Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 14-июлу № 98
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 12-октябрындагы № 170, 2012-жылдын 6-июлундагы № 99, 2012-жылдын 3-августундагы № 149, 2012-жылдын 12-октябрындагы №172, 2013-жылдын 14-февралындагы № 16, 2013-жылдын 30-июлундагы № 170, 2013-жылдын 16-октябрындагы № 192, 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 158, 2015-жылдын 17-февралындагы № 34, 2016-жылдын 21-январындагы № 8, 2017-жылдын 1-декабрындагы N 197 (2) , 2019-жылдын 17-майындагы N 64, 2019-жылдын 8-августундагы N 117, 2024-жылдын 2-августундагы № 158, 2024-жылдын 30-сентябрындагы № 167, 2024-жылдын 31-декабрындагы № 209, 2025-жылдын 21-январындагы № 17 , 2025-жылдын 9-августундагы № 195 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-глава Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелер
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын жана алардын кепилдиктерин аныктайт, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат.
11-берене. Жарандардын шайлоого катышуу принциптери
1. Кыргыз Республикасында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо бирдей жана тикелей шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү менен жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасында шайлоо республиканын жарандарынын өз шайлоо укуктарын эркин жана ыктыярдуу жүзөгө ашырышына негизденет. Жарандарды шайлоого катышууга же катышпоого мажбурлоо максатында аларга, ошондой эле алардын өз эркин билдирүүгө таасир этүүгө эч кимдин укугу жок.
2. Ушул беренеде көрсөтүлгөн принциптерди бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.
(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 117 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
үгүт материалдары - шайлоо алдындагы үгүт белгилерин камтыган жана шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө жапырт таратуу, элге жарыялоо үчүн арналган басылма, укма-көрмө жана башка материалдар;
жарандардын активдүү шайлоо укугу - Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо укугу;
жакын туугандары - ата-энеси, балдары, асырап алуучулар, асырандылар, ата-энеси бир жана ата-энесинин бирөө өгөй ага-инилер менен эже-сиңдилер, чоң ата-таяталар, чоң энелер-таенелер, неберелер;
жарандардын шайлоо укуктарынын кепилдиктери - Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуунун уюштуруучулук, укуктук, маалыматтык жана башка каражаттары;
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетекчиси, мыйзамдар менен белгиленген тартипте дайындалуучу кызмат адамы;
(абзацКР 2016-жылдын 21-январындагы N 8 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
мамлекеттик портал - мыйзамдарда белгиленген тартипте түзүлгөн жана актуалдаштырылган шайлоо участоктору, райондор, шаарлар боюнча жана жалпы эле республика боюнча шайлоочулардын электрондук форматтагы тизмелери жөнүндө, шайлоо дарегинин (шайлоо участогунун номери) өзгөрүлгөндүгү жөнүндө, жарандардын шайлоого катышкандыгы жөнүндө маалыматтарды камтыган, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген идентификациялоо жана аутентификациялоо боюнча талаптарды сактоо менен өздөрүнүн маалыматтарын тактоо жана өзгөртүү үчүн шайлоочуларга мүмкүндүк берүүчү мамлекеттик органдын интернет-сайты;
шайлоочунун инсандыгын ырастоочу документ - Кыргыз Республикасынын жаранынын мыйзамдарда белгиленген улуттук паспортторунун бардык түрлөрү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жараны тарабынан ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасынын мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта жеткиликтүүлүк берилген улуттук паспорт;
мамлекеттик бийликтин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамы - туруктуу, убактылуу же атайын ыйгарым укуктар боюнча бийлик өкүлүнүн иш-милдетин жүзөгө ашыруучу же болбосо мамлекеттик органдарда жана өз алдынча башкаруу органдарында уюштуруучулук-тескөөчүлүк, администрациялык-чарбалык, контролдук-көзөмөлдүк иш-милдеттерди аткаруучу адам;
бирдиктүү шайлоо округу - администрациялык-аймактык бирдиктин бүткүл аймагы кирген шайлоо округу, анда ушул Мыйзамга ылайык жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоону пропорциялык система боюнча жүргүзүүгө жол берилет;
шайлоочу - активдүү шайлоо укугуна ээ болгон жана тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин шайлоочуларынын тизмесине киргизилген жергиликтүү жамааттын мүчөсү;
ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулар - жалпы угуусунун, көрүүсүнүн, таяныч-кыймыл аппаратынын функцияларынын бузулушунан ачык көрүнгөн турмуш-тиричилигин чектөөгө алып келген ооруулар, жаракаттардын же кемтиктердин кесепети менен шартталган, организмдин функцияларында туруктуу бузулушу бар ден соолугу бузулган, жалпы шартта активдүү шайлоо укугуна ээ Кыргыз Республикасынын жарандары;
шайлоо документтери - шайлоочулардын тизмелери, анык, анык эмес, пайдаланылбаган (керектен чыгарылган), бузулган (каталар менен толтурулган) бюллетендер, ошондой эле идентификациядан өтүү жөнүндө чектер, идентификация боюнча алгачкы жана жыйынтык отчеттор, шайлоо комиссияларынын протоколдору, алардын шайлоо маселелери боюнча чечимдери, талапкерлерди, саясий партияларды каттоо документтери, участкалардын схемалары жана добуш берүүнүн натыйжалары жөнүндө жыйынды таблицалар;
шайлоо комиссиялары - Кыргыз Республикасында шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштуруучу, Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну жана коргоону камсыз кылуучу коллегиялуу органдар;
шайлоо мыйзамдары - Кыргыз Республикасында шайлоону өткөрүүнүн тартибин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын жыйындысы;
жарандардын шайлоо укуктары - Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоого жана шайланууга, анын ичинде талапкерлерди көрсөтүүгө, шайлоо алдындагы үгүттөөгө катышуу, шайлоонун өткөрүлүшүн, шайлоо комиссияларынын ишин, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнү жана шайлоонун натыйжаларын, ошондой эле башка шайлоо аракеттерин аныктоону кошуп алганда байкоого катышуу укугу;
шайлоону маалыматтык камсыз кылуу - жарандардын өз эрк-ниетин аң-сезимдүү билдиришине, шайлоолордун маалымдуулугуна көмөктөшүүчү шайлоочуларга маалымдоо жана шайлоо алдындагы үгүт иштери;
шайлоочуларды маалымдоо - шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү жана шайлоо комиссияларынын, шайлоо участокторунун иши, шайлоочулардын тизмесин түзүүнүн жана өзгөртүүнүн тартиби, добуш берүүгө катышуунун тартиби, добуш берүүнүн тартиби, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн жана шайлоонун натыйжаларын аныктоонун тартиби жөнүндө маалыматтарды даярдоо жана жайылтуу боюнча иш; тигил же бул талапкер, саясий партиялар үчүн же аларга каршы шайлоо алдындагы үгүттүн белгилерин камтыбаган жана кандайдыр бир талапкерге (талапкерлерге), саясий партияга (саясий партияларга) артыкчылык түзбөгөн шайлоо комиссияларынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын талапкер (талапкерлер) жана саясий партия (саясий партиялар) жана алардын программалары жөнүндө расмий маалымат;
маалыматтык материал - шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү жана шайлоо комиссияларынын, шайлоо участкаларынын иши, шайлоочулардын тизмесин түзүүнүн жана өзгөртүүнүн тартиби, добуш берүүгө катышуунун тартиби, добуш берүүнүн тартиби, добуш берүүнүн жыйынтыгынын белгилөөнүн жана шайлоонун натыйжаларын аныктоонун тартиби жөнүндө маалыматтар камтылган басылма, укма-көрмө жана башка материалдар; тигил же бул талапкер, саясий партиялар үчүн же аларга каршы шайлоо алдындагы үгүттүн белгилерин камтыбаган жана кандайдыр бир талапкерге (талапкерлерге), саясий партияга (саясий партияларга) артыкчылык түзбөгөн талапкер (талапкерлер) жана саясий партия (саясий партиялар) жана алардын программалары жөнүндө шайлоо комиссияларынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын расмий маалыматы;
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы (мэрия, айыл өкмөтү) - тиешелүү аймакта жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча ыйгарым укуктардын аткарылышын камсыздоочу, ыйгарым укуктары жана ишин уюштуруу мыйзам менен аныкталуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы;
талапкер - ушул Мыйзам менен белгиленген тартипте жергиликтүү кеңештин депутатынын кызматын шайлоо аркылуу ээлөөгө талапкер катары көрсөтүлгөн адам;
эл аралык байкоочу - мыйзамда белгиленген тартипке ылайык Кыргыз Республикасында шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашыруу укугуна ээ болгон чет өлкөлүк же эл аралык уюмдун атынан өкүл болгон адам;
жергиликтүү кеңеш - тиешелүү шаардын (шаардык кеңеш), айылдык аймактын (айылдык кеңеш) жергиликтүү жамааты тарабынан түздөн-түз шайлануучу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы;
катталган талапкер - шайлоо аркылуу жергиликтүү кеңештин депутатынын кызмат ордун ээлөө үчүн талапкер катары тиешелүү шайлоо комиссиясында катталган, Конституцияда жана ушул Мыйзамда белгиленген талаптарга ылайык келген адам;
жергиликтүү жамаат - жергиликтүү маанидеги маселелерди өзүнүн жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүгө жалпы кызыкчылыктары менен бириккен тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин (айылдык аймактын, шаардын) аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары;
көп мандаттуу шайлоо округу - бир нече депутат шайланган жана алардын ар бири үчүн шайлоочулар жеке добуш берген шайлоо округу;
байкоочу - талапкер, саясий партия жана башка коммерциялык эмес уюмдар тарабынан мыйзамдарда каралган тартипте шайлоону даярдоого, добуш берүүнү өткөрүүгө добуштарды эсептөөгө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөгө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоого байкоо жүргүзүүгө дайындалган адам;
коомдук байкоочу - мыйзамда каралган тартипте шайлоону даярдоого, добуш берүүнү өткөрүүгө, добуштарды эсептөөгө, добуш берүүнүн жыйынтыгын белгилөөгө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоого байкоо жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын коммерциялык эмес уюму тарабынан (мындан ары - коммерциялык эмес уюм) дайындалган адам;
жарандардын пассивдүү шайлоо укугу - Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлануу укугу;
укук коргоо органдары - тышкы иштер, улуттук коопсуздук, прокуратура органдары, бажы кызматынын органдары;
туруктуу жашаган жери - инсандыкты ырастаган документте каттоо эсебин алуучу органдардын каттоо белгиси менен ырасталган Кыргыз Республикасынын аймагындагы жарандын жашаган жери;
шайлоо алдындагы үгүт - Кыргыз Республикасынын жарандарынын, талапкерлердин, талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана ишенимдүү адамдарынын, саясий партиялардын тигил же бул талапкерлер (талапкерлердин тизмелери) үчүн же болбосо аларга каршы добуш берүүгө шайлоочуларды түртүү же түрткү берүү максаты бар шайлоо өнөктүгүнүн менчигиндеги маалымат даярдоо жана таратуу боюнча иши;
талапкердин, саясий партиянын өкүлү - талапкерлерди көрсөткөн саясий партиянын, ошондой эле талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын атынан чыгуучу шайлоо комиссияларындагы өкүл, ыйгарым укуктуу өкүл, ишенимдүү адам;
диний ишмер - Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө мыйзамдарга ылайык диний ишти жүргүзгөн адам;
дин кызматкери - тиешелүү диний уюм (бирикме) тарабынан диний, имамдык, пасторлук, үгүттөөчүлүк кызматын кылууга ыйгарым укук берилген адам;
шайлоочулардын тизмеси - даярдык деңгээлине жана арналышына жараша алдын алуучу, контролдук жана акыркы тизме болуп бөлүнүүчү электрондук жана кагаз түрүндө жасалуучу, Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин негизинде түзүлүүчү, добуш берүү күнүнө карата активдүү добуш берүү укугуна ээ Кыргыз Республикасынын жарандарынын тизмеси;
(абзац КР 2016-жылдын 21-январындагы N 8 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
шайлоочулардын алдын ала тизмеси - мамлекеттик порталда жарыяланган, жарандар өздөрүнүн маалыматтарын тактоосу үчүн участкалык шайлоо комиссияларында илинүүчү добуш берүү күнүнө чейин 55 календардык күн калгандагы абал боюнча шайлоочулардын тизмеси;";
шайлоочулардын контролдук тизмеси - добуш берүү күнүнө чейин 35 календардык күн калганда шайлоочулардын тизмесин тактоо мезгилинде келип түшкөн шайлоочулардын арыздарынын негизинде киргизилген өзгөртүүлөр жана шайлоочулар жөнүндө актуалдашкан маалыматты камтыган жана мамлекеттик порталда жарыялануучу, добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганда шайлоо участкаларында илинүүчү шайлоочулардын тизмеси;
шайлоочулардын акыркы тизмеси - шайлоочулардын тизмесин тактоо мезгилинде шайлоочулардын арыздарынын негизинде бардык өзгөртүүлөр киргизилген, добуш берүү күнүнө 3 календардык күн калганда мамлекеттик порталда жарыялануучу жана шайлоо участкаларында илинүүчү шайлоочулардын такталган тизмеси;
талапкердин соттуулугу жөнүндө маалыматтар - соттуулугу жоктугу же кайсыл бир убакта болгон соттуулугу жөнүндө жана талапкерди соттоого негиз болгон Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин беренесинин (беренелеринин) номерин (номерлерин) жана аталышын (аталыштарын) көрсөтүү менен болгон соттуулугу, эгерде талапкер көрсөтүлгөн мыйзам актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын колдонуудагы жазык мыйзамдарында кылмыш деп таанылган жосун үчүн соттолсо, чет мамлекеттин мыйзамынын беренесинин (беренелеринин) негизинде соттуулугу жөнүндө маалыматтар;
талапкерлердин тизмеси - пропорциялуу система боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн, шайлоо комиссиясы тарабынан катталган талапкерлердин бирдиктүү тизмеси;
(абзац КР 2014-жылдын 21-ноябрындагы N 158 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
жергиликтүү жамааттын мүчөсү - тиешелүү айыл аймагынын, шаардын аймагында туруктуу жашаган жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү жамаат менен жалпы кызыкчылыктары байланышкан Кыргыз Республикасынын жараны. Шайлоочунун жергиликтүү жамааттагы мүчөлүгү жашаган жерин каттоо жөнүндө жарандын паспортундагы, паспорттун чибинде жазылган белги менен, же болбосо добуш берүү күнүнө чейинки 60 күндөн кем эмес мөөнөттө жүргүзүлгөн жашаган жеринин дарегин Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринде (УПМР) каттоо менен аныкталат;
оператор - участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү же болбосо шайлоону жана референдумду өткөрүүдө жарандарды идентификациялоо боюнча техникалык кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуучу же добуш берүү күнүндө шайлоо участогунда автоматтык эсептөөчү урналарды, шайлоочуларды идентификациялоо жабдууларын тейлөөчү Борбордук шайлоо комиссиясы ишке тарткан адам;
идентификациялоо боюнча жабдуу - шайлоочуну анын биометрикалык жана жеке маалыматтары боюнча идентификациялоо аркылуу шайлоочуларды идентификациялоо үчүн арналган түзүлүш;
термопринтер - басма формасын түзбөстөн электрондук түрдөн тексти же графиканы чакан нуска менен физикалык алып жүрүүчүлөргө которуу үчүн арналган компьютердин перифериялык жабдуусу;
добуш берүү үчүн ящиктер - автоматтык түрдө эсептөөчү урналар же туруктуу ящиктер, ошондой эле көчмө ящиктер;
автоматтык эсептөөчү урна - шайлоочулардын добуштарын автоматтык түрдө эсептөө үчүн багытталган, оптикалык сканерден, жараксыз шайлоо бюллетендери үчүн атайын бөлүгү бар шайлоо бюллетендери үчүн топтогучтан жана топтогучтун капкагынан турган түзүлүш;
туруктуу орнотулган ящик - добуш берүү үчүн тунук урна;
добуш берүү үчүн көчмө ящик - шайлоочунун добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүсү үчүн арналган ящик;
бузулуу - автоматтык эсептөөчү урнанын, шайлоочуну идентификациялоо жабдуусунун ишке жөндөмдүүлүгүн убактылуу жоготуусу;
ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын калкын каттоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган;
чек - электрондук түрдөн кайра түзүлгөн физикалык алып жүрүүчү, анда басылма формасын түзбөстөн шайлоочунун идентификациялык маалыматтары жөнүндө аз нускалуу маалыматтар чагылдырылат.
аралыктан добуш берүү - электрондук жана (же) кагаз түрүндөгү шайлоо бюллетенин пайдалануу жана добуш берүү маалыматтарынын электрондук системадагы автоматтык жыйындысы менен (аралыктан) шайлоо участкасында добуш берүү;
электрондук добуш берүү - электрондук шайлоо бюллетенин пайдалануу жана добуш берүү маалыматтарынын электрондук системадагы автоматтык жыйындысы менен шайлоо участкасынан тышкары добуш берүү;
электрондук шайлоо бюллетени - программалык-техникалык каражаттардын жардамы менен электрондук түрдө даярдалган, аралыктан, электрондук түрдө добуш берүүнү өткөрүүдө колдонулуучу бюллетень;
шайлоо округу көп мандаттуу (көп мандаттуу шайлоо округу) - айылдык кеңештин бир нече депутаты шайлануучу шайлоо округу;
шайлоо округу бирдиктүү (бирдиктүү шайлоо округу) - администрациялык-аймактык бирдиктин - шаардын бүткүл аймагын камтыган шайлоо округу, анда ушул Мыйзамга ылайык шаардык кеңештин депутаттарын пропорциялык система боюнча шайлоо жүргүзүлөт.