Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 179 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2008-жылдын 14-апрелиндеги № 58
Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө
(КР 2017-жылдын 20-июлундагы № 129, 2021-жылдын 29-ноябрындагы № 142, 2022-жылдын 30-июнундагы № 53, 2022-жылдын 12-июлундагы № 61 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам жеке маалыматтарды чогултууга, иштеп чыгууга жана пайдаланууга байланыштуу адамдын жана жарандын эркиндиги менен укуктарын коргоону камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен мыйзамдарына ылайык жалпы кабыл алынган эларалык ченемдердин жана принциптердин негизинде жеке маалыматтар менен иштөөнү укуктук жактан жөнгө салууга багытталган.
1-глава Жалпы жоболор
1-статья. Ушул Мыйзамдын максаттары
Ушул Мыйзамдын максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- жеке маалыматтар менен иш жүргүзүү чөйрөсүндө максаттуу багытталган мамлекеттик саясатты жандандыруу;
- жеке мүнөздөгү маалыматты пайдаланууда инсандын эркиндиги менен укуктарын коргоо жана ошол маалыматты коргоо;
- жеке мүнөздөгү маалымат менен иштөөнүн шарттарын аныктоо;
- мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ошондой эле юридикалык жактар тарабынан жеке мүнөздөгү маалыматтар массивдерин түзүү тартибин аныктоо;
- жеке мүнөздөгү маалыматтын субъекттеринин, ушундай маалымат массивдерин кармоочулардын (ээлеринин) жана алуучуларынын милдеттерин жана укуктарын аныктоо;
- жеке мүнөздөгү маалымат менен иш жүргүзүү тартибин жана мамлекеттик жөнгө салуу тариздерин, ошондой эле анын сакталышын камсыз кылуу шарттарын белгилөө.
2-статья. Ушул Мыйзамдын иштөө чөйрөсү