Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2009-жылдын 27-марты № 84

"Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

1-берене.

"Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2008-жылдын 22-октябры, № 78-81) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

3-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3-берене.

1. 2009-жылдын 1-январынан 2010-жылдын 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында жер салыгы жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинде көрсөтүлгөн 1, 2 жана 3-топтордогу мүлк объекттеринен башка мүлккө салык киргизилсин.

2. 2010-жылдын 1-январынан 2010-жылдын 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинде көрсөтүлгөн 1, 2 жана 3-топтордогу мүлк объекттери боюнча мүлккө салык киргизилсин.

3. 2011-жылдын 1-январынан тартып ушул берененин 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн салыктарды киргизүү жергиликтүү кеңештер тарабынан ишке ашырылат.".

 

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

К. Бакиев