Загрузка документа…
Көңүл буруңуздар! КР 2019-жылдын 8-июлундагы N 83 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр, берилген Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 8-майы № 151
Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент
(КР 2012-жылдын 1-мартындагы № 11, 2019-жылдын 8-июлундагы № 83, 2025-жылдын 31-июлундагы № 184 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул жалпы техникалык регламенттин колдонуу чөйрөсү
Ушул Мыйзам (мындан ары - техникалык регламент) "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык экологиялык коопсуздук жаатында техникалык жөнгө салуунун негизги жоболорун аныктайт жана продукцияны өндүрүү, сактоо, ташуу жана утилдештирүү процесстери үчүн чарбалык жана башка иштин объекттеринде ишти долбоорлоодо жана жүргүзүүдө экологиялык коопсуздукту камсыздоого карата жалпы талаптарды белгилейт.
Ушул жалпы техникалык регламенттин талаптары Кыргыз Республикасынын аймагында продукцияны өндүрүүнүн, сактоонун, ташуунун жана утилдештирүүнүн процесстерине карата колдонулат жана продукцияны өндүрүү, сактоо, ташуу жана утилдештирүү процесстерин жүргүзүүчү бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү.
2-берене. Негизги түшүнүктөр
Ушул жалпы техникалык регламенттин максаттары үчүн төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
мамлекеттик экологиялык контроль - изилдөө, өлчөө жана тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынын жыйынтыктарын жол-жоболоштуруунун жардамы менен жүзөгө ашырылуучу экологиялык коопсуздуктун талаптарына шайкештикти баалоо формасы;
булгоочу зат - белгилүү концентрацияда айлана-чөйрөгө тараса адамдын ден соолугуна, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн абалына, материалдык жана маданий баалуулуктарга коркунуч келтирүүчү зат;
чарбалык жана башка иштин объектинин таасир этүү зонасы - жер жана/же суу бетинин, ошондой эле атмосферанын, ошонун чектеринде айлана-чөйрөнүн жана/же анын компоненттеринин чарбалык же башка иштин объектинин ишинин сапаттык нормативдери өзгөргөнү байкалган участогу;
коркунучтун категориясы - чарбалык жана башка иштин натыйжасында айлана-чөйрөнүн абалына терс таасирдин даражасынын рангдарга бөлүнгөн баа берилиши.
табигый чөйрөнүн компоненттери - жер, жер казынасы, кыртыш, жер үстүндөгү жана жер алдындагы суулар, атмосфералык аба, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү жана башка жандуу организмдер, ошондой эле атмосферанын озон катмары жана баары чогуусу менен Жерде жашоонун болушуна ыңгайлуу шарттарды камсыздоочу жерге жакын космостук мейкиндик;
айлана-чөйрөгө терс таасир - чарбалык жана башка иштин айлана-чөйрөнүн булганышына, табигый экосистемалардын деградацияланышына, жаратылыштык ресурстардын азайышына алып келүүчү таасири;
экологиялык коопсуздукту камсыздоо - айлана-чөйрөгө, жарандардын ден соолугуна жана мүлкүнө зыян келтирүү тобокелчилигин четтетүүгө арналган иш-чаралардын жана иштердин системасы;
чарбалык жана башка иштин объекти - продукция жасоо, сактоо, ташуу, продукцияны, өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктарын утилдештирүү боюнча иштин бир же бир нече түрү жүргүзүлүүчү, ошол объектте жүргүзүлүүчү иш менен техникалык жактан бириктирилген техникалык объект;