Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2007-жылдын 21-майы № 70
Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө
(КР 2011-жылдын 13-июлундагы № 94, 2012-жылдын 10-февралындагы № 6, 2012-жылдын 17-мартындагы № 23, 2023-жылдын 16-февралындагы № 32, 2023-жылдын 22-февралындагы № 36, 2025-жылдын 18-мартындагы № 59 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-глава
Жалпы жоболор
1-статья. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуучу предмети
Ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуунун жана токтотуунун шарттарынын жана тартибинин негиздерин белгилейт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандыгы менен байланыштуу башка маселелерин жөнгө салат.
2-статья. Кыргыз Республикасынын жарандык жөнүндө мыйзамдары
Кыргыз Республикасында жарандык Кыргыз Республикасынын Конституциясы, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдер, ушул Мыйзам жана ага ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары тарабынан жөнгө салынат.
(КР 2011-жылдын 13-июлундагы № 94 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-статья. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
Кыргыз Республикасынын жарандыгы - алардын өз ара укуктарынын жана милдеттеринин жыйындысынан көрүнгөн адамдын Кыргыз Республикасы менен туруктуу укуктук байланышы;
башка жарандык - Кыргыз Республикасынын жаранында бир чет мамлекеттин же бир нече чет мамлекеттердин жарандыгынын болушу;
(абзац КР 2023-жылдын 22-февралындагы № 36 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
чет элдин жараны - Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жана чет мамлекеттин жарандыгына өзүнүн таандык экендигинин далили бар адамдар;
жарандыгы жок адам - Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жана анын мыйзамдарына ылайык чет мамлекеттин жарандыгына таандыгы жок адам;
жашап турууга укук берүү - чет элдик жарандарга же жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасында туруктуу же убактылуу жашоого укук берүүчү документ;
арыз ээси - ишке жарамдуу, жашы жеткен Кыргыз Республикасынын жараны, чет өлкөнүн жараны же жарандыгы жок адам;
Кыргыз Республикасынын жарандыгына ээ болуунун же токтотуунун жалпы тартиби - жарандык маселелерин кароонун жана ушул Мыйзамда жеңилдик шарттары жайылтылган адамдарга карата Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселелери боюнча чечимдерди кабыл алуунун тартиби;
ыйгарым укуктуу органдар - жарандуулук маселелерин чечүүгө катышкан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары;
Кыргыз Республикасынын жарандыгына ээ болуунун же токтотуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби - ушул Мыйзамда жана мыйзамдарда белгиленген тартипте ратификацияланган эларалык келишимдерде каралган жеңилдик шарттары жайылтылган адамдарга карата жарандык маселелерин кароонун жана ал боюнча чечимдерди Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кабыл алуунун тартиби;
балдар - 18 жашка чейинки адамдар;
жарандыгы жок адамдын күбөлүгү - жарандыгы жок адамдын туруктуу жашаган мамлекетинде берилген, анын инсандыгын күбөлөндүрүүчү жана статусун ырастоочу документ.
(КР 2012-жылдын 10-февралындагы № 6, 2023-жылдын 22-февралындагы № 36, 2025-жылдын 18-мартындагы №59 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
4-статья. Кыргыз Республикасынын жарандыгынын принциптери
1. Кыргыз Республикасында ар бир адам жарандыкка укуктуу.
2. Кыргыз Республикасынын ар бир жараны өзүнүн жарандыгынан жана өзүнүн жарандыгын өзгөртүү укугунан ажыратылышы мүмкүн эмес.
3. Кыргыз Республикасы өз чегинен тышкаркы жерлерде өзүнүн жарандарын коргоого жана колдоого кепилдик берет.
4. Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын жарандыгына ээ болуу негиздерине жана тартибине карабастан Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык бирдей конституциялык укуктарга, эркиндиктерге жана милдеттерге ээ.
5-статья. Кыргыз Республикасынын жарандары
Кыргыз Республикасынын жарандары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө карата Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар адамдар;
2) ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган адамдар;
3) Кыргыз ССРинде төрөлгөн жана 1974-жылдын үлгүсүндөгү паспорту менен Кыргыз ССРнин же Кыргыз Республикасынын аймагында документтештирилген, туулгандан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жана башка мамлекеттин жарандыгына таандыктыгы жөнүндө арыз бербеген адамдар.
(КР 2025-жылдын 18-мартындагы № 59 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-статья. Башка жарандык
1. Башка жарандыгы да бар Кыргыз Республикасынын жараны, ушул Мыйзамда жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын жараны катары гана Кыргыз Республикасы тарабынан каралат.