Загрузка документа…
КР 2024-жылдын 12-январындагы № 14 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2008-жылдын 17-декабры № 263
Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө
(КР 2016-жылдын 6-июлундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Ушул Мыйзамдын максаты болуп балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана пропагандалоо, балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингин жөнгө салуу жолу менен балдардын, атап айтканда ымыркайлардын жана кенже курактагы балдардын ден-соолугун сактоо саналат.
1-берене. Ушул Мыйзамдын колдонулуш чөйрөсү
Ушул Мыйзам эмчек эмизип багууну коргоо жана пропагандалоо, ошондой эле балдарды жасалма тамактандыруу азыктарын жана каражаттарын таратуу жана жайылтуу жагында мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жактардын жана жарандардын ортосундагы мамилелерди жөнгө салат.
2-берене. Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана пропагандалоо жагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары ушул Мыйзамдан, Баланын укуктары жөнүндө Конвенциядан, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.
Эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде жана макулдашууларында ушул Мыйзамда каралгандан башка эрежелер белгиленсе, ошол келишимдердин жана макулдашуулардын эрежелери колдонулат.
3-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр жана аныктамалар
Балдардын тамак-аш аралашмасы - ымыркайларды жана кенже курактагы балдарды тамактандырууга арналган, жаныбар же өсүмдүк тегиндеги өнөр жай өндүрүшүндө жасалган сапаты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга жооп берген сүт же сүт сыяктуу тамак-аш азыгы.
Кенже курактагы балдар - он эки айдан эки жашка чейинки курактагы балдар.
Ымыркай - он эки айга чейинки курактагы бөбөк.