Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР 2023-жылдын 31-майындагы N 114 Конституциялык Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары

2008-жылдын 15-октябры № 213

 

                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

           "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө"

           Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана

                     толуктоолор киргизүү тууралу

 

     1-берене.

 

     "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республи-

касынын  Мыйзамына  (Кыргыз  Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы,

2004-ж.,  № 12, 531-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор кирги-

зилсин:

     1. Преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

     "Ушул Мыйзам  Кыргыз  Республикасынын Эсептөө палатасынын статусун

максаттарын, милдеттерин,  принциптерин, функциясын, ыйгарым укуктарын,

укуктарын жана милдеттерин аныктайт.".

     2. 1-статьяда:

     1-3-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

     "Мамлекеттик аудит  -  аудит  боюнча  мамлекеттик бийлик органынын

мамлекеттик ресурстарды (финансылык,  материалдык ж.б.) башкаруу боюнча

ишмердиги, анын максаты мамлекеттик каражаттарды жана мүлктү пайдалану-

унун натыйжалуулугу,  финансылык отчет түзүүнүн жана бухгалтердик  эсеп

жүргүзүүнүн  тууралыгы, финансылык  тартип бузуулардын алдын алуу болуп

эсептелет.

     Аудит - көз карандысыз жана кесипкөй баа берүү,  ошондой эле аудит

жүргүзүүчү субъект тарабынан даярдалган маалыматтын тууралыгы жана ише-

нимдүүлүгү жөнүндө отчет берүү.

     Аудиттин түрлөрү - финансы аудити, шайкеш келүү аудити жана натый-

жалуулук аудити.

     Финансы аудити - аудиторго бардык финансы отчеттуулугу мыйзам  та-

лаптарына жана бухгалтердик стандарттарга ылайык даярдалгандыгы жөнүндө

пикирин билдирүүгө мүмкүндүк берген аудит объектинин финансы  отчеттуу-

лугун жана эсепке алуу системасын изилдөө жана талдоо.

     Шайкеш келүү аудити - аудит объекти тарабынан анын ишин жөнгө сал-

ган мыйзамдарды сактоосуна баа берүү.

     Натыйжалуулук аудити  -  аудит  объектинин  ишинин   үнөмдүүлүгүн,

өндүрүмдүүлүгүн жана натыйжалуулугун изилдөө жана талдоо.

     Тышкы аудит - ички аудиттин натыйжалуулук аудитин кошкондо  Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн отчет берүүсүнө, анын ишинин натыйжалуулугуна

аудит жүргүзүүгө чакырылган мамлекеттик аудиттин жогорку органынын  көз

карандысыз функциясы.

     Ички аудит  - ички контроль системасынын адекваттуулугуна жана на-

тыйжалуулугуна, финансылык  жана башкаруучулук маалыматтын ишенимдүүлү-

гүнө жана  тууралыгына,  ишмердиктин жана башкаруунун натыйжалуулугуна,

үнөмдүүлүгүнө жана эффективдүүлүгүнө, активдердин сакталышына жана Кыр-

гыз Республикасынын  мыйзамдарынын  сакталышына талдоону, баалоону жана

мониторингди өзүнө  камтыган ички аудит объектисинин ичинде аткарылуучу

көз карандысыз жана калыс функция.

     Алдын ала  изилдөө - аудит жүргүзүүгө ыйгарым укук алынганга чейин

статистикалык, финансылык жана бухгалтердик отчетторду алуу;";

     Статья төмөнкүдөй мазмундагы 9-бөлүк менен толукталсын:

     "Финансы дисциплинасы - экономикалык иштин бардык субъекттери жана

алардын  кызмат адамдары үчүн мамлекеттик каражаттарды пайдалануу менен

байланыштуу болгон милдеттүү тартип.";

     9-бөлүк 10-бөлүк деп эсептелсин.

     3. 3-статьяда:

     статьянын аталышындагы  "жана  анын  аймактык  бөлүмдөрүнүн" деген

сөздөр алып салынсын;

     статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:

     "Эсептөө палатасы өз ишинде  Кыргыз  Республикасынын  Президентине

жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине отчет берет.".

     4. 4-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

     "4-статья Эсептөө палатасынын ишинин максаты

 

     Эсептөө палатасынын ишинин негизги максаты аудит жана аудиттин на-

тыйжалуулугу: республикалык бюджеттин аткарылышына, жергиликтүү бюджет-

ти, бюджеттен тышкаркы жана атайын каражаттарды түзүүгө жана аткарууга,

мамлекеттик  жана муниципалдык менчикти пайдаланууга баа берүү,  мамле-

кеттик аудиттин эл аралык стандарттарын камсыз кылуу жана  ишке  ашыруу

болуп саналат.".

     5. 5-статьяда:

     2-бөлүгүндөгү "мекемелеринин" деген сөздөн кийин "мамлекеттик" де-

ген сөз менен толукталсын;

     4-бөлүктөгү "33  пайыз  жана  андан ашыкты" деген сөздөр "10 пайыз

жана андан ашыкты" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

     6. 7-статьяда:

     1-8-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

     "1) жергиликтүү жана республикалык бюджетти аткарууга, мамлекеттик

бюджеттин киреше бөлүгүн аткарууда салык жана бажы кызматтарынын  ишине

аудит;

     2) мамлекеттик жана муниципалдык менчикти пайдаланууга аудит;

     3) мамлекеттик  жана/же  муниципалдык менчикке катышууда чоњ үлүшү

бар мекемелердин жана уюмдардын ишине аудит;

     4) бюджеттик эмес каражаттарды пайдаланууга аудит;

     5) каражаттарды республикалык же  жергиликтүү  бюджеттерден  алган

жеке  менчик  же менчиктин башка түрүндөгү мекемелердин жана уюмдардын,

аталган каражаттарга карата гана, ишине аудит;

     6) Кыргыз  Республикасынын  мамлекеттик  ички жана тышкы карызынын

абалына жана аны тескөөгө аудит;

     7) мамлекеттик  бийлик органдарынын жана башка уюмдардын суроо-та-

лаптарына корутундуларды, жоопторду берүү үчүн аудит;

     8) козголгон  кылмыш  иштери  боюнча  укук коргоо органдарынын су-

роо-талаптарына, ошондой эле соттордун жана Омбудсмендин (Акыйкатчынын)

токтомдоруна корутундуларды, жоопторду берүү үчүн менчигинин түрүнө ка-

рабастан мекемелердин жана уюмдардын ишине аудит;";

     статья төмөнкүдөй мазмундагы 14-16-пункттар менен толукталсын:

     "14) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эсептерин тейлөө боюнча опе-

рацияларды жүзөгө ашырууга,  республикалык бюджетке чегерилүүчү пайданы

эсептөөнүн тууралыгы бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын  Улуттук  банкына

аудит;

     15) коммерциялык банктар жана  башка  финансы-кредиттик  мекемелер

тарабынан  республикалык  жана жергиликтүү бюджеттерди тейлөө бөлүгүндө

аларга аудит;

     16) өткөрүлгөн аудиттердин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын

Президентине жана Кыргыз Республикасынын  Жогорку  Кењешине  сунуштарды

киргизүү.".

     7. 8-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

     "8-статья. Эсептөө палатасынын ыйгарым укуктары

 

     1. Эсептөө палатасы төмөнкүлөргө укуктуу:

     1) белгиленген статистикалык,  финансылык жана бухгалтердик отчет-

туулукка алдынала изилдөөлөрдү жүргүзүүгө;

     2) ушул Мыйзамдын 7-статьясында көрсөтүлгөн багыттар боюнча  аудит

жүргүзүүгө  жана жыйынтыктары боюнча аудит жөнүндө отчет жана башка от-

четторду берүүгө;

     3) аудит объектисинин ишине тиешелүү корутундуларды берүүгө;

     4) ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, аудит объекттерине

милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон жазма буйрук берүүгө;

     5) Кыргыз  Республикасындагы бардык мамлекеттик бийлик жана жерги-

ликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, Кыргыз Республикасынын Улуттук

банкынан, менчигинин  түрүнө  карабастан  мекемелерден  жана  уюмдардан

Эсептөө палатасынын  ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон суралуучу маа-

лыматтарды белгиленген  мыйзамдын чектеринде алууга. Кыргыз Республика-

сынын Улуттук  банкы, банктар жана башка кредиттик-финансылык мекемелер

Эсептөө палатасынын  суроо-талабы  боюнча жана "Банктык жашырын сыр жө-

нүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипке ылайык эгер-

де алар республикалык же жергиликтүү бюджеттерден каражат алышса, кото-

рушса, пайдаланышса  же  мамлекеттик  менчикти пайдаланышса, же болбосо

аны башкарышса, ошондой эле улуттук мыйзамдар же мамлекеттик бийлик ор-

гандары тарабынан  берилген  салыктык, бажылык жана башка жењилдиктерге

жана артыкчылыктарга  ээ  болушса операцияларга жана аудит жүргүзүлүүчү

объекттердин эсептеринин абалына зарыл болгон документтик ырастоону бе-

рүүгө тийиш;

     6) акчанын  өз  учурунда  келип түшүүлөрүнө,  мыйзамдуу бекитилген

көрсөткүчтөр менен салыштырганда республикалык бюджетти аткаруу процес-

синде бюджеттик ассигнованиелерди иш жүзүндө чыгымдоого ыкчам контролду

ишке ашырууга,  четтеп кетүүлөрдү  жана  тартип  бузууларды  аныктоого,

аларга талдоо жүргүзүүгө, аларды четтетүү боюнча сунуштарды киргизүүгө.

     2. Эсептөө палатасынын төмөнкүлөргө укугу жок:

     1) аудит объекттеринин саясый максаттарын илгерилетүүгө;

     2) аудит объектисинин кызмат адамдарына жана кызматкерлерине адми-

нистрациялык жана башка санкцияларды колдонууга.".

     8. 9-статьяда:

     1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын

     "Эсептөө палатасы Эсептөө палатасынын төрагасынан, үч аудиторунан,

аппаратынан жана анын аймактык бөлүмдөрүнөн түзүлөт.";

     2-бөлүк алып салынсын;

     3-бөлүктө:

     - "бекитилет" деген сөз "түзүлөт" деген сөз менен алмаштырылсын;

     - бөлүк  төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:  "Эсептөө

палатасынын түзүмү жана штаттык расписаниеси бекитилген бюджеттин  жана

штаттык  сандын  чегинде Эсептөө палатасынын төрагасы тарабынан бекити-

лет.".

     9. 11-статьяда:

     1 жана 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

     "Эсептөө палатасы  өз  ишин  стратегиялык,  жылдык  жана утурумдук

пландардын негизинде  жүргүзөт,  алар Эсептөө палатасынын ишинин бардык

багыттарын эске алуу менен мамлекеттик аудитти жүзөгө ашыруу зарылчылы-

гынан улам түзүлөт.

     Эсептөө палатасынын  иш планына Кыргыз Республикасынын Президенти-

нин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин, анын профилдик Комитети-

нин тапшырмалары,  ошондой  эле  Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн су-

роо-талаптары киргизилет. Эсептөө палатасынын жана анын аймактык бөлүм-

дөрүнүн иш планы Эсептөө палатасынын Кењешинде бекитилет.";

     3-бөлүктөгү "жүргүзүлгөн"  деген  сөз "кабыл алынган" деген сөздөр

менен алмаштырылсын;

     статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:

     "Пландан тышкаркы  контролдук  иш-чаралар  Кыргыз  Республикасынын

Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин тапшырмаларынын

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн,  ошондой эле козголгон кылмыш  иштери

боюнча укук коргоо органдарынын жетекчилеринин суроо-талаптарынын неги-

зинде жүргүзүлөт.".

     10. 12-статьяда:

     1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

     "Эсептөө палатасынын  жогорку  органы болуп жети адамдан:  Эсептөө

палатасынын төрагасынан  жана  аудиторлорунан,  Кыргыз  Республикасынын

Президентинин  бир өкүлүнөн жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-

нин эки депутатынан турган Эсептөө палатасынын Кењеши саналат.";

     5-бөлүктө:

     - 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

     "1) стратегиялык,  жылдык  жана утурумдук иш пландарды карайт жана

бекитет;";

     - 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

     "3) аудиторлордун,  топтордун жана аймактык бөлүмдөрдүн жетекчиле-

ринин аудит жана натыйжалуулук аудити жөнүндө отчетторунун долбоорлорун

угат;";

     - 6-пунктундагы "иштеп чыгат жана" деген сөздөр алып салынсын;

     - 7-пунктундагы "Аудитордун" деген сөз алып салынсын;

     - 8 жана 9-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

     "8) Эсептөө палатасынын бюджетинин долбоорун бекитет;

     9) Эсептөө   палатасынын   аппаратынын,   түзүмдүк  жана  аймактык

бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин отчетторун угат;".

     11. 14-статьянын  3-бөлүгү  "бюджеттин"  деген  сөздөн кийин "жана

гранттардын" деген сөздөр менен толукталсын.

     12. 16-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

     "Жогорку билимдүү жана мамлекеттик башкаруу,  аудит жана контроль,

экономика,  финансы жана укук жаатында 15 жылдан кем эмес кесиптик таж-

рыйбасы бар Кыргыз Республикасынын жараны Эсептөө палатасынын  төрагасы

боло алат."

     13. 17-статьянын 1-бөлүгүндө:

     бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 1 жана 2-пункттар менен толукталсын:

     "1) Кыргыз Республикасынын Президентине Эсептөө палатасынын  ауди-

торунун кызмат ордуна талапкерлер боюнча сунуш киргизет;

     2) бекитилген бюджеттин жана штаттык сандын чегинде Эсептөө  пала-

тасынын түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитет;";

     1-6-пункттар тиешелүү түрдө 3-8-пункттар деп эсептелсин;

     бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 9-пункт менен толукталсын:

     "9) текшерүүдө табылбаган тартип бузуулар  жөнүндө  күбөлөндүрүүчү

документтер  аныкталганда  кайра текшерүү жүргүзүү жөнүндө маселени че-

чет;";

     7 жана  8-пункттар тиешелүү түрдө 10 жана 11-пункттар деп эсептел-

син;

     9-пункт 12-пункт  деп  эсептелсин жана төмөнкүдөй редакцияда баян-

далсын:

     "12) аудитти  жана натыйжалуулук аудитин өткөрүү мөөнөттөрүн узар-

тат аудиттердин жыйынтыктары боюнча айрым отчетторду карап чыгуу  чечи-

мин кабыл алат;";

     10-14-пункттар тиешелүү түрдө 13-17-пункттар деп эсептелсин.

     14. 18-статьянын  2-пунктунун  6-пунктчасындагы "Аудитордун" деген

сөз алып салынсын.

     15. 20-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

     "Жогорку билимдүү жана мамлекеттик аудит жана контроль, экономика,

финансы  жана  укук жаатында 10 жылдан кем эмес кесиптик тажрыйбасы бар

Кыргыз Республикасынын жараны Эсептөө палатасынын аудитору боло алат."

     16. 21-статьяда:

     2-пункту алып салынсын;

     3-6-пункттары тиешелүү түрдө 2-5-пункттар деп эсептелсин;

     4-пунктундагы "мурда" жана "бул жолку" деген сөздөр алып салынсын;

     5-пунктундагы "компьютерлер  убактылуу  алып  коюлат" деген сөздөр

"компьютерлерди убактылуу алып коюу сунуш кылынат" деген  сөздөр  менен

алмаштырылсын;

     7 жана 8-пункттар 6 жана 7-пункттар деп эсептелип,  төмөнкүдөй ре-

дакцияда баяндалсын:

     "6) иштин башкаруу багыттары боюнча аудиттин  материалдарын  кабыл

алуу үчүн жооптуу болуп дайындалууга;

     7) башкаруу багыттарына иштин жыйынтыгы боюнча отчетко кол  коюуга

өзгөчө укугу бар;";

     статья төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:

     "8) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин,  анын комитеттеринин

жана комиссияларынын жыйналыштарына жана сессияларына Кыргыз  Республи-

касынын Өкмөтүнүн жыйналыштарына катышат.".

     17. 22-статьянын 2-бөлүгүндө:

     бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 1-пункт менен толукталсын:

     "1) Кыргыз Республикасынын Эсептөө  палатасынын  Кењеши  тарабынан

аныкталуучу Эсептөө палатасынын ишинин белгиленген багыттары үчүн;";

     1-6-пункттар тиешелүү түрдө 2-7-пункттар деп эсептелсин;

     6-пункттагы "Аудитордун" деген сөз алып салынсын.

     18. 24-статьяда:

     статьянын аталышындагы  "Эсептөө  палатасынын"  деген сөздөн кийин

"аппаратынын жана" деген сөздөр менен толукталсын;

     1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

     "1. Жогорку  билимдүү жана мамлекеттик аудит жана контроль, эконо-

мика, финансы  жана укук жаатында 7 жылдан кем эмес кесиптик тажрыйбасы

бар Кыргыз  Республикасынын жараны Эсептөө палатасынын аппаратынын жана

аймактык бөлүмүнүн жетекчиси боло алат.";

     2-пункту "Эсептөө палатасынын" деген сөздөн кийин "аппаратынын жа-

на" деген сөздөр менен толукталсын;

     статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:

     "3. Аппараттын жетекчиси аппараттын ишине жетекчиликти ишке ашырат

жана анын ишин уюштурат,  Эсептөө палатасынын төрагасынын тапшырмаларын

аткарат.";

     3 жана 4-пункттар тиешелүү түрдө 4 жана 5-пункттар деп эсептелсин;

     4-пункта;

     - 2-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

     "2) аймактык бөлүмдүн иш планын иштеп чыгат жана Эсептөө палатасы-

нын Кењешине сунуш кылат;";

     - 5-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

     "5) аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлери тарабынан өткөрүлгөн аудит-

тер жөнүндө отчетторго кол коет;";

     5-пунктта:

     - 3-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

     "3) Эсептөө палатасынын аймактык бөлүмүнүн компетенциясынын  алка-

гында даярдалган аудит жөнүндө отчетторду жана башка отчетторду Эсептөө

палатасына берүүгө;";

     - пункт төмөнкүдөй мазмундагы 5-пунктча менен толукталсын:

     "5) Эсептөө палатасынын төрагасы менен макулдашып  айрым  аудиттер

боюнча отчеттордун долбоорлорун Эсептөө палатасынын Кењешинин карап чы-

гуусуна киргизүүгө;";

     - 5-пунктча 6-пунктча деп эсептелсин.

     19. 25-статьяда:

     статьянын аталышында  жана  текстинде "адистер" деген сөз "кызмат-

керлер" деген сөз менен алмаштырылсын;

     1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

     "1. Мамлекеттик аудит жана контроль,  экономика, финансы жана укук

жаатында 5 жылдан кем эмес кесиптик тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасы-

нын жараны Эсептөө палатасынын кызматкери боло алат.";

     - 2-бөлүгүндө:

     - 3-пунктундагы "финансы контролун жүзөгө ашырган органдар"  деген

сөздөр "салык жана бажы органдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

     - 5-пунктундагы "Кењешине" деген сөз "төрагасына" деген сөз  менен

алмаштырылсын;

     - бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:

     "6) аудитти  жүргүзүүгө  отчетко кол коюу укугу менен аны жүргүзүү

үчүн топтун жетекчиси болуп дайындалууга.";

     статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:

     "Эсептөө палатасынын кызматкери, эгерде төмөндөгүлөр орун алса ау-

дитти же натыйжалуулук аудитин жүргүзүүгө укугу жок:

     1) аудит объектисинин жетекчисинин, уюштуруучусунун же кызматкери-

нин жакын тууганы болсо;

     2) аудит объектисине таандык болгон жеке  мүлктүк  кызыкчылыктарга

ээ болсо;

     3) аудитке алынып жаткан мезгил аралыгында аудит объектисинин кыз-

маткери болгон учурда.".

     20. 28-статьяда:

     статьянын аталышында  жана  текстинде  "аудитор" деген сөздөр алып

салынсын;

     статья төмөнкү мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:

     "Эсептөө палатасынын төрагасы, аудиторлору кызматка дайындалгандан

кийин  Кыргыз  Республикасынын Жогорку Кењешинин жыйналышында ант бери-

шет:

     "Мен,..... Кыргыз  Республикасынын  Эсептөө  палатасынын  төрагасы

(аудитору)  кызматына  киришүү  менен  Кыргыз  Республикасына  ак  ниет

иштөөгө, Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоо-

го,  өз милдетимди мамлекеттин жана кыргыз элинин кызыкчылыгында ак-ни-

ет,  так жана кесипкөйлүк менен аткарууга ант беремин. Эгерде ушул бер-

ген антымды бузсам Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын алдында жоопкерчи-

лик  тартам.".  Эсептөө  палатасынын  кызматкерлери Эсептөө палатасынын

Кењешинде ант беришет.";

     2-бөлүк 3-бөлүк деп эсептелсин.

     21. 36-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

     "Аудитти жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктар Кыргыз Республикасы-

нын мыйзамдарына ылайык атайын каражаттардын эсептери түзүлгөн  ишкана-

лардын,  уюмдардын жана бирикмелердин ушул каражаттарга аудит бөлүгүндө

кирешелерине жана чыгашаларына таркатылат.".

     22. 44   жана  45-статьялардагы  "мамлекеттик  секторлордо"  деген

сөздөр алып салынсын.

     23. 55-статьянын 1-бөлүгүндөгү "жана аудиттин натыйжалуулугун" де-

ген сөздөр алып салынсын.

     24. 60-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

     "60-статья. Атайын отчеттор

 

     Эсептөө палатасы өзгөчө маанилүү же шашылыш маселе  боюнча  Кыргыз

Республикасынын  Президенти  жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши

үчүн атайын отчет даярдайт.".

     25. 62-статьяда:

     4-бөлүктө "басылмаларды" деген сөздөн кийин "атайын  ушул  максат-

тарга  республикалык  бюджеттен  бөлүнүп  берилген  каражаттарга" деген

сөздөр менен толукталсын.

     26. 63-статьяда:

     1-бөлүктө "бюджеттен" деген сөздөн кийин "жана  башка  каражаттар-

дан" деген сөздөр менен толукталсын;

     2-бөлүктөгү "бюджет боюнча комитетине" деген сөздөр "профилдик ко-

митетине" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

     27. 64-статьяда:

     "бюджет боюнча комитетине" деген сөздөр "профилдик комитетине" де-

ген сөздөр менен алмаштырылсын;

     статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:

     "Материалдык-техникалык базаны чыњдоо, кызматкерлердин потенциалын

жогорулатуу  жана  аудитордук  иштин жогорку көрсөткүчтөргө жетишүүсүнө

өбөлгө түзүү үчүн Эсептөө палатасын күтүүгө кеткен чыгашалардын  сумма-

сынын  10  пайыз  өлчөмүндө атайын фонд түзүлөт.  Бул фондду пайдалануу

тартиби Эсептөө палатасынын тиешелүү Регламенти тарабынан  жөнгө  салы-

нат.".

     28. 68-статья алып салынсын.

 

     2-берене.

 

     Ушул Мыйзам расмий  жарыяланган  күндөн  тартып  10  күндөн  кийин

күчүнө кирет.

 

     Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев