Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2008-жылдын 5-апрели № 55
Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 168 , 2014-жылдын 18-февралындагы № 35 , 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам ишкердик ишти жөнгө салуунун негизги принциптерин аныктайт, ошондой эле ченемдик укуктук актыларды ушул Мыйзамга ылайык кайра кароонун жол-жоболорун белгилейт.
1-берене. Ишкердик ишти жөнгө салуу
1. Ушул Мыйзамда ишкердик ишти жөнгө салуу ишкерлерге жана алардын ишине карата укуктарды, милдеттерди жана талаптарды белгилөөнү, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдары менен ишкерлердин ортосундагы мамилелерди жөнгө салууну болжойт.
2. Жөнгө салуучу пилоттук чөйрө - колдонуудагы мыйзамдарды бузуу тобокелдигисиз чектелген чөйрөдө долбоорлорду тестирлөөгө мамлекеттик органдарга мүмкүндүк берүүчү инновациялык/жаңы долбоорлорду эксперимент тартибинде тестирлөө үчүн укуктук режим.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аймагында же бүткүл аймагында пилоттук жөнгө салуу долбоорун ("жөнгө салуучу пилоттук чөйрө" режимин) бир жылга чейинки мөөнөткө киргизүүгө укуктуу.
Пилоттук жөнгө салуу долбоорун жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Пилоттук жөнгө салуу долбоорун жүргүзүүнүн натыйжалары жөнүндө маалыматтын негизинде тиешелүү ченемдик укуктук акт кабыл алынат же ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү же ченемдик укуктук актыны күчүн жоготту деп таануу боюнча башка чаралар кабыл алынат.
(КР 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене. Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын кайра кароонун жана оптималдаштыруунун негизги принциптери
Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын кайра кароонун жана оптималдаштыруунун негизги принциптери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу процессинин үзгүлтүксүздүгү, ишкердик ишти мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды (мындан ары - ченемдик укуктук актылар) иштеп чыгууда жана аткарууда ачык-айкындык жана туруктуулук;
- ишкердик ишке кийлигишпөө, анын ичинде мыйзамда каралгандан башка учурларды эске албаганда аны токтотууга жол бербөө;
- мамлекеттик органдардын мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо боюнча функцияларын бөлүштүрүү;
- аткаруу бийлигинин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнгө салуучу таасирди талдоонун негизинде даярдалган негиздеме бербеген учурда ченемдик укуктук актыларды жокко чыгаруу;
- ишкердик иш чөйрөсүндө мыйзамдын кайсы бир жоболорун колдонууда күмөн пайда болгондо мыйзамдын түшүнүксүздүгүн ишкердик субъектинин пайдасына чечмелөө;
- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мыйзамда белгиленгенден башка акыларды белгилешине жана алышына жол бербөө;
- лицензияларды, уруксаттарды жана ишкердик ишке байланыштуу башка актыларды берүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана/же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдору менен аныкталгандан башка документтерди белгилөөгө жана талап кылууга жол бербөө;
- атаандаштыкты чектөөгө жана базарды монополизациялоого жол бербөө;
- ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу процессинин бардык этаптарына кызыкдар бизнес-шериктештиктердин өкүлдөрүнүн милдеттүү катышуусун камсыз кылуу;
- ар бир конкреттүү ченемдик акты менен ченемдик укуктук актылардагы өксүктөрдү жана карама-каршылыктарды табуу жана ишкердик ишти укуктук жөнгө салуунун натыйжалуулугун белгилөө максатында ишкердик ишти жөнгө салуучу колдонуудагы жана кабыл алынуучу ченемдик укуктук актылардын мониторингин өткөрүүнүн жана аларга баа берүүнүн туруктуу негизи, ачык-айкындуулугу жана объективдүүлүгү.