Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2008-жылдын 4-августу № 184
Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 14-июлундагы № 97, 2026-жылдын 17-июлундагы № 114 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам адамдын жашоо-турмушунун социалдык, саясий, экономикалык, маданий жана башка жааттарында ар башка жыныстагы адамдарга бирдей укуктар менен мүмкүнчүлүктөрдү көрсөтүү боюнча мамлекеттик кепилдиктерди белгилейт; эркектер менен аялдарды жыныстык белгиси боюнча басмырлоодон калкалоого чакырылган; эркектер менен аялдардын ортосундагы прогрессивдүү демократиялык мамилелерди бекитүүгө багытталган.
1-берене. Ушул мыйзамда колдонулган негизги түшүнүктөр
Гендер - ар башка жыныстагы адамдардын ээ болгон, социалдык жактан бекемделген жүрүм-туруму; саясатты, экономиканы, укукту, идеологияны, маданиятты, билим берүүнү жана илимди кошкондо, турмуштун бардык чөйрөлөрүндө көрсөтүлгөн эркектер жана аялдардын ортосундагы мамилелердин социалдык аспектиси.
Гендердик басмырлоо (тикелей, кыйыр) - жынысы боюнча адамдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын чектеген аргандай айырмалоо, өзгөчөлөө же артыкчылык берүү; коомдук турмуштун саясий, экономикалык, маданий, жарандык же аргандай башка жааттарында эркектердин жана аялдардын тең укуктуулугун таанууну, пайдаланууну, же жүзөгө ашырууну солгундатууга, же ажыратууга багытталган.
Гендердик саясат - ар башка жыныстагы адамдардын ортосундагы өзара мамилелерде теңчиликти орнотууга багытталган мамлекеттик, коомдук иш.
Гендердик статистика - социалдык-саясий турмуштун бардык чөйрөлөрүндөгү ар башка жыныстагы адамдардын тийиштүү абалын чагылдырган жана коомдогу гендердик маселелерди жана мамилелерди баяндаган статистика.
Гендердик экспертиза - улуттук мыйзамдардын мониторинги жана коомдук укуктук талдоо, ошондой эле аялдар жана эркектер үчүн аларда бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн, укуктардын, милдеттердин, жоопкерчиликтердин, теңөнөктөштүк мамилелердин жана теңчилик натыйжалардын сакталышына ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун баалоо, гендердик басмырлоону болтурбоо.
Гендердик өкүлчүлүк - кандайдыр бир уюмдун курамында аргандай жыныстагы адамдардын белгиленген катышта болушу.
Гендердик теңчилик - аялдардын жана эркектердин бирдей укуктук статусу жана аны жүзөгө ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрү, ал адамдарга жынысына карабастан жашоо-турмуштун саясий, экономикалык, эмгектик, социалдык, коомдук жана маданий чөйрөлөрүнө катышуу үчүн өз жөндөмдүүлүгүн эркин пайдаланууга мүмкүнчүлүк берилиши.
Гендердик тең укуктуулук - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жеңилдетүүчү жагдайлардан сырткары ар башка жыныстагы адамдардын мыйзам алдында укуктарынын, милдеттеринин жана жоопкерчиликтеринин теңдиги.
Гендердик индикаторлор - белгилүү бир мезгилдин аралыгында коомдо болуп жаткан гендердик-маанилүү өзгөрүүлөрдү жыйынтыктоо үчүн сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү пайдаланган көрсөткүчтөр же ченегичтер.
Гендердик мамилелер - карым-катнаш жүрүмүндө же биргелешкен ишмердигинин аргандай түрлөрүн жүзөгө ашыруу учурунда ар башка жыныстагы адамдардын ортосундагы жүрүм-турумдун жана мамилелердин мүнөзү.
Гендердик стереотиптер - тиешелүү мезгилде тиешелүү коом үчүн эркек менен аялдын ортосундагы айырмачылыктар жөнүндө туруктуу түшүнүктөр.