Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин
2025-жылдын 9-июлундагы № 2 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин
2023-жылдын 21-августундагы № 3 буйругу
менен бекитилген
“Авиациялык атайын иштер” мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы №85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын структуралык бөлүктөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү системалаштырылган реестринин (тизмеги) 9-главасы, 16-пункту).
1. Жалпы жоболор
1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин (мындан ары – КР КМ) 99718 жана 23565 аскер бөлүктөрү тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Аталган кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин 2023-жылдын 21-августундагы № 2 “Авиациялык атайын жумуштар” мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын бекитүү жөнүндө” буйругунун талаптарына ылайык келет.
3. Кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен белгиленген негизги параметлер:
(1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү: суткасына 1 сааттан 8 саатка чейин, кызмат көрсөтүүнү алуучу тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин узартылышы мүмкүн.
(2) Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектүү документтердин тизмеги:
а) паспорт;
б) өздүк күбөлүк, аскердик билет;
в) ташылуучу жүктүн жана жүргүнчүлөрдүн тизмеси;
г) учуулардын графиги;