Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 9-февралы № 43
Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей
аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик
кызматтар жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-июнундагы № 79, 2014-жылдын 11-январындагы № 2, 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 152, 2015-жылдын 8-апрелиндеги № 73, 7 августа 2015 года № 221, 2016-жылдын 26-мартындагы № 29, 2016-жылдын 30-июлундагы № 158, 2016-жылдын 23-декабрындагы № 217, 2017-жылдын 28-июлундагы № 162, 2017-жылдын 1-декабрындагы № 196 (1), 2017-жылдын 1-декабрындагы № 197 (2), 2018-жылдын 5-июнундагы № 60 , 2019-жылдын 17-майындагы № 64 , 2019-жылдын 18-июлундагы № 94, 2020-жылдын 29-июлундагы № 100, 2021-жылдын 15-январындагы № 6, 2021-жылдын 6-апрелиндеги № 47, 2022-жылдын 1-декабрындагы № 114 , 2023-жылдын 14-июлундагы № 137, 2023-жылдын 7-августундагы № 164, 2024-жылдын 31-декабрындагы № 209, 2026-жылдын 20-февралындагы № 17, 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Жарандарды аскердик кызматка даярдоо
3-глава. Аскердик каттоо. Жарандарды алгачкы аскердик каттоого коюу
4-глава. Жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакыруу
5-глава. Жарандардын контракт боюнча аскер кызматына келиши
6-глава. Аскердик кызматты өтөө
7-глава. Альтернативдик кызматка чакыруу жана өтөө
8-глава. Чакыруунун мөөнөтүн узартуу жана бошотуу
9-глава. Запаста туруу
10-глава. Ушул мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
11-глава. Ушул мыйзамды аткаруу менен байланышкан иш-чараларды материалдык-техникалык жактан камсыздоо
12-глава. Жыйынтыктоочу жана өтмө жоболор
Ушул Мыйзам Кыргыз Республиканын жарандарынын конституциялык парзын жана Мекенди коргоо боюнча милдетин ишке ашыруу максатында аскердик милдетке, аскердик жана альтернативдик кызматка тийешелүү болгон коомдук мамилелерди жөнгө салат.
Мекенди коргоо - Кыргыз Республикасынын жарандарынын ыйык парзы жана милдети.
Мекенге чыккынчылык кылуу Кыргыз Республикасынын элинин алдында абдан оор кылмыш болуп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын жарандары расасына, тилине, этностук таандыктыгына, саясий же башка ынанымдарына, билимине, тегине, мүлктүк же башка абалына, ошондой эле башка жагдайларга карабастан Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүмдөрүндө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда аскердик кызмат өтөөгө милдеттүү.
(Преамбула Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-июнундагы № 79, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр, расмий тилде.
1-глава Жалпы жоболор
1-берене. Ушул мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат:
альтернативдик кызмат - Кыргыз Республикасынын жарандарына алардын диний ынанымдарын, ден соолугунун абалын, үй-бүлөлүк абалын же коомдук пайдалуу жумуштарды аткарууну каалоосун эске алуу менен мөөнөттүү аскердик кызматтын ордуна берилүүчү кызматтын түрү;
жалпыга бирдей аскердик милдет - Кыргыз Республикасынын жарандарынын Мекенди коргоо боюнча конституциялык парзы жана милдети;
аскердик кызмат - жарандардын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүмдөрүндө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда жалпыга тиешелүү аскердик милдетин аткаруусу боюнча мамлекеттик кызматтын өзгөчө түрү;
контракт боюнча аскердик кызмат - жарандардын Мекенди коргоо боюнча милдетин ыктыярдуу аткарууга негизделген аскердик кызмат;
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү - "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган милдеттерди аткарууга арналган мамлекеттик аскердик уюм;
аскердик жыйындар - аскер кызматчыларынын аскердик даярдыгын, аскердик билимин жана көндүмдөрүн өркүндөтүү боюнча, ошондой эле аскерге милдеттүүлөрдүн күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгын жогорулатуу же текшерүү максатында аскердик бөлүктөргө чакыруу менен Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө жана башка аскердик түзүлүштөрүндө өткөрүлүүчү иш чаралар;
аскердик каттоо - аскерге милдеттүүлөрдү, чакыруу жана мобилизациялык ресурстарды каттоо жана анализдөө системасы;
аскерге милдеттүүлөр - запаста турган жана аскердик кызматта болуунун чектик курагына жеткенге чейин аскердик каттоодо турган жарандар;
тарбиялануучулар - жалпы, орто, техникалык жана кесиптик билим берүү уюмдарында аскердик даярдык боюнча кошумча билим берүү программасы менен окуп жаткан жарандар;
аскер кызматы каралган мамлекеттик органдар - Аскер прокуратурасы, жазык-аткаруу тутумунун маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмчөлөрү;
башка аскердик түзүмдөр - улуттук коопсуздук, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу, мамлекеттик күзөт маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын бөлүмчөлөрү, ички иштер маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ички аскерлери;
аскерге чакырыла электер - он алты жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы эркек жынысындагы жарандар;
жаштарды аскерге чакырууга чейинки даярдоо - аскердик иштин негизи жана адамдын коопсуздугун жана турмуштук аракеттерин камсыздоо боюнча окутуунун милдеттүү предмети (окуу дисциплинасы);
аскерге милдеттүүлөрдүн запасы (запас) - аскерге милдеттүүлөрдү аскер комиссариаттарында алар аскердик кызматта болуунун чектик курагына жеткенге чейин аскердик каттоодо тутуу;
алгачкы аскердик каттоого коюу боюнча комиссия - жарандарды алар он алты жаш куракка чыккан жылы аскердик каттоого коюу мезгилинде түзүлүүчү комиссия;
курсанттар - окуу бөлүктөрдө (борборлордо), жогорку аскердик окуу жайларда окуп жаткан жоокерлик жана сержанттык курамдагы аскер кызматчылар;
аскер кызматына чакыруу боюнча иш-чаралар - чакыруу кагазын жиберүү жана алуу, райондук (шаардык) аскер комиссариатынын чакыруусу, чакыруу боюнча комиссиядан өтүү, милдеттүү медициналык күбөлөндүрүү, жыйноо пункттарында аскер бөлүктөрүн комплекттөө үчүн аскердик командаларды түзүү, Куралдуу Күчтөрдүн, башка аскердик түзүмдөрдүн жана мыйзамда аскер кызматы каралган мамлекеттик органдардын аскер бөлүктөрүнө жөнөтүү;
мобилизациялык ресурс - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн согуш мезгилине карата комплектилөө үчүн пландалуучу, аскердик каттоодо турган аскерге милдеттүүлөр жана чарбалык субъекттердин техникасы;
мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруу наряды - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын керектөөсүнө ылайык аныкталуучу, мөөнөттүү аскердик кызматка чакырыла турган чакырылуучулардын саны;
коомдук пайдалуу жумуш - альтернативдик кызматтын кызматчысы тарабынан анын негизги жумушунан же окуусунан бош убактысында коомдун жана мамлекеттин пайдасына акысыз жумушту аткаруусу, бул жумуштун түрү аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан аныкталат;
аскерге милдеттүү эместер - аскердик-дарыгердик комиссия, чакыруу комиссиясы же аскердик каттоого алгачкы коюу боюнча комиссия тарабынан аскердик кызматка жараксыз деп табылып, аскердик каттоодон чыгарылган жарандар;
мөөнөттү кийинкиге калтыруу - ушул Мыйзамда каралган негиздер боюнча жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу;
отставка - аскер кызматчыларын запаска өткөрбөстөн аскердик кызматтан бошотуу;
чакыруу - жарандарды ушул Мыйзамда белгиленгендей аскердик милдетти аткарууга чакыруу;
запаста туруу - аскерге милдеттүлөрдүн аскердик каттоо менен байланышкан милдеттерди аткаруусу;
чакыруу комиссиясы - жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу мезгилинде түзүлүүчү комиссия;
угуучулар - окуу бөлүктөрдө (борборлордо), жогорку аскердик окуу жайларда окуп жаткан офицердик курамдагы аскер кызматчылары;
аскерге чакырылуучулар - он сегизден жыйырма беш жашка чейинки курактагы, райондук (шаардык) аскер комиссариаттарында аскердик каттоодо турган, мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакырылууга тийиш болгон эркек жынысындагы жарандар;
жыйноо пункту - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, мыйзамда аскердик кызмат каралган башка аскердик түзүлүштөрүнө жана мамлекеттик органдарына аскердик кызматка (анын ичинде мобилизациялоодо) чакырылуучу жарандардын ичинен командаларды калыптоочу жана жөнөтүүчү пункт;
мөөнөттүү аскердик кызмат - жарандарды Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, башка аскердик түзүмдөрүнө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына ушул Мыйзам менен аныкталган тартипте милдеттүү чакырууга негизделген аскердик кызматы;
(абзац КР 2012-жылдын 9-июнундагы № 79 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-июнундагы № 79, 2016-жылдын 30-июлундагы № 158, 2016-жылдын 23-декабрындагы № 217, 2017-жылдын 1-декабрындагы № 196 (1), 2019-жылдын 18-июлундагы № 94, 2023-жылдын 7-августундагы № 164, 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоор, тексттеги айрым сөздөргө дал келбейт.
2-берене. Жалпыга бирдей аскердик милдеттин укуктук негизи
Жалпыга бирдей аскердик милдеттин укуктук негизи болуп Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана башка укуктук нормативдик актылары, анын ичинде Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер жана макулдашуулар эсептелет.
3-берене. Аскердик кызмат
1. Аскердик кызмат - жарандардын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүмдөрүндө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда аскердик милдетти аткарууга багытталган мамлекеттик кызматтын өзгөчө түрү.
Он тогуздан кырк жашка чейинки курактагы аялдар, Кыргыз Республикасынын жарандары тынчтык убакытта аскердик каттоого алынышы мүмкүн.
2. Аскердик кызмат өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
чакыруу боюнча аскердик кызмат;
контракт боюнча аскердик кызмат.
Чакыруу боюнча аскердик кызматка төмөнкүлөр кирет:
мөөнөттүү аскердик кызмат;
(абзац КР 2012-жылдын 9-июнундагы № 79 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
ушул Мыйзамдын 20-беренесинин үчүнчү абзацына ылайык чакырылган офицерлердин кызматы;
согуш мезгилинде мобилизация жарыялангандагы кызмат;
аскердик жыйындарды өтүүдөгү кызмат, анын ичинде запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдоо предметтерин окуу.
резервдик түзүмдөрдөгү кызмат.
Контракт боюнча аскердик кызматка төмөнкүлөр кирет:
резервдик түзүмдөрдө, отряддарда, ошондой эле аскердик башка түзүмдөрдө ыктыярдуу негиздеги кызмат;
жоокерлердин, сержанттардын курамында, прапорщиктердин жана офицерлердин кызматтарында ыктыярдуу тартипте кызмат өтөө;
аскердик окуу жайларда курсанттарды жана угуучуларды окутуу.
3. Аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын элине берилгендигине Аскердик ант беришет.
Мурда Аскердик ант бербеген аскерге милдетүүлөр аны аскердик жыйындарга чакырылганда беришет.
4. Ушул Мыйзам менен аныкталган тартипте, жарандарды чакыруудан мөөнөттүү калтыруу же аскердик кызматтан бошотуу мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-июнундагы № 79, 2016-жылдын 30-июлундагы № 158, 2019-жылдын 18-июлундагы № 94, 2022-жылдын 1-декабрындагы № 114, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
4-берене. Аскер кызматчыларынын курамы. Офицердик курамдагы аскер наамдарында иштеген жылдарынын мөөнөттөрү
1. Аскер кызматчылары жана аскерге милдетүүлөр төмөнкү курамдарга бөлүнөт:
жоокерлер
сержанттар;
(Абзац Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
прапорщиктер;
офицерлер.
2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүмдөрүндө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда төмөнкүдөй аскердик наамдар белгиленет:
жоокерлер - катардагы жоокер (курсант), ефрейтор;
сержанттар - кенже сержант, сержант, улук сержант, старшина;
прапорщиктер - прапорщик, улук прапорщик;
офицердик курам:
- кенже офицерлер - кенже лейтенант, лейтенант, улук лейтенант, капитан;
- улук офицерлер - майор, подполковник, полковник;
- жогорку офицерлер - генерал-майор, генерал-лейтенант, генерал-полковник, армиянын генералы.
3. Аскердик кызматта турган офицерлер үчүн офицердик курамдагы аскер наамдарында иштеген жылдарынын мөөнөттөрү төмөнкүдөй белгиленет:
аскердик наамда: | иштеген жылдарынын мөөнөттөрү: |
кенже лейтенант | 1 жыл |
Лейтенант | 2 жыл |
улук лейтенант | 3 жыл |
Капитан | 4 жыл |
Майор | 5 жыл |
Подполковник | 6 жыл |
Полковник | ушул бөлүктүн онунчу абзацында каралган учурларды кошпогондо, белгиленбейт |
"Генерал-майор" жогорку аскердик наамы Кыргыз Республикасынын коргоо, мамлекеттик чек араны кайтаруу маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда, башка аскердик түзүмдөрдө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда жетекчи кызматтарды ээлеген адамдарга алты айдан эрте эмес, ал эми штаттык категориялары жогорку аскердик наамы бар адамдардын ээлөөсүн караган башка кызматтарды үзгүлтүксүз ээлегендерге - алар дайындалган күндөн тартып эки жылдан эрте эмес ыйгарылат.
Жогорку класстык чендери бар мамлекеттик кызматчыларга штаттык категориялары жогорку аскердик наамы бар адамдардын ээлешин караган кызматтарга дайындалган учурда, дайындоо менен бир убакта же дайындалган күндөн тартып алты айдан кеч эмес жогорку класстык ченге ылайык келген жогорку аскердик наам ыйгарылат.
Штаттык категориялары жогорку аскердик наамы бар адамдардын ээлөөсүн караган кызмат орундарын ээлеген аскер кызматчыларынын жана аскерге милдеттүүлөрдүн Кыргыз Республикасы үчүн жогорку жана маанилүү жетишкендиктерине Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими менен ушул беренеде каралган талаптарды сактабастан "генерал-майор" жогорку аскердик наамы ыйгарылышы мүмкүн.
Полковник" аскердик наамына ээ болгон жана штаттык категориялары жогорку аскердик наамы бар адамдардын ээлөөсүн караган кызмат орундарына дайындоого чейин саясий жана жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат орундарын ээлегендердин саясий жана жогорку администрациялык кызмат орундарын ээлеген мөөнөтү "генерал-майор" жогорку аскердик наамын ыйгарууга каралган мөөнөткө эсептелинет.
Офицердик курамдын кызматтарында пайдалануу үчүн аскердик кызматка аныктоодо (чакырууда) класстык чендери, атайын класстык чендери жана атайын наамдары бар адамдарга аларда болгон класстык ченге, атайын класстык ченге жана атайын наамга төп келген аскердик наам кайра аттестациялоо тартибинде ыйгарылбайт. Көрсөтүлгөн адамдар аларда болгон запастагы аскердик наамдары боюнча аскердик кызматка аныкталат (чакырылат).
(Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-июнундагы № 79, 2014-жылдын 11-январындагы № 2, 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 152, 2021-жылдын 15-январындагы № 6, 2023-жылдын 7-августундагы № 164, 2026-жылдын 20-февралындагы № 17 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
5-берене. Аскердик кызмат орундар
1. Аскер кызматчысы штат боюнча тийиштүү аскердик наамы болуучу кызмат орунга дайындалат жана аскердик кызмат өтөйт.
Күжүрмөн даярдыкта, аскердик тартипти чыңдоодо, татаал аскер техникасын үйрөнүүдө жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен же тапшырылган участкада милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы үчүн анык аскер кызматындагы офицерлерге бир жолудан көп эмес ээлеген штаттык кызмат орду боюнча каралган аскердик наам мөөнөтүнөн мурда бир баскычка жогору кезектеги аскердик наам берилиши мүмкүн.
Жогорку офицердик курамдын аскердик наамдары Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан ыйгарылат.
(Абзац Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Аскер кызматчылары аскердик наамынан соттун чечими боюнча гана ажыратылышы мүмкүн.
Кызматына толук ылайык келбестиги жөнүндө эскертүү же кызматынан төмөндөтүү түрүндө тартип жазасы берилген аскер кызматчылары, ошондой эле кылмыш иши боюнча айып коюлган аскер кызматчылары кезектеги аскердик наамды ыйгарууга сунушталбайт.
2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүмдөрүндө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда аскер кызматчылары үчүн аскердик кызматтардын, аскердик-каттоо адистиктеринин жана аларга ылайыктуу аскер наамдарынын тизмеги, ошондой эле кызмат маяналарынын жана тарифтик разряддарынын өлчөмү тиешелүү актылар менен аныкталат.
3. Аскер кызматчысы төмөнкүдөй учурларда аскердик кызматты аскердик эмес кызмат орундарда өтөөсү мүмкүн:
командирдин (начальниктин) карамагында болгондо - эки айдан ашпашы керек;
уюштуруу-штаттык иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу командирдин (начальниктин) карамагында болгондо - үч айдан ашпашы керек;
аскер кызматчысын кызмат ордунан убактылуу четтетүү жөнүндө тергөө судьясынын токтому, соттун аныктамасы чыккандыгына байланыштуу - бул чараны колдонууну жокко чыгарууга чейин же болбосо кылмыш-жаза иши боюнча акыркы чечим кабыл алынганга (кылмыш-жаза куугунтуктоосу, сотко чейинки өндүрүш токтотулганга жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү (токтому) чыкканга) чейин командирдин (начальниктин) карамагында болгондо;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекитүүчү Аскердик кызматты өтөө жөнүндө жобого (мындан ары - Аскердик кызматты өтөө жөнүндө жобо) же эл аралык милдеттенмелерге ылайык мамлекеттин коргонуу жана коопсуздук кызыкчылыгында иштерди аткаруу максатында мамлекеттик органдарда жана уюмдарда иштөөгө жиберилгенде;
күйөөсү кызматы боюнча түздөн-түз мамлекеттик чек араны кайтаруу бөлүмчөлөрүнө орун которгонуна байланыштуу жана ишке орношуу мүмкүнчүлүгү болбогондо аял-аскер кызматчыларынын командирдин (начальниктин) карамагында болуусу - аскердик кызмат өтөгөн бардык мезгилде беш жылдан ашпашы керек.
(Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-июнундагы № 79, 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 152, 2021-жылдын 15-январындагы № 6, 2021-жылдын 6-апрелиндеги № 47, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2-глава Жарандарды аскердик кызматка даярдоо
6-берене. Жарандарды аскердик кызматка даярдоо
1. Жарандарды аскердик кызматка даярдоо - аскердик кызматтын негиздерине үйрөтүү максатында аскерге чакырыла элек жана чакырылуучу курактагы жарандар менен өткөрүлүүчү милдеттүү иш-чаралардын комплекси.
2. Жарандарды аскердик кызматка даярдоо өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
жаштарды чакырылганга чейинки даярдоо;
аскердик-техникалык адистиктер боюнча даярдоо;
жалпы орто билим берүү уюмдарында кошумча билим берүүчү программалар боюнча аскердик даярдоо;
запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдоо;
дене тарбия даярдыгы, дарылоо-ден-соолугун чыңдоо иштери, аскердик-патриоттук тарбия.
3. Жарандарды аскердик кызматка даярдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте мамлекеттик органдар тарабынан уюштурулат жана камсыздалат.
4. Менчигинин формасына карабастан уюмдардын жетекчилери аскерге чакырыла электер жана чакырылуучулар аскердик кызматка даярдыктан өтүшүн камсыз кылууга милдеттүү.
5. Жарандарды аскердик кызматка даярдоонун уюштурулушун жана өткөрүлүшүн коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган контролдойт.
(Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-июнундагы № 79, 2016-жылдын 30-июлундагы № 158, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
7-берене. Жаштарды аскерге чакырууга чейинки даярдоо
1. Орто жана жалпы билим берүүчү окутуу программаларын, техникалык жана кесиптик билим берүүчү кесиптик окутуу программаларын ишке ашыруучу билим берүүчү окуу жайларда (мекемелерде) жаштарды аскерге чакырууга чейинки даярдоону уюштуруу жана өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
2. Жаштарды аскерге чакырууга чейинки даярдоонун жүргүзүлүшү үчүн контролду билим берүү маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана Кыргыз Республикасынын башка кызыкдар мамлекеттик органдары менен бирдикте жүзөгө ашырат.
(Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-июнундагы № 79, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
8-берене. Жарандарды аскердик-техникалык адистиктер боюна даярдоо
1. Жарандарды аскердик-техникалык адистиктер боюнча даярдоо коргонуунун спорттук-техникалык коомдук окуу жайларында жана кесиптик-техникалык билим берүү системасынын окуу жайларында жүргүзүлөт. Даярдала турган адистердин саны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет, адистердин тизмеги жана даярдоо программасы коргонуу маселелерин тескөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
Аскердик-техникалык адистиктер боюна даярдоого аскердик кызматка ден-соолугунун абалы боюнча жарактуу, он жети жашка толгон жана андан улуу жаштагы жарандар жиберилет.
Окуу аяктагандан кийин жарандар алар даярдыктан өткөн адистиктер боюнча аскердик кызматка жиберилүүгө тийиш.
2. Атайын окуу жайларда билим алып жаткандан башка жарандар өндүрүштөн ажыратуу менен аскердик-техникалык адистиктер боюнча даярдыктан өтүп жаткан мезгилде жумуш орду жана ээлеген кызматы сакталат.
(Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-июлундагы № 158, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
9-берене. Жарандарды билим берүүчү уюмдарда кошумча билим берүүчү программалар боюнча аскердик даярдоо
1. Кошумча билим берүүчү программалар менен билим берүүчү жайлар болуп жалпы орто, техникалык жана кесиптик билим берүүнү ишке ашырып жаткан билим берүүчү мекемелер эсептелет.
2. Аскер даярдыгын өтүү тартиби жана тарбиялануучуларды үлүштөрдүн бардык түрлөрү менен камсыздоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-берене. Жарандарды запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдоо
1. Запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдоо жогорку билими бар, мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчылары жана медициналык багыттагы жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында окуган жарандар, ошондой эле курагы 30 жашка чейинки, жогорку билими бар, биринчи категориядагы аскерге милдеттүүлөр менен жүргүзүлөт.
2. Жогорку билими бар, мөөнөттүү аскердик кызматтын кызматчылары менен запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдоо ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык жүргүзүлөт.
Курагы 30 жашка чейинки, жогорку билими бар, биринчи категориядагы аскерге милдеттүүлөр менен запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдык ушул Мыйзамдын 21-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык жүргүзүлөт.
3. Медициналык багыттагы жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында окуган, запастагы офицерлер программасы боюнча даярдыктан өтүүнү каалаган жарандар коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен контракт түзөт.
4. Запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдоонун толук курсунан жана аскердик жыйындардан өткөн жарандарга медициналык багыттагы жогорку кесиптик билим берүү уюмдарын аяктаганда запас боюнча офицердик курамдын "кенже лейтенант" аскердик наамы ыйгарылат, ал эми окуу жайга өткөнгө чейин мөөнөттүү аскердик кызматты өтөгөн жарандарга "лейтенант" аскердик наамы ыйгарылат.
5. Коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аскердик-эсепке алуу адистиктеринин тизмегин, запастагы офицерлердин программасы боюнча жарандар даярдала турган окутуу программасын аныктайт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн керектөөлөрүн эске алуу менен, медициналык багыттагы жогорку кесиптик билим берүү уюмдары үчүн бөлүнүүчү орундардын санын белгилейт.
6. Запастагы офицерлер программасы боюнча жарандарды аскердик даярдоого тандоонун, аскердик даярдоону уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-июлундагы № 158, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
11-берене. Дене тарбия. Дарылоо-ден-соолукту чыңдоо иштери. Аскердик-патриоттук тарбия берүү
1. Чакырыла электердин жана чакыруу курагындагылардын дене тарбия даярдыгы дене-тарбия-спорттук уюмдары, саламаттыкты сактоо жана билим берүү уюмдары тарабынан жалпы орто билим берүүчү мектептерде жана башка окуу жайларда, менчигинин формасына карабастан уюмдарда, чарбалык субъекттерде дене-тарбия даярдык программасына ылайык жүргүзүлөт.
2. Чакырыла электерди жана чакыруу курагындагыларды дарылоо ден-соолукту чыңдоо иштери жаштардын аскердик кызматка даярдалышын медициналык камсыздоо боюнча жобого ылайык саламаттыкты сактоо органдары тарабынан жүргүзүлөт.
3. Чакырыла электерди жана чакыруу курагындагыларды аскердик-патриоттук тарбиялоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүргүзүлөт.
3-глава Аскердик каттоо. Жарандарды алгачкы аскердик каттоого коюу
12-берене. Аскердик каттоо
1. Кыргыз Республикасынын төмөнкүлөрдөн башка жарандары аскердик каттоого алынууга тийиш:
аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларынан;
ички иштер органдарынын кызматкерлеринен;
улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринен;
(бешинчи абзац КР 2012-жылдын 9-июнундагы № 79 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(абзац КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 162 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлеринен;
мамлекеттик күзөт органынын кызматкерлеринен;
аскердик-каттоо адистиги жок аялдардан;
ушул Мыйзамга ылайык аскердик милдетти аткаруудан бошотулган жарандар.
2. Аскерге милдеттүүлөрдүн жана аскерге чакырылуучулардын аскердик каттоосу алардын жашаган жериндеги райондук (шаардык) аскер комиссариаттары тарабынан жүргүзүлөт, алар жок калктуу пункттарда аскердик каттоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүргүзүлөт.
Чет мамлекеттерде жашаган аскерге милдеттүү Кыргыз Республикасынын жарандарын аскердик каттоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери тарабынан жүргүзүлөт.
3. Аскерге милдеттүүлөрдүн жана чакырылуучулардын аскердик каттоосу жалпы жана атайын каттоо болуп бөлүнөт.
Жалпы аскердик каттоодо чакырылуучулар, ошондой эле мамлекеттик башкаруу органдарында, ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда мобилизация учурунда жана согуш мезгилине карата брондолбогон аскерге милдеттүүлөр турат.
Атайын аскердик каттоодо мамлекеттик башкаруу органдарына, ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга мобилизация учуруна жана согуш мезгилине карата брондолгон аскерге милдеттүүлөр турат.
4. Аскерге милдеттүүлөрдү жана чакыруу курагындагы жарандардын аскердик каттоосун жүргүзүү, аскердик каттоого коюу жана аскердик каттоодон чыгаруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
5. Катардагы же жетекчи курамдагы кызмат орунга дайындалган, же улуттук коопсуздук, ички иштер, жазык-аткаруу тутумунун маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кадрына алынган аскерге милдеттүүлөр аскердик каттоодон чыгарылып жана ошол органдарда Аскердик каттоо жөнүндө жободо белгиленген тартипте атайын каттоодо турушат.
6. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүмдөрүндө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында кызмат өтөгөн аскер кызматчылары тиешелүү аскердик бөлүктөрдө жана мекемелерде каттоого алынууга тийиш. Аларды каттоого алуу тартиби тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан аныкталат.
7. Мамлекеттик органдар, уюмдар жана менчигинин түрүнө карабастан чарбалык субъекттер жана алардын кызмат адамдары ушул Мыйзамга жана Аскердик каттоо жөнүндө жобого ылайык жарандардын аскердик каттоого алынышын камсыздашат.
(Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-июнундагы № 79, 2015-жылдын 8-апрелиндеги № 73, 2017-жылдын 28-июлундагы № 162, 2023-жылдын 7-августундагы № 164, 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
13-берене. Жарандарды аскердик каттоого алгачкы коюу
1. Жарандарды аскердик каттоого алгачкы коюу райондук (шаардык) аскер комиссариаттары аркылуу мамлекеттик бийлик органдары, областтардын жана райондордун мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүргүзүлөт.
2. Эркек жынысындагы жарандар он алты жашка толо турган жылда аскердик баштапкы каттоого алынууга жатат.
Жарандарды аскердик каттоого баштапкы коюу учурдагы жылдын декабрь айында жаңыра турган жылдын январь-март айларында төмөнкүдөй максаттарда өткөрүлөт:
жарандарды аскердик каттоого коюу;
жарандардын санын аныктоо;
жарандардын аскер кызматына жарактуулугун жана ден-соолугунун абалын аныктоо;
жарандардын жалпы билим деңгээлин жана адистигин аныктоо;
чакырылуучуларды алдын-ала дайындоо;
аскердик-техникалык адистиктер боюнча даярдоо жана аскердик окуу жайларга кирүү үчүн талапкерлерди тандоо.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, уюмдардын, окуу жайлардын, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын жетекчилери жыл сайын белгиленген мөөнөттө тийиштүү райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына аскердик каттоого алгачкы коюуга тийиш болгон жарандардын тизмесин беришет.
4. Жарандарды аскердик каттоого алгачкы коюу үчүн райондордо жана шаарларда төмөнкүдөй курамдагы комиссиялар түзүлөт:
комиссиянын төрагасы - тиешелүү райондук (шаардык) аскер комиссары;
комиссиянын мүчөлөрү:
адис дарыгерлер (терапевт, хирург, невропатолог, дерматолог, окулист, отоларинголог, стамотолог, психиатр, фтизиатр) жана катчы.
Алгачкы аскердик каттоо боюнча комиссиянын персоналдык курамын жана анын ишинин тартибин жыл сайын тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысы бекитет.
Жарандарды аскердик каттоого алгачкы коюу боюнча комиссиялардын мүчөлөрүнүн, медициналык, техникалык кызматкерлердин, ошондой эле тейлөөчү персоналдын ал милдеттерди аткаруу убактысында жумуш орду, ээлеген кызматы жана эмгек акысы сакталат.
Эгерде аталган адамдардын милдеттерди аткаруусу иш сапарлар менен байланышкан болсо, анда мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алардын жашаган жеринен иштеген жерине жана кайра барууга, турак-жайды жалдоого чыгымдарын, ошондой эле иш сапар чыгымдарын төлөп беришет.
5. Жарандар алгачкы аскердик каттоого алууда аскердик кызматка жарамдуулук деңгээлин аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүшөт.
Медициналык кароодон өткөн жарандар, аскердик каттоого алгачкы коюу боюнча комиссиянын чечими менен чакырылуучулардын каттоосуна алынат, ал эми аскердик кызматка жараксыз деп таанылган жарандарга аскердик каттоодон чыгаруу менен белгиленген тартипте аскердик белет берилет.
Алгачкы аскердик каттоого коюу боюнча чакыруу комиссиясы тынчтык убакта аскердик кызматка жараксыз, согуш убагында чектүү жарактуу деп таанылган жарандардын аскердик кызматка жарактуулугу жөнүндө акыркы чечими чакыруу комиссиясы тарабынан аныкталат.
6. Жарандар аскердик каттоого коюу менен байланышкан милдеттерди аткарышы үчүн зарыл болгон убакытка жумушунан (окуусунан) иштеген ордун жана ээлеген кызматын сактоо менен бошотулат.
7. Жарандарды алгачкы аскердик каттоого коюу, ошондой эле каттоодон чыгаруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-июнундагы № 79, 2016-жылдын 30-июлундагы № 158, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоор, 4-бөлүктө расмий тилдеги бешинчи абзацта.
14-берене. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын, кызмат адамдарынын, чакырылуучулардын жана аскерге милдеттүүлөрдүн аскердик каттоо боюнча милдеттери
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары жана уюмдардын жетекчилери аскерге чакырылуучуларды жана аскерге милдеттүүлөрдү аларды райондук (шаардык) аскер комиссариаттарга чакырылып жаткандыгы жөнүндө кабарлоого жана алардын өз убагында барышын камсыз кылууга милдеттүү.
2. Уюмдардын, менчигинин түрүнө карабастан чарбалык субъекттердин жетекчилери аскерге чакырылуучуларды жана аскерге милдеттүүлөрдү алардын аскердик-каттоо документтери болгондо жумушка алууга милдеттүү.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары жана уюмдардын, менчигинин түрүнө карабастан чарбалык субъекттердин жетекчилери өздөрүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө милдеттүү:
аскердик-каттоо документтеринде райондук аскердик комиссариаттарынын аскердик каттоого алынганы (аскердик каттоодон чыкканы) жөнүндө белгиси бар болгондо аскер кызматчыларын, аскерге милдеттүүлөрдү жана аскерге чакырылуучуларды жашаган жери боюнча каттоого алууга (каттоодон чыгарууга);
тиешелүү райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына аскерге милдеттүүлөрдүн, аскерге чакырылгандардын жана аскерге чейинки чакырылуучулардын сандык жана сапаттык курамы жөнүндө маалыматтарды берүүгө;
аскерге чакырылуучуларды аскердик каттоого алууга, жарандарды аскердик кызматка жана аскердик жыйындарга чакырууну жүргүзүүгө жардам көрсөтүүгө;
жарандардын аскердик каттоо эрежесин сактоосу үчүн контролду жүзөгө ашырууга.
4. Ички иштер органдары төмөнкүлөрдү жүргүзүүгө милдеттүү:
аскердик милдетти аткаруудан качкан адамдарды издөөгө, кармоого жана райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына алып келүүгө;
(үчүнчү абзац КР 2012-жылдын 9-июнундагы № 79 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
райондук (шаардык) аскер комиссариатынын суроосу боюнча жарандардын соттолгондугу жөнүндө маалыматтарды берүүгө.
5. Жарандык абалдын актыларын жазуу органдары аскерге милдеттүүнүн жана чакырылуучунун фамилиясы, аты-жөнү, туулган күнү жана жери өзгөргөнү жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле аскерге милдеттүү жана чакырылуучу каза болгону катталган жагдайлар жөнүндө райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына үч күндүн ичинде билдирүүгө милдеттүү.
6. Алгачкы тергөө жана тергөө органдары сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүп жаткан чакырылуучулар жана аскерге милдеттүүлөр жөнүндө, ал эми соттор - жазык иштери сот тарабынан каралып жаткан чакыруучулар жана аскер кызматчылары жөнүндө, ошондой эле аларга карата мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмдөр жөнүндө райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына он күндүн ичинде кабарлоого милдеттүү.7. Калкты социалдык коргоо органдары ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар болуп таанылган бардык аскерге милдеттүүлөр жана чакырылуучулар жөнүндө райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына он күндүн ичинде билдирүүгө милдеттүү.
8. Саламаттыкты сактоо органдары райондук (шаардык) аскер комиссариаттарынын чакыруу жүргүзөөрдүн алдындагы кайрылуулары боюнча дарыланууда жана диспансердик каттоодо турган аскерге милдеттүүлөр жана чакырылуучулар жөнүндө маалыматтарды берүүгө милдеттүү.
9. (КР 2016-жылдын 30-июлундагы № 158 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
10. Калкты каттоо үчүн жооптуу мамлекеттик органдар жарандар тиешелүү райондук (шаардык) аскер комиссариатынын аскердик каттоого коюу же каттоодон чыгаруу жөнүндө маалыматын көрсөткөндө, жарандарды жашаган жери боюнча каттоону (каттоодон чыгарууну) жүзөгө ашырууга милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-июнундагы № 79, 30 июля 2016 года № 158, 2018-жылдын 5-июнундагы № 60, 2021-жылдын 15-январындагы № 6, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
4-глава Жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакыруу
15-берене. Жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу
1. Жарандарды аскердик кызматка чакыруу - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн, башка аскердик түзүмдөрүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарын милдеттүү негизде өздүк курам менен комплекттөөгө багытталган иш-чаралардын комплекси.
Жарандарды аскердик кызматка чакыруу райондук (шаардык) аскер комиссариаттары аркылуу төмөнкүдөй жүргүзүлөт;
мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтарга Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык бардык жерлерде ар жылда эки жолу (март-майда жана сентябрь-ноябрда);
согуш мезгилиндеги мобилизация боюнча - Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы боюнча;
жоокерлер жана сержанттар курамдарынын кызмат ордуларына - белгиленген тартипте аскердик бөлүктөрдүн жана мекемелердин командирлеринин табыштамаларынын негизинде.
Прапорщиктердин, офицерлердин кызмат орундарына контракт боюнча аскердик кызматка Кулуттук коопсуздук, коргоо, мамлекеттик чек араны кайтаруу, мамлекеттик күзөт маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин буйруктарынын негизинде аскерге милдеттүүлөр чакырылат.
2. Аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакырылууга жаткан жарандар, аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы, райондук (шаардык) аскер комиссарынын буйругу жарыяланганда же чакыруу кагазын алганда аскердик каттоодо турган чакыруу участогуна келүүгө милдеттүү.
Жарандардын чакыруу участкаларына келүүсүнүн так мөөнөтү райондук (шаардык) аскер комиссарынын буйругунда аныкталат.
Уюмдардын жетекчилери чакырылууга тийиш болгон жарандарды чакыруу үчүн керектүү убакытка жумуштан (окуудан) бошотууга, аларды иш сапарлардан чакырууга жана чакыруу участкаларына өз убагында барышын камсыз кылууга милдеттүү.
3. Жашаган жери алмашылган учурда жаран ал жөнүндө тийиштүү райондук (шаардык) аскер комиссариатына кабарлоого милдеттүү.
Белгиленген мөөнөттө чакыруу участкаларына келбей калуунун жүйөөлүү себептери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
медициналык күбөлөндүрүүгө ылайык жарандын чакыруу участкасына өзү келүүсүнө мүмкүнчүлүк бербеген оору;
жакын тууганынын (атасы, энеси, ага-иниси, эже-карындашы, баласы) же жубайынын өлүмү же катуу оорусу;
күтүүсүз мүнөздөгү тоскоолдор, мында өз убагында келе албай калгандыгы жергиликтүү өз алдынча башкаруу же ички иштер органдары тарабынан күбөлөндүрүлүшү керек.
4. Жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу тийиштүү райондук (шаардык) аскер комиссариаттары аркылуу жүргүзүлөт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматка чакырууну уюштурууга жардам көрсөтүшөт.
5. (КР 2012-жылдын 9-июнундагы № 79 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-июнундагы № 79, 2016-жылдын 30-июлундагы № 158, 2021-жылдын 15-январындагы № 6, 2023-жылдын 7-августундагы № 164, 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
16-берене. Чакыруу комиссиялары
1. Аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакырылып жаткан, аскердик-окуу жайларына өтүп жаткан жарандар милдеттүү медициналык текшерүүдөн өтүшөт.
Жарандардын аскердик жана альтернативдик кызматтарга жарамдуулук деңгээлин аныктоо үчүн райондордо (шаарларда) төмөнкү курамдагы медициналык комиссиялар түзүлөт:
комиссиянын төрагасы - тийиштүү райондук (шаардык) аскер комиссары.
Комиссиянын мүчөлөрү:
мамлекеттик администрациянын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлү;
райондук (шаардык) ички иштер бөлүмүнүн өкүлү;
чакыруу комиссиясынын улук врачы;
катчы.
Аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакырылуучуларды жана аскердик окуу жайларына өтүп жаткан жарандарды медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын чечимдери менен дарыгерлер жана орто медициналык персонал дайындалат.
2. Чакыруу комиссиясы медициналык күбөлөндүрүүнүн, жарандын үй бүлөлүк абалынын, диний көз-караштарынын, соттолгондугунун, каалоосунун жыйынтыктары боюнча төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
мөөнөттүү аскердик кызматка чакырууну;
(үчүнчү абзац КР 2012-жылдын 9-июнундагы № 79 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
альтернативдик кызматка чакырууну;
ден-соолугунун абалы же башка негиздер боюнча кызматка чакыруунун мөөнөтүн узартууну;
тынч убакта аскердик кызмат өтөөгө ден-соолугунун абалы боюнча жарамдуу эмес, согуш мезгилинде чектөөлөр менен жарамдуу деп табуу жана запаска киргизүүнү;
аскердик каттоодон чыгаруу менен аскердик кызматка жараксыз деп табууну;
ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык аскердик милдеттерди аткаруудан бошотууну.
Чакыруу комиссиянын чечими жаранга жеткирилет.
Чакыруу комиссиянын чечиминин көчүрмөсү жарандын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча анын колуна берилиши керек.
Чакыруу комиссиясынын чечимдеринин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү үчүн жоопкерчиликти чакыруу комиссиясынын төрагасы жана мүчөлөрү, ошондой эле чакыруу комиссиясынын ишине катышкан адамдар тартат.
3. Чакыруу комиссиясынын чечимине жаран Республикалык чакыруу комиссиясында даттанышы мүмкүн.
Республикалык чакыруу комиссиясынын ишинин тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен аныкталат. Республикалык чакыруу комиссиясынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын ишин жетектөө жана контроль жүргүзүү;
жарандарга мөөнөтүн узартуунун жана кызматка чакыруудан бошотуунун мыйзамдуулугун текшерүү;
мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылгандарды кызмат өтөө жерине жиберүүнүн алдында аларды контролдук медициналык кароону уюштуруу;
тынч убакта аскердик кызматка жараксыз, согуш мезгилинде катардык эмес кызматка жарамдуу, аскердик каттоодон чыгаруу менен аскердик кызматка жараксыз жана ден-соолугунун абалы боюнча альтернативдик кызматка жарамдуу деп табылган жарандарды контролдук медициналык кароону уюштуруу;
алардын аскердик кызматка жарамдуулугу (жараксыздыгы) жөнүндө корутунду менен макул эместиги жөнүндө арызданган жарандарды, ошондой эле альтернативдик кызматка чакырылган жарандарды кайрадан медициналык күбөлөндүрүүнү өткөрүү;
райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдерине болгон жарандардын даттанууларын жана кайрылууларын кароо;
райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдерин жокко чыгаруу.
Республикалык чакыруу комиссиясынын чечими сотто даттанууга мүмкүн.
4. Ден соолугунун абалы боюнча тынч убакта аскердик кызматка жараксыз, согуш убагында чектүү жарактуу деп таанылган жана запаска киргизилген жарандар, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган мөөнөттө жана тартипте медициналык кайра күбөлөндүрүүдөн өтүшөт.
Чакыруу курагындагы жарандар медициналык кайра күбөлөндүрүүдөн өткөндөн кийин аскердик кызматка жарактуу деп таанылганда жалпы негизде кызматка чакырылат.
(Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-июнундагы № 79, 2016-жылдын 30-июлундагы № 158, 2017-жылдын 1-декабрындагы № 196 (1), 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
17-берене. Жарандарды мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруу
1. Мөөнөттүү аскердик кызматка он сегиз жаштан жыйырма беш жашка чейинки, аскердик кызматка чакырылуудан мөөнөтүн узартууга укугу жок, аскердик кызматка чакырылуудан бошонууга укугу жок же аскердик кызматка чакырылуудан мөөнөтүн узартууга укугун жоготкон эркек жарандар чакырылууга тийиш.
Мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчылары үчүн аскердик кызматтын мөөнөтү жыйын пункттарынан кызмат өтөө жерине жиберилген учурдан баштап эсептелет.
2. Жарандарды мөөнөттүү аскердик кызматка чакырууну уюштуруу жана жүргүзүү тартиби, ошондой эле мөөнөттүү аскердик кызматты өтөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Аскердик кызматтын 11 айын өтөп бүткөн, жогорку билими бар мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары жана запас боюнча офицердик курамдын биринчи офицердик наамын алууга каалоосун билдиргендер запастагы офицерлерди даярдоо программасы боюнча бир айлык аскердик жыйындарды өтө алышат.
Запастагы офицерлерди даярдоо программасы боюнча аскердик жыйындарды өткөн жана белгиленген сынактарды ийгиликтүү тапшырган мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларына запаска бошонууда, коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан запас боюнча офицердик курамдын "лейтенант" биринчи аскердик наамы ыйгарылат.
Запастагы офицерлерди даярдоо программасы боюнча аскердик жыйындарды өтүү жана белгиленген сынактарды тапшыруу тартиби коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан белгиленет.
3. Мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылууга тийиш болгон жарандар чакыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы жарыялангандан кийин жашаган жери боюнча райондук (шаардык) аскердик комиссариаттарына келүүгө милдеттүү.
Жарандар чакыруу комиссиясына райондук (шаардык) аскердик комиссариаттарынын чакыруу кагазы боюнча келүүгө милдеттүү. Чакыруу кагазы райондук (шаардык) аскер комиссариаттарынын кызмат адамдары же иштеген (окуган) жери боюнча жетекчилери, уюмдардын башка аскердик-каттоо иштери үчүн жооптуу кызмат адамдары (жумушчулары) тарабынан жаранга жеке өзүнө же анын ата-энесине же аялына кол койдуруу менен тапшырылат. Чакыруу кагазында анда баяндалган талаптарды аткарбоонун укуктук кесепеттери көрсөтүлүшү керек.
Чакыруу кагазын жарандын жеке өзүнө же анын ата-энесине же аялына тапшыруу мүмкүн эмес болгон учурда, жарандын чакыруу комиссиясына келүүсүн камсыз кылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлөт.
4. Акт менен күбөлөндүрүлгөн, чакыруу кагазын тапшырган кызмат адамы жана эки күбө тарабынан кол коюлган чакыруу кагазын алуудан өтүүдөн баш тарткан учурда негиздүү себептерсиз мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруу менен байланышкан иш чараларга райондук (шаардык) аскердик комиссариатынын чакыруусу боюнча келбеген жаран аскердик кызматтан баш тарткан болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
Ошондой эле мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруудан баш тартуу болуп төмөнкүлөр эсептелинет:
райондук (шаардык) аскердик комиссариаттарына чакыруу боюнча комиссиядан өтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө жана башка аскердик түзүлүштөрүнө жиберүү үчүн негиздүү себептери жок келбей коюу;
мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылуудан баш тартуу.
Райондун (шаардын) аскердик комиссары мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылуудан баш тарткан адамдарды кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу материалдарын белгиленген тартипте жол-жоболоштуруп, укук коргоо органдарына өткөрүп берүүгө милдеттүү.
5. Издөө иштеринин жүрүшүндө айкындалган, райондун (шаардын) аймагында жашаган, бирок аскердик каттоого турбаган чакырылуучулар убактылуу жашаган жери боюнча аскер комиссариатында аскердик каттоого алынат. Чакырылуучуларга аскер комиссариатында өздүк иштери ачылат жана алар райондук (шаардык) чакыруу комиссиясына жөнөтүлөт. Чакырылуучулар боюнча кабыл алынган чечимдер жөнүндө протоколдор китебинен үзүндү көчүрмөлөр алардын туруктуу катталган жери боюнча аскер комиссариаттарына жөнөтүлөт. Көрсөтүлгөн үзүндү көчүрмөнү алгандан кийин эсепке алуу-алфавиттик китепке тийиштүү жазуулар жазылат, ал эми өздүк иштери чакырылуучулар чакыруу комиссиясынан өтүүчү жердеги аскер комиссариатына жөнөтүлөт.
6. Жаңы келген аскер кызматчыларынын арасынан аскердик кызматка жарактуулукту чектеген, мурда билинбеген кандайдыр бир оорулуулары алар аскердик ант бергенге чейин айкындалган учурда мындай аскер кызматчылары Республикалык чакыруу комиссиясы менен макулдашуу боюнча, жыйноо пункттарына андан ары тереңдетилген медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүүгө аскер комиссариаттарына жөнөтүү үчүн кайта жөнөтүлөт. Бул жөнүндө аты аталган тизмелерде тийиштүү белгилер коюлат. Жыйноо пунктунан мындай аскер кызматчысынын ордуна аскер бөлүгүнө башка чакырылуучу белгиленген тартипте жөнөтүлөт.
(Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-июнундагы № 79, 2016-жылдын 30-июлундагы № 158, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
18-берене. Мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчыларын мөөнөтүнөн мурда бошотуу
Эгерде аскердик-дарыгерлик комиссиясы тарабынан ден-соолугунун абалы боюнча мөөнөттүү аскердик кызматты андан ары өтөө үчүн жараксыз деп табылса же мөөнөттүү аскердик кызматты өтөө мезгилинде аскер кызматчысына чакыруудан мөөнөтүн узартууга укук берген үй бүлөлүк абалы өзгөрсө, мөөнөттүү аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.
Мөөнөттүү аскердик кызматты өтөп жаткан аскер кызматчыларын мөөнөтүнөн мурда бошотуунун тартиби Мөөнөттүү аскердик кызматты өтөө тартиби жөнүндө жобо менен белгиленет.
19-берене. Чакырылуучу мобилизациялык резервге чакыруу жана кызмат өтөө
(КР 2012-жылдын 9-июнундагы № 79 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
20-берене. Запастагы офицерлерди аскер кызматына чакыруу
Офицердик курамдагы адамдар офицердик кызмат орундарында пайдалануу үчүн тынч убакта аскердик кызматка аныкталышы мүмкүн:
өз эрки боюнча - улуттук коопсуздук, коргоо, мамлекеттик чек араны кайтаруу, мамлекеттик күзөт маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жетекчилеринин чечими менен;
чакыруу боюнча - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу санда жана аскердик-каттоо адистиги боюнча отуз жаштан жогору эмес курактагы адамдардын арасынан эки жылга.
(Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-июнундагы № 79, 2021-жылдын 15-январындагы № 6, 2023-жылдын 7-августундагы № 164, 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
21-берене. Мобилизациялык резервдин жыйындарына чакыруу
1. Жыйырма эки жаштан кырк жашка чейинки курактагы, аскердик кызмат өтөбөгөн, ошондой эле альтернативдик кызмат өтөгөн жарандар, ушул Мыйзамда белгиленген тартипте мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүгө укуктуу.
2. Мобилизациялык резервдин жыйындары жарандардын республикалык бюджетке толук өлчөмдө түшүүчү акчалай төгүмдү төлөөсүн карайт.
Чакыруунун жана жыйындардан өтүүнүн тартиби, ошондой эле акчалай төгүмдүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.