үстүндөгү навигацияны камсыздоону, окутууну, карта түзүүнү жана пландоону камтыйт.
Берилмелердин сапаты. Берилген берилмелер тактыгы, чечилиши, бүтүндүгү (же эквиваленттүү кепилдиктин деңгээли), байкалаарлыгы, өз убагында болушу, толуктугу жана форматы боюнча берилмелерди эксплуатанттын талаптарына жооп берүү божомолунун деңгээли же даражасы.
Аба кемесинин классификациялык саны (ACN). Аба кемесинин негиздин стандарттуу бекемдигинин аныкталган категориясы үчүн жасалма жабууга болгон салыштырмалуу таасирин билдирүүчү сан.
Аба кемесинин классификациялык саны кескин шассиге кескин күч келген мындай борборлоп далдоо үчүн эсептелет. AСN’ди эсептөө үчүн перрондогу (токтоочу жайдагы) болушунча толук массага ылайык келген арткы борборлоп далдоонун жеткен чеги колдонулат. Алдыңкы борборлоп далдоонун жеткен чеги өзгөчө учурларда алдыңкы шассиге салыштырмалуу кескин күч келтирет.
Жабуунун классификациялык саны (РСN). Чектөөсүз эксплуатациялоо үчүн жасалма жабуунун көтөргүч жөндөмүн билдирген сан.
Бүтүндүк классификациясы (аэронавигациялык берилмелер). Бурмаланган берилмелерди колдонуунун потенциалдуу тобокелине негизделген классификация. Аэронавигациялык берилмелердин төмөнкү классификациясы колдонулат:
1) кадимки берилмелер: бурмаланган кадимки берилмелерди колдонууда коопсуз учууну улантуу жана аба кемесин кондуруу чоӊ тобокел жана катастрофанын келип чыгуу мүмкүндүгү менен байланыштуу болушунун абдан кичинекей божомолу бар;
2) маанилүү берилмелер: бурмаланган маанилүү берилмелерди колдонууда коопсуз учууну улантуу жана аба кемесин кондуруу чоӊ тобокел жана катастрофанын келип чыгуу мүмкүндүгү менен байланыштуу болушунун кичинекей божомолу бар;
3) кескин берилмелер: бурмаланган кескин берилмелерди колдонууда коопсуз учууну улантуу жана аба кемесин кондуруу чоӊ тобокел жана катастрофанын келип чыгуу мүмкүндүгү менен байланыштуу болушунун чоӊ божомолу бар.
Аэродромдун көзөмөлдүк чекити. Аэродромдун географиялык жайгашкан жерин аныктоочу чекит.
Циклдүү ашыкча кодду колдонуу менен көзөмөлдөө (CRC). Берилмелерди жоготуудан же өзгөртүүдөн коргоонун белгилүү бир деңгээлин камсыздоочу берилмелердин сандык туюнтмасына карата колдонулган математикалык алгоритм.
УКТнын коопсуздугунун аяккы зонасы. УКТнын октук сызыгынын уландысынын эки тарабына симметриялуу жайгашкан жана тилкенин аягына кошулган зона, ал бардыгынан мурда, аба кемеси УКТга жетпей конгон же УКТнын чегинен чыгып кеткен учурда, ага зыян келтирүү тобокелдигин азайтууга арналган.
Токтотуунун аяккы тилкеси. Үзгүлтүккө учураган учуу болгон учурда аба кемесин токтотуу үчүн жарактуу аймак катары даярдалган, күүлөнүү узундугунун аягындагы белгилүү бир жер бетиндеги тик бурчтуу аймак.
Колдонуу коэффициенти. Пайыздык көрсөткүчтө белгиленген убакыт аралыгы, анда шамалдын капталдагы түзүүчүсү менен байланыштуу, УКТны же УКТ түзүмүн колдонуу чектелбейт. Шамалдын капталдагы түзүүчүсү УКТнын октук сызыгына тик бурчта багытталган жерге жанаша шамалдын түзүүчүсүн билдирет.
Учуу тилкеси. УКТны жана, эгерде бар болсо, токтотуунун аяккы тилкесин камтыган жана төмөнкүлөргө багытталган белгилүү бир аймак:
1) УКТнын чегинен чыгып кеткен аба кемелерине зыян келтирүү тобокелин азайтуу, жана
2) учуу жана конуу учурунда анын үстүнөн учуп өткөн аба кемелеринин коопсуздугун камсыздоо.
Сызыктуу жарык. Аралыкта кыска жарык тилкесиндей көрүнгүдөй, туурасынан кеткен сызыктарда кичинекей аралыктарды сактоо менен, жер үстүндө жайгашкан үч же андан көп аэронавигациялык жарык.
Морт объект. Аба кемеси үчүн болушунча аз кооптуулукту жаратуу үчүн, сокку таасири болгон учурда констркутивдүү түрдө бузулууга, калыбын жоготууга же ийилүүгө арналган кичи масса объекти.
Маркер. Тоскоолдукту же чекти белгилөө үчүн жердин деңгээлинде орнотулуучу объект.
Маркирлөөчү белги (маркирлөө). Аэронавигациялык маалыматтарды берүү үчүн жумуш аянтында жайгашкан символ же символдордун тобу.
Кыймыл каттамы. Бир гана транспорттук каражаттар тарабынан колдонууга арналган, жумуш аянтынын чегинде орнотулган жер үстүндөгү каттам.
УКТнын абалын баалоо матрицасы (RCAM). УКТнын бетинин абалынын көзөмөлдөөчү параметрлеринин топтомунун жана токтотуунун натыйжалуулугу жөнүндө учкучтун корутундусунун негизинде, тиешелүү эрежелерге ылайык, УКТнын абалынын кодун баалоо үчүн мүмкүндүк берүүчү матрица.
Кыймыл каттамы боюнча күтүп жаткан жер. Транспорт каражаттарына токтоо сунушталган белгилүү бир жер.
УКТнын жанындагы күтүү жайы. УКТны, тоскоолдуктарды чектөө бетин, ILS / MLS кескин / сезгич зонасын коргоого арналган, аэропорттун диспетчердик пункту тарабынан башкача көрсөтмөлөр болбосо, айдалып бара жаткан аба кемелери жана транспорт каражаттары токтоп, күтүп турган жер.
Радиотелефон фразеологиясында «күтүү чекити» деген сөз айкашы УКТнын жанында күтүү жайын белгилөө үчүн колдонулат.
Токтотуучу жай. Аба кемесин токтотууга арналган, перрондо бөлүнгөн аянт.
Жарык берүү тутумунун ишенимдүүлүгү. Бардык жабдуулардын белгиленген жолберменин чегинде иштөө божомолу жана тутумдун эксплуатациялоого жарамдуулугу.
Жер бетиндеги аэронавигациялык жарык. Аэронавигациялык жардам катары колдонуу үчүн атайын арналган, аба кемесинен орнотулган жарыкты кошпогондо, бардык жарыктар.
Көзкарандысыз параллелдүү учуп кетүүлөр. Параллелдүү же дээрлик параллелдүү жабдылган УКТлардан бир эле учурда учуп кетүү.
Жабдылбаган учуу-конуу тилкеси. Визуалдык түрдө конууга кирүүнү аткарган аба кемелерине арналган УКТ.
Чоочун буюмдардын калдыктары. Эч кандай эксплуатациялык жана авиациялык функцияны аткарбаган жана учууларды аткарган аба кемелери үчүн кооптуу болгон, жумуш аянтындагы бардык кыймылсыз объект.
Жабдылган учуу-конуу тилкеси. Приборлор боюнча конууга кирген аба кемелерине арналган УКТнын төмөнкү түрлөрүнүн бири:
1) конууга так эмес кирүү үчүн жабдылган УКТ. Көрүнүшү кеминде 1000 м болгон А типтеги приборлор боюнча конууга кирүүдөн кийин конуу үчүн визуалдык жана визуалдык эмес каражаттар менен жабдылган УКТ.
2) I категория боюнча конууга так кирүү үчүн жабдылган УКТ.
Кеминде 60 м (200 фут) чечимдин бийиктиги же кеминде 800 м көрүнүү менен, же УКТда кеминде 550 м көрүнүү аралыгы менен В түрүндөгү приборлор боюнча конууга кирүүдөн кийин конууга арналган визуалдык жана визуалдык эмес каражаттар менен жабдылган УКТ.
3) II категория боюнча конууга так кирүү үчүн жабдылган УКТ. 60 метрден төмөн (200 фут), бирок кеминде 30 м (100 фут) чечимдин бийиктиги же УКТда кеминде 300 м көрүнүү аралыгы менен В түрүндөгү приборлор боюнча конууга кирүүдөн кийин конуу үчүн визуалдык жана визуалдык эмес каражаттар менен жабдылган УКТ.
4) III категория боюнча конууга так кирүү үчүн жабдылган УКТ. 30 метрден (100 фут) төмөн же чектелбеген чечим бийиктиги (DH) жана УКТда көрүнүү аралыгы 300 метрден ашпаган же чектелбеген Б түрүндөгү приборлор боюнча конууга киргенден кийин конуу үчүн визуалдык жана визуалдык эмес каражаттар менен жабдылган УКТ.
Визуалдык каражаттар кайра эсептөө боюнча колдо болгон визуалдык эмес каражаттарга дал келбеши керек. Визуалдык каражаттарды тандоо критерийлери болуп, күтүлүп жаткандай, учуулар аткарыла турган шарттар саналат.
Жарыяланган аралыктар.
1) Жеткиликтүү күүлөнүү узундугу (ЖКУ). Учууну аткарып жаткан аба кемеси үчүн күүлөнүүгө жарамдуу жана жеткиликтүү болуп жарыяланган УКТнын узундугу.
2) Жеткиликтүү учуп чыгуу аралыгы (ЖУЧА). Эгерде бар болсо, жеткиликтүү күүлөнүү узундугу жана тоскоолдуктары жок тилке узундугу.
3) Үзгүлтүккө учураган учуп чыгуунун жеткиликтүү аралыгы (ҮУУЧЖА). Эгерде бар болсо, жеткиликтүү күүлөнүү узундугу жана токтотуунун аяккы тилкесинин узундугу.
4) Жеткиликтүү кондуруу аралыгы (ЖКА). Конуудан кийин аба кемеси күүлөнүү үчүн жеткиликтүү жана жарактуу болуп жарыяланган УКТнын узундугу.
УКТны коргоочу жарыктар. Учкучтарга же транспорт каражаттарынын айдоочуларына иштеп жаткан УКТга кирүү мүмкүнчүлүгу жөнүндө эскертүү үчүн иштелип чыккан жарык сигнал берүү тутуму.
Туруктуу нурлануу жарыгы. Кыймылсыз чекиттен кароодо туруктуу нурлануу интенсивдүүлүгүнө ээ болгон жарык.
Кооптуу аймак. Кагылышуулар же УКТга санкциясыз чыгуулар катталган же мындай окуялардын келип чыгышы мүмкүн болгон жана учкуч / айдоочунун көңүл буруусун талап кылган аэродромдун жумуш аянтындагы аймак.
Аэродромдун таануу белгиси. Аэродромдо жайгашкан, аэродромду абадан таануу үчүн кызмат кылган белги.
Таануучу маяк. Белгилүү бир багыттарды аныктаган коддук сигнал чыгарган аэронавигациялык маяк.
Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация органы - жарандык авиация чөйрөсүндө жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган.
Ортометриялык бийиктик. MSLдин үстүнөн ашкан геоиддик беттин үстүндөгү чекиттин бийиктиги.
РЖны кесип өтүү. Эки же андан ашык РЖны кайчылаштыруу.
Перрон. Жүргүнчүлөрдү отургузуу же түшүрүү, почта же жүктөрдү жүктөө же түшүрүү, май куюу, токтотуу же техникалык тейлөө максатында аба кемелерин жайгаштырууга арналган кургактык аэродромунун аныкталган аянты.
Аэродромдо кыймылдын тыгыздыгы.
1) Төмөн. Эгерде эң жогорку орточо бир сааттык жүк учурунда УКТда операциялардын саны 15тен ашпаса же жалпысынан аэродромдо 20дан кем болсо.
2) Орточо. Эгерде эң жогорку орточо бир сааттык жүк учурунда УКТда операциялардын саны 16-25 же жалпысынан аэродромдо 20дан 35ке чейин болсо.
3) Жогору. Эгерде эң жогорку орточо бир сааттык жүк учурунда УКТда операциялардын саны 26 же жалпысынан аэродромдо 35тен ашык болсо.
Эң жогорку орточо бир сааттык жүк учурундагы операциялардын саны – бул жыл ичиндеги эң көп жүк мезгилиндеги күнүмдүк операциялардын санынын арифметикалык орточо көрсөткүчү болуп саналат.
Операция учуу же конуу дегенди билдирет.
Күтүү аймагы. Аба кемесинин жердеги кыймылын тартипке келтирүү максатында аба кемесин убактылуу токтотуп турууга же аларды айланып өтүүгө арналган белгилүү бир аянт.
Муздан коргоочу аймак. Муздан коргоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн аба кемесин токтотуучу жайга орготуунун ички зонасын жана эки же андан ашык муздан коргоо каражаты менен манёвр жасоо үчүн тышкы зонасын камтыган аянт.
УКТга бурулуу аянты. УКТга жанаша жайгашкан, РЖ жок болгон учурда УКТда 180 градуска бурулуу үчүн колдонулуучу кургактык аэродромундагы белгилүү бир аянт.
Маневр жасоо аянты. Перрондорду кошпогондо, аэродромдогу аба кемелердин учуусуна, конуусуна жана аларды рулдук башкарууга арналган бир бөлүк.
Рулеждук жолчо тилкеси. Рулеждук жолчону камтыган жана рулеждук жолчодо эксплуатацияланып жаткан аба кемесин коргоого жана кокустан рулеждук жолчонун чегинен чыгып кеткен аба кемесинин бузулуу коркунучун азайтууга арналган аймак.
Тоскоолдуктар жок тилке. Аба кемеси анын үстүнөн аныкталган бийиктикке чейин баштапкы бийиктиктин бир бөлүгүн алган жарактуу аймак катары даярдалган же тандалган, көзөмөл алдында турган, жер же суу бетиндеги белгилүү бир тик бурчтуу аймак.
УКТнын босогосу. Аба кемесин учуруу же кондуруу үчүн колдонлган УКТ аймагынын башы.
Конуу аянты. Аба кемелерин учурууга жана кондурууга арналган жумуш аянтынын бир бөлүгү.
Аэродромго жанаша аймак. Анын үстүндө аба кемелери менен маневр жасоо аткарылган, өлчөмү менен чектелген аэродромдун айланасындагы аймак;
Дээрлик параллелдүү УКТ. Улантылган октук сызыктарынын биригүү/ажыроо бурчу 15° же андан төмөн болгон бирин-бири кесип өтпөгөн УКТлар.
Аэродромдон ашуу. Конуу аянтынын эң бийик чокусунан ашуу.
Тоскоолдук. Бардык кыймылсз (убактылуу же туруктуу) жана кыймылдуу объекттер же алардын бөлүгү жана алар:
1) Аба кемелеринин жер үстүндө жүрүүсүнө арналган зонада жайгашкан;
2) Аба кемелерин учуп бара жатканда коргоого арналган аныкталган беттин үстүнөн жогору турат;
3) Мындай аныкталган беттерден тышкары жайгашып, баалоонун жыйынтыктары боюнча аэронавигация үчүн коркунуч жаратат.
Үзгүлтүккө учураган конуу. Тоскоолдуктарды учуп өтүүнүн абсолюттук/салыштырмалуу бийиктигинен (ОСА/Н) төмөн бардык чекиттерде конуунун күтүүсүз жерден токтоп калышы.
Арадагы күтүү аймагы. Аэродромдук диспетчердик пункттан кыймылды улантууга уруксат алууга чейин рулдук башкаруучу аба кемелери жана транспорттук каражаттар токтоп, күтүп жаткан, кыймылды башкарууга арналган белгилүү бир жер.
Иштөө аймагы. Аэродромдун учуу, конуу жана таксингге арналган, маневр кылуу аймагынан жана перронунан (самолетунан) турган бөлүгү.
Параллель операциялар. Параллелдүү же параллелге жакын жабдылган учуп-конуу тилкелерин бир эле учурда пайдалануу, мында бир учуу тилкеси жакындоо үчүн гана колдонулат, ал эми экинчиси учуп кетүү үчүн гана колдонулат.
Жумуш аянты. Манёвр жасоо аянтынан жана перрондон (-дордон) турган аэродромдун аба кемелерин учурууга, кондурууга жана башкарууга арналган бир бөлүгү.
Өзүнчө параллелдүү операциялар. Параллелдүү же дээрлик параллелдүү жабдылган УКТларды бир эле учурда колдонуу, анда бир учуу тилкеси конууга кирүү үчүн гана, ал эми экинчиси учуп кетүү үчүн гана колдонулат.
Негизги шассинин тышкы дөңгөлөктөрүнүн ортосундагы аралык (OMGWS). Негизги шассинин тышкы жээктеринин ортосундагы аралык.
Аба кемесинин түрүнө карата эсептелген учуу талаанын узундугу. Стандарттык атмосфералык шарттарда, шамалсыз мезгилде, тастыктоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан жазылган аба кемесин учуу эксплуатациясы боюнча тийиштүү колдонмосунда же башка аба кемесин даярдоочудан алынган ушуга окшош документте көрсөтүлгөн УКТнын нөлдүк кыйшаюусунда, деңиз деңгээлинде максималдуу тастыкталган учуп чыгуу массасында учуп чыгуу үчүн зарыл болгон учуу талаасынын минималдуу узундугу. Учуу талаасынын узундугу, тийиштүү учурларда, аба кемелери үчүн учуу талаасынын баланстуу узундугун, башка учурларда, - учуп чыгуу аралыгын билдирет.
Рулеждук жолчо. Аба кемелерин рулдук башкаруу үчүн орнотулган жана аэродромдун бир бөлүгүн экинчисине кошууга арналган аэродромдогу белгилүү бир жол, анын ичинде:
1) Токтоочу жайдагы аба кемесин рулдук башкаруу тилкеси. Рулеждук жолчо катары белгиленген жана бир гана аба кемелеринин ордуларына жетүүнү камыздаган перрондун бир бөлүгү.
2) Перрондук рулеждук жолчо. Перрондо жайгашкан жана перрон аркылуу рулдук башкаруу маршрутун камсыздоого арналган рулеждук жолчолор тутумунун бир бөлүгү.
3) Тез жүрүүгө арналган чыгаруучу рулеждук жолчо. УКТ менен тар бурч аркылуу бириккен жана конгон аба кемелерине УКТдан башка чыгаруучу рулеждук жолчолордо жетишилген ылдамдыктарга салыштырмалуу, чоң ылдамдыкта чыгууга мүмкүндүк берип, ошону менен УКТда жүрүү убактысын кыскартууга алып келген рулеждук жолчо.
Аэродромдун учууга жарактуулук тастыктамасы. Белгиленген эрежелерге ылайык аэродромду эксплуатациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органы тарабынан берилген тастыктама.
Тастыктамаланган аэродром. Пайдалануучусуна аэродромдун тастыктамасы берилген аэродром.
Сигнал аянтчасы. Жер сигналдарын жайгаштыруу үчүн колдонулган аэродром аянтчасы.
Авариялык токтотуу тутуму. УКТнын чегинен чыгып бараткан учактын кыймылын басаңдатууга арналган тутум.
Геодезиялык координаталар тутуму. Глобалдык эсептөө/координата тутусуна карата жергиликтүү эсептөө тутумунун жайгашкан жерин жана багытын аныктоо үчүн зарыл болгон параметрлердин минималдуу топтому.
Учуулардын коопсуздугун башкаруу тутуму. Учуулардын коопсуздугун, анын ичинде талап кылынган уюштуруу түзүмүн, жоопкерчилик иерархиясын, жетектөөчү принциптерди жана процедураларды башкарууга тутумдуу мамиле.
Станциянын четтөөсү. Коюлган VOR нөлдүк радиалдын VOR станциясын калибрлөөдө аныкталуучу анык түндүктөн четтөөсү.
Перрондо иштерди уюштуруу кызматы. Перрондо аба кемелеринин жана транспорт каражаттарынын иштерин жана кыймылын жөнгө салуу үчүн камсыздалган тейлөө.
УКТ босогосунун жылуусу. УКТнын башында жайгашпаган босого.
УКТнын бетинин абалы. Аба кемесинин учуу-техникалык мүнөздөмөлөрүн эсептөө максатында УКТ абалынын кодун аныктоо үчүн негизди элестеткен, УКТнын абалы жөнүндө билдирүүдө колдонулган УКТнын бетинин абалын сүрөттөө.
УКТнын абалы жөнүндө билдирүүдө колдонулган, төмөндө көрсөтүлгөн УКТнын бетинин абалдары аэродромду коллдонуучу, аба кемесин даярдоочу жана колдонуучу тарабынан камсыздалган, зарыл болгон учуу-техникалык мүнөздөмөлөрүн аныктайт.
Муздан тазалоочу химиялык заттар жана башка булгоочу заттар дагы келтирилген, бирок алардын УКТ бетине илишүү мүнөздөмөлөрүнө болгон таасирин жана УКТ абалынын кодун унификацияланган түрдө баалоо мүмкүн эмес болгондуктан, алар УКТнын бетинин абалынын дескрипторлорунун тизмесине киргизилген эмес.
1) Кургак УКТ - анын бетинде көрүнөө нымдуулук жок жана ал колдонула турган аймактын ичинде булганган эмес.
2) Нымдуу УКТ. Колдонууга арналган зонанын чегинде 3 мм тереңдикке чейин ар кандай көрүнөө нымдуулук же суу катмары менен жабылган УКТ бети.
3) Тайгак нымдуу УКТ. УКТнын көпчүлүк бөлүгүндө бет менен илишүү мүнөздөмөлөрү начарлагандыгы аныкталган учурда, УКТ нымдуу болуп саналат.
4) Булганган УКТ. Эгерде УКТнын бетинин аянтынын олуттуу бөлүгү (обочолонгон же обочолонбогон аймактардан турган) колдонула турган узундугу жана туурасы боюнча, УКТ бетинин абалын аныктоочу дескрипттердин тизмесинде көрсөтүлгөн бир же бир нече заттар менен жабылган болсо, УКТ булганган болуп саналат.
5) УКТ бетинин абалынын дескрипторлору. УКТ бетиндеги төмөнкү элементтердин бири:
5) пунктунун келтирилген а) - ж) пунктчаларынын дескрипторлору УКТ абалы жөнүндө билдирүү контекстинде гана колдонулат, жана алар БДМУнун кандайдыр бир аныктамаларын жокко чыгарууну же өзгөртүүнү көздөбөйт.
А) Тыгыздалган кар. Үстүнөн аба кемесинин пневматикасы басымдын жана жүктүн эксплуатациялык маанилеринде жер бетинде кардын чоң тыгыздалуусу жана из калтыруусу жок жүрө турган, катуу массага басылган кар.
Б) Кургак кар. Оңой менен тоголоктошпогон кар.
В) Кыроо. Кыроо жер бетинин тоңуу чекитинен төмөн температурасында абадагы нымдуулуктан жер бетинде пайда болуучу муз кристаллдарынан турат. Үстүндөгү беттик температурада абадагы нымдуулуктан пайда болгон муз кристаллдарынан турат. Кыроонун муздан айырмасы, кыроонун кристаллдары өз алдынча өсүп, бүртүктүү текстурага ээ болгонунда турат.
Тоңуу чекитинен төмөн деген сөз суунун тоңуу чекитине (0 °C) барабар же андан төмөн абанын температурасын билдирет.
Белгилүү бир шарттарда кыроо жер бетин абдан тайгак кылат, жана мындай учурда бул токтотуунун төмөн натыйжалуулугу катары билдирилет.
А) Муз. Муздак жана кургак шартта музга айланган тоңгон суу же тыгыздалган кар.
Б) Ылай. Кар сууга ушунчалык каныккандыктан, мындай карды колго алууда андан суу агып түшөт же аны басканда, ал чачырайт.
В) Турган суу. Катмар тереңдиги 3 мм ашкан суу.
Катмарынын тереңдиги 3 ммден ашкан аккан суу аныктамасы боюнча туруктуу суу катары кабарланат.
Г) Нымдуу муз. Бетинде суу бар муз же эриген муз.
Тоңгон жаан аба кемесинин учуу-техникалык мүнөздөмөлөрү боюнча УКТнын нымдуу муз менен ассоциациялануучу абалына алып келет. Нымдуу муз бетти абдан тайгак кылат.
Нымдуу кар. Тыгыз басылган, суу бөлүнүп чыкпаган карды катуу тоголоктоштуруу үчүн жетиштүү өлчөмдө суу камтыган кар.
Маалыматтардын тактыгы. Эсептелген же өлчөнгөн маанинин чыныгы мааниге дал келүү деңгээли.
Конуу багытын көрсөткүч. Учурда аныкталган конуу жана учуу багыттарын визуалдуу түрдө көрсөтүүчү шайман.
Берилмелердин бүтүндүгү (кепилдиктердин деңгээли) Берилмелер даярдалгандан же санкциялуу түрдө ага өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин аэронавигациялык берилмелердин жана анын маанилеринин жоголборуна же өзгөрүлбөрүнө болгон белгилүү бир кепилдик.
Натыйжалуу интенсивдүүлүк. Жаркылдаган жарыктын натыйжалуу интенсивдүүлүгү бирдей байкоо шарттарында ушундай эле көрүнүү алыстыгын камсыздаган түстөгү үзгүлтүксүз жарыктын интенсивдүүлүгүнө барабар.
Аэродромдун колдонуучусу (эксплуатанты) - Кыргыз Республикасынын аймагында катталган жана Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация органы тарабынан күбөлөндүрүлгөн, аэродромдун учууга эксплуатациялык даярдыгын камсыз кылган жана аэродромдун учууга жарамдуулугу жөнүндө тастыктамага ээ юридикалык жак.
2. Ушул Эрежелерде төмөнкү кыскартуулар колдонулат:
КРАЭ – Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелери
КР ЖАО – Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация органы
ККТ – капталдагы коопсуздук тилкеси
ВМШ – визуалдык метеорологиялык шарттар
АК – Аба кемеси
ИКАО – Эл аралык жарандык авиация уюму (International Civil Aviation Organization)
кг – килограмм
кд – кандела
АКЗ – аяккы коопсуз зона
км – километр
км/с – километр саатына
ТАТ – токтотуунун аяккы тилкеси
л – литр
лк – люкс
м – метр
ЖТЭК – Жарык техникасы боюнча эл аралык комиссия
мм – миллиметр
МН – меганьютон
МПа – мегапаскаль
АКТ – аба кыймылын тейлөө
ПМШ – прибордук метеорологиялык шарттар
ЖУЧА – жеткиликтүү учуп чыгуу аралыгы
РД – рулеждук жолчо
ҮУУЧЖА – үзгүлтүккө учураган учуп чыгуунун жеткиликтүү аралыгы
ЖКА – жеткиликтүү күүлөнүү аралыгы
ЖКА – жеткиликтүү конуу аралыгы
с – секунда
КР АМК – Кыргыз Республикасынын Аэронавигациялык маалымат кызматы
см – сантиметр
УКБТ – учуулардын коопсуздугун башкаруу тутуму
ACN – аба кемесинин классификациялык саны
ADP – көзөмөлдөлүүчү зонада айдоого уруксат
AIP – аэронавигациялык маалыматтын жыйындысы
APAPI – конууга так кирүү траекториясынын жеңилдетилген көрсөткүчү
ARIWS – УКТга санкциясыз чыгуу жөнүндө эскертүүнүн автономдук тутуму
AT-VASIS – глиссаданын визуалдык индикациясынын жеңилдетилген T-тутуму
С – Цельсий градустары
СВR – жердин көтөрмө жөндөмүнүн калифорниялык көрсөткүчү
CRC – циклдүү ашыкча кодду колдонуу менен көзөмөл
DМЕ – алыстыкты ченөөчү жабдуу
E – серпилгичтик модулу
FOD – чоочун буюмдардын сыныктары
ILS – приборлор боюнча конуу системасы
К – Кельвин градустары
LCFZ – лазер нурларынын таасири жагынан кескин учуу зонасы
LFFZ – лазер нурларынын таасиринен эркин учуу зона
LSFZ – лазер нурларын сезгич учуу зоналары
MLS – конуунун микроолкундуу тутуму
MSL – деңиздин орточо деңгээли
NFZ – кадимки учуулар зонасы
NU – колдонулбайт
ОСА/Н – тоскоолдуктарды учуп өтүүнүн абсолюттук/салыштырмалуу бийиктиги
ОFZ – тоскоолдуксуз зона
OLS – тоскоолдуктарды чектөө бети
OMGWS – негизги шассинин тышкы дөңгөлөктөрүнүн ортосундагы аралык
PAPI – конууга так кирүү траекториясынын көрсөткүчү
РСN – жабууларга классификациялоочу сан
RETILS – тез жүрүүчү чыгаруучу РЖнын көрсөткүчүнүн жарыктары
RFF – өрттөн куткаруу жана ага каршы күрөшүү
RVR – УКТдагы көрүү алыстыгы
T-VASIS – глиссаданын визуалдык индикациясынын T-тутуму
VОR – бардык жакка багытталган АЖЖ-радиомаяк
WHMP – кооптуу куштардын жана жапайы жаныбарлардын болушун алдын алуу программасы
WIP – жумуш аткарылып жатат
§2. 1-главаны колдонуу
3. Ушул эрежелердин талаптары жалпы колдонуу үчүн ачык, анын ичинде биргелешип негизделген аэродромдорго да колдонулат.
4. Ушул Эрежелерде түскө шилтеме берилсе, бул түскө 1-тиркемеде келтирилген талап колдонулат.
§3. Жалпы эсептөө тутумдары
5. Горизонталдуу тегиздикте эсептөө тутуму. Эл аралык аэродромдор үчүн горизонталдуу тегиздикте эсептөө тутуму (геодезиялык) катары Бүткүл дүйнөлүк геодезиялык тутум колдонулат - 1984 (WGS-84). Билдирилүүчү аэронавигациялык географиялык координаталар (кеңдикти жана узундукту билдирген) WGS-84 эсептөөнүн геодезиялык базасына карата белгиленет.
6. Вертикалдык тегиздикте эсептөө тутуму катары негиз катары кабыл алынган деңиздин орточо деңгээли (MSL) колдонулат, ал геоид деп аталган жердин тартылуу күчүнө көзкаранды болгон жер бети менен салыштырмалуу бийиктиктердин (ашуулардын) байланышын камсыздайт.
Дүйнөлүк планда геоид MSL’ге эң жакын ылайык келет. Ал козголбогон MSL’ге жана анын материктердин алдындагы уландысына шайкеш келген Жердин тартылуу талаасындагы эквипотенциалдуу бет катары белгиленет.
Жердин тартылуу күчүнө көзкаранды болгон салыштырмалуу бийиктиктер (ашуулар) ортометриялык бийиктиктер деп, ал эми эллипсоидден жогору чекитке чейинки аралыктар эллипсоиддик бийиктиктер деп аталат.
7. Убакыт эсептөө тутуму. Убакыт эсептөө тутуму катары - Григориан календары жана координацияланган дүйнөлүк убакыт (UTC) колдонулат. Башка убакыт эсептөө тутуму колдонулган учурларда, бул AIPде көрсөтүлгөн. Башка убакыт эсептөө тутуму колдонулган учурда, бул AIPнин 2.1.2 GENинде көрсөтүлөт.
§4. Аэродромдорду тастыкташтыруу
8. Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин талаптарына ылайык, Кыргыз Республикасынын ЖАОсу аэродромдорду ушул Эрежелердин талаптарына, ошондой эле ИКАОнун колдонулуп жаткан башка талаптарына ылайык тастыкташтырат.
9. Аэродромду тастыкташтыруу аэродромдун аэродромдорго коюлган тастыктоо талаптарына жана ушул бөлүмдүн талаптарына шайкештигин ырастайт.
10. Жарандык аэродромдорду тастыкташтыруу процедурасы ушул Эрежелердин 11-главасына ылайык жүргүзүлөт.
11. Аэродромдун эксплуатантына аэродромдун жайгашкан жери, каражаттары, кызматтары, жабдуулары, эксплуатациялык процедуралары, уюштуруу түзүмү жана башкаруусу, анын ичинде уччулардын коопсуздугун башкаруу тутуму жөнүндө бардык керектүү маалыматтарды камтыган Аэродром боюнча колдонмонун болушу тастыкташтыруу процессинин негизги жана ажырагыс шарты болуп саналат.
§5. Аэродромдорду долбоороо
12. Жаңы аэродромдорду жана аэропортторду долбоорлоо жана куруу жана учурдагы аэродромдорду жана аэропортторду реконструкциялоо жумуштардын тиешелүү түрлөрүн аткарууга укуктуу долбоорлоо уюмдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
13. Аэродромдун эксплуатанты аэропорттун / аэродромдун курулушу жана / же реконструкциясы үчүн долбоордук документтерди бекитүү үчүн Кыргыз Республикасынын ЖАОсуна берет. Долбоорлук чечимдер ушул Эрежелердин талаптарына жана аэродром/аэропорт жаатындагы курулуш ченемдеринин талаптарына ылайык келет.
14. Аэродромдо жаңы объекттерди долбоорлоодо жана курууда жана учурдагы объекттерди реконструкциялоодо авиациялык коопсуздук чараларын оптималдуу колдонуу үчүн зарыл болгон архитектура жана инфраструктура талаптары эске алынат.
15. Аэродромдо жаңы объектилерди долбоорлоо жана куруу жана учурдагы объектилерди реконструкциялоо учурунда айлана-чөйрөнү коргоо маселелери эске алынат жана жер участокторун пайдаланууну жөнгө салуу жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт.
16. Аэродромдун болжолгон менчик ээси же эксплуатанты тарабынан аэродромду изилдөө, долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо же көчүрүү боюнча долбоордук-техникалык документтер бекитүү үчүн Кыргыз Республикасынын ЖАОсуна берилет. Аэродромду жана анын айрым элементтерин долбоорлонуучу курулушу же реконструкцияся ушул Эрежелердин талаптарына ылайык келет.
§6. Аэродромдун код белгиси
17. Аэродромдун код белгиси – аэродромдорду пландоо максатында тандалган код номери жана тамгасы берилген аэродромдук имарат же каражат арналган АКнын мүнөздөмөлөрүнө ылайык аныкталат.
18. Аэродромду белгилөө үчүн код номерлер же сандар 1-1-таблицада көрсөтүлгөн маанилерге ээ.
1-1-таблица.
Аэродромдордун код белгиси
1-код элементи | 2-код элементи | ||
Код номери | Учактардын түрү үчүн эсептелген учуу талаасынын узундугу | Код тамгасы | Канатынын аралыгы |
1 | 800метрден төмөн | А | 15 метрди кошпогондо, 15 метрге чейин |
2 | 1200 метрди кошпогондо, 800 метрден 1200 метрге чейин | В | 24 метрди кошпогондо, 15 метрден 24 метрге чейин |
3 | 1800 метрди кошпогондо, 1200 метрден 1800 метрге чейин | С | 36 метрди кошпогондо, 24 метрден 36 метрге чейин |
4 | 1800 метр жана андан жогору | D | 52 метрди кошпогондо, 36 метрден 52 метрге чейин |
Е | 65 мерди кошпогондо, 52 метрден 65 метрге чейин | ||
F | 80 метрди кошпогондо, 65 метрден 80 метрге чейин | ||
19. 1-элементтин код номери 1-1-таблицанын 1-тилкесинен аныкталат, мында берилген УКТ арналган АК түрү үчүн учуу тилкесинин эсептелген узундугунун эң чоң чоңдугуна ылайык келген код номери тандалат.
АК түрү үчүн учуу тилкесинин эсептелген узундугун аныктоо код номерин тандоо максатында гана жүргүзүлөт жана УКТнын иш жүзүндө камсыздалган узундугуна таасир этпейт.
20. 2-элементтин код тамгасы 1-1-таблицадан аныкталат, мында берилген объект же каражат арналган канаттын эң чоң аралыгы ылайык келген код тамгасы тандалып алынат.
§7. Аэродромдорду колдонуунун айкын эрежелери
21. Эгерде аэродромдун эксплуатанты мүнөздөмөлөрү берилген аэродромдун тастыкташтырылган мүнөздөмөлөрүнөн ашып кеткен аба кемесин кабыл алса, анда аба кемесинин эксплуатациясынын аэродромдун инфраструктурасы жана иштешине шайкештиги бааланат жана учуунун коопсуздугунун алгылыктуу деңгээлин сактоо үчүн тиешелүү иш-чаралар иштелип чыгат жана жүзөгө ашырылат.
22. Мында 21-пунктка байланышуу аэродромдо киргизилген алтернативдүү чаралар, эксплуатациялык эрежелер жана чектөөлөр жөнүндө маалымат таратылат.
Глава 2. Аэродромдун берилмелери
§1. Аэродромдун аэронавигациялык берилмелери
23. Аэродромго байланыштуу аэронавигациялык берилмелер аэродромдун эксплуатанты жана / же тийиштүү жумуш түрлөрүн тийиштүү жабдуу жана персонал менен 2-1 – 2-5-таблицаларда келтирилген тактык жана бүтүндүк талаптарына ылайык аткарууга укуктуу уюм тарабынан аныкталат. Аэродромдун аэронавигациялык берилмелери 2-1 - 2-5-таблицаларда келтирилген тактык жана бүтүндүк талаптарына ылайык, Кыргыз Республикасынын АМКсына билдирилет. Аэродромдун аэронавигациялык берилмелерин аныктоодо жана өткөрүп берүүдө 31-39-пункттарда көрсөтүлгөн аэронавигациялык берилмелердин сапатын камсыз кылуунун белгиленген жол-жоболору эске алынат. Аэронавигациялык берилмелердин тактыгына карата талаптар 95% ишеним деңгээлине негизделет, жана ушуга байланыштуу, позициялык маалыматтардын үч түрү аныкталат: сүрөткө тартылган чекиттер (мисалы, УКТнын босогосу), эсептелген чекиттер (белгилүү болгон сүрөттөгү чекиттердин, мейкиндиктеги чекиттердин, көзөмөл чекиттеринин негизиндеги математикалык эсептөөлөр) жана жарыяланган чекиттер (мисалы, учуу маалыматынын аймагынын чек араларында).
24. Аэродромдун картографиялык берилмелери эл аралык учуулар аткарылган аэродромдор үчүн аныкталат жана КР АМК тарабынан берилет. Аэродромдун картографиялык маалымат базалары жөнүндө талаптар КРАЭ-15те камтылган.
25. КР АМК авиациялык берилмелердин, сүрөтко тартуу / даярдоо учурунан тартып, кийинки болжолгон колдонуучуга жибергенге чейинки толук маалыматтык процесс бою, бүтүндүгүн сактоону камсыз кылат. Колдонулуп жаткан бүтүндүктүн классификациясына жана валидациялоо жана верификациялоо процедурасына жараша:
1) кадимки берилмелерге карата: берилмелерди иштеп чыгуу баскычында аларды бурмалоонун алдын алуу.
2) маанилүү берилмелерге карата: бурмалоо процесстин эч бир баскычында болбошун камсыз кылат жана зарыл болгон учурда, бул деңгээлде берилмелердин бүтүндүгүнүнө кошумча кепилдиктерди алуу үчүн, тутумдун жалпы архитектурасында мүмкүн болгон тобокелдиктерди жоюу үчүн кошумча алдын ала карашы мүмкүн.
3) кескин берилмелерге карата: бурмалоо процесстин эч бир баскычында болбошун камсыз кылат жана тутумдун жалпы архитектурасын берилмелердин бүтүндүгүнүн потенциалдуу тобокели катары кылдат талдоонун натыйжасында аныкталган кемчиликтердин кесепеттерин толугу менен жоюу үчүн бүтүндүктү кепилдөөнүн кошумча процедураларын камсыз кылат.
26. Аэронавигациялык берилмелерди электрондук алып жүрүүчүлөрдө коргоо аларды сактоодо жана берүүдө толугу менен циклдүү ашыкча кодду (CRC) колдонууну көзөмөлдөө аркылуу толук көзөмөлдөнөт. 25-пунктта классификацияланган кескин жана маанилүү аэронавигациялык берилмелердин бүтүндүк деңгээлинин корголушун камсыз кылуу үчүн, 32 же 24 биттик CRC алгоритми эл аралык учууларга арналган аэродромдордо колдонулат.
27. 25-пунктта классификацияланган кадимки аэронавигациялык берилмелердин бүтүндүк деңгээлин коргоону камсыздоо үчүн, 16-биттик CRC алгоритми колдонулат.
28. Кеңдикти жана узундукту белгилеген географиялык координаталар математикалык ыкмалардын жардамы менен WGS-84 координаталарына айлантылган географиялык координаталарды аныктаган жана талаадагы сүрөткө тартуусунун тактыгы 2-1-таблицанын талаптарына жооп бербеген Дүйнөлүк геодезиялык тутумдун геодезиялык координаталар тутумунда - (1984) WGS-84 аныкталып, КР АМКсына билдирилет.
29. Талаада сүрөткө тартуунун тактыгынын деңгээли, тийиштүү эсептөө тутумуна колдонулуучу учуунун этаптары үчүн натыйжалоочу эксплуатациялык навигациялык берилмелердин четтөөсү 2-1 – 2-5-таблицаларда көрсөтүлгөн мааниден ашпагандай болушу керек.
30. Аэродромдордогу белгилүү бир тартууга арналган жердин позицияларынан ашууга кошумча катары (деңиздин орточо деңгээлине салыштырмалуу) ушул эле позициялар үчүн, КР АМКсына 2-2-таблицада көрсөтүлгөндөй геоид толкуну аныкталып, билдирилет (WGS-84 эллипсоидинин бетине салыштырмалуу). WGS-84 координаталарын жарыялоого карата талаптар КРАЭ - 4 жана КРАЭ - 15те камтылган.
§2. Аэродромдун аэронавигациялык берилмелеринин сапатын камсыздоо
31. Аэронавигациялык берилмелердин сапатына карата талаптарды камсыз кылуу максатында аэродромдун эксплуатанты тартуу / даярдоо мезгилинен баштап, берилмелерди кийинки максаттуу колдонуучуга жибергенге чейин сапат тутумун ишке ашырат.
32. КР ЖАО AIPде жарыялануучу аэронавигациялык берилмелерди баалайт жана макулдашат.
33. Аэродромдун эксплуатанты, жана/же аэронавигациялык берилмелерди кабыл алууга / даярдоого катышкан башка юридикалык жак нускама материалына жана талап кылынган тактык талаптарын эске алуу менен аэродромдун берилмелерин аныктоо, кабыл алуу жана иштеп чыгуу ыкмасына ээ.
34. КР ЖАО аэродромдун аэронавигациялык берилмелерин алууга катышкан юридикалык же жеке жакты макул табат. Текшерүүнүн алкагында КР ЖАО авиациялык берилмелерди кабыл алуу жана иштеп чыгуу жана аны берүү иштерин жүргүзүү ыкмасын, жабдууларды жана шаймандарды, персоналды текшерет.
35. КР ЖАО нускама материалын иштеп чыгып, бекитет жана ага ылайык КР ЖАО аэродромдун, аэродромдун эксплуатантынын же башка юридикалык жактын аэронавигациялык берилмелерин (лицензияларын, жабдууларын жана жабдуулардын түрүнө тастыктамаларды, берилмелерди кабыл алуунун / даярдоонун колдонулган ыкмаларын, персоналдын квалификациясын, маалыматтын тактык деңгээлин) аэронавигациялык берилмелерин кабыл алууну/даярдоону аткарган уюмду макул табат.
36. Аэронавигациялык берилмелерди кабыл алуу, тиешелүү жабдууларды пайдалануу жана аэродромдун аэронавигациялык берилмелерин кабыл алуу / иштеп чыгуу боюнча тиешелүү даярдыгы бар, компетенттүү персонал тарабынан жүзөгө ашырылат.
37. Анын жардамы менен берилмелер алынган жабдуу, аэронавигациялык берилмелерди 2-1 – 2-5-таблицаларда көрсөтүлгөндөрдөн кем эмес тактык жана толуктук менен алууну камсыз кылган тактык даражасына ээ. Жабдуунун типтүү тастыктамасы бар жана бул жабдуунун метрологиялык текшерүүдөн өткөндүгү жөнүндө белгиси бар. Жабдууларды жана каражаттарды метрологиялык текшерүү өндүрүүчү завод жана / же стандартташтыруу органы тарабынан аныкталат. Метрологиялык текшерүүсү жок жабдуулар менен аэродромдук берилмелерди алуу аэронавигациялык берилмелердин тактыгы боюнча талаптарына жооп бербей, мындай маалымат ишенимсиз болуп саналат.
38. Аэронавигациялык берилмелерди алуу жана / же иштетүү үчүн юридикалык жакты аныктоодо аэродромдун эксплуатанты, сапатты камсыздоонун алкагында, андан төмөнкүлөрдүн бар болуусун талап кылат:
1) иштин тиешелүү түрлөрүн жүргүзүүгө лицензиялар жана / же уруксаттар;
2) ушул эрежелердин тактык боюнча талаптарына жооп берген, талап кылынган көлөмдө жана типтүү тастыктамага жана тиешелүү органда метрологиялык текшерүүдөн өткөндүгү жөнүндө белгиге ээ болгон жабдуулар жана техникалык каражаттар;
3) жабдуунун тактыгынын даражасы;
4) иштин түрлөрүнө туура келген, тиешелүү даярдыктан өткөн, квалификациялуу кадрлар;
5) тиешелүү берилмелерди алуу жана иштеп чыгуу ыкмалары жана иш өндүрүүнүн нускама материалы;
6) аэронавигациялык берилмелердин сапатын камсыздоо үчүн зарыл болгон башка документтер, жабдуулар жана процедуралар.
39. Аэродромдун эксплуатанты, эгерде ушул аткарылган иштердин аткаруу документтеринин корутундусунда бул нерсе каралбаган учурда, аэродромдун аэронавигациялык берилмелерин ар бир алты жылда жаңыртып турат.
2-1-таблица.
Кеңдик жана узундук
Кеңдик жана узундук | Берилмелердин тактыгы/түрү | Берилмелердин бүүндүгүнүн классификациясы |
Аэродромдун көзөмөлдүк чекити | 30 м тартуунун жыйынтыктары/ эсептелген | Кадимки
|
Аэродромдо жайгашкан навигациялык каражаттар | 3 м тартуунун жыйынтыктары | Маанилүү |
3-аймактагы тоскоолдукттар | 0,5 м тартуунун жыйынтыктары | Маанилүү |
2-аймактагы тоскоолдуктар (аэродромдун чегинде) | 5 м тартуунун жыйынтыктары | Маанилүү |
УКТ босогосу | 1 м тартуунун жыйынтыктары | Кескин |
УКТнын аягы (учуу траекториясын тегиздөө чекити) | 1 м тартуунун жыйынтыктары | Кескин |
УКТнын октук сызыгынын чекиттери | 1 м тартуунун жыйынтыктары | Кескин |
УКТнын жанындагы күтүү жайы | 0,5 м тартуунун жыйынтыктары | Кескин |
РЖнын октук сызыгынын чекиттери/токтотуудагы далдоо сызыгы | 0,5 м тартуунун жыйынтыктары | Маанилүү |
РЖны кесип өтүүнүн маркирлөөчү сызыгы | 0,5 м тартуунун жыйынтыктары | Маанилүү |
Далдоонун чыгаруучу сызыгы | 0,5 м тартуунун жыйынтыктары | Кадимки |
Перрондун чектери (зонасы) | 1 м тартуунун жыйынтыктары | Кадимки |
Тоңууга каршы чараларды көрүү зонасы | 1 м тартуунун жыйынтыктары | Кадимки |
АКны токтотуу чекиттери/INS текшерүү пункттары | 0,5 м тартуунун жыйынтыктары | Кадимки |
КРАЭ-15те аныкталган аймактарда тоскоолдуктарды аныктоо үчүн колдонулуучу, тоскоолдуктарды эске алуу беттеринин графикалык сүрөттөмөлөрүнө жана тоскоолдуктарды баалоо критерийлерине карата берилмелер жазылган.
2-2-таблица.
Ашуу/абсолюттук бийиктик/салыштырмалуу бийиктик
Ашуу/абсолюттук бийиктик/салыштырмалуу бийиктик | Берилмелердин тактыгы/түрү | Берилмелердин бүүндүгүнүн классификациясы |
Аэродромдон ашуу | 0,5 м тартуунун жыйынтыктары | Маанилүү |
Аэродромдон ашкан жердеги WGS-84 геоид толкуну | 0,5 м тартуунун жыйынтыктары | Маанилүү |
УКТ босогосу, конууга так эмес кирүүлөр | 0,5 м тартуунун жыйынтыктары | Маанилүү |
УКТ босогосундагы WGS-84 геоид толкуну, конууга так эмес кирүүлөр | 0,5 м тартуунун жыйынтыктары | Маанилүү |
УКТ босогосу, конууга так кирүүлөр | 0,25 м тартуунун жыйынтыктары | Кескин |
УКТ босогосундагы WGS-84 геоид толкуну, конууга так кирүүлөр | 0,25 м тартуунун жыйынтыктары | Кескин |
УКТнын октук сызыгынын чекиттери | 0,25 м тартуунун жыйынтыктары | Кескин |
РЖнын октук сызыгынын чекиттери/токтотуудагы далдоо сызыгы | 1 м тартуунун жыйынтыктары | Маанилүү |
2-аймактагы тоскоолдуктар (аэродромдун чегинде) | 3 м тартуунун жыйынтыктары | Маанилүү |
3-аймактагы тоскоолдуктар | 0,5 м тартуунун жыйынтыктары | Маанилүү |
Алыстыкты ченөөчү жабдуу/так (DME/P) | 3 м тартуунун жыйынтыктары | Маанилүү |
Аныкталган аймактарда тоскоолдуктарды аныктоо үчүн колдонулуучу, тоскоолдуктарды эске алуу беттеринин графикалык сүрөттөмөлөрүнө жана тоскоолдуктарды баалоо критерийлери боюнча КРАЭ-15ти караңыз.
2-3-таблица.
Ийилүү жана магниттик ийилүү
Ийилүү/магниттик ийилүү | Берилмелердин тактыгы/түрү | Берилмелердин бүтүндүгүнүн классификациясы |
Аэродромдун магниттик ийилүүсү | 1 тартуунун жыйынтыктары | Маанилүү |
ILS курстук радиомаягынын антеннасынын магниттик ийилүүсү | 1 тартуунун жыйынтыктары | Маанилүү |
MLS азимуталдык антеннасынын магниттик ийилүүсү | 1 тартуунун жыйынтыктары | мааниүү |
2-4-таблица.
Пеленг
Пеленг | Берилмелердин тактыгы/түрү | Берилмелердин бүтүндүгүнүн классификациясы |
ILS курстук радиомаягын коюу | 1/100° тартуунун жыйынтыктары | Маанилүү |
MLS нөлдүк азимутун коюу | 1/100° тартуунун жыйынтыктары | Маанилүү |
УКТ пеленги (чыныгы) | 1/100° тартуунун жыйынтыктары | Кадимки |
2-5-таблица.
Узундук/аралык/өлчөм
Узундук/аралык/өлчөм | Берилмелердин тактыгы/түрү | Берилмелердин бүтүндүгүнүн классификациясы |
1 | 2 | 3 |
УКТнын узундугу | 1 м тартуунун жыйынтыктары | Кескин |
УКТнын туурасы | 1 м тартуунун жыйынтыктары | Маанилүү |
Жылган босогого чейинки аралык | 1 м тартуунун жыйынтыктары | Кадимки |
Токтотуунун аяккы тилкесинин узундугу жана туурасы | 1 м тартуунун жыйынтыктары | Кескин |
Тоскоолдуктары жок тилкенин узундугу жана туурасы | 1 м тартуунун жыйынтыктары | Маанилүү |
Жеткиликтүү конуу аралыгы | 1 м тартуунун жыйынтыктары | Кескин |
Жеткиликтүү күүлөнүү аралыгы | 1 м тартуунун жыйынтыктары | Кескин |
Жеткиликтүү учуп чыгуу аралыгы | 1 м тартуунун жыйынтыктары | Кескин |
Үзгүлтүккө учураган учуп чыгуунун жеткиликтүү аралыгы | 1 м тартуунун жыйынтыктары | Кескин |
УКТнын капталдагы коопсуздук тилкесинин туурасы | 1 м тартуунун жыйынтыктары | Маанилүү |
РЖнын кеңдиги | 1 м тартуунун жыйынтыктары | Маанилүү |
РЖнын капалдагы коопсуздук тилкесинин туурасы | 1 м тартуунун жыйынтыктары | Маанилүү |
ILS курстук радиомаягынын антеннасы менен УКТнын аягынын ортосундагы аралык | 3 м эсептелген | кадимки |
ILS глиссаддык радиомаягынын антеннасы менен УКТнын босогосунун ортосундагы октук сызык боюнча аралык | 3 м эсептелген | Кадимки |
ILS маркерлери менен УКТ босогосунун ортосундагы аралык | 3 м эсеКРптелген | Маанилүү |
DMEILS антеннасы менен УКТ босогосунун ортосундагы октук сызык боюнча аралык | 3 м эсептелген | Маанилүү |
MLS азимуттук антеннасы менен УКТнын аягынын ортосундагы аралык | 3 м эсепелген | кадимки |
MLS бурч орундук антеннасы менен УКТ босогосунун ортосундагы октук сызык боюнча аралык | 3 м эсептелген | кадимки |
DME/PMLS антеннасы менен УКТ босогосунун ортосундагы октук сызык боюнча аралык | 3 м эсептелген | Маанилүү |
§3. Аэродромдун көзөмөлдүк чекити
40. Ар бир аэродром үчүн өзүнүн көзөмөлдүк чекити белгиленет.
41. Аэродромдун көзөмөлдүк чекити аэродромдун баштапкы же пландаштырылган геометриялык борборунун жанында жайгашкан жана эреже боюнча, анын баштапкы жайгашкан жери өзгөрүүсүз калат.
42. Аэродромдун көзөмөлдүк чекитинин жайгашкан жери градус, мүнөт жана секунда менен өлчөнүп, КР АМКга кабарланат.
§4. Аэродромдон жана УКТдан ашуу
43. Аэродромдон ашуу жана аэродромдон ашкан жердеги геоид толкуну жарым метрге жана футка чейинки тактык менен ченелип, КР АМКга билдирилет.
44. Эл аралык жарандык авиация үчүн АКнын конууга так эмес кирүүсүнө арналган аэродромдор үчүн, ар бир УКТ босогосунун ашуусу жана геоиди, УКТ аяктарынан ашуусу жана УКТнын узатасынан бир кыйла ашуунун же төмөндөөнүн аралыктагы бардык чекиттери жарым метрге жана футка чейинки тактык менен ченелип, КР АМКга билдирилет.
45. Конууга так кирүү үчүн жабдылган УКТ үчүн, УКТнын босоголорунан ашуу жана геоид толкундары, УКТнын аяктарынан ашуу жана конуу зонасынан эң көп ашуу жарым метрге жана футка чейинки тактык менен ченелип, КР АМКга билдирилет.
Геоид толкунун аныктоо үчүн тиешелүү координаталар тутумун колдонуу керек.
§5. Аэродромдун аймагындагы абанын эсептелген температурасы
46. Аэродромдун аймагындагы абанын эсептелген температурасы Цельсий градусу менен аныкталат.
47. Аэродромдун аймагындагы абанын эсептелген температурасы жылдын эң ысык айынын суткалык максималдуу температурасынын (айдын эң жогорку орточо температурасы менен эң ысык ай) негизинде эсептелген айдын орточо температурасын билдирет. Температуранын орто мааниси беш жылдын ичинде аныкталат.
§6. Аэродромдун өлчөмдөрү жана ага байланыштуу маалымат
48. Аэродромдогу ар бир имарат үчүн төмөнкү берилмелер өлчөнүп, сүрөттөлөт:
1) УКТ – жүздөн бир градуска чейинки тактык менен чыныгы азимут, сандык белгилер, узундук, кеңдик, УКТнын жылган босогосунун жакынкы метрге, футка чейинки тактык менен жайгашуусу, эңкейиш, беттин түрү, УКТ түрү, ал эми бир гана I категория боюнча конуга так кирүү үчүн жабдылган УКТ үчүн, - эгерде каралган болсо, тоскоолдуксуз зонанын болушу;
2) УТ, АКЗ, ТАТ - жакынкы метрге жана футка чейинки тактык менен узундук жана кеңдик жана беттин түрү;
Авариялык токтотуу тутуму – жайгашкан жери (УКТнын кайсы аягында) жана анын сүрөттөмөсү;
3) РЖ – белгилөө, кеңдик, беттин түрү;
4) перрон – беттин түрү, АКны токтотуу орундары;
5) аба кыймылын диспетчердик тейлөө чектери;
6) тоскоолдуктары жок тилке, жакынкы метрге жана футка чейинки тактык менен узундук, жер бетинин профили;
7) конууга кирүү схемалары үчүн визуалдык каражаттар, УКТ, РЖ жана перрондорду маркирлөө жана алардын жарык менен сигнал берүү каражаттары, РЖ жана перрондордо багыт алуунун жана башкаруунун башка визуалдык каражаттары, алардын ичинде рулдук башкарууда күтүү жайындагы жарыктар жана «стоп» сызыктары, телескоптук траптар менен визуалдык кошулуу тутумунун жайгашкан жери жана түрү;
8) бардык VОR аэродромдук текшерүү жайынын жайгашкан жери жана анын радиожыштыгы;
9) стандарттуу рулдук башкаруу каттамдарынын жайгашкан жери жана аларды белгилөө;
10) приборлор боюнча конуу тутумун (ILS) же конуунун микротолкундуу тутумунун (MLS) түзгөн курстук жана глиссада радиомаяктарынын же азимуттук жана бурч орундук антеннасы менен УКТнын тийиштүү жээгинин ортосундагы жакынкы метрге жана футка чейинки тактыгы менен аралык.
49. Ар бир босогонун географиялык координаталары аэродромдун эксплуатанты тарабынан градусу, мүнөту, секундасы жана секунданын жүздөн бир бөлүгүнө чейин ченелип, КР АМКга билдирилет.
50. Тийиштүү РЖнын октук сызыгынын чекиттеринин географиялык координаталары аэродромдун эксплуатанты тарабынан градусу, мүнөту, секундасы жана секунданын жүздөн бир бөлүгүнө чейин ченелип, КР АМКга билдирилет.
51. Ар бир АК токтоп турган жердин географиялык координаталары аэродромдун эксплуатанты тарабынан градусу, мүнөту, секундасы жана секунданын жүздөн бир бөлүгүнө чейин ченелип, КР АМКга билдирилет.
52. 2-аймактагы (аэродромдун чегиндеги аймактын бир бөлүгү) жана 3-аймактагы тоскоолдуктардын географиялык координаталары аэродромдун эксплуатанты тарабынан градусу, мүнөтү, секундасы жана секунданын жүздөн бир бөлүгүнө чейин ченелип, КР АМКга билдирилет. Андан тышкары, КР АМКга тоскоолдуктардын (эгерде болсо) максималдуу ашуу маанилери, түрү, маркирлөөсү жана жарык менен тосулуусу билдирилет.
§7. Жасалма жабуулардын бекемдиги
53. Ар бир УКТнын жана РЖнын жасалма жабуулары үчүн, жана ошондой эле перрондун ар бир участогу (токтотуу жайы) үчүн көтөрүү жөндөмү аныкталат.
54. Перрондогу (токтотуу жайындагы) салмагы 5700 кг түзгөн АКга арналган жасалма жабуунун көтөрүү жөндөмү АКнын классификациялык саны ыкмасы боюнча аныкталат – төмөнкү берилмелердин бардыгын көрсөтүү менен жабуунун классификациялык саны (АСN-РСN):
1) Жабуунун классификацияык саны (РСN);
2) Аныктоо үчүн жабуу түрү АСN-РСN;
3) Жер негизинин бекемдик категориясы;
4) Пневматикада максималдуу жол берилген басымдын категориясы же пневматикада максималдуу жол берилген басымдын чоңдугу;
5) Баалоо ыкмасы.
РСN маанилери бүтүн сандын онон бир бөлүгүнө чейинки тактык менен жарыяланат.
55. Жасалма жабуулардын бекемдигин аныктоо тийиштүү жумуш түрлөрүн жасоого укуктуу (лицензиясы бар), квалификациялуу жана даярдалган персоналга жана жабдууга ээ болгон, адистештирилген уюм тарабынан аткарылат.
56. Ушул главанын §1-да көрсөтүлгөн жасалма жабуулардын көтөрүү жөндөмүн аныктоого тактык жана сапат талаптары коюлат. КР ЖАО юридикалык жактын, анын ыкмаларынын, жабдууларынын жана персоналынын аэродромдун жабууларынын көтөрүү жөндөмүн аныктоо боюнча ушул эрежелердин жана сапатты камсыздоонун талаптарына ылайык келүүсүн аныктайт.
57. Көрсөтүлгөн жабуунун классификациялык саны (РСN) көрсөткөндөй, көрсөтүлгөн PCNге барабар же андан төмөн АК классифкациялык саны (ACN) менен АК пневматикадагы басымга болгон бардык чектөөлөрдү же АКнын көрсөтүлгөн түрүнүн (түрлөрүнүн) толук учуу салмагын эске алуу менен бул жабууну колдоно алышат. Эгерде жабуунун көтөрүү жөндөмү чоң мезгилдүү туруксуздуктарга кабылса, РСNдин ар кандай маанилери көрсөтүлөт.
58. АК АСN стандарттуу процедуралар менен, ИКАОнун АСN-РСN ыкмасына ылайык аныкталат.
59. АСNди аныктоо үчүн жасалма жабуу катуу жана катуу эмес конструкциянын эквиваленти катары классификацияланат.
60. АСN-РСNди аныктоо үчүн жабуунун түрү тууралуу маалымат, негиздин бекемдик категориясы, пневматикадагы максималдуу жол берилген басымдын категориясы жана баалоо ыкмасы төмөнкү коддордун жардамы менен көрсөтүлөт:
1) АСN-РСNди аныктоо үчүн жабуулардын түрү
Жабуу түрү | Коду |
Катуу жабуулар | R |
Катуу эмес жабуулар | F |
Эгерде конструкция аралаш же стандарттуу эмес болсо, тийиштүү эскертүү кошулат (төмөнкү 2-мисалды караңыз).
2) Негиздин бекемдик категориясы:
Негиздин бекемдиктери | Коду |
Жогорку бекемдик: | A |
Катуу жабуулар үчүн бардык К маанилери 120 МН/м3 болуп К=150 МН/м3 жана катуу эмес жабуулар үчүн бардык CBR маанилери 13төн ашык болуп СВR=15 (жердин көтөрүү жөндөмүнүн калифорниялык көрсөткүчү) деп мүнөздөлөт. | |
Орто бекемдик: | B |
Катуу жабуулар үчүн К 60тан 120м3га чейин өзгөргөндө К=80 МН/м3 жана катуу эмес жабуулар үчүн CBR 8ден 13кө чейин өзгөргөндө СВR=10 деп мүнөздөлөт. | |
Төмөн бекемдик: | C |
Катуу жабуулар үчүн К 25тен 60 МН/м3ге чейин өзгөргөндө К=40 МН/м3 жана катуу эмес жабууларда CBR 4төн 8ге чейин өзгөргөндө СВR=6 деп мүнөздөлөт. | |
Абдан төмөн бекемдик: | D |
Катуу жабуулар үчүн бардык 25 МН/м3ден төмөн К маанилери менен К=20 МН/м3 жана катуу эмес жабуулар үчүн бардык 4төн төмөн CBR маанилери менен СВR=3 деп мүнөздөлөт. | |
3) Пневматикадагы максималдуу жол берилген басымдын категориясы:
Пневматикадагы басым | Коду |
Чектөөсүз: басым чектелген эмес | W |
Жогорку: басым 1,75 Мпадан ашык эмес | X |
Орто: басым 1,25 МПадан ашык эмес | У |
Төмөнкү: басым 0,50 МПадан ашык эмес | Z |
4) Баалоо ыкмасы:
Баалоо ыкмасы: | Коду |
Техникалык баалоо: | Т |
Жабуунун мүнөздөмөлөрүн атайын изилдөөнү жана жабуудагы өзгөрүүлөрдү изилдөө технологияларын колдонууну элестетет. | |
АКны эксплуатациялоо тажрыйбасын колдонуу менен: | U |
Берилген жабуу үзгүлтүксүз колдонууда белгилүү бир салмактагы АКнын белгилүү бир түрүн канаатандырарлык түрдө көтөргөндүгү белгилүү болгон учурда. | |
61. Аэродромдун эксплуатанты 54-55-пункттарга ылайык, АСN классификациялык саны бул жабуунун көрсөтүлгөн PCN классификациялык санынан чоң болгон АК тарабынан жабуунун колдонууну жөнгө салуу үчүн критерийлерди аныктайт.
62. Перрондогу (токтотуу жайындагы) салмагы 5700 кг же андан жогору болгон АКны колдонууга арналган жасалма жабуунун көтөрүү жөндөмү жөнүндө берилмелер төмөнкү түрдө көрсөтүлөт:
1) АКнын максималдуу жол берилген салмагы;
2) Пневматикадагы максималдуу жол берилген басым.
§8. Ашыкча жүктөлгөн жабууларды эксплуатациялоо шарттары
63. КР ЖАО аэродромдук жасалма жабууларды изилдөө боюнча адисештирилген уюм тарабынан жүргүзүлгөн авиациялык изилдөөлөрдүн жана берилген корутундунун, ИКАОнун ACN-PCN ыкмасына ылайык, АСN классификациялык саны бул жабуунун көрсөтүлгөн PCN классификациялык санынан чоң болгон АК тарабынан аэродромдун жасалма жабууларын колдонууну жөнгө салуу үчүн критерийерди аныктайт. Аэродромдун эксплуатанты аэродромдо эксплуатацияланып жаткан тийишүү АК түрлөрү үчүн мындай корутундуну жана ашыкча жүктөлгөн аэродромдук жасалма жабууларды эксплуатациялоо шарттарын алууну камсыздайт.
64. Эгерде ашыкча жүктөлүү менен болжолгон эксплуатация олутуу болбосо, аэродромдук жасалма жабууларды изилдөөнү өткөрүүдөн мурда, бирок үч айдан ашык эмес убакыт ичинде, PCN/ACN катыштыгына жараша эсепелгенден ашык жүгү бар АК кыймылынын интенсивдүүлүгүн чектөөнүн төмөнкүдөй критерийлерин колдонууга жол берилет:
Катуу жабуулар үчүн:
а) 1>PCN/ACN>0,85 – жыл ичинде орто суткалык мааниде он учактын учуп чыгуусу;
б) 0,85>PCN/ACN>0,8 – жыл ичинде орто суткалык мааниде эки учактын учуп чыгуусу;
в) 0,8>PCN/ACN>0,75 – жыл ичинде орто суткалык мааниде бир учактын учуп чыгуусу;
катуу эмес жабуулар үчүн:
а) 1>PCN/ACN>0,8 – суткасына жыйырма учактын учуп чыгуусу;
б) 0,8>PCN/ACN>0,7 – суткасына беш учактын учуп чыгуусу.
65. Аэродромдун жасалма жабууларына болжолгон ашыкча жүк пайда болгон учурда 64-пунктта көрсөтүлгөн ACN жана PCN классификациялык сандарынын маанилеринин теңдигинин шарттары аткарылбайт, КР ЖАО АКнын салмагын чектөө менен жабууларды эксплуатациялоого төмөнкүдөй жол берет:
mдоп=m1(келтир.*) – [(m1(келтир.*) – m2) х (ACN1(келтир.*) – PCN) / (ACN1(келтир.*) – ACN2)],
мында m кош – АКнын максималдуу жол берилген салмагы;
m1– АКнын максималдуу учуп чыгуу салмагы;
m (келтир*) - 64-пунктта көрсөтүлгөн ACN шарттарынын маанисине келтирилген АК салмагы;
m2 – бош АКнын салмагы;
ACN1 – максималдуу учуп чыгуу салмагына ылайык келген АКнын классификациялык саны;
ACN (келтир*) – 64-пунктта көрсөтүлгөн шарттарга ылайык келген ACN;
ACN2 – бош АКнын салмагына ылайык келген АКнын классификациялык саны; PCN – жабуунун классификациялык саны.
66. Перрондогу (токтотуу жайындагы) салмагы 5700 кг же андан төмөн болгон АКнын колдонуусуна арналган жасалма жабуунун көтөрүү жөндөмү жөнүндө маалымат төмөнкүдөй түрдө берилет:
1) АКнын максималдуу жол берилүүчү салмагы;
2) Пневматикадагы максималдуу жол берилүүчү басым.
§9. Учуу алдында бийикчендерди текшерүү аянтчалары
67. Аэродромдо бир же бир нече учуу алдында бийикчендерди текшерүү аянтчалары бар.
68. Учуу алдында бийикчендерди текшерүү аянтчасы перрондо жайгашып, рулдук башкарууга уруксат алууга чейин бийикченди текшерүүгө мүмкүндүк берип, перрондон жылып кеткенден кийин бул максатта АКны токотуу зарылчылыгын жокко чыгарат.
69. Учуу алдында бийикченди текшерүү аянтчасынан ашуу ал жайгашкан участоктун орточо ашуу деңгээли катары бир метрге же фунтка чейинки тактык менен көрсөтүлөт. Учуу алдында бийикченди текшерүү аянтчасынын кайсы болбосун бөлүгүнөн ашуу бул аянтча үчүн орточо ашуу деңгээлинен 3 м (10 фут) менен чектелет.
§10. Жарыяланган аралыктар
70. Коммерциялык АКлардын колдонуусуна арналган УКТ үчүн төмөнкү аралыктар жакынкы метрге же футка чейинки тактык менен эсептелет:
1) Жеткиликтүү күүлөнүү узундугу,
2) Жеткиликтүү учуп чыгуу аралыгы,
3) Үзгүлтүккө учураган учуп чыгуунун жеткиликтүү аралыгы жана
4) Жеткиликтүү конуу аралыгы.
§11. Жумуш аянтынын жана аны менен байланышкан имараттардын жана каражаттардын абалы
71. Жумуш аянтынын абалы жана ага байланыштуу имараттардын жана каражаттардын эксплуатациялык абалы жөнүндө маалымат КР АМКга аэродромдун эксплуатанты тарабынан берилет, ал эми эксплуатациялык мааниге ээ болгон аналогиялык маалымат аба кыймылын тейлөө органдарына, алар келген жана кеткен АКларды зарыл маалымат менен камсыз кылуусу үчүн берилет. Маалымат ар дайым жаңырып турат, жана байкалган шарттардагы өзгөрүүлөр тууралуу токтоосуз билдирилип турат.
72. Аэродромдун эксплуатанты жумуш аянтынын абалын жана ага байланыштуу имараттардын жана каражаттардын эксплуатациялык абалын көзөмөлдөөнү камсыздайт, жана ошондой эле АКга тиешелүү эксплуатациялык маанидеги жана аэродромду эксплуатациялоого тиешелүү маселелер боюнча тийиштүү чараларды көрүү максатында, өзгөчө төмөнкүлөргө карата билдирүүлөр берилет:
1) Курулуш иштери же техникалык тейлөө иштери;
2) УКТнын, РЖнын же перрондун бетинде тегизсиздиктердин жана бузулуулардын болуусу;
3) УКТда, РЖда же перрондо суунун, кардын, ылайдын, муздун же кыроонун болуусу;
4) УКТда, РЖда же перрондо тоңуунун алдын алуу же аны жок кылуу үчүн колдонулган суюк химикаттардын же башка булгоочу заттардын болуусу;
5) УКТга, РЖга же перронго жакын жерде күрткүнүн же кар шилендисинин болуусу;
6) Турган АКны кошо алганда, башка убактылуу тоскоолдуктардын болуусу;
7) Аэродромдун бир бөлүгүндө же бардык визуалдык каражаттарында иштен жүрбөй калуусу же үзгүлтүккө учуроосу;
8) Негизги же резервдик энергия менен камсыздоо булагынын иштебей калуусу.
73. Жоболордун 71 жана 72-пункттарып аткарууну жеңилдетүү үчүн төмөнкү кароолор аткарылат:
1) 1 же 2 код номери бар аэродромдордогу жумуш аянттарын күнүнө эң азында бир жолу же 3 же 4 код номери бар аэродромдордогу жумуш аянттарын күнүнө эң азында эки жолу кароо;
2) УКТнын бетинин абалы метеорогиялык шарттардан улам бир кыйла өзгөрсө, 1) пунктчада айтылгандарга кошумча катары УКТларды кароо.
74. УКТнын бетинин абалын баалоочу жана 72 жана 78-пункттардын талабына ылайык баалоонун жыйынтыктары жөнүндө билдирүүчү персонал өз милдеттерин аткарууга даяр жана компетенттүү.
75. УКТда суу болгон учурларда, УКТнын бетинин абалдары төмөнкү терминдерди колдонуу менен сүрөттөлөт:
1) «Нымдуу» - бет нымдын болуусунан улам түстү өзгөртөт.
2) «Суу болгон» - бет сууну өзүнө сиңирип алат, бирок турган суу жок.
3) «Турган суу» - УКТнын бетинин 25%дан ашык аянты (бул аянт обочолонгондугуна же обочолонбогондугуна карабастан) колдонулган узундуктун жана кеңдиктин чегинде 3 мм ашык тереңдиктеги суу менен жабылган УКТнын АКсынын учуу-техникалык мүнөздөмөлөрү үчүн.
76. Аэродромдун эксплуатанты АКТ органына УКТ же бул УКТнын бир бөлүгү суу болгон абалда тайгак экендиги тууралуу маалымат берет.
77. Жасалма жабуусу бар УКТда же анын бир бөлүгүндө илишүү деңгээли бул аэродромдо аныкталган деңгээлден төмөн болгон учурларда аэродромдун колдонуучуларына билдирүү жөнөтүлөт.
78. Иштеп жаткан УКТда кар, ылай, муз же кыроо бар болсо, УКТнын бетинин абалы бааланып, тийиштүү кабар жөнөтүлөт.
79. УКТны эксплуатациялоого тиешеси бар өлчөөлөрдүн ишенимдүүлүгүнө кепилдик жок болгон учурда, ылай, суу кар же суу муз бар УКТнын бетинин илишүүсүн өлчөөнүн жыйынтыктары жөнүндө кабар бербөө керек. Ченөөчү жабдуунун чен чыгырыгына булгоочу заттардын түшүүсү, башка факторлордон мурда, мындай шарттарда өлчөөнүн ишенимдүү эмес жыйынтыктарын алууга алып келет.
80. Илишүүнү өлчөө УКТнын абалын баалоо процедурасынын бир бөлүгү катары жүргүзүлгөндө, тапталган кар же муз менен капталган беттердеги илишүүнү ченөө үчүн түзмөктүн мүнөздөмөлөрү эрежелерге ылайык келүүсү же критерийлерге мамилелеш болуусу керек.
81. Кар, ылай, муз же кыроо болуп, бул тууралуу кабар берүү үчүн УКТнын бетинин абалын сүрөттөө үчүн төмөнкү терминдерди колдонуу зарыл:
1) «Кургак кар»;
2) «Суу кар»;
3) «Тапталган кар»;
4) «Тапталган суу кар»;
5) «Ылай»;
6) «Муз»;
7) «Суу муз»;
8) «Кыроо»;
9) «Муз үстүндөгү кургак кар»;
10) «Муз үстүндөгү суу кар»;
11) «Химиялык тазалоодон өткөн»;
12) «Кум себилген»;
жана, колдонуу мүмкүн болгон учурда, булгануу катмарынын калыңдыгын баалоо жөнүндө маалыматты кошуу керек.
82. УКТда кургак кар, суу кар же ылай болгон учурда, УКТнын ар бир үчтөн бир катмарынын орточо катмарын кургак кар үчүн болжол менен 2 см, суу кар үчүн 1 см жана ылай үчүн 0,3 см чейинки тактык менен баалоо керек.
83. УКТнын бетинин абалы бааланып, баалоонун жыйынтыктары УКТнын абалынын коду (RWYCC) жана сүрөттөмөсү түрүндө, төмөнкү терминдерди колдонуу менен билдирилүүсү керек:
1) «Тапталган кардын үстүндөгү суу»;
2) «Кыроо»;
3) «Муз»;
4) «Суу»;
5) «Суу муз»;
6) «Суу кар»;
7) «Муздун үстүндөгү суу кар»;
8) «Тапталган кардын үстүндөгү суу кар»;
9) «Химикаттар менен тазалоо»;
10) «Борпоң кум»;
11) «Ылай»;
12) «Турган суу»;
13) «Кургак»;
14) «Кургак кар»;
15) «Муз үстүндөгү кургак кар»;
16) «Тыгыздалган кардын үстүндөгү кургак кар»;
17) «Тыгыздалган кар».
Өзүнчө же башка байкоо берилмелери менен бирге алынган абал, ага карата колдонууда, АКнын учуу-техникалык мүнөздөмөлөрүнө шарттардын таасир берүүсү, мындай шарттарга УКТнын абалынын конкреттүү кодун берүү үчүн, жетиштүү түрдө аныкталган критерийди билдирет.
"Химикаттар менен тазалоо" жана "Борпоң кум" терминдери "Учуу-техникалык мүнөздөмөлөр" бөлүмүндө көрсөтүлбөйт, бирок УКТнын абалы жөнүндө жагдай боюнча кабардар болуу бөлүмүндө колдонулат.
84. Колдонулуучу УКТ булганган бардык учурларда баалоо жүргүзүлүп, УКТнын ар бир үчтөн бир бөлүгүнүн булгануу тереңдиги жана аянты жөнүндө берилмелер билдирилет.
85. УКТнын бетинин абалын жалпы баалоонун алкагында тыгыздалган кар же муз менен капталган беттердин үстүндө илишүүнү өлчөө өткөрүлүп жатканда, илишүүнү өлчөөчү түзмөк стандарттарга ылайык келет.
86. Тыгыздалган кар же муздан башка булгоочу заттар менен капталган УКТнын бетиндеги илишүүнү өлчөөнүн жыйынтыктары жөнүндө билдирбөө керек.
87. УКТ же анын бир бөлүгү тайгак жана суу экендиги жөнүндө маалымат берилет.
УКТнын бетиндеги же анын бир бөлүгүндөгү илишүүнүн мүнөздөмөлөрү резинанын катмарларынан, бетти жылмалоодон, начар дренаждан жана башка факторлордон улам начарлоосу мүмкүн. УКТ же анын бир бөлүгү тайгак жана суу экенин аныктоо өзүнчө же айкалыштырылып колдонулган ар кандай ыкмалардын негизинде жүргүзүлөт. Бул ыкмаларда параметрлери минималдуу стандартка ылайык келбеген илишүүнү үзгүлтүксүз өлчөө түзмөктөрүн колдонуу менен, илишүүнүн функциялык параметрлерин өлчөө, аэродромду техникалык тейлөө боюнча персоналдар тарабынан кароо жүргүзүү, учкучтар жана АКнын эксплуатанттары тарабынан учуу экипаждарынын тажрыйбасына негизделген кайталанган кабарлоо, жана ошондой эле бет стандарттын талаптарына жооп бербегендигин күбөлөндүргөн АКны токтотуу мүнөздөмөлөрүнө талдоо жүргүзүү каралышы мүмкүн.
88. Жасалма жабууга ээ болгон УКТдагы илишүү деңгээли же анын жасалма жабуулары 1107-пунктка ылайык минималдуу илишүү деңгээлинен төмөн болгон учурларда, аэродромдун тийиштүү колдонуучуларына билдирүү жөнөтүлөт.
§12. Кыймылдоо жөндөмүн жоготкон АКны алып салуу
89. Аэродромдун эксплуатанты АКнын эксплуатанттарына кыймылдоо жөндөмүн жоготкон АКны жумуш аянтынан же анын тегерегиндеги зонадан алып салуу боюнча аэродромдо өткөрүлүүчү операцияларды координациялоо үчүн жооп берген жактын кызмат телефонунун номерин (-лерин) билдирет.
90. Аэродромдун эксплуатанты УКТнын жумуш аянында же ага жакын жерде кыймылдоо жөндөмүн жоготкон АКны алып салуу үчүн колдогу мүмкүнчүлүктөр жөнүндө маалыматты көрсөтөт. Кыймылдоо жөндөмүн жоготкон АКны алып салуу боюнча мүмкүнчүлүктөр аэродромдук кызматтар алып салууга мүмкүнчүлүгү жеткен АКнын эң оор түрүн көрсөтүү жолу менен белгиленет.
§13. Куткаруу жана өрт менен күрөшүү
91. КР АМКга аэродромдун эксплуатанты тарабынан аэродромдо АК үчүн куткаруу жана өрт менен күрөшүү жагынан камсыздалган коргоо деңгээли жөнүндө маалымат көрсөтүлөт.
92. Аэродромдо камсыздалган коргоо деңгээли кырсыктан сактоо жана өрткө каршы кызматтар аркылуу жана аэродромдогу өрт өчүрүүчү заттардын түрүнө жана санына ылайыктуу билдирилет.
93. Аэродромдо куткаруу жана өрт менен күрөшүү жаатында камсыздалган коргоо деңгээлиндеги өзгөрүүлөр аэродромдун эксплуатанты тарабынан аба кыймылынын органына жана КР АМКга, жогоруда көрсөтүлгөн органдар келген жана кеткен АКларга зарыл болгон маалыматтарды берүүсү үчүн маалымдалат. Көрсөтүлгөн деңгээлде буга окшогон өзгөрүү жоюлса, жогоруда көрсөтүлгөн органдар бул тууралуу тийиштүү түрдө маалымдалат. Аэродромдо камсыздалган коргоо деңгээлиндеги өзгөрүүлөр өрт өчүрүүчү заттардын санынын, бул заттар менен камсыздоо каражаттарынын же жабдууларды тейлөө үчүн персоналдын санынын ж.б. өзгөрүүсү менен байланыштуу болушу мүмкүн.
94. Өзгөрүүлөр аэродромдогу кырсыктан сактоо же өрткө каршы кызматтарга жаңы категория берүү жолу менен чагылдырылат.
§14. Глиссаданын визуалдуу индикациясынын тутуму
95. Глиссаданын визуалдуу индикациясынын тутумун орнотуу жөнүндө төмөнкү маалымат көрсөтүлөт:
1) УКТнын тийиштүү белгилөөсү;
2) 520-пунктка карата тутумдун түрү. РАРI же АРАРIни орнотууга карата жарыктар орнотулган УКТга карата оң же сол тарабы көрсөтүлөт;
3) Тутумдун огу УКТнын октук сызыгына параллелдүү эмес болгон учурларда оңго же солго жылуу бурчу же жылуу багыты көрсөтүлөт;
4) Глиссаданын номиналдык бурчу (бурчтары). 5-20-сүрөткө ылайык РАРI жана АРАРI үчүн бул бурч болуп (В + С)÷2 и (А +В)÷2 саналат;
5) Учкуч "АК глиссадада" сигналын (сигналдарын) көргөндө, анын көздөрүнүн босого үстүндөгү минималдуу бийиктиги. РAРI үчүн бул УКТдан бери карай үчүнчү глиссадалык жарыктын орнотуу бурчу алуу 2', башкача айтканда В бурчу - 2', жана AРAРI үчүн УКТдан алыскы глиссадалык жарыктын орнотуу бурчу алуу 2', башкача айтканда А бурчу - 2'.
§15. КР АМКнын АКТ органын жана аэродромдун эксплуатантынын ортосундагы координация
96. КР АМКнын эң акыркы учууга чейинки маалыматарды берүүгө жана учуу маалыматын керектөөсүн канааттандырууга мүмкүндүк берген маалыматтарды алуусун камсыздоо үчүн, аэродромдун аэродромдук кызматтары үчүн жоопкерчиликтүү болгон КР АМК, АКТ жана аэродромдун эксплуатантынын ортосунда АКТ органына жана/же КР АМКга тезинен төмөнкүлөрдү билдирүү жөнүндө макулдашуу түзүлөт:
1) Аэродромдордун абалы жана аэродромдогу шарттар жөнүндө маалымат;
2) Алар жоопкерчиликтүү болгон тийиштүү жабдуу комплекстеринин, кызматтардын жана навигациялык каражаттардын эксплуатациялык абалы жөнүндө маалымат;
3) Эксплуатация жагынан маанилүү болгон бардык башка маалымат.
97. Аэронавигациялык тутумга өзгөрүүлөрдү киргизүүдөн мурда, мындай өзгөрүүлөр үчүн жооп берген кызматтар КР АМКга жарыялоо үчүн тийиштүү материалды даярдоо, жол-жоболоштуруу жана чыгаруу үчүн керектелүүчү убакытты эске алышат. Ошондуктан бул маалыматты КР АМКга өз убагында жеткирүү үчүн, кызыкдар кызматтардын ортосунда тыгыз координация болуусу зарыл.
98. Карталар жана / же автоматташтырылган навигациялык тутумар үчүн аэронавигациялык маалыматты регламенттөө жана көзөмөлдөө тутумунун багыты боюнча билдириле турган аэронавигациялык маалыматтагы өзгөрүүлөр өзгөчө мааниге ээ. Баштапкы маалыматты/берилмелерди КР АМКга көрсөтүүдө жоопкерчиликтүү аэродромдук кызматтар AIRAC тутуму боюнча алдын ала эл аралык деңгээлде аыкталган жана макулдашылган күчүнө кирүү даталарын эске алышат.
99. АКТ органына жана/же КР АМКга баштапкы аэронавигациялык маалыматты/берилмелерди көрсөтүү үчүн жоопкерчиликтүү аэродромдун эксплуатанты аяккы керектөөчүнүн аэронавигациялык маалыматтарды керектөөсүн канааттандыруу үчүн зарыл болгон тактыкка жана бүтүндүккө болгон талаптарын эске алат.
NОТАМ жана SNOWTAM чыгарууга болгон техникалык талапта КРАЭ-15те камтылган.
AIRAC маалыматы күчүнө киргенге чейин эң азында 28 күн мурун алуучуларга жетүүсү үчүн, КР АМКга AIRAC тутуму боюнча күчүнө киргенге чейин эң азында 42 күн мурун берилет.
Глава 3. Аэродромдун физикалык мүнөздөмөлөрү
§1. Учуу-конуу тилкелери
100. Аэродромдогу УКТнын саны жана багыты бул аэродром арналган УКТлар үчүн 95%дан кем эмес аэродромду колдонуу коэффициентин камсыздоо шарттарынан аныкталат.
101. Аэродромдо УКТнын жайгашуусун жана багытын тандоо конууга кирүү жана учуп чыгуу каттамдары, келечекте үндөр менен байланышкан көйгөйлөргө кабылбоо үчүн, турак жай курулуштары үчүн бөлүнгөн аймактарды жана башка аэродромго жакын үндөрдүн таасирине сезгич аймактарды минималдуу түрдө козгогудай болуп аткарылат.
102. Шамалдын максималдуу жол берилген капталдык түзүүчүлөрү. 100-пункттун жоболорун колдонууда, шамалдын капталдагы түзүүчүсү төмөнкүлөрдөн ашкан учурда, нормалдуу шарттарда АКнын конуусу жана учуп чыгуусу мүмкүн эместигине негизделүү керек:
1) Учуу талаасынын эсептелген узундугу 1 500 м же андан жогору болгон АКлар үчүн 37 км/с (20 kn), узунунан кеткен илишүүнүн жетиштүү эмес жогорку коэффициентинин натыйжасында УКТда токтотуунун мезгил-мезгили менен байкалган төмөн натыйжалуулугу болгон учурлардан тышкары, шамалдын жол берилген капталдагы түзүүчүсү үчүн 24 км/с (13 kn) ашпаган ылдамдык кабыл алынат.
2) Учуу талаасынын эсептелген узундугу 1 200 м же андан жогору, бирок 1500 метрге жетпеген АКлары үчүн 24 км/с (13 kn);
3) Учуу талаасынын эсептелген узундугу 1 200 метрден болгон АКлары үчүн 19 км/ч (10 kn).
103. УКТны колдонуу коэффициентин эсептөө үчүн берилмелерди тандоодо узактыгы боюнча максималдуу мүмкүн болгон мезгил ичинде шамалды бөлүштүрүү жөнүндө ишенимдүү статистикалык берилмелерге таянуу керек, жана мында ал беш жылдан кем эмес убакытты түзгөнү жакшы. Колдонулган берилмелер бирдей убакыт аралыгында аткарылган, күнүнө 8ден кем эмес өлчөөлөрдүн жыйынтыгында алынуусу керек.
104. УКТнын босогосу, бөлөкчө жайгашууну тандоо эксплуатациялык мүнөздөгү көз караштар менен далилделген учурлардан тышкары, анын башында жайгашат.
105. УКТ босогосунун жайгашкан жерин өзгөртүү керек болгон учурда, бул өзгөрүүңүн убакытылуу же туруктуу болуусуна карабастан, босогонун жайгашуусу үчүн маанилүү болгон ар кандай факторлор эске алынат. Бул босогонун жылышы УКТнын эксплуатацияга жараксыздыгынан улам келип чыкса, эксплуатациялоого жараксыз аянт менен жылган босогонун ортосунда эң азында 60 м узундуктагы тазаланган жана пландалган участок каралат. УКТнын аяккы коопсуздук зонасын даярдоо менен байланышкан талаптарды аткаруу үчүн, тийиштүү учурларда кошумча аралык дагы каралат.
106. 108-пунктта каралган учурлардан тышкары, негизги УКТда алдын ала кароо зарыл болгон иш жүзүндөгү узундук берилген УКТ арналган АКнын эксплуатациялык талаптарын канааттандыруу үчүн жетиштүү болушу керек жана тийиштүү АКлардын учуу-конуу мүнөздөмөлөрүнүн жергиликтүү шарттарына оңдоолорду колдонуу жолу менен аныкталган эң чоң узундуктан аз болбоосу керек.
Эске алынган жергиликтүү шарттарга ашуу, температура, УКТнын эңкейиши, УКТнын бетинин нымдуулугу жана мүнөздөмөлөрү кирет. УКТ үчүн алдын ала каралуусу зарыл болгон узундукту аныктоодо жана эки тарапта тең учуу жана конуу үчүн УКТны колдонуу зарылчылыгы жөнүндө маселелерди чечүүдө, учуу жана конууга байланышкан талаптар эске алынат.
107. Жардамчы УКТнын узундугу, УКТны колдонуу коэффициенти эң азында 95%га барабар болуп, башка УКТга же УКТларга кошумча катары бул УКТ керек болгон АКлар үчүн анын жетиштүүлүгү зарыл болгон учурлардан тышкары, негизги УКТлардын узундуктарындай эле аныкталат.
108. Аяккы токтотуу, тоскоолдуктары жок тилкелери бар УКТ. УКТга аяккы токтотуу тилкеси же тоскоолдуктары жок тилке кошулган учурларда, УКТнын 106 же 107-пунктту тийиштүү колдонуунун натыйжасында келип чыккан узундуктан кем болгон иш жүзүндөгү узундугу колдонулууга тийиш, мындай учурда УКТнын токтотуунун аяккы тилкеси жана тоскоолдуктары жок тилке менен бардык алдын ала каралган айкалыш, АКнын УКТ арналган учуп чыгуусу жана конуусу үчүн эксплуатациялык талаптарды сактоо мүмкүнчүлүгүнө жол берилет.
109. УКТнын туурасы төмөнкү таблицада көрсөтүлгөн тийиштүү чоңдуктан кем болуусу керек:
Код номери | Негизги шассинин тышкы дөңгөлөктөрүнүн ортосундагы аралык (OMGWS) | |||
4,5метрге чейин, бирок 4,5 метрди кошпогондо. | 4,5 метрден 6 метрге чейин, бирок 6 метри кошпогондо. | 6метрден 9 метрге чейин, бирок 9 метрди кошпогондо. | 9 метрден 15 метрге чейин, бирок 15 метрди кошпогондо. | |
1а | 18м | 18м | 23м | - |
2 а | 23м | 23м | 30м | - |
3 | 30м | 30м | 30м | 45м |
4 |
| - | 45м | 45м |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2026-жылдын 22-сентябрындагы № 13-21-16 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын
Транспорт жана коммуникациялар