Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2011-жылдын 30-июну № 62

 

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө

(КР 2013-жылдын 19-февралындагы № 23, 2014-жылдын 13-мартындагы № 40, 2015-жылдын 17-февралындагы № 34, 2015-жылдын 26-июнундагы № 139, 2017-жылдын 20-февралындагы № 26, 2019-жылдын 5-ноябрындагы № 121 Мыйзамдарынын, 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 конституциялык Мыйзамынын редакцияларына ылайык, 2026-жылдын 28-июлундагы № 138)

1-глава Жалпы жоболор

 

1-берене. Шайлоо комиссияларынын системасы

Кыргыз Республикасынын шайлоо комиссияларынын бирдиктүү системасын төмөнкүлөр түзөт:

1) Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы);

11) округдук шайлоо комиссиялары;

2) шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча аймактык шайлоо комиссиялары: Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча - райондук жана шаардык шайлоо комиссиялары (мындан ары - аймактык шайлоо комиссиялары);

3) шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча участкалык шайлоо комиссиялары (мындан ары - участкалык шайлоо комиссиялары).

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлундагы № 138 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

2-берене. Шайлоо комиссияларынын ишинин укуктук негиздери

Шайлоо комиссиялары өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын (мындан ары - Конституция), "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын, "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, ушул Мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлундагы № 138 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

3-берене. Шайлоо комиссияларынын ишинин принциптери жана негизги кепилдиктери

1. Шайлоо комиссиялары төмөнкү принциптер боюнча өз ишин жүзөгө ашырат:

1) мыйзамдуулук;

2) айкындуулук;

3) ачыктык;

4) көз карандысыздык;

5) коллегиялдуулук;

6) адилеттүүлүк;

7) калыстык.

2. Шайлоо комиссияларынын ишине мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коммерциялык эмес уюмдар, анын ичинде саясый партиялар, башка юридикалык жана жеке жактар тарабынан кийлигишүүгө жол берилбейт.

3. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле алардын кызмат адамдары шайлоо комиссияларына алардын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө: зарыл жабдууларды, транспорт каражаттарын, телефондоштурулган жайларды, анын ичинде технологиялык жабдууларды (көргөзмө доскалар, ящиктер, добуш берүү үчүн кабиналар ж.б.), шайлоо документтерин жогору турган шайлоо комиссиясына же архивге өткөрүп бергенге чейин сактоо үчүн жайларды берүүгө, ошондой эле аларды кайтарууну камсыз кылууга; зарыл маалыматтарды жана материалдарды берүүгө, шайлоо комиссияларынын шайлоо, референдумду даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан кайрылууларына кечиктирбестен, тийиштүү маселени кошумча иликтөө же текшерүү зарыл болгондо үч күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнөн кийинки күнү - дароо жооп берүүгө милдеттүү.

4. Саясый партиялар жана башка коммерциялык эмес уюмдар, башка юридикалык жактар шайлоо, референдумду даярдоонун жүрүшүндө шайлоо, референдумду даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан зарыл маалыматтарды жана материалдарды шайлоо комиссияларына эки жумушчу күндүн ичинде, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнөн кийинки күнү - дароо берүүгө милдеттүү.

5. Талаптарды аткарбай койгон же талаптагыдай эмес аткарган, белгиленген мөөнөт бузулган учурда, ушул беренеде белгиленген мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, саясый партиялардын, башка коммерциялык эмес уюмдардын кызмат адамдары жана башка юридикалык жактар мыйзамга ылайык жоопкерчилик тартат.

(КР 2019-жылдын 5-ноябрындагы № 121 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2-глава Борбордук шайлоо комиссиясы

(Глава КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3-глава Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү

(Глава КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4-глава Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдери

(Глава КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

5-глава Округдук, аймактык жана участкалык шайлоо комиссиялары

 

19-берене. Аймактык жана участкалык шайлоо комиссиялары жана аларды түзүүнүн тартиби

1. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиялары беш жылдык мөөнөткө саясый партиялардын өкүлдөрүнүн экиден биринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден биринин курамында шайланат.

2. Аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын курамында ар бир саясый партиядан бирден ашык эмес өкүл болушу мүмкүн.

3. Эгерде аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо өнөктүгүнүн, референдум өнөктүгүнүн мезгилинде бүткөн учурда, анын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү ошол шайлоо өнөктүгү, референдум өнөктүгү аяктаганга чейин узартылат.

4. Аймактык шайлоо комиссиясы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүнүн талаптарын эске алуу менен, саясый партиялардын өкүлдөрүнөн жана тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясынын резервинде турган адамдардан он бир мүчөдөн кем эмес курамда түзүлөт.

5. Участкалык шайлоо комиссиясы ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүнүн талаптарын эске алуу менен саясый партиялардын өкүлдөрүнөн жана тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясынын резервинен жети мүчөдөн кем эмес курамда түзүлөт.

6. Жогору турган шайлоо комиссиясы сунушталган талапкерлердин ичинен шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн бекитет.

7. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын резерви тийиштүү шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн каралган санынан кем эмес санда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн ичинен беш жылдык мөөнөткө түзүлөт. Резервди түзүү жана алып баруу тартиби жөнүндө жобо Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомунда бекитилет.

8. Эгерде саясый партиядан аймактык шайлоо комиссиясынын каралган мүчөлөрүнүн санынан ашыкча сунушталган учурда, анда тийиштүү жогору турган шайлоо комиссиясы чүчүкулак өткөрөт. Тийиштүү шайлоо комиссиясынын курамына кирбеген саясый партиялардын өкүлдөрү, саясый партиялардан шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнөн мөөнөтүнөн мурда чыккан учурда, бош орунду ээлөө үчүн саясый партиялардын резервин түзөт.

9. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн саны тийиштүү шайлоо участкасындагы шайлоочулардын санына карай Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан төмөнкүдөй аныкталат:

1) 0дөн 500 шайлоочуга чейин - участкалык шайлоо комиссиясынын жетиден кем эмес мүчөсү;

2) 501ден 1200 шайлоочуга чейин - участкалык шайлоо комиссиясынын тогуздан кем эмес мүчөсү;

3) 1201ден көп шайлоочуга - участкалык шайлоо комиссиясынын он бирден кем эмес мүчөсү.

Шайлоо комиссиясынын биринчи жыйналышын тиешелүү шайлоо комиссиясынын курагы боюнча улуу мүчөсү ал түзүлгөндөн кийин үч күндөн кечиктирбестен чакырат.

11. Шайлоо комиссиясынын төрагасын жана катчысын шайлоо жана мөөнөтүнөн мурда бошотуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасын шайлоо жана бошотуу үчүн белгиленген «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында каралган тартипте жүргүзүлөт.

12. Төраганын жана катчынын бош кызмат ордун ээлөө шайлоо тартибинде жүргүзүлөт.

13. Аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын курамы, тизмеси, чек арасы жана дареги жогору турган шайлоо комиссиясы тарабынан алар түзүлгөн күндөн тартып үч календарлык күндөн кечиктирбестен расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат жана Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылат.

14. Аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү анын биринчи жыйналышы өткөрүлгөн күндөн тартып башталат жана аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын жаңы курамынын биринчи укук ченемдүү жыйналышынан кийин токтотулат.

15. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү анын курамынан чыкканда, анын ордун ээлөө ал чыккандан кийин он күндөн кечиктирбестен ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүнүн талаптарын эске алуу менен, тийиштүү шайлоо комиссиясын түзүүдө өткөрүлгөн чүчүкулактын кезектүүлүгүнө жараша резервден жана саясый партиялардын өкүлдөрүнүн резервинен жүргүзүлөт.

16. Саясый партиялар тарабынан тийиштүү шайлоо комиссиясынын зарыл сандагы өкүлдөрдү сунуш кылынбаган учурда шайлоо комиссиясын толуктоо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрү тарабынан тийиштүү шайлоо комиссиясынын резервинен жүргүзүлөт.

17. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары участкалык шайлоо комиссиясын түзүүнүн жана ишинин тартиби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.

(КР 2015-жылдын 26-июнундагы № 139, 2019-жылдын 5-ноябрындагы № 121, 2026-жылдын 28-июлундагы № 138 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

191-берене. Округдук шайлоо комиссиялары жана аларды түзүү тартиби

 

1. Округдук шайлоо комиссиялары Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине тийиштүү шайлоо округдарында иштөөчү аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн жана резервинин ичинен түзүлөт жана өз ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжалары расмий жарыялангандан кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен токтотот.

2. Округдук шайлоо комиссиясы ар бир шайлоо округу боюнча 11 мүчөдөн кем эмес курамда:

– эгерде бир шаардын же райондун аймагында бир шайлоо округу түзүлсө, анда округдук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын мүчөлөрүнүн жана ошол аймактык шайлоо комиссиясынын резервинде турган адамдардын ичинен түзүлөт;

– эгерде бир шаардын же райондун аймагында эки же андан көп шайлоо округу түзүлсө, анда округдук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын мүчөлөрүнүн жана ошол аймактык шайлоо комиссиясынын резервинде турган адамдардын ичинен түзүлөт;

– эгерде эки же андан көп шаардын же райондун аймагында бир шайлоо округу түзүлсө, анда округдук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарынын мүчөлөрүнүн ичинен түзүлөт.

3. Округдук шайлоо комиссиясынын курамына кирген аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн ыйгарым укуктары округдук шайлоо комиссиясынын иши аяктаганга чейин убактылуу токтотулат. Ал бул мезгилде аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдерине добуш берүүгө жана аларды кабыл алууга катышпайт.

4. Округдук шайлоо комиссиясы:

1) шайлоо мыйзамдарынын аткарылышын контролдойт, ошондой эле округдун аймагында алардын бирдей колдонулушун камсыз кылат;

2) тийиштүү аймакта Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштурууда Борбордук шайлоо комиссиясына көмөктөшөт;

3) калкка участкалык шайлоо комиссияларынын даректери жана телефон номурлары тууралуу маалымдайт;

4) тийиштүү аймакта Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча участкалык шайлоо комиссияларынын ишин уюштурат жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан маселелер боюнча участкалык шайлоо комиссияларынын билдирүүлөрүн угат;

5) участкалык шайлоо комиссияларына укуктук, уюштуруу-усулдук жана материалдык-техникалык жардам көрсөтөт;

6) участкалык шайлоо комиссияларынын жайлар, транспорт, байланыш менен камсыз кылынышын контролдойт, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону материалдык-техникалык камсыз кылуунун башка маселелерин карайт;

7) шайлоочулардын тизмелерин түзөт, жүргүзөт, жаңылайт жана тактайт;

8) жалпыга таанышуу жана көрүү үчүн шайлоочулардын тизмелеринин берилишин контролдойт;

9) бардык талапкерлер жана саясий партиялар үчүн бирдей укуктук шарттардын сакталуусун камсыз кылат, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоочулар менен жолугушууларын уюштуруу боюнча чараларды көрөт, үгүт материалдарын илүү үчүн орундарды жана аянттарды карайт;

10) участкалык шайлоо комиссияларына шайлоо жана башка документтерди жеткирүүнү уюштурат;

11) тийиштүү шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилейт;

12) шайлоо мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте айрым шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыктарын анык эмес деп таанууга укуктуу;

13) Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдорду Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп берет;

14) округдук шайлоо комиссиясына түздөн-түз келип түшкөн, ошондой эле округдук шайлоо комиссиясынын Ыкчам чара көрүүчү координациялык тобуна келип түшкөн округдук участкалык шайлоо комиссияларынын чечимдерине жана аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууларды жана арыздарды карайт, аларды милдеттүү түрдө реестрге киргизүү менен алар боюнча чечимдерди кабыл алат;

15) Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан документтерди архивге же Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп берүүнү камсыз кылат;

16) зарылчылыкка жараша Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан иштерди аткарууга эмгек келишимдери боюнча штаттан тышкаркы кызматкерлерди тартат;

17) участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн жана резервди окутат;

18) шайлоо мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

5. Округдук шайлоо комиссиясы өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчиликке тартылат.