КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 31-июлу № 257
Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө
(КР 2011-жылдын 23-июнундагы № 53, 2012-жылдын 8-майындагы № 49, 2013-жылдын 8-апрелиндеги № 48, 2014-жылдын 25-декабрындагы № 164, 2015-жылдын 17-июнундагы № 133, 2015-жылдын 30-июлундагы № 205, 2016-жылдын 18-июлундагы № 119, 2017-жылдын 18-январындагы № 3, 2017-жылдын 14-октябрындагы № 174, 2018-жылдын 2-августундагы № 79, 2019-жылдын 7-мартындагы № 33, 2019-жылдын 26-мартындагы № 38, 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 3, 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 22, 2023-жылдын 21-июлундагы № 143 , 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 , 2024-жылдын 21-октябрындагы № 169 , 2025-жылдын 11-январындагы № 7, 2025-жылдын 3-апрелиндеги № 68 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга жана Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу айыл чарба багытындагы жерлерди коргоого багытталган.
1-берене.
Айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизилсин.
Мораторий төмөнкү сугат айдоо жерлерин которууга (трансформациялоого) жайылтылбайт:
1) көп жылдык мөмө-жемиш дарактары өстүрүлгөн жерлерге;
2) көрүстөнгө бөлүнгөн жерлерге;
3) жалпы билим берүү объекттерине жана саламаттык сактоо объекттерине, дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекстерин, ветеринардык, фитосанитардык жана агробиохимиялык лабораторияларды курууга бөлүнгөн жерлерге;
4) аскердик, чек аралык объекттерди жана заставаларды курууга бөлүнгөн жерлерге;
5) чакан жана ири электр энергетикалык өндүрүштүк кубаттуулуктарды жана 110 кВдан 500 кВга чейинки чыңалуудагы жогорку вольттуу электр чубалгыларды, 110 кВдан 500 кВга чейинки көмөк чордондорду курууга бөлүнгөн жерлерге;
6) газ түтүктөрү жана алардын курулмалары, индустриялык-логистикалык борборлор, өнөр жай объекттери үчүн бөлүнгөн жерлерге;
7) жалпы пайдалануудагы темир, автомобиль жолдорун жана көпүрөлөрдү, туннелдерди, эстакадаларды курууга, реконструкциялоого жана капиталдык оңдоп-түзөөгө бөлүнүүчү жерлерге, ошондой эле жерлерди рекультивациялоонун бекитилген долбоору бар болгондо, транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аларды курууда зарыл болгон инерттүү материалдарды казып алуу үчүн арналган жерлерге;
8) ичүүчү суу менен камсыз кылуучу, саркынды сууну бөлүштүрүүчү, тазалоочу жана суу чарба курулмаларынын мамлекеттик жана муниципалдык объекттерин курууга бөлүнгөн жерлерге;
9) Кыргыз Республикасынын аэропортторунун аймактарын кеңейтүү жана аэропортторду куруу үчүн бөлүнгөн жерлерге;
10) өзгөчө кырдаалдардан жабыр тарткан жарандарды көчүрүү максатында бөлүнгөн жерлерге;
11) Баткен, Ош жана Жалал-Абад областтарынын айрым чек арага жакын аймактарынын жерлерин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган жерлердин башка категорияларына же түрлөрүнө которуу (трансформациялоо) үчүн бөлүнгөн жерлерге. Ушул чек арага жакын аймактарда жерлерди башка категорияларга же түрлөргө которуу (трансформациялоо) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жүргүзүлөт;