Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 114 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 29-апрелиндеги № 62 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум
өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аймактык шайлоо
комиссиясындагы системдик администратору жөнүндө
1. Жалпы жоболор
2. Системдик администратордун негизги милдеттери жана функциялары
3. Системдик администратордун укуктары жана милдеттери
4. Жоопкерчилик
5. Ишти уюштуруу
6. Ишти финансылоо
1. Жалпы жоболор
1.1. Ушул Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - БШК) аймактык шайлоо комиссиясындагы системдик администратору жөнүндө Жобо (мындан ары - Жобо) аймактык шайлоо комиссиясындагы системдик администратордун (мындан ары - системдик администратор) негизги милдеттерин, статусун, функцияларын, жоопкерчилигин аныктайт.
1.2. Ар бир аймактык шайлоо комиссиясында системдик администратордун кызмат орду "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык координациялык, уюштуруу-усулдук, материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну ишке ашыруу, ошондой эле шайлоочулардын, референдумун катышуучуларынын тизмелерин алып жүрүү, тактоо жана жаңылоо максатында уюштурулат.
1.3. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялар жөнүндө" жана "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык системдик администратор мамлекеттик кызматчы болуп эсептелинет.
1.4. Системдик администратор тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясындагы БШК аппаратынын кызматкери болуп саналат, ал кызмат ордуна атайын өкүлдүн сунуштамасы боюнча, системдик администратордун ишине кураторлук кылган бөлүмдүн жана аппарат жетекчисинин макулдашуусу менен БШКнын төрагасы тарабынан дайындалат жана бошотулат.